WHIRLPOOL WHM3911 Health Safety & Environmental [ky]

KY
КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАР
ОКУУГА ЖАНА КѲҮЛ БУРУУГА МААНИЛҮҮ
Шайманды колдонордон мурда бул коопсуздук нускамаларын окуңуз. Аларды келээрки керек болгонго чейин сактап коюңуз.
Бардык убакытта сактоо үчүн бул нускамалар менен шаймандын ѳзү маанилүү коопсуздук эскертүүлѳрдү камсыз кылат. Шайман туура эмес колдонгон же туура эмес жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү бул коопсуздук нускамаларын колдонуу жѳндѳмсүздүгү боюнча жоопкерчиликти четке кагат.
Өтө жаш балдар (0-3 жаштагы) шаймандан алыс болушу зарыл. Жаш балдар (3-8 жаштагы) кѳзѳмѳл астында болбогон учурда, шаймандан алыс болушу керек. 8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар жана физикалык, сезгич же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген же тажрыйбасы жана билими жетишпеген адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук нускамалар берилгенде гана колдоно алышат жана коркунуч келерин түшүнүшү керек. Балдар шайман менен ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар тарабынан тазалоо же колдонуу боюнча тейлѳѳ жүргүзүлбѳшү керек.

УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ

ЭСКЕРТҮҮ: Шайман тышкы өчүрүү тутумдар, таймер же ѳзүнчѳ пульт тутум сыяктуулар менен башкарууга жасалган эмес.
Шайман үйдүн ичинде жана ушул сыяктуу тѳмѳнкүлѳргѳ колдонууга жасалган: дүкөндөрдүн, кеңселердин жана башка жумуш чөйрөлөрдүн ичинде кызматкерлерге арналган ашкана аймактарында; чарба үйлөрүндө; кардарлар аркылуу мейманкаларда, мотельдерде жана башка турак жай чөйрөлөрүндө.
Бул шайман, профессионалдык колдонууга эмес. Шайманды сыртта колдонбоңуз.
Шаймандын ичинде колдонулган лампа атайын үйдѳ колдонулуучу шаймандаргы даярдалган жана жалпысынан үйдүн ичинде бѳлмѳгѳ жарык берүүгѳ жарактуу эмес (EC нускамасы 244/2009).
Климаттык класс боюнча техникалык маалыматтар тактасында ылайык шайман тѳмѳнкү деңгээлдеги температурадагы жерлерде колдонууга даярдалган.
Белгиленген деӊгээлден ашкан температурада кѳп убакытка чейин калып калса, шайман туура эмес иштеши мүмкүн.
Климаттык класстын айланадагы температуралары:
SN: 10°C баштап 32°C чейин; N: 16°C баштап 32°C чейин;
ST: 16°C баштап 38°C чейин; T: 16°C баштап 43°C чейин;
Бул шайман үзгүлтүксүз диаграмма функциясын камтыбайт. Хладагенттин айлампа контуру R600a (HC) камтыйт.
Курамында изобутан бар шаймандар (R600a): изобутан айлана чѳйрѳгѳ зыян келтирбеген табигый газ болуп саналат, бирок тез ѳрт алуучу зат.
Ошондуктан, хладагенттин контурунун түтүкчѳлѳрүнѳ зыян келтирилбегендигин аныктоо зарыл, хладагенттин контурун бошотуп жатканда.
ЭСКЕРТҮҮ : Хладагенттин контурунун
түтүкчѳлѳрүнѳ зыян келтирбеңиз.
ЭСКЕРТҮҮ : Желдетүү тешигин, шайман тосмосун же орнотулган тутумду толтурбай кармоо керек.
ЭСКЕРТҮҮ : Ѳндүрүүчү тарабынан сунушталган заттардан башка механикалык, электрдик же химиялык заттарды тоӊдуруу процессин ылдамдатуу үчүн колдонбоӊуз.
ЭСКЕРТҮҮ : Ѳндүрүүчү тарабынан уруксат берилбеген электрдик аппаратарды шаймандын бѳлүмдѳрүн ичине салбаӊыз же колдонбоӊуз.
ЭСКЕРТҮҮ : түздөн-түз суу берүүгө кошулбаган муз иштеп чыгаргычтар жана/же суу диспенсерлер ичүүчү суу менен гана толтурулушу керек.
ЭСКЕРТҮҮ : Автоматтык түрдө жасала турган балмуздак жасагычтар жана/же суу дипенсерлери ичүүчү сууну гана камсыз кылган суу камсыздагычка туташтырылышы керек. Анын басымдуулугу 0,17 жана 0,81 МПа болушу креек (1,7 жана 8,1 бар).
Шаймандын ичине же жанына аэрозоль банкалары сыяктуу жарылуучу же бензин же башка тез ѳрт алуучу материалдарды койбоңуз.
Муз таӊгактарынын (кээ бир моделдерде) курамдарын (уулуу эмес) жутпаӊыз. Суукка алдыруу себебинен муз кубиктерин же муз набаттарын тоӊдургучтан алып чыгары менен жегенге болбойт.
Аба чыпкасы үчүн колдонууга арналган өнүмдөр кол жеткен желдеткич кабы менен колдонулушу керек, шайман иштетилип
жатканда, ал ар дайым шайман иштетилип жаткан убакта ордунда болушу креек.
Суюктугу бар айнек контейнерлерди тоӊдургуч бѳлүмгѳ койбоӊуз, сынып калышы мүмкүн.
Желдеткичти (мүмкүн болсо) тамак-аш продукциялары менен тоспоӊуз.
Тамакты салгандан кийин, тоңдургучтун эшиги жакшы жабылганын текшериңиз.
Сынган кутулар тезирээк
алмаштырылышы керек.
Тоңдургуч бөлүмүн тоңдурулган азыктарды сактоо жана жаңы азыктарды тоңдуруу жана муз кубиектерин жасоо үчүн гана колдонуңуз.
Капталбаган азыктарды тоңдургуч бөлүмүнүн ички түздүктөргө тийген бойдон калтырбаңыз.
С-пентан кѳбүк бѳлүүдѳгү газ жаратуучу катары колдонулат жана тез ѳрт алуучу газ болуп саналат.

ОРНОТУУ

Шайман эки же кѳп адамдар тарабынан кѳтѳрүлүшү жана орнотулушу зарыл ­жаракат коркунучу. Таңгактан чыгарууга жана орнотуу үчүн, коргоочу кол каптарын колдонуңузl - кесип кетүү коркунучу бар.
Орнотуу, суу менен камсыздоону кошуу менен (эгер болсо), электрикалык туташууларды, жана оңдоолор, тажрыйбалуу техник тарабынан өткөрүлүшү керек. Колдонуучунун нускамасында көрсөтүлгөн болбосо, шаймандын бир да бөлүгүн оңдобоңуз жана алмаштырбаңыз. Балдарды, орнотулган жерден алыс кармаңыз. Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин, ал жеткирүү убагында сынып калбаганын текшериңиз. Эгер көйгөйлөр болсо, дилер менен же эң жакын жэериңизде жайгашкан Сатып алуудан кийинки кызматка байланышыңыз. Орнотулгандан кийин, таңгактоону жок кылуу (пластик, стирол пенопластынын бөлүктөрү, ж.б.) балдардан алыс кармалышы керек - муунуу коркунучу бар. Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин шайман электр тогунан ажыратылышы зарыл - токкто урунуу коркунучу бар. Орнотуу иштеринин жүрүшүндѳ шайман электр кабелине зыян келтирилбегендигин ырастаңыз - токко урунуу коркунучу бар. Шайманды, орнотуу аяуктаганда гана иштетиңиз.
Шайманды жылдырганда полдорго (м. паркетке) зыян келтирип албаӊыз. Шайманды жерге орнотуӊуз же анын салмагын толугу менен кѳтѳрүүгѳ тирѳѳч жасаӊыз жана анын кѳлѳмүнѳ жана колдонууга тийиштүү орун даярдаӊыз.
Шайман жылуулуктун булагына жакын эместигин текшериңиз, анын төрт бутун талап кылынгандай кылып жөндөө менен полго тегиз жана туруктуу коюлганын текшерип, шаймандын спирттик денгээл ченөөчү аспапты колдонуу менен тиешелүү түрдө жайгаштырылганын текшериңиз. Хладагенттин контурунун натыйжалуугун толугу менен ырастоо үчүн шайманды электр тогуна кошконго чейин жок дегенде эки саат күтүӊүз.
Тийиштүү желдетүүнү камсыз кылуу үчүн шаймандын эки жагында жана үстүндѳ орун калтырыӊыз. Ысык беттерге жеткиликти болтурбоо үчүн шаймандын арт жагындагы жана шаймандын артындагы дубалдын аралыгы 50 мм болушу зарыл. Бул аралыкты кыскартуу өнүмдүн энергия сарптоосун жогорулатат.
ЭСКЕРТҮҮ : Шайманды жайгаштырып жатсанда, шаймандын шнуру бузулуп же ага зыян келтирилбеши керек.
ЭСКЕРТҮҮ : жабдуунун туруктуулугунун бузулушунун кесепетинен келип чыгуучу күтүлбөгөн кырдаалды болтурбоо үчүн, орнотуу жери же оңдоо өндүрүүколдонмосуна ылайык жүргүзүлүшү зарыл. Тоңдургучту газ плитасынын темир краны, метал газынын же суу түтүктөрүңүн же электрикалык зымдардын тоңдургучтун арткы капталына (конденсатор бөлүгү) тийбеши үчүн, ал тарапка жакын туруусуна мүмкүнчулүк бербөө керек.

ЭЛЕКТРИКАЛЫК ЭСКЕРТҮҮЛӨР

Эгер шаймандын штепсель вилкасы жеткиликтүү болсо электр тогунан сууруп алуу, же улуттук коопсуздук стандарттарына ылайык айры тешиктин үстүндө орнотулган жеткиликтүү көп полярдык которгучту колдонуу менен ажыратуу зарыл жана шайман жердетилиши керек.
Узарткыч кабелин, тармак чыгаруу вилкаларын же адаптерлерди колдонбоӊуз. Электрдик түзүүчүлѳр орнотулгандан кийин колдонуучуларга жеткиликтүү болбошу зарыл. Шайманды, сиз суу болсоңуз же жылаң аяк болсоңуз колдонбоңуз. Эгерде кубаттуулук шнуруна же вилкасына зыян келтирилсе, тийиштүү иштебесе, же жабдууга зыян келтирилсе же түшүп кетсе, шайманды иштетпеңиз.
Эгерде электр кабель бузулган болсо, зыян келтирүүнү алдын алууга аны өндүрүүчү, анын тейлөө агент же квалификациясы бар адамдар тарабынан алмаштырылышы керек - токко уруну коркунучу бар.
ЭСКЕРТҮҮ : Бир нече алып жүрө
турган розеткаларды же алып журө
Loading...
+ 2 hidden pages