WHIRLPOOL AKP 458/IX User Manual [ky]

(Кепилдиктеги белгини бул
жерден колдонуңуз)
KY
Колдонуу жана техникалык тейлөө нускамасы
Бул нускамалар ошондой эле веб-сайтта жеткиликтүү болот: www.whirlpool.eu
МААНИЛҮҮ КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАР
СИЗДИН ЖАНА БАШКАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ ӨТӨ МААНИЛҮҮ
Бул колдонуучулардын өздөрү жана башкалар үчүн мүмкүн болгон коркунучтар тууралуу аларды эскерткен, коопсуздукка тиешелүү коркунуч символу. Бардык коопсуздук боюнча эскертүүлөр коркунуч символу жана төмөнкү шарттар менен өбөлгөлөнөт:

КОРКУНУЧ

Коркунучтуу абалды көрсөтөт, жана андан кутулбаса, оор жаракатка алып келет.

ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ

Коркунучтуу абалды көрсөтөт, жана андан кутулбаса, оор жаракатка алып келиши мүмкүн.
Бардык коопсуздук боюнча эскертүүлөр, болгон потенциалдуу коркунучтун анык маалыматтарын берет жана жабдууну туура эмес колдонуунун натыйдасында жаракат, зыян алуу жана электр агыны менен жабырлануу коркунучун кантип азайтууну көрсөтөт. Төмөнкү нускамаларды кунт коюп сактаңыз:
- Аларды келээрки эскертүүлѳргѳ чейин колго жакын кармаӊыз.
- Бардык каптамын чечүү жана орнотуу аракеттерин аткарууда коргогуч кол кап колдонуңуз.
- Жабдуу эки же кѳп адамдар тарабынын кѳтѳрүлүшү жана орнотулушу зарыл.
- Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин жабдуу электр тогунан ажыратылышы зарыл.
- Ѳндүрүүчүнүн колдонмолору жана жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык орнотуу жана оӊдоо дасыккан техник тарабынан жүргүзүлүшү керек. Колдонуучунун колдонмосунда кѳрсѳтүлгѳндү эске албастан шаймандын бир да бѳлүгүн оӊдоого жана алмаштырууга болбойт.
- Шайманды орнотуу иштерин жүргүзүүгө чейин кубаттуулук агынынан ажыратылышы зарыл. Ыйгарым укуктуу тейлөө борбору менен байланышыңыз.
- Эрежелер шаймандын жердетилишин талап кылат.
KY2
- Шайманды үй-жайга орнотууда анын кубаттуулук кабелин негизги кубаттуулук агынга туташыруу үчүн, ал жетишээрлик узун болушу зарыл.
- Орнотуу үчүн учурдагы коопсуздук эрежелерине ылайык, көп полюстуу которгуч 3 мм минималдык аралыгы менен колдонулушу керек.
- Узарткыч кабелин, тармак чыгаруу вилкаларын же адаптерлерди колдонбоӊуз.
- Шайманды аралык башкаруу пульту же таймер менен иштеген айры тешикке туташтырбаңыз.
- Шайманды электр кабелин суурбаңыз.
- Электрдик түзүүчүлѳр орнотулгандан кийин колдонуучуларга жеткиликтүү болбошу зарыл.
- Эгерде индукциялык плитанын үстүндө жарака кеткен болсо, аны колдонбоңуз жана электр агыны менен жабырланууну болтурбоо үчүн шайманды өчүрүңүз (индукциялуу иш-милдети бар моделдер гана үчүн).
- Шайманды дененин бардык суу бѳлүгү менен тийбегиле жана жылаӊайлак болсоӊуз иштетпеӊиз.
- Бул шайман жалгыз гана тамак бышыруу үчүн турмуш­тиричилик жабдуусу катары даярдалган. Башка колдонуу түрүнө жол берилбейт (мисалы: бөлмөлөрдү жылытуу). Эгер ушул кеңештер жана сактык чаралар аткарылбаса, адам же жаныбар алган жаракат же мүлккө келтирилген зыян үчүн Өндүрүүчү эч кандай жоопкерчилик албайт.
- Шайман жана анын жеткиликтүү бөлүктөрү колдонуу учурунда ысыйт.
- Ысыган элементтерге тийбөө үчүн сактык сакталышы керек.
- Ѳтѳ жаш (0дѳн 3 жашка чейин) жана жаш балдар (3 тѳн 8 жашка чейин) кѳзѳмѳл астында болбогон учурда, шаймандан алыс болушу керек.
KY3
- 8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар жана физикалык, сезгич же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген же тажрыйбасы жана билими жетишпеген адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук нускамалар берилгенде гана колдоно алышат жана коркунуч келерин түшүнүшү керек. Балдар шайман менен ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар тарабынан тазалоо же колдонуучуларды тейлѳѳ жүргүзүлбѳшү керек.
- Колдонууга чейин жана андан кийин, шаймандын ысыган элементтерине же ички бетине тийбеңиз – күйүп калуу коркунучу.
- Бардык компоненттер муздаганга чейин, шайман менен кийим же тез от алуучу материалдардын байланышын болтурбаңыз.
- Тамак бышыруунун аягында, духовкага кайрылууга чейин ысык абаны же бууну аз-аздан чыгаруу менен шаймандын эшигин ачканда айбалаңыз. Шаймандын эшиги жабык турганда, ысык аба башкаруу панелинин үстүндөгү жылчыктан чыгат. Вентиляция жылчыгын жаппаңыз.
- Мискейлерди жана аксессуарларды алып салуу үчүн духовка колкабын колдонуӊуз, ысытуу элементтерине тийбегенге кѳӊүл буруӊуз.
- Тез от алуучу материалдарды шаймандын ичине же жанына койбоңуз: эгерде шайман этиятсыздык менен иштетилсе ѳрт чыгып кетиши мүмкүн.
- Герметикалык банкаларды же контейнерлерди шаймандын ичинде ысытып жана аларга тамак бышырбаңыз.
- Ичинде пайда болгон басым банканын жарылышына алып келип, шайманга зыян келтириши мүмкүн.
- Синтетикалык материалдардан жасалган контейнерлерди колдонбоңуз.
- Ѳтѳ ысытылган майлар жана мал майлар бат тутанат. Майды жогору деңгээлде камтуусу менен тамакты бышырууда ар дайым кыраакы болуңуз.
KY4
- Тамак-ашты кургатканда шайманды эч качан кароосуз калтырбаӊыз.
- Эгерде тамак бышырууда алкоголдуу ичкиликтер колдонулса (мисалы, ром, коньяк, вино), алкоголь жогору температурада бууланаарын эске алыңыз. Натыйжада, алкоголдон чыккан буу менен электр ысытуучу элементтин тийишүүсү болгондо тутануу коркунучу бар.
- Ѳтѳ ысытылган майлар жана мал майлар бат тутанат. Майды же алкоголду (мисалы, ром,коньяк,вино) жогору деңгээлде камтуусу болгон тамакты бышырууда ар дайым кыраакы болуңуз.
- Буу менен тазалоо шаймандарын эч качан колдонбоӊуз.
- Пиролиз айлампасы учурунда духовкага тийбеңиз. Балдарды пиролиз айлампасы учурунда духовкадан алыс алып кетиңиз. Ашыкча чачыратуу тазалоо циклине чейин духовканын ойдуңунан алынышы керек (Пиролиз иш-милдети бар духовкалар гана үчүн).
- Пиролиз айлампасы учурунда же андан кийин, жаныбарлар шайман жайгашкан жерден алыс турушу керек (Пиролиз иш-милдети бар духовкалар гана үчүн).
- Бул духовкага сунушталган гана температура билдиргичин колдонуңуз.
- Дордогой катуу тазалоочу каражаттарын же учтуу металл кыргычтарын духованын эшигинин айнегин тазалоого колдонбоңуз, анткени алар үстүнкү бетти чийип айнектин күбүлүүсүнө алып келиши мүмкүн.
- Электр агыны менен жабырлануу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн лампаны алмаштыруудан мурда прибор өчүк экенин текшериңиз.
- Тамак бышыруу идишинде тамакты алюминий фольгасы менен каптабаңыз (тамак бышыруучу идиши камсыздалган духовкалар гана үчүн).
Турмуш-тиричилик техникаларын жараксыз кылуу
- Бул шайман кайра иштетүүчү жана кайра колдонуучу материалдардан жасалды. Аны жергиликтүү таштанды чыгаруу эрежелерине ылайык чыгаруу керек. Калдык катары кайра керектөөдөн мурда кубаттуулукту камсыз кылган кабелин кесип салыңыз.
- Электрдик турмуш-тиричилик техникаларын колдонуу, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча кеӊири маалымат алуу үчүн тийиштүү жергиликтүү бийликке, турмуш-тиричилик техникаларын ѳндүрүү жана таштандылары чыгаруу кызматына же шайман сатып алган дүкѳнгѳ кайрылыӊыз.
KY5
ОРНОТУУ
Шаймандын таӊгагын чечкенде ташып жеткирүү учурунда ага зыян келтирилбегендигин жана духовканын эшиги жакшы жабылаарын ырастаңыз. Кѳйгѳйлѳр бар болсо сатууга же сизге жакын жайгашкан Сатып алгандан кийинки тейлѳѳ кызматына кайрылыыз. Зыян келтирбөө үчүн, орнотуу убагында духовканы полистрол көбүк негизинен алып чыгуу гана керек. Орнотуу иштери балдар тарабынан жүргүзүлбѳшү керек. Орнотуу учурунда балдарды шаймандын алыс кармаңыз. Орнотуу учурунда жана андан кийин балдар жете турган жерден чогултуу материалдарын (пластик баштыгын, полистирол бѳлүктѳрүн ж.б.) алыс кармаңыз.
ҮЙ-ЖАЙЫНА КОЮУГА ДАЯРДЫК
Духовка менен байланышта болгон ашүйдүн топтому ысыкка туруктуу болуусу зарыл (эң аз 90°C).
Бардык жыгач кесүү жумушун духовканы үйгө жайгаштырууга чейин аткарыңыз жана бардык жыгач
калдыктарын жана тарындыларын кылдат алып салыңыз.
Орнотуудан кийин, духовканын түбүнө мүмкүндүк болбошу керек.
Прибордун туура иштөөсү үчүн, иш орду менен духовканын жогорку кырыны ортосундагы минималдык
боштукту тоспоңуз.
ЭЛЕКТР ТУТАШУУСУ
Дайындар көрнөкчөсүндө көрсөтүлгөн кубаттуулук чыңалуусу негизги тармак чыңалуусу менен бирдей экенин тактаңыз. Дайындар көрнөкчөсү духовканын алдынкы кырында (эшигин ачканда көрүнөт).
Кубаттуулук кабелин алмаштыруу (H05 RR-F түрү 3 x 1,5 мм2) дасыккан электрик тарабынан
аткарылышы керек. Ыйгарым укуктуу тейлөө борбору менен байланышыңыз.
ЖАЛПЫ СУНУШТАР Колдонууга чейин:
- Тиешелүү буюмдардан коргоо картон бөлүктөрүн, коргогуч пленкасын жана чаптамаларын алып салыңыз.
- Духовкадан ага тиешелүү буюмдарын чыгарып, изоляциялаган материалдардын жана коргогуч майынын
жытын жана буусун жок кылуу үчүн аны бир саатка жакын 200° чейин ысытыңыз.
Колдонуу учурунда:
- Оор нерселерди эшигине койбоңуз, зыян келтирүүсү мүмкүн.
- Эшигине жармашпаңыз жана кармагычына эч нерче илбеңиз.
- Духовканын ичин алюминий фольгасы менен жаппаңыз.
- Ысык духовканын ичине суу куйбаңыз; бул эмалдалган каптоосуна зыян келтириши мүмкүн.
- Мискени же табаны духовканын түбү боюнча жылдырбаңыз, анткени бул эмалдалган каптоосуна зыян
келтириши мүмкүн.
- Башка шаймандарын электр кабелдери духовканын ысык бөлүктөрүнө тийбегенин же эшигине такалып
калбаганын тактаңыз.
- Духовканы атмосфералык аракет күчтөрүнө кабылдырбаңыз.
КООПСУДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА АЙЛАНА-ЧѲЙРѲ
Каптам материалын калдык катары таштоо
Таӊгакталган материалдар 100%га кайра иштетүүлүүчү болуп саналат жана кайра иштетүү символу менен белгиленет ( ). Ошондуктан таӊгактын ар бир бѳлүгү жоопкерчилик менен жана таштанды чыгарууну жѳнгѳ
салуучу жергиликтүү коопсуздук эрежелерине толук ылайык чыгарылышы керек.
Өнүмдү керекке жаратуу
- Бул шайман 2012/19/EU Еврокомиссиянын иштен чыккан электрдик жана электрондук шаймандарды
иштетүү (ИЭЭЖИ) кѳрсѳтмѳсүнѳ ылайык белгиленди.
- Бул өнүм туура чыгарылгандыгын камсыз кылуу менен айлана-чѳйрѳгѳ жана адамдын ден-соолугуна
зыян алып келүүчү потенциалдуу терс тажрыйбалардын алдын алууга жардам бересиз, мындай болбосо алар бул продукция тийиштүү эмес таштандыларын чыгаруусуна себеп болушу мүмкүн.
- Өнүмдөгү же коштомо документтеги символу, ал турмуш-тиричилик калдыгы катары каралбастан,
электр жана электрондук шаймандарды кайра иштетүү үчүн ылайыктуу жыйноо борборуна өткөрүлүшү керек экенин көрсөтөт.
ЭНЕРГИЯ ҮНѲМДѲѲ БОЮНЧА КЕӉЕШТЕР
- Эгерде тамак бышыруу таблицасында же сиздин рецептте көрсөтүлгөн болсо гана алдын ала ысытыңыз.
- Кара лакталган же эмалдалган бышыруу үчүн формаларын колдонуңуз, анткени алар жылуулукту
жакшы сарпташат.
ЭКО ЖАСАЛГАСЫН ЖАРЫЯЛОО
- Бул шайман европалык стандартка ылайык EN 60350-1, н. 65/2014, жана н. 66/2014 европалык
эрежелеринин эко дизайн талаптарына жооп берет.
KY6
Loading...
+ 12 hidden pages