HOTPOINT/ARISTON RSD 8239 DX User Manual [ky]

0 (0)

Пайдалануу боюнча нускама

Кир жуугуч машина

KGZ

Кыргыз

RSD 8239 D

Энергия натыйжалуулугу класстарынын шайкештиги

Продуктта

Россия мыйзамдарына

көрсөтүлгөн энергия

ылайык энергия

натыйжалуулугунун классы

натыйжалуулугунун классы

жөнүндө маалымат

 

A

A

 

 

A+

A-10% (*)

 

 

A++

A-20% (*)

 

 

A+++

A-30% (*)

 

 

A+++-10%

A-40% (*)

 

 

A+++-20%

A-50% (*)

 

 

(*) энергия натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнүн пайыздарынын бул өлчөмү Россия Федерациясынын ченемдик документтери менен аныкталган, “А” классына караганда мыкты.

Мазмуну

KGZ

Орнотуу, 2-3

Таңгагын чечүү жана тегиздөө Суу түтүк жана электр тармагына туташтыруу Жуунун биринчи циклы Техникалык маалыматтар

Техникалык тейлөө жана кам көрүү, 4

Сууну жана электр тогун өчүрүү Кир жуугуч машинага кам көрүү

Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө кам көрүү Люкка жана барабанга кам көрүү Соркыскычка кам көрүү Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү

Сактык жана сунуштар, 5

Коопсуздукка карата жалпы талаптар Утилизациялоо Сактоо жана ташуу шарттары Люкту авариялык ачуу

Кир жуугуч машинаны сүрөттөө, 6-7

Башкаруу панели Дисплей

Кир жуу циклын аткаруу тартиби, 8

Программалар жана кошумча функциялар, 9

Программалардын таблицасы Кир жуунун кошумча функциялары

Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрү, 10

Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүч Кирди даярдоо Атайын программалар

Кирди тең салмактоо тутуму

Бузуктар жана аларды жоюу методдору, 11

Сервистик тейлөө, 12

1

Орнотуу

! Бул колдонмону сактап коюңуз. Ал жабдууну сатуу, KGZ берүү же жаңы батирге көчүү учурунда, жабдуунун

жаңы ээси анын иштөөсүнүн жана тейлөөнүн эрежелери менен тааныша алуусу үчүн, кир жуугуч машина менен бирге комплектте болушу керек.

! Колдонмону жакшылап окуңуз: анда кир жуугуч машинаны орнотуу жана коопсуз пайдалануу боюнча маанилүү маалыматтар камтылган.

Таңгагын чечүү жана тегиздөө

Таңгагын чечүү

1.Кир жуугуч машинанын таңгагын чечиңиз.

2.Жабдуу ташуу убагында бузулбаганын текшериңиз. Бузулууларды аныктаганда – машинаны иштетпеңиз – дароо жеткирүүчү менен байланышыңыз.

3. Кир жуугуч машинанын төрт ташуу бурамаларын жана арткы жагында жайгашкан төшөмдөрү менен резина тыгындарын алыңыз (сүрөттү кара.).

4.Тешиктерди сунушталуучу пластик тыгын менен жабыңыз.

5.Бардык деталдарын сактаңыз: алар кир жуугуч машинаны киийнки жолу ташууда Сизге керек болот.

!Балдардын таңгактоо материалдары менен ойноосуна жол бербеңиз.

!Таңгак жана анын айрым элементтери тамак менен байланыштыруу үчүн арналган эмес.

Тегиздөө

1.Киржуугучмашинанытегизжанабекемполгоалдубалга, эмерекке жана башка предметтерге тийбегендей орнотуңуз.

2. Машинаны орунга орноткондон кийин алдыңкы буттарын айлантуу аркылуу анын туруктуу абалын жөндөңүз (сүрөттү кара.). Бул үчүн алгач контргайканы бошотуңуз, жөнгө салууну аяктагандан кийин контргайканы бураңыз.

Машинаны орунга орноткондон кийин деңгээл боюнча корпустун жогорку капкагынын горизонталдуулу-

гун текшериңиз, горизонталдын жантаюусу 2° көп болбошу керек.

Жабдууну туура тегиздөө машина иштеп жаткан убактагы чурулдоодон, вибрациядан жана жылуудан алыс болууга жардам берет.

Эгерде кир жуугуч машина килем төшөлгөн полдо турса, аныннегизикилемденжогорутурганынтекшериңиз.Болбосо желдетүү кыйындайт же таптакыр мүмкүн болбой калат.

Суу түтүк жана электр тармагына туташтыруу

Суу куюучу ийкем түтүгүн туташтыруу

 

Суу куюучу ийкем

 

түтүгүн туташтыруу

 

1. А төшөмүн суу

 

куюучу ийкем

A

түтүгүнүн учуна коюңуз

жана аны 3/4 дюйм

 

сай тешиги менен

 

муздак суу түтүгүнүн

 

чыгуусуна бурап

 

бекитиңиз (сүрөттү

 

кара.).

 

Туташтыруу алдында

суу түтүк кранын ачыңыз жана кир сууну

агызыңыз.

 

 

2. Суу куюучу ийкем

 

түтүгүн кир жуугуч

 

машинанын оң

 

жагындагы арткы

 

жогорку бөлүгүндө

 

жайгашкан суу

 

кабылдагычка бурап,

 

кир жуугуч машинага

 

туташтырыңыз (сүрөттү

 

кара.).

3. Ийкем түтүк оролуп калбаганын жана кысылбаганын текшериңиз.

!Суунун басымы Техникалык мүнөздөмөлөрдүн таблицасында көрсөтүлгөн маанилердин чегинде болушу керек (3-бетти кара).

!Эгерде суу түтүк ийкем түтүгүнүн узундугу жетишсиз болсо, Авторлоштурулган тейлөө борборуна кайрылыңыз.

!Эч качан пайдалануудан чыккан ийкем түтүктү пайдаланбаңыз.

2

HOTPOINT/ARISTON RSD 8239 DX User Manual

Суу төгүүчү ийкем түтүктү туташтыруу

65 - 100

CM

Суу төгүүчү ийкем түтүктү ийбей туруп, полдон 65-100 см бийиктикте жайгашкан суу төгүүчү кубур түтүккө каарта же дубалдагы суу төккүчкө туташтырыңыз,

же ийкем түтүктүн учун кранга багыттагычты бекитип, раковинанын же ваннанын четине илиңиз (схеманы кара). Суу төгүүчү ийкем түтүктүн бош учу сууга салынбашы керек.

! Узартылган ийкем түтүктү колдонуу сунушталбайт. Узартуу зарыл болгондо анын диаметри түп нуска ийкем түтүктүкүндөй болушу керек жана жана анын узундугу 150 смдан ашпашы керек.

Электр тармагына туташтыруу Буюмду розеткага туташтыруу алдында төмөндөгүлөрдү текшерүү керек:

тармактык розетка жердетилип жана нормативдерге ылайык келиши керек;

тармактык розетка Техникалык дайындар таблицасында көрсөтүлгөн, кир жуугуч машинанын максималдуу кубаттуулугуна эсептелиши керек (капталдагы таблицаны кара.)

электр азыктандыруунун чыңалуусу Техникалык дайындар таблицасында көрсөтүлгөн, маанилерге шайкеш келиши керек (капталдагы таблицаны кара.)

тармактык розетка кир жуугуч машинанын штепселдик айрысы менен сыйышуусу керек. Болбосо тармактык розетканы же штепселдик айрыны алмаштыруу керек.

!Кир жуугуч машинаны бастырманын алдына болсо дагы, көчөгө орнотууга болбойт, анткени аны жаандын жана чагылгандын таасирине кабылтуу коркунучтуу болуп саналат.

!Кир жуугуч машина тармактык розеткага жетүү мүмкүндүгү бош болгондой жайгашуусу керек.

!Узарткычтарды жана үчтүктөрдү пайдаланбаңыз.

!Буюмдун тармактык кабели бүгүлбөшү же кысылбашы керек.

!Тармактык кабелди алмаштырууну ыйгарым укуктуу техниктер гана ишке ашыра алышат.

Көңүл буруңуз! Өндүрүүчү компания жогоруда сүрөттөлгөн эрежелерди сактабоо учурунда өзүнөн бардык жоопкерчиликти алат.

Жуунун биринчи циклы

KGZ

Орнотууну аяктагандан кийин, пайдалануунун алдында кир жуучу порошок менен, бирок кир кийим жок, “АВТОТАЗАЛОО” программасы боюнча кир жуунун бир циклын жүргүзүү керек (“Кир жуугуч машинага кам көрүүнү” кара).

Техникалык маалыматтар

Модели

RSD 8239 D

Өндүрүүчү өлкө

Россия

Габариттик

туурасы 59,5 см.

бийиктиги 85 см.

өлчөмдөр

тереңдиги 47,5 см.

 

Сыйымдуулугу

1ден 8 кг чейин

Электр

азыктандыруунун чыңалуусунун 220-240 V ~

номиналдык мааниси же чыңалуунун диапазону

максималдуу

1850 W

кубаттуулук

 

Электртогунун

 

түрүнүншарттуу

50 Hz

белгисижеөзгөрмө

 

токтунноминалдуу

 

жыштыгы

 

Электр тогуна

I коргоо классы

урунуудан коргоо

 

классы

 

Суу түтүк туташуусу

максималдуу басым 1 МПа (10 бар)

минималдуу басым 0,05 МПа (0,5 бар)

 

барабандын сыйымдуулугу 54 литр

Сыгуунун

Мүнөтүнө 1200 айланууга чейин

ылдамдыгы

 

EN 60456

9 программа; температура 60°C; жана

“НАТЫЙЖАЛУУЛУК” режиминде DI-

Директивасына

RECTINJECTION баскычын басыңыз;

ылайык башкаруу

жүктөө 8 кг чейин

программасы

 

Бул буюм Европа Коомдоштугунун

төмөндөгү Директиваларына шайкеш

келет:

- 2004/108/СЕ (Электр магниттик

шайкештик);

- 2006/95/CE (Төмөнкү чыңалуу)

- 2012/19/EU (WEEE)

Нымданкоргоогоээболбогон,төмөнкүвольттуужабдуудантышкары,

коргоочукабыкмененкамсыздалуучу,катуубөлүкчөлөрдүнжананымдын

түшүүсүнөнкоргоодеңгээли:IPX4

Бул техниканы

- S/N 1-саны жылдын акыркы санына

өндүрүү датасын

төмөндөгүдөй

туура келет,

түрдө, штрих-код

- S/N 2 жана 3-саны – ирет номери боюнча

астында жайгашкан

жылдын айына.

серия номеринен

- S/N 4 жана 5-сандары – күн.

алууга болот (S/N

 

XXXXXXXXX)

 

Энергияныкеректөө

A

классы

 

3

Техникалык тейлөө жана кам көрүү

 

Сууну жана электр тогун өчүрүү

KGZ

• Ар бир жолу кир жуугандан кийин суу түтүк кранын

 

жабыңыз. Мындай жол менен машинанын суу түтүк

 

 

тутутумун эскириши кыскарат жана агып калуу

 

тобокелдиги азаят.

 

• Кир жуугуч машинаны тазалоо жана техникалык

 

тейлөө процессинде штепселдик айрыны тармактык

 

розеткадан сууруңуз.

Кир жуугуч машинага кам көрүү

Кир жуугуч машинанын тышкы жана резина бөлүктөрүн тазалоо үчүн самын менен жылуу сууга нымдалган чүпүрөктү пайдаланыңыз. Эриткичтерди же абразивдик тазалоочу каражаттарды пайдаланбаңыз.

Кир жуугуч машина ички деталдарын

“АВТОТАЗАЛОО” программасы менен себилденген, аны барабанда эч кандай кир жок аткаруу керек. Кир жуугуч машинаны тазалоо үчүн жуугуч затты (абдан кирдеген кийим үчүн сунушталгандын 10% көлөмүндө) же атайын кошулмаларды жуу программасында көмөкчү катары пайдаланууга болот. Машинаны тазалоо программасын ар бир 40 кир жуу циклынан кийин аткаруу сунушталат.

Программаны иштетүү үчүн бир убакта баскычтарын 5 сек. басыңыз (схеманы кара). Программа автоматтык түрдө иштейт жана болжол менен 70 мүнөткө созулат. Циклды токтотуу үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.

Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө кам көрүү

1

2

Бөлүштүргүчтү эки тарабынан басып жана сыртка тартып, чыгарыңыз (схеманы кара). Бөлүштүргүчтү жылуу суу менен жууңуз. Бул операция үзгүлтүксүз аткарылышы керек.

Каптоочко жетүү үчүн:

1. кир жуугуч машинанын алдыңкы панелин бурагычтын жардамы менен алыңыз (схеманы кара);

2. капкакты саат жебесине каршы бурап, аны ачыңыз (схеманы кара):бир аз суунун агышы нормалдуу көрүнүш болуп саналат;

3.каптоочтун ичин жакшылап тазалаңыз;

4.капкакты ордуна бураңыз;

5.алдыңкы панелди машинага бекитүү алдында илмектери тийиштүү илгичтерге киргенин текшерип, аны ордуна орнотуңуз.

Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү

Жылына бир жолудан көп эмес суу берүү ийкем түтүгүн текшериңиз. Ийкем түтүктүн жараңкаларын же айрылууларын аныктаганда аны алмаштырыңыз: кир жуу процессинде суу түтүгүндөгү катуу басым ийкем түтүктүн капилет ажырап калуусуна алып келиши мүмкүн.

! Эч качан таңгагы жок ийкем түтүктөрдү пайдаланбаңыз.

Люкка жана барабанга кам көрүү

• Кир жуугуч машинаны пайдалангандан кийин барабанда жагымсыз жыттардын пайда болуусунан алыс болуу үчүн люкту жарым ачык калтыруу керек.

Соркыскычка кам көрүү

Кир жуугуч машина техникалык тейлөөгө муктаж болбогон, өзүн өзү тазалоочу соркыскыч менен жабдылган. Ошентсе дагы майда предметтер тыйын, топчу) төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан, соркыскычты сактоочу каптоочко түшүп кетиши мүмкүн.

! Кир жуу циклы аяктаганын текшериңиз жана штепселдик айрыны тармактык розеткадан сууруңуз.

4

Loading...
+ 8 hidden pages