Шайманды колдонордон мурда бул коопсуздук
нускамаларын кунт коюп окуңуз.
Аларды келээрки эскертүүлѳргѳ чейин колго жакын
кармаңыз.
Бул нускамалар биздин вебсайтта деле жеткиликтүү:
docs.whirlpool.eu
Бул нускамалар жана шаймандын өзү ар дайым көрүп
туруу үчүн маанилүү коопсуздук эскертмелерин камтыйт.
Шайман туура эмес колдонгон же туура эмес
жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү бул коопсуздук
нускамаларын колдонуу жѳндѳмсүздүгү боюнча
жоопкерчиликти четке кагат.
КООПСУЗДУК ЭСКЕРТҮҮЛӨР
Ѳтѳ жаш (0 дѳн 3 жашка чейин) жана жаш балдар (3 тѳн
8 жашка чейин) кѳзѳмѳл астында болушпаса шаймандан
алыс болушу керек.
8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар жана
физикалык, сезгич же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген
же тажрыйбасы жана билими жетишпеген адамдар бул
шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук нускамалар
берилгенде гана колдоно алышат жана коркунуч келерин
түшүнүшү керек.
Балдар шайман менен ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок
балдар тарабынан тазалоо же колдонуу боюнча тейлѳѳ
жүргүзүлбѳшү керек.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Шайман тышкы таймер же ѳзүнчѳ
пульт тутуму менен башкарууга жасалган эмес.
Бул шайман профессионалдык эмес, үйдѳ гана колдонуу
үчүн. Шайманды эшикте колдонбоӊуз.
Шаймандын ичине же жанына аэрозоль банкалары
сыяктуу жарылуучу же тез ѳрт алуучу заттарды жана
бензин же башка тез ѳрт алуучу материалдарды
койбоңуз: эгерде шайман этиятсыздык менен иштетилсе
ѳрт чыгып кетиши мүмкүн.
2
Вакуум таңгактоого жалаң гана Whirlpool брендиндеги
баштыктарды жана атайын жасалган Whirlpool
контейнерлерди колдонуңуз.
Сатыктагы тамак ашты сактоо баштыктар ысык менен
жабууга жарактуу эмес жана вакуумду жеткиликтүү
убакытка сактаганга кепилдик бере албайт.
Машинанын панелине коюлган кармагычка эч качан оор
нерселерди илбегиле.
ОРНОТУУ
Жабдуу эки же кѳп адамдар тарабынын кѳтѳрүлүшү жана
орнотулушу зарыл.
Таңгагын чечүү жана шайманды орнотуу үчүн коргой
турган колкапты колдонуңуз.
Ѳндүрүүчүнүн колдонмолору жана жергиликтүү
коопсуздук эрежелерине ылайык орнотуу жана одоо
дасыккан техник тарабынан жүргүзүлүшү керек.
Колдонуучу нускамасында көрсөтүлгөн эмес болсо,
жабдуунун бир да бөлүгүн оңдоп жана алмаштырууга
болбойт.
Орнотуу иштери балдар тарабынан жүргүзүлбѳшү керек.
Орнотуу учурунда балдарды жолотпоңуз.
Орнотуу учурунда жана андан кийин балдар жете турган
жерден чогултуу материалдарын (пластик баштыгын,
полистирол бѳлүктѳрүн ж.б.) алыс кармаңыз.
Шаймандын таңгагын чечкенде ташып жеткирүү учурунда
ага зыян келтирилбегендигине жана капкагы кынтыксыз
жабылганын ынаныңыз. Кѳйгѳйлѳр бар болсо сатуучуга
же сизге жакын жайгашкан Сатып алгандан кийинки
тейлѳѳ кызматына кайрылгыла.
Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин шайман электр
тогунан ажыратылышы зарыл.
Орнотуу иштеринин жүрүшүндѳ шайман электр кабелине
зыян келтирилбегендигин ырастаңыз.
Орнотуу толугу менен бүткөндөн кийин гана ша йманды
кошуңуз.
ЭЛЕКТР БОЮНЧА ЭСКЕРТҮҮЛӨР
Жергиликтүү коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн орнотуу
учурунда жок дегенде 3 мм кенемте байланыштуу
омниполярдык которгуч талап кылынат жана шайман
жердетилиши керек.
3
Эгерде электр кабелине зыян келтирилген болсо, аны
так ѳзүнѳ окшош кабелине алмаштырыш керек. Ѳндүрүү
нускамасына жана күндѳлүк коопсуздук эрежелерине
ылайык электр кабели тажрыйбалуу техник тарабынан
гана алмаштырылышы керек. Ыйгарым укуктуу тейлѳѳ
борборуна кайрылыңыз.
Тактачада берилген чыңалуусу уйдөгү чыңалууга туура
келгенин текшергиле. Техникалык маалымат тактачасы
шаймандын сол жагында жайгашкан.
Эгерде сиздин айры тешикке (розетка) штепсель
вилкасына туура келбесе тажрыйбалуу техникке
кайрылыңыз.
Электр кабели шайманды электр тогуна кошуу үчүн
жетиштүү узун болушу, жана ал, корпустан негизги
кубат камсыздоочусуна бир жолу орнотулушу керек.
Шаймандын электр кабелин тартпаңыз.
Узарткыч кабелин, тармак чыгаруу вилкаларын же
адаптерлерди колдонбоңуз.
Эгерде желе шнуруна же вилкасына зыян келтирилсе,
тийиштүү иштебесе, же жабдууга зыян келтирилсе же
түшүп кетсе, шайманды иштетпеңиз.
Шнурун ысык беттерден алыс кармаңыз.
Электрдик түзүүчүлѳр орнотулгандан кийин
колдонуучуларга жеткиликтүү болбошу зарыл.
Шайманды дененин бардык суу бѳлүгү менен тийбегиле
жана жылаңайлак болсоңуз иштетпеңиз.
Тазалоо жана кам көрүү
Буу менен тазалоо жабдууларын эч качан колдонбоңуз. Тазалоо
жана тейлөө учурунда коргой турган колкапты кийиңиз.
Кармоо иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин шайман электр тогунан
ажыратылышы зарыл.
Айлана чөйрөнү коргоо
Чогултуу материалдарын жок кылуу
Таӊгакталган материалдар 100%га кайра иштетүүлүүчү болуп
саналат жана кайра иштетүү символу менен белгиленет
Ошондуктан таңгактын ар бир бѳлүгү жоопкерчилик менен жана
таштанды чыгарууну жѳнгѳ салуучу жергиликтүү коопсуздук
эрежелерине толук ылайык чыгарылышы керек.
4
.
Турмуш-тиричилик шаймандарын жараксыз кылуу
Шайманды жараксыз кылууда балдар ичине оңой кирбеш үчүн
жана капканга түшүп калбоосу үчүн электр кабелин кесүү жана
эшик менен текчелерди (эгерде бар болсо) алып салуу менен
колдонгонго жараксыз кылуу керек.
Бул шайман кайра иштетүүчү же кайра колдонуучу
материалдардан жасалды. Аны жергиликтүү таштанды чыгаруу
эрежелерине ылайык чыгаруу керек.
Электрдик турмуш-тиричилик техникаларын колдонуу, калыбына
келтирүү жана кайра иштетүү боюнча кеңири маалымат алуу үчүн
тийиштүү жергиликтүү бийликке, турмуш-тиричилик техникаларын
ѳндүрүү жана таштандыларды чыгаруу кызматына же жабдуу сатып
алган дүкѳнгѳ кайрылыңыз.
Бул шайман 2012/19/EU Еврокомиссиянын иштен чыккан электрдик
жана электрондук шаймандарды иштетүү (ИЭЭЖИ) кѳрсѳтмѳсүнѳ
ылайык белгиленди.
Бул өнүм туура чыгарылгандыгын камсыз кылуу менен айланачѳйрѳгѳ жана адамдын ден-соолугуна зыян алып келүүчү
потенциалдуу терс тажрыйбаларды болтурбоого жардам
бересиз, мындай болбосо алар бул продукция тийиштүү эмес
таштандыларын чыгаруусуна себеп болушу мүмкүн.
Өнүмдөгү символ
же кошо жиберилүүчү документтер бул үй
таштандыларды катары каралбастан, иштен чыккан электрдик
жана электрондук шаймандарды кайра иштетүү боюнча тийиштүү
чогултуу борбору катары каралгандыгын кѳрсѳтүп турат.
5
Loading...
+ 11 hidden pages
You need points to download manuals.
1 point = 1 manual.
You can buy points or you can get point for every manual you upload.