Nokia 1650 User's Guide [ky]

Page 1
Nokia 1650 Пайдалануу боюнча колдонмо
9202424
Биринчи чыгарылыш KY
Page 2
ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ Ушуну менен НОКИЯ КОРПОРАЦИЯСЫ мындагы RM-305 продукт 1999/5/EC Директивасынын башкы талаптарына жана башка орундуу талаптарга жооп бере тургандыгыгын жарыялайт. Ылайык келүү декларациясын төмөнкү адрестен тапса болот http://www.nokia. com/phones/declaration_of_conformity/.
© 2007 Nokia. Баардык укуктары корголгон.
Nokia, Nokia connecting people жана Navi жөн же катталган соода маркалары. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси. Мында жана кийин аталган башка продукт жана компания аттары тиешелүү ээлерге тийиштүү соода белгилери жана соода аттары болушу ыктымал.
Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун кандайдыр бир түрдө кайра чыгарууга, колдон колго өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат.
US Patent No 5818437 and other pending patents. T9 text input software Copyright (C) 1997-2007. Tegic Communications, Inc. All rights reserved.
Nokia ар дайым өнүгүү саясатын жүргүзөт. Nokia, бул документте көрсөтүлгөн кайсы продукт болбосун, алдын ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды киргизүү укугун сактайт.
ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМДЫН ЧЕГИНДЕ МАКСИМАЛДУУ ДАРАЖАДА NOKIA ЖЕ АНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЕНЕН ИШТЕГЕНДЕР АР КАНДАЙ ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛДАРГА
0434
Page 3
КАРАБАСТАН ЖОККО УЧУРАГАН ПАЙДА, МААЛЫМАТ ЖАНА КОКУСУНАН ЖЕ СЕБЕПТЕРДЕН КЕЛИП ЧЫККАН БУЗУКТУКТАР ҮЧҮН ЖООП БЕРБЕЙТ.
БУЛ ДОКУМЕНТТИН МАЗМУНУ ӨЗГӨРҮҮСҮЗ БЕРИЛДИ. ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМГА ЖАРАША ЭЧ КАНДАЙ ГАРАНТИЯ, АТАЙЫН ЖЕ БАЙЛАНЫШКАН БОЛОБУ, СООДА ЖАНА БАШКА МАКСАТТАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ГАРАНТИЯЛАР БУЛ ДОКУМЕНТТИН ТАКТЫГЫНА, ТУУРАЛЫГЫНА ЖАНА МАЗМУНУНА ЖАРАША САКТАЛАТ. NOKIA, БУЛ ДОКУМЕНТКЕ АЛДЫН АЛА МААЛЫМДООСУЗ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ЖЕ АНЫ АЛЫП САЛУУ УКУГУН САКТАЙТ.
Белгилүү бир продуктардын болушу ар региондо ар кандай. Кошумча маалымат үчүн же тил тандоо суроолору боюнча дилериңизге кайрылыңыз.
Бул аппарат электрондук же электр жабдууларындагы зыян заттарды колдонуу боюнча 2002/95/EC директивасына ылайык түзүлгөн.
Экспорт текшерүүлөрү Бул аппарат АКШнын жана башка өлкөлөрдүн экспорт боюнча мыйзам жана көрсөтмөлөрүнө ылайык келген товарларды, технологияларды же камсыздоо программаларын камтышы мүмкүн. Мыйзамдык четке кагууларга тыюу салынат.
9202424/1чи басма KY
Page 4
4
Мазмуну
Сиздин коопсуздугуңуз үчүн ............................................... 5
1. Баштоо ................................................................................ 9
SIM картаны жана батареяны коюңуз .................................... 9
Батареяны заряддаңыз ..........................................................11
Өчүрүү жана иштетүү ............................................................ 12
2. Сиздин телефонуңуз ...................................................... 13
Баскычтар жана бөлүктөр ..................................................... 13
Негизги функциялар .............................................................. 14
Чакыруу жана кабыл алуу ..................................................... 15
Катуу сүйлөгүч ....................................................................... 15
Текст билдирүүлөрүн жазуу ..................................................15
Билдирүүлөр ..........................................................................16
Контакттар .............................................................................. 17
Радио ...................................................................................... 18
Фонарча .................................................................................. 19
Мулти телефон китепчеси ..................................................... 20
3. Батарейка жөнүндө маалымат ...................................... 20
Заряддоо жана заряддын түгөнүшү .....................................20
Nokia батарейкасын идентификациялоо
боюнча жолдомо ....................................................................22
Кароо жана сактоо ............................................................... 25
Кошумча коопсуздук маалымат ........................................ 28
Page 5
5
Сиздин коопсуздугуңуз үчүн
Бул жөнөкөй көрсөтмөлөрдү окуңуз. Аларды сактабоо коркунучка же мыйзамсыз иштерге алып келект. Кошумча маалымат үчүн колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдүн баарын окуп чыгыңыз.
КООПСУЗ ЖАНДЫРУУ
Колдонууга тыюу салынган учурда, же болбосо ал тоскоолдук же кооптуу учур жаратышы мумкун болгон кезде аппаратыңызды жандырбаңыз.
ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА БОЛУШУ ЗАРЫЛ
Жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиңиз. Айдоо учурунда Унааны айдоо үчүн колуңузду ар дайым бош кармаңыз. Айдоо учурунда биринчи орунда жол коопсуздугу болуш керек.
ТОСКООЛДУКТАР
Баардык зымы жок аппараттар, иштөөлөрүнө таасир эткен, тоскоолдуктарды кабыл алуу касиетине ээ.
БЕЙТАПКАНАЛАРДА ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Медициналык жабдуулардын жанында аппаратты өчүрүп коюшуңуз зарыл.
Page 6
6
УЧАКТЫН ИЧИНДЕ ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Медициналык жабдуулардын жанында аппаратты өчүрүп коюшуңуз зарыл.
МАЙ КУЮУ УЧУРУНДА ӨЧҮРҮП КОЮҢУЗ
Май куюуу жайларында аппаратты колдонбооңуз талап кылынат. Бензин же химиялык заттардын жанында колдонбоңуз.
ЖАРЫЛУУЧУ ЗАТТАРДЫН ЖАНЫНДА ӨЧҮРҮП КОЮҢУЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Жарылуулар жүрүп жаткан жерлерде аппаратты колдонбошуңуз.
ОРДУ МЕНЕН КОЛДОНУУ
Документте көрсөтүлгөндөй туура калпта гана колдонуңуз. Керексиз учурда антеннага тийбеңиз.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ
Бул продуктту квалификациясы бар кызматчылар гана орното жана оңдой алат.
ЖАБДУУЛАР ЖАНА БАТАРЕЙКАЛАР
Бекитилген жабдуулар менен батарейкаларды гана колдонуңуз. Туура келбеген продукттарга туташтырбаңыз.
СУУГА ТУРУШТУУЛУГУ
Сиздин аппаратыңыздын сууга туруштууулугу жок. Кургак кармаңыз.
Page 7
7
АШЫКЧА КӨЧҮРМӨЛӨР
Ашык көчүрмөлөрдү жасап коюуну унутпаңыз, аппаратыңыздагы эң маанилүү маалыматтардын кол жазма түрүндөгү көчүрмөсүн сактоо дагы ашыкча болбойт.
БАШКА АППАРАТТАРГА ТУТАШТЫРУУ
Башка аппаратка туташтыруудан мурун, коопсуздук көрсөтмөлөрүн алуу үчүн ал аппараттын колдонмосу менен таанышыңыз. Туура келбеген продукттарга туташтырбаңыз.
ТЕЗ ЖАРДАМ ЧАКЫРЫКТАРЫ
Аппаратыңыздын чакыруу жасоо функциясынын иштеп жатканын текшериниз. Чакыруүнү аяктоо баскычын бир нече жолу басып экранды тазалап күтүү режимине өтүңүз. Тез жардам номерин терип чалуу баскычын басыңыз. Жайгашкан жериңиздин дарегин бериңиз. Уруксаат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
Сиздин аппаратыңыз жөнүндө
Бул жолдомодо сүрөттөлгөн радио аппарат GSM 900 жана GSM 1800 түйүндөрүндө колдонууга бекитилген. Түйүндөр жөнүндө кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматына кайрылыңыз.
Бул аппараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда баардык мыйзамдарга баш ийиңиз жана жергиликтүү жол жоболорго, сырдуу маалыматтарга,
Page 8
8
мыйзам укуктарына жана көчүрүү укуктарына сыйлоо менен мамиле кылыңыз.
Эскертүү: Ойготуу саатынын функциясынан башка функцияларын аппараттын жандырылган маалында гана колдонуу мүмкүн. Зымсыз аппарат колдонуу учурунда тоскоолдук же коркунуч туудурушу мумкун болгон учурда зымсыз аппаратты жандыруу сунуш кылынбайт.
Түйүндүк кызматтар
Телефонду колдонуу үчүн Сизде зымсыз тейлоо кызматынан тейлөө болушу керек. Функциялардын көбү атайын түйүндүк функцияларды талап кылат. Бул функциялар баардык эле түйүндөрдө боло бербейт; кээ бир түйүндөр түйүндүк кызматты пайдалануудан мурда тейлөөнү камсыз кылган кызмат менен атайын макулдаштыкты талап кылышы мүмкүн. Сиздин кызмат менен камсыз кылган кызматыңызды көрсөтмөлөрдү бериши мүмкүн жана кандай төлөмдөрдүн болушун түшүндүрүүсү дагы ыктымал. Кээ бир түйүндөрдө, Сиздин түйүндөрдү колдонушуңузга таасирин тийгизүүчү чектердин коюлушу мүмкүн. Мисалы, кээ бир түйүндөр баардык тилдерге тиешелүү символдорду жана кызматтарды колдобошу мүмкүн.
Сизди кызмат менен камсыз кылуучу кызмат белгилүү бир функцияларды иштен чыгарып коюунү же активациялоону жүргүзбөөнү талап кылышы мүмкүн. Эгер андай болсо, мындай функциялар сиздин аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Ошондой эле Сиздин аппаратыңыздын меню аттарын, ирээтин жана символдорун өзгөртүү боюнча атайын
Page 9
9
конфигурациясы болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн кызмат камсыздоочуңуз менен байланышыңыз.
Вебде Нокияны колдоо
www.nokia.com/support же жергиликтуу Нокиа сайтына колдонуучулар болуму, кошумча маалымат, жуктоо эрежелери, жана башка Нокиага тиешелуу болгон кызматтар боюнча кайрылгыла.
1. Баштоо
SIM картаны жана батареяны
коюңуз
Батарейканы алып салуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөсүнөн ажыратып, аппаратты өчүрүү сунуш этилет.
Баардык SIM карталарды кичине балдардан алыс кармаганыңыз оң.
SIM картанын кызматы боюнча Сиздин SIM картаңыздын сатуучусу менен байланышыңыз. Ал кызмат камсыздоочу же болбосо башка сатуучу болушу мүмкүн.
Бул телефон BL-5C батереясы мене гана колдонууга ылайыкталган.
1. Арткы жапкычты ачуу үчүн ачуучу баскычты басып, ылдый тартыңыз (1). Батареяны өйдө көтөрүп, алып чыгыңыз (2).
Page 10
10
2. Телефондогу SIM картанын кармагычын акырындык менен көтөрүңүз (3). SIM картаны кармагычка кесилген бурчун өйдө-оң жакты, алтын жалатылган контакттарын ылдый каратып салыңыз (4). SIM карта кармагычты жаап, ордуна коюп, бекитиңиз (5).
3. Батареяны жана арткы жапкычты ордуна коюңуз (6,7).
Эскертме: Аппараттын каптарын алып салуудан мурда, аппаратты өчүрүп, заряддык бөлүкчөсүнөн жана башка жабдуулардан ажыратып салуу керек. Аппараттын каптарын алмаштыруу учурунда электрондук компоненттерге тийбөөгө аракет кылыңыз. Аппаратты каптары менен сактоо жана колдонуу зарыл.
Page 11
11
Батареяны заряддаңыз
Эскертүү: Берилген моделге Nokia тарабынан бекитилген гана батарейкаларды, заряддык бөлүкчөлөрдү жана кошумча жабдууларды колдонуңуз. Башка туура келбеген түрлөрдү колдонуу гарантиянын жана бекитменин бузулушуна алып келет жана коркүнүч туудурушу мүмкүн.
Заряддоо бөлүкчөсүнүн моделин бул аппарат менен колдонуудан мурун текшериңиз. Бул аппарат AC-3 заряды менен заряддалгандан кийин гана колдонулат.
Бекитилген жабдуулардын бар же жогун дилериңизден билсеңиз болот. Жабдууларды электр тогунан ажыратканда, сайгычты кармап туруп анан сууруңуз, зымдан тартпаңыз.
1. Заряддоочу түзүлүштү розеткага сайыңыз.
2. Заряддоочу түзүлүштү телефонго туташтырыңыз. Батареянын заряддалуу деңгээлинин көрсөткүчү анын заряддалып жатканын көрсөтө баштайт. Батарея толгондон кийин, көрсөткүч жылбай калат.
Tip: Батарея толугу менен толгондон кийин, энергияны сакташ үчүн заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып коюңуз.
Эгерде батареянын заряды толук түгөнгөн болсо, батареянын зарядынын деңгээлин көрсөткүч бир нече минуттан кийин гана көрүнүшү мүмкүн. Ошондой эле бул учурда бардык
Page 12
12
чалуулар дагы бир нече минуттан кийин гана жасалышы мүмкүн.
Өчүрүү жана иштетүү
Чалууну аяктоо баскычын басып, кармап туруңуз.
Аппаратты кадимки иштөө калыбында гана кармаңыз.
Сиздин аппаратыңыздын ички антеннасы бар.
Эскертме: Ар бир радио толкунун жиберүүчү аппарат сыяктуу эле антенна иштеп жатканда ага мүмкүн болушунча тийбеңиз. Мисалы, телефондук сүйлөшүү убагында уюлдук антеннага тийбеңиз. Сигнал жиберүүчү же кабыл алуучу антеннага тийүү радио байланышка таасир этет, аппараттын жогору деңгээлдеги кубаттуулук менен иштөөсүнө жана батарея зарядынын төмөндөөсүнө алып келиши мүмкүн.
Эскертме: Бул туташтыргычка тийбеңиз, ал атайын адистер тарабынан гана колдонууга арналган.
Page 13
13
2. Сиздин телефонуңуз
Баскычтар жана бөлүктөр
Тармактын аты же оператордун логотиби (1)
Тармактык сигналдын
күчтүүлүгүнүн көрсөткүчү (2)
Батарея зарядынын
деңгээли (3)
Ун чыгаруу түйүнү (4)
Катуу сүйлөгүч (5)
фонарча (6)
Тандоо баскычтарынын
функцияларынын көрсөткүчтөрү (7)
Тандоо баскычтары (8)
Navi (навигация) баскычы (9),
түрдүрүү баскычы
Кабыл алуу баскычы (10)
Чалууну аяктоо баскычы/
өчүрүп - иштетүү баскычы (11)
Клавиатура (12)
Заряддоочу түзүлүшкө туташтаргыч (13)
Кулакчынды туташтаргыч (14)
Page 14
14
Эскертүү: The Navi™ key in this device may contain
nickel. Узак убакыттагы Никель менен жакын катнаш терини никелге болгон аллергияга алып келет.
Негизги функциялар
Төмөнкү белгилерге кирүү үчүн Меню тандаңыз: Билдирүүлөр — билдирүүлөрдү жазуу, жөнөтүү, окуу жана
башкаруу Контакттар — SIM картанын жана телефондун эсинде
ысымдарды же телефон номерлерди сактоо үчүн Чалуулар — кабыл алынбай калган, кабыл алынган жана
чакырылган чалууларды көрүү Жөндөөлөр — сиздин аппаратыңыздын ар кандай
функцияларын жөндөө үчүн
Саат — ойготкуч жана саат функцияларын жөндөө үчүн Радио — радио функцияларын жөндөө үчүн Эскертүүлөр — эскертүүлөрдү башкаруу үчүн Оюндар — оюн функцияларын тандоо жана сиздин
аппаратыңызда орнотулган оюндарды ойноо үчүн
Кошумчалар — Калькулятор, Конвертер, Эсепчилик, Убакыт эсеби, Календарь, Секундомер, Композитор, Көрсөтмө, Фонарча жана акча которуу функцияларын колдонуу үчүн.
SIM кызматы — Сиздин SIM картаңыз колдогон кошумча
кызматтар үчүн
Page 15
15
Чакыруу жана кабыл алуу
Чакыруу үчүн телефон номерин, а эгерде керек болсо өлкөнүн жана региондун кодун териңиз. Номерге чалуу үчүн чакыруу баскычын басыңыз. Үн деңгээлин азайтуу үчүн чакыруу убагында түрдүрүү баскычынын сол жагын, көбөйтүү үчүн оң жагын басыңыз.
Келген чакырыкка жооп берүү үчүн чакыруу баскычын басыңыз. Чакырыктан баш тартуу үчүн чалууну аяктоо баскычын басыңыз.
Катуу сүйлөгүч
Эгер функциялар бар болсо, Катуу сүйлөгүч же Кулакчын командаларын катуу сүйлөгүчтү же кулакчындарды колдонуу үчүн тандаңыз.
Эскертүү: Аппараттын угуу спикери иштеп жатканда кулагыңыздын жанына койбоңуз, анткени үнү абдан катуу болушу мүмкүн.
Текст билдирүүлөрүн жазуу
Сиз текстти кадимки текст терүү же болжолдоп текст
терүү функцияларын колдонуп киргизсеңиз болот. Кадимки текст терүүнү колдонуу үчүн баскычты керектүү тамга көрүнмөйүнчө катары менен басыңыз. Божолдоп текст терүүнү активдештирүү үчүн, Опция > Сөздүк жана керектүү тилди тандаңыз; аны өчүрүү үчүн Опция > Сөздүк > Сөздүктү өчүрүү командасын тандаңыз.
Page 16
16
Болжолдоп текст терүүнү колдонуп жатканда ар бир баскычты бир гана жолу басыңыз. Эгер жазылган сөз сиз каалаган сөз болсо 0 басып, кийинки сөзгө өтүңүз. Жазылган сөздү өзгөртүү үчүн * белгисин катары менен сиз каалаган сөз пайда болмоюнча басыңыз. Эгер сөздүн акырында ? белгиси көрсөтүлсө, ал сөз сөздүктө жок. Сөздү сөздүккө кошуу үчүн Spell командасын тандап, анан кадимки текст терүүнү колдонуп сөздү киргизиңиз жана OK ди басыңыз.
Текст жазуу үчүн кеңештер, бош аралыкты киргизүү үчүн 0 дү басыңыз. Текст терүү методун тез өзгөртүү үчүн # баскычын кайталап басыңыз жана дисплейдин жогору жагындагы индикаторду караңыз. Санды киргизүү үчүн керектүү баскычты басып жана кармап туруңуз. Кадимки текст терүү учурунда атайын белгилерди киргизүү үчүн *; баскычын басыңыз; болжолдоп текст терүү учурунда * баскычын басып жана кармап туруңуз. Өчүрүлгөн билдирүүнү кайра кайтаруу үчүн, Опция > Өчүрүүнү кайтар командасын тандаңыз.
Билдирүүлөр
Билдирүүлөр кызматы тармактык кызмат көрсөтүүчү колдогон учурда гана пайдаланылышы мүмкүн.
Сиздин аппаратыңыз белги чектеринен ашкан текст кабарлардын бир жолку жиберүүлөрүн колдойт. Узун кабарлар эки-үчкө бөлүнүп кетет. Сиздин тейлөө кызматыңыз ошого жараша төлөө акысын алат. Басым белгилерин жана башка белгилерди талап кылган тилдерде,
Page 17
17
белгилер, бир сапар менен кеткен кабардын белгилерине чек коюу менен, көп оорунду ээлеши мүмкүн.
1. Меню > Билдирүүлөр > Жаңы билдирүү командасын
тандаңыз.
2. Билдирүү жазыңыз.
3. Билдирүүнү жиберүү үчүн Опция > Жиберүү командасын
тандап, адресаттын номерин киргизип, OK ди басыңыз.
Эскертме: Аппаратыңыз анда программаланган кат борборунун номерине каттын жиберилгендигин көрсөтүшү мүмкүн. же болбосо каттын пландаштырылган пунктта кабыл алынбагандыгын же алынганын көрсөтпөй калышы мүмкүн. Кат жазуу сервиси боюнча кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматы менен байланышыңыз.
Окулган баардык билдирүүлөрдү же айрым папка ичиндеги билдирүүлөрдү өчүрүү үчүн Меню > Билдирүүлөр > Билдирүүлөрдү өчүрүү > Баардык окулган командасын же керектүү папканы тандаңыз.
Контакттар
Сиз контакттардын ысымдарын жана телефон номерлерин аппараттын же SIM картанын эсине сактасаңыз болот. Аппараттын телефон китепчеси 500 гө чейин ысымды сактай алат.
Контактты телефон китепчесинен издөө үчүн, күтүү режиминде навигациялык баскычты төмөн түрдүрүңүз жана
Page 18
18
контакттын атынын алгачкы тамгаларын териңиз. Табылган алгачкы тамгалары окшош ысымдардын тизмесинен керектүү ысымды тандаңыз.
Сиз ошондой эле Меню > Контакттар төмөнкү командаларды тандай аласыз:
Контактты кошуу — телефон китепчесине ысымдарды жана телефон номерлерин сактоо үчүн
Көчүрүү — баардык ысымдарды жана телефон номерлерин бир убакта же бир-бирден аппараттын эсинен SIM картанын эсине же каршы багытта көчүрүү үчүн
Радио
FM радио зымсыз бөлүкчөнүн антеннасынан эмес башка антеннадан көз каранды. Ылайыктуу наушник же башка кошумча бөлүк FM радиосунун толук иштешин камсыз кылуу үчүн аппаратка бекитилиши зарыл.
Эскертме: Музыканы орточо деңгээлде угуңуз. Тынымсыз бийик деңгээлде угуу, угуу органдарына зыян келтириши мүмкүн. Катуу сүйлөө коюлган учурда, аппаратты кулагыңызга жакын келтирбеңиз, анткени үн өтө катуу болушу мүмкүн.
FM радиону угуу үчүн Меню > Радиокириңиз. Радио коюлган учурда төмөнкү опциялар сунуш кылынат: Өчүрүү,
Каналды сактоо, Авто-ыңгайлаштыруу, Кол менен ыңгайлаштыруу, Жыштыкты коюуу, Каналды алып салуу, Кайра атоо, Саат-радио, Катуу - сүйлөө же Наушник.
Page 19
19
Фонарча
Фонарчаны жандыруу же өчүрүү үчүн Меню > Кошумча > Фонарча > Жандыруу же Өчүрүү командаларын тандаңыз.
Мулти телефон китепчеси
Сиздин аппаратыңыз бир нече колдонуучулар үчүн беш түрдүү телефон китепчесин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдойт. Мульти-телефон китепчеси активдештирилгенде, учурда колдонулуп жаткан телефон китепчеси гана көрүнөт.
Мульти-телефон китепчесин активдештирүү үчүн, Меню >
Контакттар > Жөндөөлөр > Мульти-телефон китепчеси > Телефон китепчеси > Мульти-телефон китепчеси
командасын тандаңыз. Телефон китепчесин активдештирүү үчүн үчүн, Меню > Контакттар > Жөндөөлөр > Мульти- телефон китепчеси > Телефон китепчеси жана Мульти- телефон китепчеси командасын жана керектүү телефон китепчесин же Жалпы контакттар ды тандаңыз.
Бир контакт бир канча телефон китепчесинде жазылышы мүмкүн. Жалпы контакттар бөлүмүндөгү контакттар баардык телефон китепчелеринде көрүнөт. Бир контактты бир же бир нече телефон китепчелеринде сактоо үчүн
Меню > Контакттар > Жөндөөлөр > Мульти-телефон китепчеси > Контакттарды башкаруу командасын
тандаңыз. Керектүү багытка түрдүрүп, контактты табыңыз. Кайсы телефон китепчесинде сактоо керек болсо белгилеп жана Жасалды > Ооба ’ны тандаңыз.
Page 20
20
Телефон китепчелеринин аттарын өзгөртүү үчүн, Меню >
Контакттар > Жөндөөлөр > Мульти-телефон китепчеси > Атын өзгөрт командасын жана керектүү телефон китепчесин
тандаңыз.
3. Батарейка жөнүндө маалымат
Заряддоо жана заряддын
түгөнүшү
Сиздин аппаратыңыз кайра заряддала турган батарея менен иштейт. Батарея жүздөгөн жолу заряддалып жана заряды түгөнөт, бирок кийин баары бир эскирет. Эгер заряддалоо убактысы жана сүйлөшүү убактысы демейдегиден азыраак болсо, анда батареяны алмаштырыңыз. Nokia тарабынан бекитилген гана батареяларды алыңыз, жана батареяңызды Nokia тарабынан ушул аппаратка бекитилген гана заряддочу шайман менен заряддаңыз.
Эгер ордуна коюлуучу алмаштыруу батареясын биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, же көптөн бери колдонбосоңуз, анда заряддык бөлүкчөнү колдоо зарыл.
Зарядоо бөлүкчөсүн электрлик розеткадан сууруп коюңуз. Батареяны биротоло заяддагандан кийин заряддын бөлүкчөсүн алып коюңуз, анткени көп зарядоодо дагы батареянын тез
Page 21
21
иштен чыгышына алып келет. Эгер толук заряддалган баттарея колдонулбай калса, ал убакыт өткөн сайын зарядын жоготушу ыктымал.
Эгер батарейка толугу менен заряддан чыкса, анда чакырык жасоо үчүн же заряд индикаторүнүн экранда пайда болушуна чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.
Батареяны көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонуңуз. Иштен чыккан зарядоо бөлүкчөнү же батареяны эч качан колдонбоңуз.
Батаряны кыска замыканиелерге учуратпаңыз. Тыйын, темир кыпчыткыч же темир калем сап сыяктуу метал буюмдары түздөн­түз оң (+) же терс (-) болгон батареянын учтарына тийгенде кокусунан кыска замыканиелер келип чыгат. (Батареяда темир сызыктар түрүндө жайгашкан). Мындай учур мисалы, эгер сиз батарея бөлүгүн чөнтөгүңүздө же капчыгыңызда алып жүрсөңүз кездешиши мүмкүн. Батареянын айтылган учтарындагы кездешкен кыска замыканиелер батареяны же ал туташкан буюмду иштен чыгарып коюшу мүмкүн.
Батареяны суук же муздак жерлерде калтырып коюу, мисалы, жайында жабылган машинени ичинде же кышкы шарттарда кармоо, батареянын иштөө жөндөмдүүлүгүнө же иштөө мөөнөтүнө таасир этиши мүмкүн. Дайыма батареяны 15 °С менен 25 °С (59 °F менен 77 °F ортосу) ортосунда сактаңыз. Муздак же ысык батарея менен аппарат убактылуу иштебеши мүмкүн, батареянын заряды толук болуп турган учурда дагы. Батареянын иштөө жөндөмдүүлүгү, өзгөчө тоңдуруучу температурадан ылдый, өтө эле чектелген.
Батареяны отко салбаңыз, ал жарылышы мүмкүн. Батарея ошондой эле бузулганда дагы жарылышы мүмкүн. Батареяны
Page 22
22
жергиликтүү тартиптерге ылайык колдонуңуз. Мүмкүн болсо кайра иштетсеңиз деле болот. Үй чарбасынын таштандысына кошпоңуз.
Батарея элементтерин алып чыгууга же чачууга болбойт. Батарея агып баштаса, андан чыккан затты териге же көзгө тийгизбөө зарыл. Эгер агып кетсе, терини же көздү тез суу менен жууп жиберүү сунуш кылынат, же медициналык жардамга кайрылыңыз.
Nokia батарейкасын
идентификациялоо боюнча жолдомо
Коопсуздук үчүн дайыма накта Nokia батарейкасын колдонуңуз. Накта Nokia батарейкасын алып жатканыңызды текшерүү үчүн Nokia расмий дилерлеринен гана сатып алыңыз, упаковкадан Nokia Original Enhancements логону издеңиз, жана төмөнкү баскычтарды колдонуп лейбл голограммасын текшериңиз.
Төрт баскычты туура колдонуу дагы батарейканы толук идентификациялоого жатпайт. Эгер белгилүү себептерге карата сиз батарейканын накта Нокия экенинен шек санасаңыз, анда аны колдонуудан баш тартыңыз жана дагы аны жакын жердеги Нокия тейлөө кызматына же дилерине алып барып, сунуш үчүн кайрылыңыз. Сиздин расмий Nokia тейлөө кызматыңыз же дилериңиз батарейканы идентификациялоо үчүн текшерет. Эгер идентификация толугу менен аныкталбаса, анда батарейканы сатып алган жериңизге кайра тапшырыңыз.
Page 23
23
Идентификация голограммасы
1. Лейблдеги голограмманы караганда, бир тараптан сиз Nokia кол кысууга умтулган белгисин экинчи тараптан Nokia Original Enhancements логосун көрүшүңүз керек.
2. Сиз голограмманы сол, оң, ылдый, өйдө бурчтарга келтиргенде 1, 2, 3 жана 4 чекиттерин ар бир тараптан көрүшүңүз керек.
3. Лейблдин бетин сүрүп 20 сандуу кодду ачыңыз, мисалы,
12345678919876543210. Батарейканы сандар өйдө карап калгандай кылып кармаңыз. Анда 20 сандык код башында башталган сан менен башталып, аяккы сан менен аякташ керек.
Page 24
24
4. www.nokia.com/batterycheck бул даректеги көрсөтмөлөрдү колдонуп 20 сандык коддун туура экендигине кепил болуңуз.
Текст кабар жөнөтүш үчүн 20 сандык кодду териңиз, мисалы 12345678919876543210, жана аны +44 7786 200276 телефонунажөнөтүңүз.
Жергиликтүү жана эл аралык операторлордун төлөмдөрү кошулат.
Сизге коддун тууралыгы идентификацияланганы жөнүндө кабар келет.
Эгер батарея идентификацияланбаса, эмне кылыш керек?
Эгер Сиз Nokia батареяңыздын лейблиндеги голограмма идентификацияланбаса, анда Сиздин батареяны колдонбогонуңуз жөндүү болот. Аны жакын жердеги Nokia расмий тейлөө кызматына же дилерине алып барып, сунуш үчүн кайрылыңыз. Өндүрүүчү тарабынан аныкталбаган батареяны колдонуу кооптуу болушу мүмкүн жана анын начар иштөөсүнө себеп болушу мүмкүн, ошондой эле аппаратыңызга жана анын жабдууларына залалын тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, ал аппаратыңыз менен чогуу келген гарантия жана аныктамаларды жокко чыгарышы мүмкүн.
Nokia батареялары жөнүндөгү кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз www.nokia.com/battery.
Page 25
25
Кароо жана сактоо
Сиздин аппаратыңыз жогорку дизайн ага чебердик өнүмү ошондуктан абайлап колдонуш керек. Кийинки сунуштар сиздин гарантия камтуунун сакталышына жардам беришет.
Аппаратты кургак кармаңыз. Нымдуулук жана суюктуктун
баардык түрлөрү, электрондук схемалардын бузулушуна алып келе турган минералдарды камтышы мүмкүн. Эгер аппаратыңыз суу болуп калса, батареясын алып чыгып, биротоло кургатып туруп анан салыңыз.
Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде пайдаланбаңыз.
Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык компоненттери зыянга учурайт.
Ысык жерде аппаратты сактабаңыз. Жогорку
температуралар электроникалык аппараттардын кызмат мөөнөтүн кыскартат, батарейкаларга зыян келтирип жана белгилүү пластиктерди ийрейтип же эритип салат.
Муздак жерде аппаратты сактабаңыз. Аппарат нормалдуу
температурага келгенде ичинде ным пайда болот жана электроникалык айлануу такталарга зыян келтирет.
Аппаратты бул колдонмодо берилген инструкциялардан
тышкары жол менен ачканга аракент кылбаңыз.
Аппаратты түшүрүп албаңыз, урбаңыз жана силкибегиңиз.
Орой кармоо ичиндеги айлануу такталарды жана ички механикасын сындырып коюшу мүмкүн.
Page 26
26
Аппаратты тазалоо үчүн күчтүү химиялык тазалоо
эриткичтерди же күчтүү тазалоочу нерселерди пайдаланбаңыз.
Аппаратты боёбоңуз. Боёк жыла турган бөлүктөрдүн
жылышын кыйындатып, канааттандыраарлык иштөөгө тоскоол кылат.
Камсыз кылынган жана бекитилген гана алмаштыруу
антеннасын колдонуңуз. Уруксатсыз антенналар, модификациялар же бекитүүлөр аппаратты бузат жана радио аппараттарды башкарган эрежелерге каршы келиши мүмкүн.
Заряддагычтарды үйдүн ичинде пайдалаңыз.
Дайыма контакттар жана календардык жазуулар сыяктуу
маалыматтын кайталоочусун пайдаланыңыз.
Аппараттын оптималдуу иштөөсүн камсыз кылыш үчүн
өчүрүүдө, аппаратты өчүрүп батареясын алып коюңуз.
Бул сунуштарды сиздин аппаратыңызга, батарейкасына, заряддагычка жана баардык жабдууга пайдаланса болот. Эгер аппарат канаатандырарлык иштебесе, анда аны жакынкы расмий тейлөө кызматына алып барыңыз.
Page 27
27
Қўшимча
Маҳсулотнингиз, унинг ҳужжатида ёки упаковкада устидан чизиқ тортилган ғилдиракли контейнер белгиси сизга Европа Иттифоқида ҳамма электротехник ва электрон маҳсулотларни, батарея ва аккумуляторларни ишлатиб бўлгандан сўнг чиқиндиларни қайта ишлаш жойларига йиғилиши шартлигини эслатади. Бул продукттар сорттолбогон муниципалдык таштандыга кошулбашы зарыл.
Атроф-муҳитга ва одам саломатлигига зарар етказишнинг олдини олиш ва моддий бойликларни қайта ишлаб чиқаришни жадаллаштириш учун маҳсулотларни қайта ишлаб чиқариш жойларига тоширинг. Чиқиндиларни қайта ишлаш манзилини маҳсулотнинг сотувчиси, маҳаллий коммунал хизмати, ишлаб чиқарувчиларнинг фаолиятини бошқарувчи давлат ташкилоти ёки Nokiaнинг маҳаллий вакилидан билишнигиз мумкин. Қўшимча маълумот учун маҳсулотнинг Экологик Декларацияси билан танишинг ёки ҳар бир мамлакатнинг тартиблари билан танишиш учун www.nokia.com сайтига мурожаат қилинг.
Page 28
28
Кошумча коопсуздук маалымат
Кичинекей балдар
Сиздин аппаратыңыз жана жабдуулар майда бөлүктөрдү камтышы мумкун. Аларды кичинекей балдардан алыс кармаңыз.
Иштөө чөйрөсү
Атайын жазылган эрежелерди баардык жерлерде сактаңыз, аппаратты колдонууңузга жол берилбесе, же аны колдонууңуз башка нерселерге тоскоол же зыян болсо, дайыма аны өчүрүүнү унутпаңыз. Аппаратты нормалдуу иштетүү учурунда гана колдонуңуз. Же нормалдуу колдонуу позицияда кулакка каршы колдонгондо же денеден эң аз
2.2 сантиметр (7/8 дюйм) алыс турганда бул аппарат RF
коюп коюу директиваларга баш ийет. Сумка, кемер кыскыч же карматкыч дене кийгизүүоперацияда пайдаланса, ал металлды камтыбаш керек жана аппаратты денеден жогорудаайтылган дистанцияда коюш керек.
Маалымат файлдарды же кабарларды жөнөтүү үчүн, бул аппарат тармактан сапаттуу байланышты талап кылат. Кээ бир учурларда маалымат файлдарын же кабарларды жөнөтүү бул сыяктуу байланыштын жеткиликтүү болушунча токтоп калат. Айтылган бөлүү дистанция жөнүндө
Page 29
29
инструкцияларды жөнөтүү бүткөнчө кармалганын камсыз кылыңыз.
Аппараттын бөлүктөрү магниттелген. Металлдык материалдар аппаратка жабышып калат. Кредиттик карточкаларды же башка магниттик сактоо каражаттарды аппараттын жанына койбоңуз, анткени алардын ичинде сакталган маалымат өчүп калышы мумкун.
Медициналык аппараттар
Башка радио жабдуулардай эле, зымсыз телефондор коргоосу жеткиликтүү иштелбеген медициналык аппараттардын иштөөсүнө тоскоол кылышы мүмкүн. RFсырткы энергиясына каршы медициналык аппараттардын коргоо деңгээлин билүү үчүн врачка же чыгаруучусуна кайрылсаңыз болот. Бейтапканаларда жазылган эскертмелер сизден аппаратыңызды өчүрүп коюуну суранса, анда өчүрүп коюушңуз туура болот. Бейтапканалар жана ден соолук боюнча коргоо жайларда, турган аппараттар сырттан келген RF энергиясын тез кабыл алганга жөндөмдүү болушу мүмкүн.
Имплантацияланган медициналык аппарат
Пэйсмаркердин өндүрүүчүсү пэйсмаркердин потенциалдуу тоскоолдон баш тартуу үчүн радио телефон менен пэйсмаркердин арасында минимум 15.3 см (6 дюйм) бекитилиш керегин сунуш кылат. Пэйсмаркерлер менен жүргөн элдер кийинкисини кылыш керек:
Page 30
30
Зымсыз аппаратын жандырылган учурунда дайыма
зымсыз аппаратты медициналык аппараттан
15.3 сантиметр алыстыгында кармаңыз.
Аппаратты көкүрөк чөнтөгүңүздө алып жүрбөңүз
Потенциалдуу тоскоолдукту азайтуу үчүн аппаратты
пэйсмаркердин кулакка карама каршы келгендей кылып кармаңыз.
Эгер жолтоо байкалса, анда ошол замат зымсыз
аппаратты өчүрүп коюуу зарыл.
Имплантацияланган медициналык аппараттын
чыгаруучуларынын багытамаларын окуп, аларды аткарыңыз.
Эгер сиздин зымсыз аппараттыңыздын имплантацияланган медициналык аппарат менен кошо колдонулушу боюнча суроолоруңуз болсо сиздин саламаттыкты сактоо боюнча мекемеңизге кайрылсаңыз болот.
Угуучу аппараттар
Кээ бир цифралык радио аппараттар кээ бир угуучу аппараттарга жолтоо болушу мүмкүн. Эгер тоскоолдук пайда болсо, анда тейлөө кызматыңыз менен кеңешиңиз.
Унаалар
RF сигналдары мотор унааларда туура эмес орнотулган же жабдылган электроникалык май инжекция системалары, электроникалык антискид тормоздук системалар,
Page 31
31
электроникалык ылдамдык текшерүү системалары сыяктуу электроникалык системалары таасир этет. Кошумча алуу үчүн унааңыз же башка жабдуунун чыгаруучусуна же анын өкүлүнө кайрылсаңыз болот.
Адис кызматчы гана аспапты тейлөө, орнотууга же оңдоого тийиш. Аспаптын туура эмес орнотулушу, тейлөө жагы аксап калышы коркунучтуу болот жана аппаратка тийиштүү гарантияны жок кылат. Автомобилде зымы жок куралдын туура орношулганына жана алардын иштегени ойдогудай өтүп баратканына байкоо салып жүрүңүз. От алуучу суюктуктарды, газдарды же болбосо жаруучу заттарды аспап, анын бөлүктөр, же кошо иштетилүүчү шаймандар менен бир бөлүмдө кармабаңыз. Эгер унааңыз аба баштыгы менен жабдылган болсо, алардын катуу тездикте абага толоорун унутпаңыз. Аба баштыктардын жазыла турган арада кошо алып жүрүүчу зымы жок аспаптарды койбоңуз жана орноштурбаңыз. Эгерде зымы жок жабдык туура эмес орношулган болсо, аба баштыгы жазылаарда адам катуу жарадар болушу ыктымал.
Учакта учкан кезде аппаратыңыздын пайдаланууга тыюу салынат. Учакка киргенге чейин аппаратыңызды өчүрүңүз. Учактын ичинде тележабдууларды пайдалануу учактын иштешине коркүнүч туудурат, зымсыз телефон түйүнүнө залалын тийгизип, жана мыйзамсыз нерсе иштелгени катары саналат.
Page 32
32
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөдө аппаратыңыз өчүрүңүз жана бүт белгилерге жана инструкцияларга баш ийиңиз. Потенциалдуу жарылуучу чөйрөгө унааңыздын моторун өчүрүп коюу сунушталган жерлер дагы кирет. Бул жерлерде учкундар жарылуу же өрттү пайда кылат, жарадар кылууга же өлүмгө чейин алпарышы мүмкүн. Аппаратыңызды май куюу жайларында же газ түтүктөрүн камтыган тейлөө жайларында өчүрүп коюу сунуш кылынат. Май деполордо, сактоо жана таратуу жерлерде, химиялык заводдордо же жарылуу иштери жүрүп жаткан жерлерде радио жабдуулардын га койгон чектөөлөрүнө баш ийиңиз. Потенциалдуу жарылучуу чөйрөлөр кээде так белгиленбейт. Алар кемелер, химикалык заттарды алып ташуучу же сактоочу жайлар, суюкталган мунай газдардын (бутан менен пропан) күчү менен жүргөн унаалар жана абада химикалык заттар же майда бөлүкчөлөр мисалы чаң, дандын кабы жана металл күкүмү толо жерлер болуп саналат.
Тез жардам чакыруулары
Маанилүү маалымат: Зымы жок телефондор, анын ичинде бул аспап да, радио сигналды, зымы жок торду, жердин кыртышы менен өткөн торду жана адам пайдаланган программаланган функцияларды да пайдаланып иштейт. Ошондуктан аны баардык учурда байланышты камсыз кылат дегенге болбойт. Маанилүү
Page 33
33
байланыш керек болсо, мисалы медициналык тез жардам менен байланыш түзүүдө, сиз жалаң гана зымсыз аспапыбыңызга болгон үмүтүңүз менен жүрбөңүз.
Тез жардам чакыруусун жасоо үчүн
1. Эгер аппарат өчүрүлгөн болсо жандырыңыз. Жетиштүү сигнал күчтүүлүгүн текшериңиз.
Кээ бир сеттик тармактар учурдагы SIM картанын
аппаратка татыктуу түрдө киргизилишин талап кылышат.
2. Аппаратты чакыруу жасоого даяр кылуу жана экранды тазалоо үчүн аяктоо баскычын керектүү жолу басыңыз.
3. Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез жардам номерин киргизиңиз. Тез жардам номерлери жайгашуу жерине жараша өзгөрүп турат.
4. Чакыруу баскычын басыңыз.
Белгилүү функциялар иштеп жатса тез жардам чакыруусун жасоодон мурун ал функцияларды өчүрүүңүз керек. Кошумча маалымат үчүн бул колдонмо же сервис жабдоочуңуз менен сүйлөшүңүз.
Тез жардам чакыруусун жасап жатканда керектелген бардык маалыматтарды жетишинче бериңиз. Сиздин зымсыз аппараттыңыз кырсык учурунда жалгыз байланыш каражаты болуп калышы мүмкүн. Уруксаат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
Page 34
34
Сертификация маалыматы (SAR)
Бул мобилдик аппарат радио толкундар менен катнаш боюнча жолдомолордун талаптарына жооп берет.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана тосуп алгыч. Ал эл аралык колдонмолор тарабынан сунуш кылынган радио толкундарынын таасири астында болуу чектерин ашпоо аракети менен иштелген. Бул колдонмолор ICNIRP көз каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлгөн жана ар түрдүү жаштагы жана ден-соолуктагы адамдардын бардыгынын коопсуздугун камсыздандыруу үчүн негизделген бекемдикти ашыгы камтыйт.
Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific Absorption Rate (SAR) аттуу ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда жайгашкан SAR чеги 2.0 Ватт/килограммга (В/кг) орточо 10 грамм дене ткандарына туура келет. Стандарттык операция түзүлүштөрү колдонулуп жана бардык текшерилген жыштыктарда аппарат эң жогорку кубаттулугунда иштетилип SAR тесттер өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли максималдык баалоодон төмөн болушу мүмкүн анткени аппарат тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулук менен иштөөгө түзүлгөн. Тармак станциясына канчалык жакын жайгашканыңыз сыяктуу факторлорго жараша ошол сан өзгөрүп турат. ICNIRP колдонмолору астындагы SAR эң чоң саны аппаратты кулакка тийгизгенде 0.98 В/кг болуп чыгат.
Page 35
35
Аппараттын жабдууларын колдонуу SARдын түрдүү сандарына себеп болот. SAR сандары улуттук кабар берүү жана сыноо талаптарына жараша жана тармактын тобуна жараша болот. Кошумча SAR маалыматы продукт маалыматы негизинде www.nokia.com аркылуу камсыз кылынат.
Loading...