Nokia 5030 User Manual [bg]

Page 1
Nokia 5030 пайдалануучунун колдомосу
9214138
3. чыгыш
Page 2
азмун

Мазмун

Коопсуздук 3
Баштоо 4
SIM картаны жана батарейканы коюңуз 4 SIM картаны ордунан алып салыңыз 4 Батарейканы толтуруңуз 4 Өчүрүү жана иштетүү 5
Сиздин телефонуңуз 5
Баскычтар жана бөлүктөр 5 Негизги функциялар 6 Чакыруу жасоо жана аны алуу 7 Тексти жазыңыз 7 Кабар 8 Байланыштар 9 Мульти-телефон китепчеси 9 Үналгы 9 Өчүп-жануу жарыгын өчүрүү же күйгүзүү 10
Жалпы маалымат 11
Кошумча жабдуулар 11
Батарейка 11
Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат 11 Nokia батарейкасын бирдейлигин аныктоо көрсөтмөсү 12
Тез жардам чакыруулары 15 Тастыктоо маалыматы (SAR) 15
Аспабыңызды туура күтүү 13
Жок кылуу 13
Кошумча коопсуздук маалымат 14
Кичинекей балдар 14 Иштетүү чөйрөсү 14 Медициналык аппараттар 14 Унаалар 14 Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр 14
Page 3
Коопсуздук 3

Коопсуздук

Бул жөнөкөй колдонмолорду окуп чыгыңыз. Аларды сактабай жүргөнү коркунучтуу же мыйзамсыз болушу мүмкүн. Дагы кошумча маалымат алуу үчүн пайдалануучунун колдонмосун толугу менен окуңуз.

КООПСУЗ ЖАНДЫРУУ

Зымсыз аппаратты колдонуу тоскоолдук же коркунуч алып келе турган жагдайда иштетпеңиз.

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА

Баардык жергиликтүү мыйзамга баш ийиңиз. Айдоо учурунда унааны айдоо үчүн колуңуз бош болсун. Айдоо учурунда оюңузда жол коопсуздугу болуш керек.

ТОСКООЛДУКТАР

Баардык зымы жок аппараттар иштөөлөрүнө таасир эткен тоскоолдуктарды кабыл алуу касиетине ээ.

ТЫЮУ САЛЫНГАН АЙМАКТАРДА ТЕЛЕФОНДУ ӨЧҮРҮҢҮЗ

Коюлган чектерге баш ийиңиз. Учакка түшкөндө, медициналык жабдуулар, күйүүчү майлар, химиялык заттар жанында же жарылуу өткөн жерде аппаратыңызды өчүрүп коюңуз.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ

Бул продуктту квалификациясы бар кызматчылар гана орното жана оңдой алат.

КОШУМЧА ЖАБДУУЛАР ЖАНА БАТАРЕЯЛАР

Бекитилген жабдуулар менен батарейкаларды гана колдонуңуз. Туура келбеген продукттарды туташтырбаңыз.

СУУГА ТУРУШТУУЛУГУ

Сиздин аспабыңыздын сууга туруштуулугу жок. Кургак кармаңыз.
Page 4
аштоо

Баштоо

SIM картаны жана батарейканы коюңуз Бул телефон BL-5C батерейкасы менен гана иштетүүгө болот.
Коопсуз алып чыгуу. Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып, аппаратты өчүрүү керек.
1 Бошотуу баскычын басып (1), арткы жапкычын (2) алып салыңыз. Арткы
жапкычты алууга, аны өйдө көздөй сыдырыңыз (3). 2 Батарейканы ордунан алып, чыгарыңыз (4). 3 SIM картаны ордуна коюңуз (5). Алтын түстөгү контакт жерин ылдый
каратып, SIM карта чети кыркылган бурчу менен аппараттын таманына батып
калганына ишениңиз. 4 Батарейканы жана арткы жапкычты ордуна коюңуз (6, 7, 8).

SIM картаны ордунан алып салыңыз

Бошотуу пружинаны басып (1) SIM картаны сууруп алыңыз (2).
Батарейканы толтуруңуз Батарейкаңыздын заряды заводдо жарым-жартылай толтурулат. Эгерде
аппаратыңыз заряды төмөн болсо, муну аткарыңыз:
1 Заряддо түзүлүштү дубалдагы розеткага сайыңыз. 2 Түзүлүштү аппаратка туташтырыңыз.
Page 5
Сиздин телефонуңуз 5
3 Качан аппарат заряддын толтурулганын көрсөтсө, түзүлүштү адеп
аппараттан, анын розеткадан чыгарыңыз.
Ишара: Кубатты сактоо максатта, батарейка толгон кезде түзүлүштү чыгарганыңыз абзел.
Батарейканы белгилүү убакка чейин заряддо кылууга кажети жок, жана заряддо астында болгондо аппаратты пайдаланууга болот. Эгерде батареянын заряды толук түгөнгөн болсо, заряддалуу деңгээлинин көрсөткүчү экранда пайда болгонго чейин же чакырууларды жасоого мүмкүн болгонго чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.

Өчүрүү жана иштетүү

Чакыруу аяктоо баскычын басып, кармап туруңуз.
Телефонду иштөөгө көрсөтүлгөн каалыбында гана кармаңыз.
Аппаратыңызда ички жана тышкы антенналар болушу мүмкүн. Антенна толкун жиберип же тосуп жатканда ага зарылчылыгы жок тийбеңиз. Мындай антеннага тийүү байланыштын сапатын начарлатып, артыкбаш энергияны сарптайт, жана батареянын колдонуу убактысын кыскартышы мүмкүн.

Сиздин телефонуңуз

Баскычтар жана бөлүктөр

1
2 Экран
3 Тандоо баскычтары
4 Navi™ баскычы; мындан
5 Чакыруу баскычы
6 Токтотуу/Кошкуч баскычы
7 Ариптакта
Кулакчын
тартып айлантма баскычы катарында айтылат
Page 6
6 Сиздин телефонуңуз
8 Бошотуу басмагы
9 Микрофон
10 Жарыктар
11 Билекке асылчу жиптин көзөнөгү
12 Канал тандоо баскычтары
13 FM үналгы баскычы
14 Гарнитура туташтыргычы
15 Заряддо шаймандын туташтыргычы
16 Катуу сүйлөмө
Сыртка сигнал чыгаруучу аспаптарды туташтырбаңыз, мындай туташтыруу аппаратка зыян келтириши мүмкүн. Электр разряд чыкчу нерселерди Nokia AV Connector туташтырбаңыз.
Nokia тарабынан колдонууга көрсөтүлгөндөн башка кошумча жабдыктарды же кулакчындарды Nokia AV Connector туташтырган болсоңуз, деңгээл көрсөткүчүнө атайын көңүл бөлүңүз.

Негизги функциялар

Меню жана төмөнкүлөрдөн тандаңыз:
Кабарлар — кабарларды жөнөтүү, ачуу жана уюштуруу Байланыштар — аттарды жана телефон номерлерди SIM картада жана
телефондун эстутумунда сактоо үчүн Чакыруулар — алынбаган, кабыл алынган жана терилген чакырууларды көрүүгө Настройкалар — сиздин телефонуңузда ар кандай функцияларын орнотууга Саат — ойноткуч сааттын убагын коюуга Үналгы — үналгы функцияларын уюштурууга Эскерткичтер — эскертмелерди уюштурууга Оюндар — телефонуңузда орнотулган оюндарды ойноп же оюн окуяларын
орнотууга Кошумчалар — түрдүү, калькулятор же сигналдык жарык сыяктуу тиркемелерге SIM кызматы — сиздин SIM картаңыз колдогон кошумча кызматтардан
пайдаланууга
Page 7
Сиздин телефонуңуз 7

Чакыруу жасоо жана аны алуу

Чалуу жасоо Телефон номерин, керек болсо өлкө жана аймак кодун, жазыңыз анан чалуу
баскычын басыңыз.
Чалууга жооп берүү Чалуу баскычын басыңыз.
Чалууну четке кагуу же токтотуу Токтотуу баскычын басыңыз.
Катуу сүйлөгүчтү же наушникти колдонуңуз Чалуу убагында, Ктт сйл же Бш клд дегенди тандаңыз.
Үндү жөнгө салуу Чалуу убагында, наушник же гарнитуранын үнүн жөнгө салуу үчүн солго же оңго
жылдырыңыз.
Эскертүү: Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.

Тексти жазыңыз

Кадимки текст киргизүү амалын колдонуңуз. Керектүү тамга көрүнмөйүнчө баскычты кайта-кайта басыңыз.
Жарыш сөз киргизүүсүн иштетүү
Опция > Сөздүк дегенди жана каалаган тилди тандаңыз.
Жарыш текст киргизүүсүн өчүрүү
Опция > Сөздүк > Сөздүк өчүр. дегенди тандаңыз.
Жарыш сөз ыкма менен текстти киргизүүгө, ар бир баскычты бир гана тамга үчүн басыңыз. Эгер, сиз каалаган сөз көрсөтүлсө, 0 баскычын басыңыз жана кийинки сөздү жазууну улантыңыз. Эгер сөздүн акырында ? белгиси көрсөтүлсө, андай сөз сөздүктө жок болот.
Сөздү өзгөртүү * баскычын, керектүү сөз көрүнмөйүнчө кайта-кайта басыңыз.
Page 8
8 Сиздин телефонуңуз
Сөздү кошуу
Сөз дегенди тандаңыз, кадимки текст киргизүү амалын колдонуп сөздү жазыңыз,
анан ОК дегенди тандаңыз.
Боштук кошуу 0 баскычын басыңыз.
Текст киргизүү амалын өзгөртүү # баскычын кайта-кайта басыңыз, жана экрандын жогору жагындагы көрсөткүчтү
текшериңиз.
Номерди кошуу Өзүңүз каалаган номер баскычын басып, кармап туруңуз.
Атайын символду кошуңуз * баскычын кадимки текст киргизүү амалын колдонууда басыңыз; * баскычын,
жарыш сөз текст киргизүү амалын колдонууда басып, кармап туруңуз.
Кабар тазалоосун жокко чыгаруу
Вазийп > Өчүрн кайтар дегенди тандаңыз.
Кабар Кабар кызматтары, алар кызмат провайдериңиз тарабынан колдоого алынган
учурда гана, колдонула алат.
Аппаратыңыз бир гана билдирүүнүн өлчөмүнө коюлган чектен ашык өлчөмдөгү билдирүүлөрдү жиберүүнү колдойт. Узун билдирүүлөр эки же андан ашык билдирүү түрүндө жиберилет. Сиздин тейлөө кызматыңыз ошого жараша төлөө акысын алат. Басым белгилери бар тамгалар, айрым тилдерде колдонулуучу белгилер көбүрөөк орун алуу менен бир билдирүүдө камтылган тамгалардын санын азайтат.
Кабарды жазуу жана жөнөтүү 1 Меню > Кабарлар > Жаңы кабар тандаңыз.
2 Кабар жазыңыз. Кабардын узундугун чектеген көрсөткүч кабарыңыздагы
кыстарылган белгилердин санын көрсөтөт. 3 Опция > Жиберүү дегенди тандаңыз, кыбыл алуучунун телефон номерин
жазыңыз же аны байланыштар тизмесинен тандап алыңыз, анан ОК дегенди
тандаңыз.
Кабарларды өчүрүү
Меню > Кабарлар > Кабарларды өчүрүү > Бары окулган дегенди же керектүү
папканы тандап алыңыз.
Page 9
Сиздин телефонуңуз 9
Байланыштар Сиз аттарды жана телефон номерлерди SIM картада жана телефондун
эстутумунда сактай аласыз. Байланыштар тизмеги телефон эстутумунда сакталган 500 байланыштар чейин камтууга барат.
Байланышты издөө Күтүү режиминде төмөн жылып түшүңүз, анан аттын биринчи символдорун же
тамгаларын жазыңыз жана керектүү байланышка жылып түшүңүз.
Байланыштарды байланыштар тизмесине сактаңыз
Меню > Байланыштар > Контакт кошуу дегенди тандаңыз.
Байланыштарды телефон жана SIM карта эс тутумдары арасында көчүрүңүз
Меню > Байланыштар > Көчүрүү дегенди тандаңыз.
Мульти-телефон китепчеси Сиздин аппаратыңыз бир нече колдонуучулар үчүн беш түрдүү телефон
китепчесин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдойт. Мульти-телефон китепчеси иштетилгенде, учурда колдонулуп жаткан телефон китепчесиндеши байланыштар гана көрүнөт.
Бир байланыш бир канча телефон китепчесине кириши мүмкүн. Жал. колд.байл. ичиндеги байланыштар баардык телефон китепчелеринде көрүнөт.
Меню > Байланыштар > Настройка- лар > Көп-телефон китеби дегенди жана
туура келген орнотууларды тандаңыз.
Мульти-телефон китепчесин иштетүү
Телефон китебинин стили > Мул. тел. кит. дегенди тандаңыз.
Телефон китепчесин иштетиүү
Азыркы телефон китеби дегенди жана каалаган телефон китепчесин же болбосо Жал. колд.байл. дегенди тандаңыз.
Байланышты бир же бир нече телефон китептерине бекитүү
Байланыштарды жөнгө салуу дегенди жана каалаган байланышты тандаңыз.
Телефон китепчесинин атын өзгөртүү
Телефон китептерин кайра атоо дегенди жана каалаган телефон китепчени
тандаңыз.
Үналгы Үналгыны ачуу үчүн, Меню > Үналгыдегенди тандаңыз же FM үналгы баскычын
басыңыз.
Page 10
10 Сиздин телефонуңуз
Төмөнкүлөрдөн тандаңыз:
Өчүрүү — Үналгыны жабуу. Толкунду сактоо — Активдүү каналды сактоо. Авто терүү — Үналгы каналдарын автоматтык түрдө толкунга коюу. Автоматтык
толкунга коюуну баштоо үчүн, баскычты өйдө же ылдый жылдырыңыз. Кл тлкнг кюу — Үналгы каналдарын кол менен толкунга коюу. Жыштыкты
өзгөртүү үчүн, баскычты өйдө же ылдый жылдырыңыз. Жыштык коюлду — Каалаган жыштыкты киргизиңиз. Кнлды алп слу — Сакталган каналды өчүрүү. Атын кайра атоо — Сакталган каналдын атын кайра атоо. Саат үналгы — Радиосаат өзгөчөлүктөрүн башкаруу. Кол бош уктуруу же Наушник — Катуу сүйлөгүчтү же гарнитураны пайдаланып
үналгыны угуңуз.
Үналгы үнүн жөндөө үчүн, баскычты солго же оңго жылдырыңыз.
Үналгы сигналдарын жакшыраак кабыл алуу үчүн, сизге, туура келүүчү гарнитура керектелиши мүмкүн.
Эскертүү: Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.

Өчүп-жануу жарыгын өчүрүү же күйгүзүү

Меню > Кошумчалар > Фонарик тандаңыз.
Page 11

Жалпы маалымат 11

Жалпы маалымат Сиздин аппаратыңыз жөнүндө
Бул колдонмодо сүрөттөлгөн зымсыз аппарат EGSM 900 жана 1800 MHz тармактары гана колдонууга бекитилген. Тармактар жөнүндө кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматына кайрылыңыз.
Сиздин аспабыңыздагы башынан орнотулган чөп каттар жана үчүнчү тараптардын интернет сайттарына шилтемелер аркылуу үчүнчү тараптардын сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Алардын Nokia менен катышы жок жана Nokia алар үчүн жоопкерчиликти албайт. Андай сайттарга кирүүдө коопсуздук үчүн мазмунуна каршы сактык чараларды көрүшүңүз зарыл.
Эскертүү: Аппарат жандырылбаган кезде ойготкучтан бөлөк функцияларын пайдаланууга болбойт. Зымсыз аппаратты колдонуу тоскоолдук же коркунуч алып келе турган жагдайда иштетпеңиз.
Бул аппаратты колдонууда баардык мыйзамдарга баш ийиңиз жана жергиликтүү салттарды, башка адамдардын жекелигин жана мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде автордук укуктарды сыйлаңыз. Автордук укуктар сүрөттөрдү, обондорду жана башка нерселерди көчүрүүдөн, өзгөртүүдөн, таркатуудан сактоосу мүмкүн.
Сиздин аппаратыңызда сакталган маанилүү маалыматтарды кошумча көчүрмөлөп же кол жазма түрүндө көчүрмөсүн сактоону унутпаңыз.
Башка аппаратка туташтыруудан мурун, деталдык коопсуздук көрсөтмөлөрүн алуу үчүн ал аппараттын колдонмосун окуп чыгыңыз. Туура келбеген продукттарды туташтырбаңыз.
Бул колдонмодогу сурөттөр сиздин аппаратыңызда чыккан сурөттөрдөн айрымаланышы мүмкүн.
Сиздин аппаратыңыз тууралуу башка маанилүү маалыматты колдонмодон таба аласыздар.
Тармак кызматтар
Телефонду колдонуу үчүн сизде зымсыз байланыш кызматынан тейлөө болушу керек. Кээ бир функциялар баардык эле тармактарда боло бербейт; башка функцияларды пайдалануудан мурда сизге тейлөө камсыздоочу менен атайын макулдаштык кылуу керек болот. Тармак кызматтардан пайдалануу маалымат берилиш түрүндө өтөт. Кызмат тейлөөчүңүз менен үй тармактын жана башка тармактарда болуудагы акы төлөө маалыматын тактаңыз. Сиздин кызмат тейлөөчүңүз кандай акылар кошулаарын айтып берет.
Сизди кызмат тейлөөчүңүз белгилүү бир функцияларды иштен чыгарып же активдештирбей коюуну сурап калышы мүмкүн. Эгер андай болсо, мындай функциялар сиздин аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Сиздин аспабыңызда меню аттары, меню ирээти жана сүрөтчөлөргө окшогон нерселер алдын ала жөндөлгөн болушу мүмкүн.
Колдоо көрсөтүү
Качан сиз, өндүрүмүңүздү кандайча колдонуу керектиги тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе же телефонуңуз кандайча иштеши керектигин билбесеңиз, анда www.nokia.com/support колдоо барактарын көрүңүз же жергиликтүү Nokia вебсайтына же мобилдик телефон аркылуу www.nokia.mobi/support кириңиз.
Эгерде бул көйгөйүңүздү чечпесе, кийинкини аткарыңыз:
Телефонду кайрадан иштетиңиз: телефонду өчүрүңүз, анан батареяны алып салыңыз. Бир мүнөт убакыттан кийин, батареяны ордуна салыңыз жана телефонду иштетиңиз.
Колдонуучу жолдоочусунда түшүндүрүлгөндөй, баштапкы заводдук орнотууларды калыбына келтириңиз.
Эгерде көйгөй чечилбесе, анда оңдоо жолдору тууралуу Nokia 'га байланышыңыз. www.nokia.com/ repair веб барактарын көрүңүз. Телефонуңузду оңдоого жөнөтүүдөн мурун, ар дайым анын ичиндеги маалыматыңыздын резервдик көчүрмөсүн жасаңыз.

Кошумча жабдуулар

Эскертүү: Берилген моделге Nokia тарабынан бекитилген гана батарейкаларды, заряддоо түзүлүштөрдү жана кошумча жабдууларды колдонуңуз. Башка түрлөрдү колдонуу кепилдикти жана аныктаманы жокко чыгарып жана коркунучтуу да болушу мүмкүн. Тактап айтканда, көрсөтүлбөгөн батарейка же заряддоо түзүлүшүн колдонуу от чыгуу, жарылуу, батарейканын ичиндеги суюктуктун агуусу же башка коркунучту алып келиши мүмкүн.
Бекитилген жабдуулардын бар же жогун дилериңизден билип алсаңыз болот. Жабдууларды электр тогунан ажыратканда, сайгычтан кармап сууруңуз, зымды тартпаңыз.
Батарейка Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат Сиздин аппаратыңыз кайрадан заряддоого болгон батареядан иштейт. Бул аппарат менен иштетүүгө бекитилген батарея төмөнкүлөрдөн BL-5C болот. Nokia бул аппаратка ылайыкталган батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Бул аппарат
Page 12
12 Батарейка
төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3. Заряддагыч модельдин так номери сайгычтын түрүнө карата өзгөрүлүп бериши мүмкүн. Штепсельдин түрү төмөнкүлөрдүн бири менен аныкталат: E, EB, X, AR, U, A, C, K же UB.
Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз. Nokia тарабынан жол берилген батареяларды пайдаланыңыз жана батареяны Nokia тарабынан жол берилген, ушул аппарат үчүн атайын чыгарылган түзүлүштөр менен гана заряддаңыз.
Эгер алмаштырылып жаткан батарея биринчи жолу иштетилип жаткан болсо же узак убакыт бою иштетилбеген болсо, заряддону баштоо үчүн заряддагыч түзүлүштү кошуу, кайра ажыратуу жана кайрадан кошуу керек болушу мүмкүн. Эгерде батареянын заряды толук түгөнгөн болсо, заряддалуу деңгээлинин көрсөткүчү экранда пайда болгонго чейин же чакырууларды жасоого мүмкүн болгонго чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.
Коопсуз алып чыгуу. Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып, аппаратты өчүрүү керек.
Туура заряддо жолу. Заряддагыч түзүлүштү колдонулбаган убакта электр розеткадан жана аппараттан ажыратып коюңуз. Толугу менен заряддалган батареяны заряддагыч түзүлүшкө кошулган боюнча таштап койбоңуз, анткени ашыкча заряддоо батареянын колдонуу убактысынын кыскартып ийет. Колдонулбаса деле толук заряддалган батарея убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.
Ашыкча суук же ысыктан абайлаңыз. Батареяны дайыма 15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) аралыгындагы температурада сактаганга аракет кылыңыз. Адаттан тыш температуралар батареянын батыруу көлөмүн жана колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же муздаган батареясы бар аппарат батарея толук заряддалганына карабастан убактылуу иштебөөсү мүмкүн. Батареянын иштөө мөөнөтү тоңуу температурасынан бир топ төмөн температурада өзгөчө кыскарат.
Кыска туташууну болтурбаңыз. Кокустан кыска туташуулар монета, кагаз бекиткич, калемсап сыяктуу металл буюмдар батареянын оң (+) жана терс (-) терминалдарына тийип, түз туташууга себеп болгондо болушу мүмкүн. (Терминалдар батареяда металл сызыктар түрүндө болот.) Мындай кокустуктар сиз, мисал үчүн, батареяны өз чөнтөгүңүздө бош алып жүргөндө чыгышы мүмкүн. Терминалдардын кыска туташуусу батареяга же тийген буюмга зыян кылышы мүмкүн.
Жок кылуу Батареяны отко жакын кармабаңыз, анткени ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны жергиликтүү эрежелерди сактап жок кылыңыз. Мүмкүн болсо иштетүүгө берүүңүздү суранабыз. Кадимки үй чарба таштандысы катары таштабаңыз.
Суу агышы. Батареяны же анын уюкчаларын тышын сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп, тешип же өз өзүнчө бөлбөңүз. Батарейканын суусу агып калса, ал суюктук көзүңүзгө же териңизге түшпөгүдөй болсун. Андай кокустук орун алса, жаба тарткан жерлерди дароо аккан сууга тосуп жууңуз, же болбосо медикалык жардамга кайрылыңыз.
Бузуулар. Батарейканы кайрадан жасоого, ичине бөтөн объекттерди киргизүүгө аракет кылбаңыз, сууга же башка суюктук ичине салып же аларга тийгизбеңиз. Батареяга зыян келтирилген учурда дагы ал жарылуусу мүмкүн.
Туура пайдалануу. Батареяны көрсөтүлгөн максат менен гана колдонуңуз. Батареяны туура эмес колдонуу от чыгуу, жарылуу жана башка коркунучту алып келиши мүмкүн. Эгер аспабыңыз же батарейкаңыз жерге, айрыкча катуу тегиздикке түшүрүп алсаңыз жана батарейканын соо калганына күнөм болсоңуз, аны кайра пайдалануудан мурда кызмат ишканасына жарамдуулугун текшерүүгө алпарыңыз. Иштен чыккан зарядоо бөлүкчөнү же батареяны эч качан колдонбоңуз. Аларды кичинекей балдардан алыс кармаңыз.
Nokia батарейкасын бирдейлигин аныктоо көрсөтмөсү Коопсуздук үчүн дайыма накта Nokia батарейкасын колдонуңуз. Сиз Nokia накта батарейкасын алып
жатканыңызды билүү үчүн дайыма аны Nokia расмий тейлөө кызматынан же дилеринен сатып алуу менен, төмөнкү кадамдар аркылуу голограмма тамгасын текшерип чыгыңыз:
Бирдейлик голограммасы 1 Тамгасындагы голограмманы караганда, сизге бир
бурчунан Nokia кысууга умтулган колдору көрүнүп, башка бурчтан Nokia Original Enhancements логосу көрүнүшү керек.
Page 13

Аспабыңызды туура күтүү 13

2 Голограмманы сол, оң, өйдө жана төмөн тарапка
бурганда сизге тиешелүү түрдө 1, 2, 3 жана 4 чекит ар бир тараптан көрүнүшү керек.
Бул кадамдарды ийгиликтүү аткаруусу батарейканын накта болуп чыгышын билдирбейт. Эгер сиз колдонгон батарейканын накта экенин тастыктоого мүмкүнчүлүгүңүз жетпесе же сиздин батарейкаңыз голограмманы тагынганына карабастан, накта Nokia экендигине күнөм болсо, аны колдонуудан баш тартып, жана Nokia расмий тейлөө кызматына же дилерине жардам суроого алып барганыңыз кажет.
Nokia накта батарейкалары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн www.nokia.com/battery адресине кайрылыңыз.
Аспабыңызды туура күтүү Сиздин аппаратыңыз жогорку деңгээлде дизайндоонун
жана чебердик менен жасоонун продуктусу жана тиешелүү мамиле кылууга татыктуу. Төмөнкү сунуштар сиздин кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.
Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар, нымдуулук жана суюктуктардын бардык түрлөрүндө электрондук тетиктерге зыян келтирүүчү минералдар бар. Эгер сиздин аппаратыңыз ным болуп калса, батареяны чыгарып, толук кургагандан кийин гана кайра салыңыз.
Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде колдонбоңуз. Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык компоненттери зыянга учурайт.
Аппаратты суук же ысык жайларда сактабаңыз. Жогорку температуралар электрондук аппараттардын колдонуу убактысын кыскартып, батареяларга зыян келтирип, айрым пластик тетиктеринин бузулуп же эрүүсүнө алып келиши мүмкүн. Качан аппарат сууктан кийин өзүнүн нормалдуу температурасына келгенде, аппараттын ичинде пайда болгон ным электрондук тактачаларга зыян келтириши ыктымал.
Ушул колдонмодо көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.
Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз. Этият эмес колдонуу аппараттын ичиндеги
электрондук схемаларды жана назик механизмерди зыяндатышы мүмкүн.
Күчтүү химикаттарды, тазалоочу эритмелерди же кир кетирүүчү каражаттарды аппаратты тазалоо үчүн колдонбоңуз. Аспаптын тышын дайым жумшак, таза жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.
Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө жолтоо болуусу ыктымал.
Жол берилген же кошо берилген алмаштыруучу антеннаны гана колдонуңуз. Жол берилбеген антенналар, жакшыртуулар, кошумчалар аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү эрежелерге каршы келиши мүмкүн.
Заряддоочу түзүлүштөрдү имарат ичинде гана колдонуңуз.
Керектүү деп саналган, тааныштар жана календардык белгилер сыяктуу маалыматты камдык сактаңыз.
Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн маал маалы менен өчүрүп, батареяны алып, анан кайра иштетиңиз.
Бул сунуштар сиздин аппаратыңызга тиешелүү болгондой эле, ошо даражада эле батарейкага, заряддоочу түзүлүшкө жана кошумча жабдыктарга тиешелүү.
Жок кылуу Колдонуудан чыккан электроникалык продукттарды, батарейкаларды жана таңгактоо материалдарды буга
арналган чогултуучу жайга алып барыңыз. Бул жердин бетине таштандынын жайылтууну токтотконго жана материалдарды кайрадан иштетүүгө көрүлгөн чара катары боло алат. Өнүмдүн айлана-чөйрөгө сактоого арналган маалыматтын жана сиздин Nokia өнүмдөрүн кандайча болуп иштетүүгө болоорун www.nokia.com/ werecycle, же nokia.mobi/werecycle билип алыңыз.
Сиздин продуктта, батарейкада, басма материалдарда, кутуда көрсөтүлгөн каршы терши чийилген дөңгөлөктүү челек белгиси баардык электр жана электрондук продукттар, батарейкалар жана аккумуляторлор колдонуу убактысы бүткөндөн кийин өз өзүнчө чогултулушу керек экендигин эске салып турат. Бул талап Европалык Уюмунда аткарылууга тийиш. Бул продуктуларга сорттолбогон муниципалдык таштанды катары карабаңыз. Дагы айлана-чөйрөө коргоочулук маалымат жөнүндө продукттун Эко-Декларациясын www.nokia.com/environment караңыз.
Page 14

14 Кошумча коопсуздук маалымат

Кошумча коопсуздук маалымат Бул аппараттын тыштоосунда никель жок.
Кичинекей балдар Аспабыңызды жана анын кошумча жабдууларды оюнчук кылууга болбойт. Ал майда бөлүктөрдөн турат. Аларды
кичинекей балдардын колуна түшпөгүдөй алыс кармаңыз.
Иштетүү чөйрөсү Бул аппарат RF таасири астында жүрүү боюнча
көрсөтмөлөргө туура келет жана жөнөкөй колдонуу кулакка каршы кармап же денеден эң аз дегенде 2,2 сантиметр (7/8 дюйм)аралыкта алып жүргөндөгүсү эсептелет. Сумка, кемер илгичи, же кутуча аппаратты денеге жакын алып жүрүү үчүн колдонулса, алар металл тетиктерди камтыбаш керек жана аппаратты денеден жогоруда айтылган алыстыкта кармашы керек.
Маалымат файлдарын же кабарларды жиберүү тармак менен сапаттуу байланышты талап кылат. Маалымат файлдар же кабарлар качан андай байланыштын болоорун күтө беришет. Берилиш өтмөйүнчө көрсөтмөдө айтылган алыстыкты сактаңыз.
Аппараттын кээ бир бөлүктөрү магниттелген. Металлдан материалдар аппаратка тартылышы мүмкүн. Кредиттик карточкаларды же башка магниттик сактоо каражаттарды аппараттын жанына койбоңуз, анткени алардын ичинде сакталган маалымат өчүп калышы мүмкүн.
Медициналык аппараттар Радио берүү жабдуулардын катарына кирген зымсыз
телефондор коргоосу жеткиликтүү иштелбеген медициналык аппараттардын иштөөсүнө тоскоол кылышы мүмкүн. Догдуруңуздан же медициналык жабдуунун чыгаруучунан анын сырттан келүүчү RF (радио жыштык) энергиядан калкаланганы жетиштүү болгонун билип алыңыз. Эгерде имарат ичинде илинген эрежелер сизди аспапты өчүрүүнү талап кылса, аны иштеңиз. Бейтапканалар жана саламаттыкты сактоого арналган жайларда сырттан келген RF энергиясын тез кабыл алууга жөндөмдүү аппараттар коюлушу мүмкүн.
Имплантацияланган медициналык аппарат Медициналык аспаптардын чыгаруучулары электрокардиостимуляторго жана имплантацияланган дефибрилляторго мүмкүн болгон тоскоолдуктарды
жаратпоо үчүн зымсыз аппараттын алардан эң кеминде 15,3 сантиметр (6 дюйм) аралыкты сактап алып жүрүштү сунуш кылат. Мындай аспаптар менен жашаган адамдар төмөнкүнү эсине тутушу зарыл:
Дайыма зымсыз аппаратты күйгүзгөн учурда медициналык аспаптан 15,3 сантиметр (6 дюйм) аралыкта кармап туруңуз.
Аппаратты көкүрөк чөнтөгүңүздө алып жүрбөңүз
Зымсыз аспапты медициналык аспап жайгашкан жактан карама каршы келген кулакка кармаңыз.
Эгер тоскоолдукту көрүүгө шегиңиз болсо, анда зымсыз аппаратты өчүрүп салганыңыз оң.
Имплантацияланган медициналык аспап үчүн чыгаруучунун көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Сиздин зымсыз аппаратыңыз жана имплантацияланган медициналык аспап менен кошо алып жүргөнү жөнүндө дагы суроолоруңуз болсо, өзүңүздүн караган догдурдан кеңеш алыңыз.
Угуучу аппараттар Кээ бир санарип зымсыз аппараттар кээ бир угуучу аппараттарга жолтоо болушу мүмкүн.
Унаалар Радио жыштык сигналдары мотор унааларында туура
эмес орнотулган же тиешелүү түрдө корголбогон электрондук май инжектордук, блоктоого каршы тормоздук, электрондук ылдамдыкты контролдоо, аба баштыктар системалары сыяктуу электрондук системалардын иштөөсүнө таасир тийгизүүсү мүмкүн. Дагы көбүрөөк маалыматты унааңыздын же андагы жабдууларды чыгаруучусунан алыңыз.
Атайын даярдыгы бар адистер гана жабдууларды орнотуп же тейлеши керек. Туура эмес орнотуу же тейлөө кооптуу болушу мүмкүн жана жабдууга берилген кепилдикти жокко чыгарышы ыктымал. Сиздин унааңызга орнотулган зымсыз жабдуулар туура орнотулуп жана иштетилип жатканын маал маалы менен текшерип туруңуз. Тез тутануучу суюктуктарды, газдарды же жарылуучу заттарды зымсыз жабдуулар орнотулган бөлүмдөрдө чогуу сактап же ташып жүрбөңүз. Aба жаздыктардын абдан бир заматтын ичинде абага толо тургандыгын эске алыңыз. Аспабыңызды же кошумча жабдууларды аба жаздыктары жазыла турган мейкиндикке койбоңуз.
Учакка кирүүдөн мурда аппаратыңызды өчүрүп коюңуз. Зымсыз телеаппаратураны учактын ичинде колдонуу учактын иштөөсүнө тоскоол келтирип, жана мыйзамга каршы болушу мүмкүн.
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр Жарылуучу заттар орун алган аймакта аспабыңызды
өчүрүп койгонуңуз туура. Баардык тышка чыгарылган маалымдоолорго баш ийиңиз Бул жерлерде учкундар адамдын өлүмүнө же жарадар болушуна себеп болгон жарылуу же өртү чыгарышы мүмкүн. Аппаратыңызды оңдоо станцияларда же газ соркыскычтар менен иштеген май куюучу жайларында өчүрүп койгонуңуз туура болот. Май куюучу станцияларда, жанармай сактоо жана таратуу жерлеринде, химиялык заводдордо же жарылуу иштери жүрүп жаткан жерлерде койгон чектөөлөргө баш ийиңиз. Жардыруу коркунучка жакын чөйрөлөр кээде так белгиленбейт. Алардын катарына
Page 15
Кошумча коопсуздук маалымат 15
демейде унаа моторун иштетпей коюуга мажбур болгон учурлар, кемелердин төмөнкү палубалары, химикалык заттарды ташуучу же сактоочу жайлар жана абасында химиялык заттар же болбосо чаң, дандын кабыгы же металл күкүмдөрү сыяктуу майда бөлүкчөлөр учкан жерлер да кирет. Суюкталган газ (пропан же бутанга окшогон) күчү менен жүргөн унаалардын жакын арада туруп колдогу аспаптын иштетүү жагын алардын чыгаруучулардан тактап билүүгө болот.
Тез жардам чакыруулары Маанилүү иш: Колдогу аппаратыңыз радио сигналдарды, зымы жок байланышты, жердин кыртышы
менен өткөн тармактарды жана пайдалануучу тарабынан программаланган функцияларды колдонуп иштейт. Эгер сиздин аппаратыңыз интернет боюнча өткөн үн чалууларын (интернет чалуулар) колдогон болсо, уюлдук телефонду жана интернет чакырууларды экөөнү тең активдештириңиз. Аппарат тез жардам чалууларын уюлдук тармактар жана Интернет аркылуу ишке ашырууга аракет кылат. Баардык шарттарда байланышууга кепилдик бериле албайт. Зарыл түрдө байланыш керек болсо, мисалы, медициналык тез жардам чакырууда, сиз жалгыз гана зымсыз аппаратыңызга ишенбеңиз.
Тез жардам чакыруусун жасоо үчүн:
1 Өчүрүлгөн аппаратты жандырыңыз. Сигналдын
жетиштүүлүгүн текшериңиз. Аспабыңызга жараша, төмөнкүлөрдү аткаруу керек болушу ыктымал:
Эгер аппаратыңыздын иштетүү үчүн SIM карта керек болсо, аны ордуна коюңуз.
Аспабыңызда мурда коюлган чакырууларга чектерди алып салыңыз.
Профильди Oфлайн жана Учуу режимдеринен чыгып, активдүү кылыңыз.
2 Аппаратты чакыруу жасоого даяр кылуу жана
экранды тазалоо үчүн аяктоо баскычын керектүү санда басыңыз.
3 Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез
жардам номерин киргизиңиз. Тез жардам номерлери жайгашуу жерине жараша өзгөрүп турат.
4 Чакыруу баскычын басыңыз.
Тез жардамга чалып жатканда керектелген бардык маалыматтарды мүмкүн болушунча так бериңиз. Сиздин зымсыз аппараттыңыз кырсык учурунда жалгыз байланыш каражаты болуп калышы мүмкүн. Уруксат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
Тастыктоо маалыматы (SAR) БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТО ЛКУНДАРЫНЫН ТААСИРИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН
ЖОЛДОМОЛОРДУН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл алгыч. Ал эл аралык колдонмолордун радио толкундарынын таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук абалындагы адамдарды сактоо үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.
Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific Absorption Rate (Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда жайгашкан SAR чеги 2,0 Ватт/килограммга (Вт/кг) орточо 10 грамм дене ткандарына туура келет. Стандарттык операция түзүлүштөрү колдонулуп жана бардык текшерилген жыштыктарда аппарат эң жогорку кубаттулугунда иштетилип SAR тесттер өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли максималдык баалоодон төмөн болушу мүмкүн, анткени аппарат тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулук менен иштөөгө түзүлгөн. Тармак станциясына канчалык жакын жайгашканыңыз сыяктуу факторлорго жараша ошол сан өзгөрүп турат.
ICNIRP колдонмолору астындагы SAR эң чоң саны аппаратты кулакка тийгизгенде 1,06 ватт/кг болуп чыгат.
Аппаратка туташтырылган кошумча жабдуулар колдонуусу SAR нарктарын өзгөртүп салат. SAR нарктардын өзгөрүүсүнө өлкөдөгү отчет берүү стандарттар, сынамак талаптар жана тармактын тилкеси өзүнүн салымын кошот. Кошумча SAR маалыматты www.nokia.com өнүм маалымат астында таап алса болот.
Page 16
16
ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Ушуну менен NOKIA CORPORATION мындагы RM-524 продукттун 1999/5/EC Директивасынын негизги талаптарына жана башка тиешелүү жоболоруна дал келгенин жарыя кылат. Ылайык келүү Декларациясынын көчүрмөсүн төмөнкү даректен тапса болот http:// www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.
© 2009 Nokia. Бардык укуктар сакталды.
Nokia, Nokia connecting people жана Navi Nokia Corporation соода белгилери же катталган соода белгилери. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси. Мында жана мындан кийин аталган башка өнүм жана компания аттары тиешелүү ээлерге тийиштүү соода белгилери жана соода аттары болушу ыктымал.
Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун кандайдыр бир түрдө кайра чыгарууга, колдон колго өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат. Nokia тынымсыз өнүгүү саясатын жүргүзөт. Nokia бул документте көрсөтүлгөн кайсы өнүм болбосун, алдын ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды киргизүү укугун сактайт.
ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ЖОЛ БЕРГЕН МАКСИМАЛДУУ ДАРАЖАДА NOKIA ЖЕ АНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЕНЕН ИШТЕГЕНДЕР КАНДАЙ ГАНА КЫРДААЛ БОЛБОСУН, МААЛЫМАТ ЖЕ КИРЕШЕ ЖОГОТУУЛАРЫНА, ЖЕ АТАЙЫН, КОКУСТАН, ТҮЗДӨН-ТҮЗ ЖЕ КЫЙЫР ЖОГОТУУЛАРГА ЖООП БЕРБЕЙТ.
БУЛ ДОКУМЕНТТИН МАЗМУНУ "КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ" БЕРИЛДИ. ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ТАЛАП КЫЛБАГАН БАРДЫК УЧУРДА, ЭЧ КАНДАЙ ГАРАНТИЯ АЧЫК ТҮРДӨ ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИП ЧЫГУУЧУ, АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН ТОВАРДЫН АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ЖАРАМДУУЛУК ЖАНА БҮТҮНДҮК ГАРАНТИЯСЫ УШУЛ ДОКУМЕНТТИН ТАКТЫГЫ, ТУУРАЛУГЫ ЖЕ МАЗМУНУ БОЮНЧА БЕРИЛБЕЙТ. NOKIA, БУЛ ДОКУМЕНТКЕ АЛДЫН АЛА МААЛЫМДООСУЗ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ЖЕ АЛЫП САЛУУ УКУГУН САКТАЙТ. Белгилүү бир продукттардын жана аларга тиешелүү кошумча бөлүктөрдүн жана кызматтардын болушу ар региондо ар кандай болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн же тил тандоо суроолору боюнча Nokia дилериңизге кайрылыңыз. Бул аппарат АКШнын жана башка өлкөлөрдүн экспорт боюнча мыйзам жана токтомдордун предмети болгон товарларды, технологияларды же камсыздоо программаларды камтышы мүмкүн. Мыйзамдын чегинен чыгууга тыюу салынат.
9214138/3. чыгыш KY
Loading...