Баскычтар жана бөлүктөр7
SIM картаны жана батареяны
ордуна коюңуз7
Эстутум картасын салуу9
Эстутум картасын чыгаруу9
Батарейканы толтуруңуз10
Билек боону кыстаруу10
Аспапты жандыруу же өчүрүү10
GSM антенна11
Гарнитура11
Баштапкы колдонулуш12
Баскыч кулпу12
Кирүү коддор12
Үн башкаруусу13
Күтүүчү режим 13
Көрсөткүчтөр14
Менюларды башкаруу14
Жарлыктар14
Оператордун меню15
Аспабыңызды SIM картасыз
пайдалануу15
Тексти жазыңыз15
Nokia эсептик жазуусу жана Nokia
Ovi кызматтары16
Ovi Дүкөнү жөнүндө16
Байланыштар 17
Чакыруулар18
Чакырууну жасоо жана чакырууну
кабыл алуу18
Катуу сүйлөмө18
Терүү жарлыктар18
Журнал19
Кабар алмашуу19
Текст жана мультимедия
кабарлар19
Почта21
Досторуңуз менен чатта
сүйлөшүү21
Флэш кабарлар22
Nokia Xpress аудио кабарлары 22
Үн кабарлар22
Кабар орнотуулары23
Органайзер23
Ойготкуч саат23
Календарь жана эмне кылуу
тизмеги23
Желе же Интернет 24
Желе кызматына туташуу24
Медиа 25
Камера жана видео25
FM үналгы25
Үн жазгыч26
Музыка ойноткуч27
Галерея28
Орнотуулар29
Профильдер29
Обондор29
Дисплей30
Күн жана убакыт30
Мезгилдештирүү жана камдык
сактоо30
Байланыш мүнөзү30
Чакыруу жана чалуу32
Заводдун орнотууларын калыбына
келтирүү33
Жардам алуу33
Колдоо33
Шаймандын программдык
жаңылатуулары тууралуу33
Аспабыңызды пайдаланып,
аспаптын программасын
жаңылатуу34
PC колдонуу менен аспап
программаны жаңыртуу35
Айлана-чөйрөнү коргоо35
Зардеп сактоо35
Кайра иштетүү35
Продукт жана коопсуздук
маалыматы36
Мазмун3
4Коопсуздук
Коопсуздук
Бул жөнөкөй колдонмолорду окуп чыгыңыз. Аларды сактабай жүргөнү
коркунучтуу же мыйзамсыз болушу мүмкүн. Дагы кошумча маалымат алуу үчүн
пайдалануучунун колдонмосун толугу менен окуңуз.
КООПСУЗ ЖАНДЫРУУ
Зымсыз аппаратты колдонуу тоскоолдук же коркунуч алып келе турган
жагдайда иштетпеңиз.
ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА
Баардык жергиликтүү мыйзамга баш ийиңиз. Айдоо учурунда унааны
айдоо үчүн колуңуз бош болсун. Айдоо учурунда оюңузда жол
коопсуздугу болуш керек.
ТОСКООЛДУКТАР
Баардык зымы жок аппараттар иштөөлөрүнө таасир эткен
тоскоолдуктарды кабыл алуу касиетине ээ.
ТЫЮУ САЛЫНГАН АЙМАКТАРДА ТЕЛЕФОНДУ ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Учакка түшкөндө, медициналык
жабдуулар, күйүүчү майлар, химиялык заттар жанында же жарылуу
өткөн жерде аппаратыңызды өчүрүп коюңуз.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ
Бул продуктту квалификациясы бар кызматчылар гана орното жана
оңдой алат.
КОШУМЧА ЖАБДУУЛАР ЖАНА БАТАРЕЯЛАР
Бекитилген жабдуулар менен батарейкаларды гана колдонуңуз. Туура
келбеген продукттарды туташтырбаңыз.
СУУГА ТУРУШТУУЛУГУ
Сиздин аспабыңыздын сууга туруштуулугу жок. Кургак кармаңыз.
Коопсуздук5
Сиздин аппаратыңыз жөнүндө
Бул колдонмодо сүрөттөлгөн зымсыз аппарат (E)GSM 850, 900, 1800, жана 1900
МГц тармактары жана UMTS 900/1900/2100 МГц тармактары гана колдонууга
бекитилген. Тармактар жөнүндө кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматына
кайрылыңыз.
Сиздин аспабыңыздагы башынан орнотулган чөп каттар жана үчүнчү
тараптардын интернет сайттарына шилтемелер аркылуу үчүнчү тараптардын
сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Алардын Nokia менен катышы жок
жана Nokia алар үчүн жоопкерчиликти албайт. Андай сайттарга кирүүдө
коопсуздук үчүн мазмунуна каршы сактык чараларды көрүшүңүз зарыл.
Эскертүү:
Аппарат жандырылбаган кезде ойготкучтан бөлөк функцияларын пайдаланууга
болбойт. Зымсыз аппаратты колдонуу тоскоолдук же коркунуч алып келе турган
жагдайда иштетпеңиз.
Бул аппаратты колдонууда баардык мыйзамдарга баш ийиңиз жана жергиликтүү
салттарды, башка адамдардын жекелигин жана мыйзамдуу укуктарын, анын
ичинде автордук укуктарды сыйлаңыз. Автордук укуктар сүрөттөрдү, обондорду
жана башка нерселерди көчүрүүдөн, өзгөртүүдөн, таркатуудан сактоосу мүмкүн.
Сиздин аппаратыңызда сакталган маанилүү маалыматтарды кошумча
көчүрмөлөп же кол жазма түрүндө көчүрмөсүн сактоону унутпаңыз.
Башка аппаратка туташтыруудан мурун, деталдык коопсуздук көрсөтмөлөрүн
алуу үчүн ал аппараттын колдонмосун окуп чыгыңыз. Туура келбеген
продукттарды туташтырбаңыз.
Бул колдонмодогу сурөттөр сиздин аппаратыңызда чыккан сурөттөрдөн
айрымаланышы мүмкүн.
Сиздин аппаратыңыз тууралуу башка маанилүү маалыматты колдонмодон таба
аласыздар.
Тармактык кызматтар
Телефонду колдонуу үчүн сизде зымсыз байланыш кызматынан тейлөө болушу
керек. Кээ бир функциялар баардык эле тармактарда боло бербейт; башка
функцияларды пайдалануудан мурда сизге тейлөө камсыздоочу менен атайын
макулдаштык кылуу керек болот. Тармак кызматтардан пайдалануу маалымат
берилиш түрүндө өтөт. Кызмат тейлөөчүңүз менен үй тармактын жана башка
тармактарда болуудагы акы төлөө маалыматын тактаңыз. Сиздин кызмат
тейлөөчүңүз кандай акылар кошулаарын айтып берет. Кээ бир тармактар тармак
тарабынан TCP/IP протоколдордо жүргүзгөн WAP 2.0 протоколдор (HTTP жана
6Коопсуздук
SSL) жана тилге көз каранды белгилерге негизделген атайын технологияларды
колдоого алынган аспаптын өзгөчөлүктөрүн пайдалануу жагынан чектөөлөрдү
жасашы мүмкүн.
Сизди кызмат тейлөөчүңүз белгилүү бир функцияларды иштен чыгарып же
активдештирбей коюуну сурап калышы мүмкүн. Эгер андай болсо, мындай
функциялар сиздин аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Сиздин аспабыңызда
меню аттары, меню ирээти жана сүрөтчөлөргө окшогон нерселер алдын ала
жөндөлгөн болушу мүмкүн.
Көпкө пайдаланган учурда жогорку тездиктеги маалымат байланыш сыяктуу
аппарат колго жылуу сезилип калышы мүмкүн. Көпчүлүк учурларда бул эч
тынчсыздоону туудурбай турган көрүнүш. Эгер аппарат туура иштеп жатканынан
күмөн санасаңыз аны жакынкы расмий тейлөө кызматына алып барыңыз.
Баштоо
Баскычтар жана бөлүктөр
Баштоо7
1
2Кулакчын
3Экран
4Тандоо баскычтары
5Navi™ баскыч (жылдыруу баскычы)
6Чакыруу баскычы
7Баскычтар
8Заряддо шаймандын туташтыргычы
9Гарнитура туташтыргычы/Nokia AV
10Камера линзасы
11Микро USB туташтыргыч
12Катуу сүйлөмө
13Микрофон
14Эстутум картанын уячасы
15Билекбоонун көзөнөгү
SIM картаны жана батареяны ордуна коюңуз
Аяктоо/Кошкуч баскычы
туташтыргычы (3.5 мм)
Маанилүү иш: Mini-UICC SIM картасын, ал, ошондой эле micro-SIM карта
деп аталат, адаптери бар micro-SIM картаны же mini-UICC оюгу (сүрөттү көр)
бар SIM картаны бул аппаратта колбонбоңуз. Micro SIM картасы, кадимки SIM
картадан кичирээк болот. Бул аппарат, micro-SIM карталарын пайдаланууну
колдобойт жана туура келбеген SIM карталарды колдонуу аппаратка же картага
доо кетириши мүмкүн жана картада сакталган маалыматтын бузулушуна алып
келиши мүмкүн.
8Баштоо
Картаны колго алып, кыстарууда же алып чыгууда этият болуңуз, анткени SIM
карта жана анын контакттары чийиктен же бүктөөдөн улам керекке жарабай
калышы мүмкүн.
1 Арткы капкакты телефондун аяк жагына карай түртүп, алып салыңыз (1).
2 Батарейканы алып чыгыңыз (2).
3 SIM карта бекиткичин ачыңыз (3), SIM картаны контакттык бети ылдый карап
тургандай кылып салыңыз (4), анан бекиткичти жабыңыз (5).
4 Батареяны кыстарыңыз (6), жана арткы капкакты ордуна коюңуз (7).
Баштоо9
Эстутум картасын салуу
Бул аппарат менен Nokia тарабынан кошо колдонууга жактырылган туура келген
гана microSD карталар колдонуңуз. Nokia эстутум карталарга бекитилип болгон
өндүрүш стандарттарын колдонот, бирок кээ бир маркалардын бул аппаратка
туура келбей калышы мүмкүн. Туура келбеген карталарды колдонуу картаны,
аппаратты бузуп жана картада сакталган маалыматтын ойронун чыгарышы
мүмкүн.
Туура келүүчү эс тутум картасы телефон менен камсыздалышы мүмкүн жана ал,
алдыртан телефонго орнотулушу мүмкүн. Эгерде ал жок болсо, анда кийинкини
аткарыңыз:
1 Эстутум картанын уячасынын капкагын ачыңыз.
2 Тийгизчү жагын өйдө каратып картаны эстутум картанын уячасына салып
жана ордуна баткыдай кылып ныктап коюңуз.
3 Эстутум картанын уячасынын капкагын жабыңыз.
Эстутум картасын чыгаруу
Маанилүү иш: Эстутум картаны анын катышуусу менен өтүп жаткан
операциянын так ортосунда чыгарчу болбоңуз. Мындайда сиз эстутум картасын
жана аспапта да бузуп коюшуңуз мүмкүн жана картадагы сакталган маалымат
жарабай калышы мүмкүн.
Телефон иштеп жатканда шайманды өчүрбөстөн эстутум картасын чыгарып,
алмаштыра аласыз, бирок эстутум картасына байланышкан бир дагы тиркеме
иштебей тургандыгын текшериңиз керек.
10Баштоо
Батарейканы толтуруңуз
Батарейкаңыздын заряды заводдо жарым-жартылай толтурулат. Эгерде
аппаратыңыздын заряды төмөн болсо, муну аткарыңыз:
1 Заряддоо түзүлүштү розеткага сайыңыз.
2 Заряддоо түзүлүштү аспапка туташтырыңыз.
3 Качан аппарат заряддын толтурулганын көрсөтсө, түзүлүштү адеп
аппараттан, анан розеткадан чыгарыңыз.
Батарейканы белгилүү убакка чейин заряддо кылууга кажети жок, жана заряддо
астында болгондо аппаратты пайдаланууга болот. Эгер батарейканын заряды
таптакыр бүтсө, дисплейде заряд көрсөткүчтүн пайда болушуна чейин же
чакыруу жасоо мүмкүн болууга чейин бир нече минут талап кылынат.
Билек боону кыстаруу
Билек боону көрсөтүлгөндөй өткөрүп, жана аны тартып коюңуз.
Аспапты жандыруу же өчүрүү
Кошкучту басып кармап туруңуз.
Баштоо11
Сизге тарамдоо орнотууларын кызмат тейлөөчүңүздөн (тармак кызматы) алууга
ныктоо жасалышы ыктымал. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө
кайрылыңыз.
GSM антенна
Аппаратыңызда ички жана тышкы антенналар болушу мүмкүн. Антенна толкун
жиберип же тосуп жатканда ага зарылчылыгы жок тийбеңиз. Мындай антеннага
тийүү байланыштын сапатын начарлатып, артыкбаш энергияны сарптайт, жана
батареянын колдонуу убактысын кыскартышы мүмкүн.
Сүрөттөгү GSM антенна аймагы боз менен белгиленген.
Гарнитура
Эскертүү:
Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү
начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө
иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.
12Баштапкы колдонулуш
Эскертүү:
Кулакчындарды колдонуу сырткы үндөрдү угууга тосколдук кылышы мүмкүн.
Кулакчындарды коопсуздугунузга коркунуч алып келген жерлерде колдонбоңуз.
Nokia тарабынан колдонууга көрсөтүлгөндөн башка кошумча жабдыктарды же
кулакчындарды Nokia AV Connector туташтырган болсоңуз, деңгээл көрсөткүчүнө
атайын көңүл бөлүңүз.
Сыртка сигнал чыгаруучу аспаптарды туташтырбаңыз, мындай туташтыруу
аппаратка зыян келтирүүшу мүмкүн. Nokia AV Connector электр разряд булагына
туташтырбаңыз.
Баштапкы колдонулуш
Баскыч кулпу
Кокус баскычтарды басуудан сактануу үчүн Меню тандап, анан 3.5 сек. ичинде
баскычты бекитүүгө * басып туруңуз.
Баскычты бошотууга Чечүү тандаңыз жана 1,5 секунда ичинде * басып туруңуз.
Эгер коопсуз баскыч бек иштетилген болсо, коргоо коду суралганда аны
киргизиңиз.
Иштетилбеген аспапты убактын белгиленген аралыгы өткөнү менен
баскычтарын бекиткидей кылып коюуга Меню > Орнотуулар > Телефон >
Автомат. баскычбк > Бар тандаңыз.
Баскычтар бекитилген убакта чакырууну алууга чакыруу баскычын басыңыз.
Качан сиз чакырууну аяктап же четке каккан болсоңуз, баскыч автоматтуу түрдө
бекилип калат.
Аппарат же клавиатура "кулпуланып" коюлган учурда сиздин аппаратыңызга
программаланган расмий тез жардам номерине чалуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кирүү коддор
Коопсуздук коду сиздин аспабыңызды уруксатсыз пайдалануудан алып калат.
Алдын ала коюлган код 12345. Сизге кодду түзүп, өзгөртүп жана аспапты кодду
сураттырып коюуга болот. Кодду аспабыңыздан бөлөк, коопсуз жерге жашырып
жүрүңүз. Эгер сиз кодду унутуп, жана аспабыңыз кулпуланып калса, аспабыңыз
атайын тейлөөгө муктаж болот. Кошумча акы төлөнүп жана аспабыңыздагы
баардык жеке маалымат жок болуп калышы ыктымал. Дагы маалымат алууга
Nokia Care жайына же аспабыңыздын сатуучусуна кайрылсаңыз болот.
Баштапкы колдонулуш13
PIN коду менен камсыздалган SIM карта уруксатсыз колдонуудан корголот. Кээ
бир SIM карталар PIN2 коду менен камсыздалат, жана алар белгилүү бир
кызматтарга кирүүгө керектелет. Эгерде сиз, PIN же PIN2 кодун үч жолу, ирети
менен туура эмес киргизип алсаңыз, анда сизден, PUK же PUK2 кодун
киргизүүңүздү сурайт. Эгерде алар сизде жок болсо, кызмат камсыздоочуңузга
кайрылыңыз.
PIN модулю сиздин SIM картаңыздын коргоо модулюндагы маалыматты билүүгө
пайдаланат. Кол коюлчу PIN дин санарип кол коюу түзүүдө кереги тийип калат.
Чектөө шартсөзү чалууну чектөө кызматын колдонгондо талап кылынат.
Аспабыңыз иштегенде кирүүчү коддор жана коргоо орнотуулары кандайча
пайдаланып тураарын коюуга Меню > Орнотуулар > Коопсуздук тандаңыз.
Үн башкаруусу
Эскертүү:
Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү
начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө
иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.
Динами к же катуу сүй лөгүч үнүн ча луу убаг ында ж е ау дио файлд ы ж е FM радиону
угууда жөндөө үчүн, үн баскычтарын пайдаланыңыз.
Күтүүчү режим
Телефон азыр эле жандандырылган, бирок эч бир тамга киргизе элек акыбалы
телефондун күтүүчү режимде болгонун билдирет.
Тармак сигналдын күчөгөндүгү
1
2Батарейканын зарядга толтурулган деңгээли
3Тармактын аты же оператордун логосу
4Тандоо баскычтардын иш-милдеттери
Сол тандоо баскычы менен сиз Буга бар өзүңүздүн жеке жарлыктар тизмеде
камтылган иш-милдеттерди көрө аласыз. Тизмени карап чыгуу менен ко лд ог у и шмилдеттерди көрүүгө Жолдор > Жолдорду танда тандаңыз, же болбосо
өзүңүздүн жарлыктар тизмеде иш-милдеттерди иреттөөгө Жолдор > Уюштур
тандаңыз.
14Баштапкы колдонулуш
Күтүүчү режимде тандалма иш-милдеттердин тизмегин жана жетүүгө болгон
маалыматты телефондон көрүүгө Меню > Орнотуулар > Дисплей > Үй экраны
тандаңыз.
Көрсөткүчтөр
Сиз окубаган кабарлар бар.
Сизде жиберилбеген, токтотулган же жолу болбогон кабарлар бар.
Ариптакта бек.
Түзүлүш, кирүүчү чалууларга же текст кабарларына шыңгырабайт.
/ Түзүлүш GPRS же EGPRS тармагына катталган.
/ GPRS же EGPRS байланышуусу ачык.
/ GPRS же EGPRS байланышы кармалып турат.
Менюларды башкаруу
Аспаптын иш-милдеттери меню боюнча уюштурулган. Меню менен берилген
баардык иш-милдеттер же тандоо нерселери бул жерде сүрөттөлгөн эмес.
Үй экранында Меню жана керектүү меню менен субменю тандаңыз.
Учурдагы меню деңгээлинен чыгуу
Чыгуу же Артка дегенди тандаңыз.
Үй экранына кайтуу
Токтотуу баскычын басыңыз.
Меню көрүнүшүн өзгөртүңүз
Меню > Жолдор > Баш меню көрүнүш тандаңыз.
Сигнал коюлду.
Аспап 3G (UMTS) тармакка катталган.
Bluetooth иштетилди.
Баардык кирүүчү чакыруулар башка номерге дарекбурулат.
Чакыруулар жабык кирүүчү тобу менен чектелет.
Азыркы активдүү профильдин убагы чектелген.
Гарнитура түзүлүшкө туташтырылган.
Аспап башка аспапка USB маалымат кабель аркылуу туташтырылды.
Жарлыктар
Жеке жарлык аркылуу сиз телефондогу дайым пайдаланып жаткан иш-
милдеттерине тез жете аласыз.
Меню > Орнотуулар > Жарлыктарым тандаңыз.
Баштапкы колдонулуш15
Телефон функцияларын тандоо баскычтарына бекитүү
Оң тандоо баскыч же Сол тандоо баскыч дегенди жана тизмеден функцияны
тандаңыз.
Жылдыруу баскычына жарлык функцияларын тандаңыз
Айлантма баскыч тандаңыз. Керектүү багытта жылдыруу баштап Өзгөрт же
Дайында жана тизмектен иш-милдетти тандаңыз.
Оператордун меню
Сиздин тармак операторуңуз камсыз кылган кызматтар дарбазасына кириңиз.
Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө кайрылыгыңыз. Оператордун
бул менюну кызмат кабар аркылуу жаңылатып коюуга мүмкүндүгү бар.
Аспабыңызды SIM картасыз пайдалануу
Аспабыңыздын оюндарга окшогон айрым өзгөчөлүктөрдү SIM картаны
кошпостон пайдаланса болот. Учуу профили иштетилгенде өчүрүлгөн
мүмкүнчүлүктөрдү менюда белгилөө мүмкүн эмес.
Тексти жазыңыз
Текст режимдер
Текст киргизүү үчүн (мисалы, кабарларды жазууда) сиз жөнөкөй же жарыш сөз
текст киргизүү ыкмасын колдонсоңуз болот.
Текст жазганда Жолдор менен белгилеген жөнөкөй текст киргизүү жана
белгилеген жарыш сөз текст киргизүү ыкмаларын улам алмаштырууга
басыңыз. Жарыш сөз текст киргизүү ыкмасы бардык тилдер боюнча колдоого
алынбайт.
Тамгалардын регистри
Тамганын регистрин алмашууга # басыңыз. менен белгилеген сан режимден
тамга режимине өтүүгө # басып тур уп, жа на Сан режими та нда ңыз . Са нда н тамга
режимине өтүүгө # басып туруңуз.
Жазуу тилин коюуга Жолдор > Жазган тили тандаңыз.
, , жана аркылуу белгилеген.
мене н
Жөнөкөй текст киргизүү
2-9 сан баскычтарын керектүү тамга чыкмайынча бир нече жолу удаа басыңыз.
Тамгалардын болушу тандалган жазуу тилге карата болот.
Эгер сиз киргизе турган кийинки белги мурунку менен бир баскычта жайгашкан
болсо, жылдыргыч пайда болгуча бир аз күтүп туруп, андан соң белгини
киргизиңиз.
16Баштапкы колдонулуш
Чанда колдонулуучу тыныш белгилерин жана өзгөчө символдорду киргизүү үчүн
1 бир нече жолу удаасы менен басыңыз. Өзгөчө белгилердин тизмесине жетүүгө
* басыңыз. Араны киргизүүгө 0 басыңыз
Жарыш сөз текст киргизүү
Жарыш сөз текст киргизүү сиз да улам жаңы сөздөрдү киргизип толуктай турган
орнотулган сөздүктүн негизинде иштейт.
1 2 баштап 9 чейин баскычтарды колдонуп сөз жазууну баштаңыз. Ар бир
баскычты бир тамга үчүн бир эле жолу басыңыз.
2 Сөздү тастыктоо үчүн айлантма баскычын оңго басыңыз же боштук
калтырыңыз.
•Эгер сөз туура эмес болуп жатса, улам * басуу менен тизмектен туура
сөздү тандаңыз.
•Эгер сөздөн кийин ? белгиси пайда болсо, сизди издеген сөз сөздүктө жок
болгонун билдирет. Сөздү сөздүккө кошууга Сөз тер тандаңыз. Жөнөкөй
сөз киргизүү ыкмасын колдонуп, сөздү киргизип жана Сакта басыңыз.
•Кошмок сөздөрдү жазууга сөздүн биринчи бөлүгүн киргизип, жана аны
аныктоого айлантма баскычын оңго басыңыз Сөздүн кийинки бөлүгүн
жазып бүтүп, сөздү аныктап коюңуз
3 Кийинки сөз жазууга киришиңиз.
Nokia эсептик жазуусу жана Nokia Ovi кызматтары
Компьютер же уюлдук шайман аркылуу Nokia эсептик жазуусун түзүңүз.
Nokia Ovi кызматтары жана Nokia эсептик жазууңуз менен, силер төмөнкү ишаракеттерди аткара аласыз, мисалы:
•Ovi Mail эсептик жазуусун түзүү
•Ovi Store кызматынан оюндарды, тиркемелерди, видеолорду жана чалуу
обондорун жүктөө
Мүмкүн болгон кызматтар мамлекеттер же чөлкөмдөр боюнча айырмаланышы
мүмкүн жана бардык тилдер каралган эмес.
Ovi жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, www.ovi.com өтүңүз.
Nokia эсептик жазуусун түзүү үчүн, шайманыңыз аркылуу Ovi кызматына
кирсеңиз, сизден эсептик жазууну түзүү талап кылынат.
Ovi Дүкөнү жөнүндө
Ovi Store дүкөнүнөн шайманыңызга уюлдук оюндарды, тиркемелерди,
видеолорду, сүрөттөрдү, темаларды жана чалуу обондорун жүктөп алууга болот.
Байланыштар17
Кээ бир нерселер бекер берилет; башкалар үчүн сизге насыя картаңыздан жана
телефон төлөм аркылуу төлөөгө туура келет. Төлөө ыкмаларга жол берилгени
жашаган өлкөңүзгө жана тармак кызматтын тейлөөчүсүнө байланыштуу. Ovi
Дүкөнү мобилдик аспабыңызга туура келген, турган жериңизге байланыштуу
баамдоңузга ылайыкталган мазмунду сунуштайт.
Байланыштар
Меню > Байланыштар тандаңыз.
Сиз аттарды жана телефон номерлерди аспаптын эстутумуна же SIM картага
сактасаңыз болот. Аспаптын эстутумунда байланыштарды номерлери жана текст
нерселер менен кошуп сактоого болот. SIM картасында сакталган аттар жана
номерлер
Байланышты кошуу
Жаңысын кош тандаңыз.
Байланышка маалымат кошуу
Колдонуудагы эс, же Телефон же Телеф. жана SIM экендигинде кепил болуңуз.
Аттар тандап, аталышка өтүңүз, андан соңМаалмт > Жолдор > Маалымат кош
тандаңыз.
Байланышты издөө
Аттар тандап, байланыштар тизмеси бою жылдырып чыгыңыз же болбосо
атынын биринчи тамгаларын жаза баштаңыз.
Байланышты башка эстутумга көчүрүү
Аттар тандап, байланышка өтүңүз, андан соң Маалмт > Жолдор > Номерди
көчүр тандаңыз. SIM картасынын ар бир атка бирден гана телефон номерин
сактоого өзгөчөлүгү бар.
Байланыштардын сактоого жайын, байланыштардын кандай көрсөтүлө турганын
жана байланыштардын керектелген эстутумун тандоо
Орнотуулар тандаңыз.
Таанытма жөнөтүү
Байланыштар тизмесиндеги байланышка өтүп, Маалмт > Жолдор > Таанытма
Чалуу
Телефон номерин, керек болсо өлкө жана аймак кодун, жазыңыз анан чалуу
баскычын басыңыз. Эл аралык чакыруулар эларалык префиксти (эларалык кирүү
коддун ордуна + белгиси колдонулат) белгилеп * эки жолу басып, өлкө коду, керек
болгон учурда башындагы 0 жок айма кт ын ко ду н жана телеф он номе рин киргизип
жазаса болот.
Кирүүчү чалууга жооп берүү
Чакыруу баскычын басыңыз.
Чалууну четке кагуу
Токтотуу баскычын басыңыз.
Үндү жөнгө салуу
Телефон чалуу учурунда, жогору же төмөн жылыңыз.
Катуу сүйлөмө
Сүйлөшүү убакта телефондун катуу сүйлөмө же наушниктин ортосунан бирөөнү
тандаган мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо, Кат.сүйл. же Телефон тандаңыз.
Эскертүү:
Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү
начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө
иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.
Терүү жарлыктар
Телефон номерин сан баскычына бекитүү
Меню > Байланыштар > Тез терүүлөрдегенди тандаңыз, керектүү санга (2-9)
өтүңүз жана Дайында дегенди тандаңыз. Керектүү телефон номерин киргизиңиз
же Издөө жана сакталган байланышты тандаңыз.
Тез терүүнү иштетүү
Меню > Орнотуулар > Чакыруу > Тез терүү > Бар тандаңыз.
Кабар алмашуу19
Тез терүүнү пайдалануу менен чалуу жасоо
Күтүү режиминде, керектүү сан баскычын басыңыз жана аны кое бербей кармап
туруңуз.
Журнал
Сиздин чакыруулар, кабарлар, маалыматыңызды жана мезгилдештирүү
убагында окуялар жөнүндө маалыматты көрүүгө Меню > Журнал жана керектүү
жолду тандаңыз.
Эскертүү: Тейлөө кызматынан келген чалуулар жана кызматтар үчүн
эсептер тармактын өзгөчөлүктөрүнө, сандарды тегеректөө практикасына,
салыктарга жана башкаларга жараша өзгөрүп турат.
Кабар алмашуу
Сизге текст, мультимедия, укма жана флэш кабарларды жиберип жана кабыл
алууга да болот. Сизге кабарларды жиберип жана кабыл алууга да болот. Кабар
алмашуу кызматтардын пайдасын сиздин тармагыңыз же кызмат тейлөөчүңүз
аларды колдогондо гана көрө аласыз.
Текст жана мультимедия кабарлар
Сиз кабарды жаратып жана, каалашынча, мисал үчүн, сүрөт тиркеп кое аласыз.
Аппаратыңыз текст кабарды, ага файл тиркелген болсо, автоматтуу түрдө
мультимедия кабарга айлантып жиберет.
Текст кабарлар
Аппаратыңыз бир гана билдирүүнүн өлчөмүнө коюлган чектен ашык өлчөмдөгү
билдирүүлөрдү жиберүүнү колдойт. Узун билдирүүлөр эки же андан ашык
билдирүү түрүндө жиберилет. Сиздин тейлөө кызматыңыз ошого жараша төлөө
акысын алат. Басым белгилери бар тамгалар, айрым тилдерде колдонулуучу
белгилер көбүрөөк орун алуу менен бир билдирүүдө камтылган тамгалардын
санын азайтат.
Пайдаланууга болгон тамгалардын толук саны жана жиберүүгө муктаж болгон
кабарлардын саны көрсөтүлөт.
Кабарларды жиберүүгө аспабыңызда кабар борбордун туура номери сакталган
болушу керек. Демейде, бул номер өзүңүздүн SIM карта аркылуу айласыз катары
коюлат.
Номерди колго коюуга, төмөнкүнү аткарыңыз:
20Кабар алмашуу
1 Меню > Кабарлашуу > Кабар орнотуулар > Текст кабарлар > Кабар
борборлор тандаңыз.
2 Сиздин кызмат тейлөөчүңүз берген атын жана номерин киргизиңиз.
Мультимедия кабарлар
Мультимедия билдирүүсүндө текст, сүрөттөр жана үн клиптери камтылышы
мүмкүн.
Бири бирине туура келген функциялары бар аппараттар гана мультимедиа
билдирүүлөрүн кабыл алып көрсөтө алат. Маалыматтын көрүнүшү кабыл алуучу
аппаратка жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Зымсыз тармактар MMS маалыматынын өлчөмүнө чек салышы мүмкүн. Эгер
киргизилген сүрөт бул чектен ашса, аппарат аны MMS аркылуу жибериле
тургандай кылып кичирейте алат.
Маанилүү иш: Келген билдирүүлөрдү ачууда этият болуңуз. Билдирүүлөр
кооптуу программаларды камтуу менен сиздин аппаратыңызга же
компьютериңизге зыян келтириши мүмкүн.
Мультимедия кабарлашуу кызматтын (MMS) бар болушу жана ага жазылуу
жолдору жөнүндө кызмат тейлөөчүңүздөн сураңыз.
Кабар жаратыңыз
1 Меню > Кабарлашуу > Кабар түзүү жана билдирүү түрүн тандаңыз.
2 Кимге: тилкесинде, кабыл алуучунун номерин же электрондук почта дарегин
(тармактык кызмат) киргизиңиз. Кабыл алуучуну тандоо үчүн, Кош тандаңыз.
Бир нече кабыл алуучуну тандасаңыз болот.
3 Текст: тилкесинде билдирүүңүздү жазыңыз.
Өзгөчө белгини же жымыңды кыстаруу үчүн, Жолдор > Символ кыстар
тандаңыз.
Камтылганды билдирүүгө тиркөө үчүн, экрандын төмөн жагында жайгашкан
тиркеме тилкесине чейин жылып, камтылгандын керектүү түрүн тандаңыз.
Тексттик билдирүү автоматтык түрдө мультимедия билдирүүсүнө айланат.
4 Жибер тандаңыз.
Эскертүү: Эгер сиздин аппаратыңыздын экранындагы билдирүү
жөнөтүлгөндүгүн кабарлаган сүрөтчө же жазуу ал билдирүү адресат тарабынан
кабыл алынганын далилдебейт.
Кабардын түрүнө карата кызмат тейлөөчүлөрдүн тарабынан алган акчасы
өзгөрүлүп турат. Кошумча маалымат боюнча кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.
Кабар алмашуу21
Почта
Электрондук почтаны орнотуу
Меню > Кабарлашуу > E-mail тандаңыз.
Эгер сизде алиге чейин электрондук почта эсептик жазууңуз жок болсо, Ovi Mail
кызматын камтыган Nokia эсептик жазуусун түзө аласыз.
1 Ovi Почтасын алыңыз тандаңыз.
2 Көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
E-mail окуу, жазуу жана жөнөтүү
Меню > Кабарлашуу > E-mail тандаңыз.
E-mail окуу
E-mail тандап, жана Ачуу.
Маанилүү иш: Келген билдирүүлөрдү ачууда этият болуңуз. Билдирүүлөр
кооптуу программаларды камтуу менен сиздин аппаратыңызга же
компьютериңизге зыян келтириши мүмкүн.
Сүрөттөр сыяктуу тиркемелери бар электрондук почта билдирүүлөрү, кыстыргыч
энбелгиси менен белгиленет. Кээ бир тиркемелер сиздин аспабыңызга туура
келбегендиктен, алар аспабыңыздан көрсөтүлбөйт.
Тиркемелерди көрүү
Тиркемени жана Көрүү тандаңыз.
E-mail жазуу
Жолдор > Жаңыны жазуу тандаңыз.
E-mail 'ге файл тиркеңиз
Жолдор > Файлды тиркөө тандаңыз.
E-mail жөнөтүү
Жөнөт тандаңыз.
Электрондук почта тиркемесин жабуу
Чыгуу тандаңыз.
Досторуңуз менен чатта сүйлөшүү
Шайманыңыз аркылуу Интернеттеги башка колдонуучулар менен баарлаша
аласыз.
22Кабар алмашуу
Сизде бар болгон эсеп жазууңузду аспабыңыз колдоого алган IM коомчулугу үчүн
пайдалансаңыз болот. Эгер сизде IM кызматына каттооңуз жок болсо, сиз
компьютериңизден же аспабыңыздан колдогон IM кызматы үчүн эсеп жазууну
жарата аласыз. Меню көрүнүшү IM тейлөө кызматына жараша ар башка боло
берет.
Кызматка туташуу үчүн, Меню > Кабарлашуу > Замат кабарлш тандап,
дисплейде пайда болгон көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Флэш кабарлар
Флэш кабарлар бул кабыл алуу учурунда заматта экранда пайда болуучу текст
кабарлардын түрү.
Меню > Кабарлашуу тандаңыз.
1 Кабар түзүү > Флэш кабар тандаңыз.
2 Кимге: тилкесинде, кабыл алуучунун номерин киргизиңиз. Кабыл алуучуну
тандоо үчүн, Кош тандаңыз. Бир нече кабыл алуучуну тандасаңыз болот.
3 Кабар: тилкесинде билдирүүңүздү жазыңыз.
Өзгөчө белгини же жымыңды кыстаруу үчүн, Жолдор > Символ кыстар
тандаңыз.
4 Жибер тандаңыз.
Nokia Xpress аудио кабарлары
Аудио файлдарын жазып, аларды мультимедиа билдирүүлөрү түрүндө ыңгайлуу
ыкма менен жөнөтүү.
Меню > Кабарлашуу тандаңыз.
1 Кабар түзүү > Үн кабары тандаңыз. Үн жазгыч ачылат.
2 Кабарыңызды жазуу үчүн,
3 Жазууну токтотуу үчүн,
4 Кимге: тилкесинде, кабыл алуучунун номерин киргизиңиз. Кабыл алуучуну
тандоо үчүн, Кош тандаңыз. Бир нече кабыл алуучуну тандасаңыз болот.
5 Жибер тандаңыз.
дегенди тандаңыз.
дегенди тандаңыз.
Үн кабарлар
Үн почта ящиг и тарм ак кызмат ына жатат жан а сиз ага ж азылып алууга тийишсиз.
Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө кайрылыңыз.
Үн почта ящигиңизге чалыңыз
1 басып кармаңыз.
Органайзер23
Үн почта ящигиңиздин номерин оңдоңуз
Меню > Кабарлашуу > Үн кабарлар жана Үн пчт ящик номер дегенди тандаңыз.
Кабар орнотуулары
Меню > Кабарлашуу жана Кабар орнотулар тандаңыз
Төмөнкүлөр ичинен тандаңыз:
Жалпы орнотуулар — Билдирүүлөрдөгү тамганын өлчөмүн белгилеп,
графикалык жымыңдарды кыстарыңыз.
Текст кабарлар — Текст билдирүүлөрү үчүн билдирүүлөр борборун жөндөп,
билдирүүнүн жеткирилгендигин кабарлоо кызматын иштетиңиз.
Мультимед. кабар — Тапшыруу отчетторго, мультимедия кабарлар менен
жарнактардын кабыл алуусуна уруксат берип, жана мультимедия кабарларга
тийиштүү башка жактырууларды коюңуз.
Кызмат кабарлар — Кызмат кабарларды ишке жаратып, жана кызмат кабарларга
байланыштуу башка артыкчыларды коюңуз.
Органайзер
Ойготкуч саат
Ойготкучту, каалаган убакытта үн-сигналын берүүсүн орното аласыз.
Сигнал коюу
1 Меню > Органайзер > Ойготкуч саат тандаңыз.
2 Ойготкучту иштетиңиз жана ойготуу убактысын киргизиңиз.
3 Ойготкучту, жуманын тандалган күндөрүндө кайталоо үчүн, Кайтала: > Бар
дегенди жана күндөрдү тандаңыз.
4 Сигнал обонун тандаңыз. Эгерде сиз, ойготкуч обону катары үналгыны
тандасаңыз, анда гарнитураны түзүлүшкө туташтырыңыз.
5 Чырм этүү убакт аралыгын аныктаңыз жана Сактоо тандаңыз.
Сигнал токтотуу
Токтотуу тандаңыз. Эгер сиз, ойготкучту бир мүнөткө шыңгыратып койсоңуз же
Чырм эт дегенди тандасаңыз, ойготкуч чырм этүү убакыт аралыгына токтоп
калат, анан кайра шыңгырай баштайт.
Календарь жана эмне кылуу тизмеги
Тандаңыз Меню > Органайзер > Календарь. Азыркы күн алкакка алынган болот.
Эгер бул күнгө жасалган белгилер болсо, ал күн алкагы жоон тартат.
24Желе же Интернет
Календар белгисин кошуу
Керектүү датага жылып өтүңүз, анан Жолдор > Белги жаса дегенди тандаңыз.
Белгинин маалыматын көрүү
Белгиге жылып өтүңүз, анан Көрүү дегенди тандаңыз.
Календардан бардык белгилерди өчүрүү
Жолдор > Белгилерди өчүр > Бүт белгилер тандаңыз.
Эмне кыл тизмесин көрүү
Меню > Органайзер > Эмне кыл тизме тандаңыз.
Эмне кылуу тизменин нерселери маанилүүлүгүнө карата электен өтүп
көрсөтүлгөн. Белги кошуп, өчүрүп, жиберип, аны ишке ашырылгандай
белгилөөгө, же болбосо эмне кылуу тизмекти ашырууга зарыл күн боюнча элеп
коюуга Жолдор тандаңыз.
Желе же Интернет
Телефондогу браузер аркылуу сиз ар түрдүү интернет кызматтарды көрө аласыз.
Веб баракчалардын көрүнүшү экрандын чоңдугуна жараша өзгөрүлө берет. Веб
баракчалардын ичин сыдыра көрүп алууга мүмкүнчүлүгүңүз жетпей калат.
Телефонуңузга жараша, менюда желе кезүү функциясы Желе же Интернет
катары чыгат, мындан нары Желе аты менен билинет.
Маанилүү иш: Сиз ишенген жана зыяндуу программаларга каршы
коопсуздукту жана сактыкты камсыз кылган кызматтарды колдонуңуз.
Алдагы кызматтардын бар болгонун, алардын баасын жана тийиштүү
көрсөтмөлөрдү кызмат тейлөөчүңүздөн сурап алсаңыз болот.
Желе кезүүнү камсыз кылган тарамдарды сиз конфигурация кабар катары кызмат
тейлөөчүнөн кабыл алсаңыз болот.
Желе кызматына туташуу
Меню > Интернет > Үй баракча тандаңыз. Же болбосо, күтүү режиминде 0
баскычын басып, кармап туруңуз.
Кызматка байланыш жасоодон кийин сиз анын баракчаларын карап чыгууну
баштасаңыз болот. Телефондун баскычтардын иш-милдеттери ар башка
Медиа25
кызматтарда ар башкача болот. Телефондун дисплейинде пайда болгон текст
көрсөтмөлөр боюнча иштеңиз. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө
кайрылыгыңыз.
Медиа
Камера жана видео
Сиздин аппаратыңыз 2048x1536 пиксель чечүүсүндө сүрөткө тартууну колдойт.
Камера режими
Сүрөт функциясын тандаңыз.
Меню > Медия > Камера тандаңыз.
Чоңойтуу же кичирейтүү
Жогору же төмөн жылдырыңыз.
Камера жана видео режим ортосунан алмаштыруу
Камера же видео режиминде, солго же оңго жылдырыңыз.
FM үналгы
FM радиосу зымсыз аппараттын антеннасынан бөлөк антеннага караштуу. FM
үналгыны туура иштөөсү үчүн туура келүүчү кулакчындар жана кошумча
жабдыктарды туташтыруу керек.
26Медиа
Эскертүү:
Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү
начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө
иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.
Меню > Медия > Үналгы тандаңыз.
Жакын турган станцияны издөө
Жылдыруу баскычын оңго же солго басыңыз жана кармап туруңуз.
Станцияны сактоо
Өзүңүз каалаган станцияны таап аны жөндөңүз жана Жолдор > Станцияны
сактоо дегенди тандаңыз.
Сакталган станциялар арасында которулуу
Станциялар арасында которулуу үчүн солго же оңго жылдырыңыз же болбосо
керектүү станциянын иреттик номерин баскычта таап басыңыз.
Радиону жабыңыз
Токтотуу баскычын басып, кармап туруңуз.
Үн жазгыч
Меню > Медия > Үн жазгыч тандаңыз.
Үн жаздыргычты маалымат алмашуу же GPRS байланышы иштеп жатканда
колдонууга болбойт.
Жазууну баштоо
Жазуу сүрөтчөсүн тандаңыз.
Чалуу учурунда жазууну иштетүү
Жолдор > Жаз тандаңыз. Чалууну жазууда, телефонду кадимки абалда,
кулагыңыздын жанында кармаңыз. Жазуу Галерея ичиндеги Жазуулар
папкасында сакталды.
Медиа27
Эң акыркы жазууну угуу
Жолдор > Акыр. жазуу ойнот тандаңыз.
Акыркы жазууну мультимедия кабарында жөнөтүү
Жолдор > Кийин жазг жибер тандаңыз.
Музыка ойноткуч
Аспабыңызга ырларды жана башка MP3 же AAC үн файлдарды угууга музыка
ойноткучу кошулган.
Эскертүү:
Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү
начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө
иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.
Меню > Медия > Медия ойноткч тандаңыз.
Ойнотууну баштоо жана токтотуп туруу
Жылдыруу баскычын басыңыз.
Учурдагы ырдын башына өтүү
Солго жылдырыңыз.
Мурунку ырга өтүү
Солго эки жолу жылдырыңыз.
Кийинки ырга өтүү
Оңго жылдырыңыз
Учурдагы ырды артка түрдүрүү
Жылдыруу баскычын солго басыңыз жана кармап туруңуз.
Учурдагы ырды ылдам-астыга түрдүрүү
Жылдыруу баскычын оңго басыңыз жана кармап туруңуз.
Үндү жөнгө салуу
Жогору же төмөн жылдырыңыз.
Музыка ойноткучтун үнүн алып салуу же калыбына келтирүү
# баскычын басыңыз.
28Галерея
Музыка ойноткучту фондо ойнотуп коюңуз
Токтотуу баскычын басыңыз.
Музыка ойноткучту жабыңыз
Токтотуу баскычын басып, кармап туруңуз.
Галерея
Телефонуңуз сиз ээ болгон мазмунду сактоону сунуштаган санарип укук коргоо
технологияларды (DRM) колдойт. Мазмунга ээ боло электе аны жана аны
жандантуу ачкычтын берүү шарттарын кокус акы төлөп калбоо үчүн билип
алыңыз.
Цифралуу аппараттардын укугун коргоо жолдору (ЦАУКЖ)
Камтылган маалыматтын ээлери ар кандай цифралуу аппараттардын укугун
коргоо жолдорун интелектуалдуу жеке жана автордук укуктарды коргош үчүн
колдонушса болот. Бул аппарат (ЦАУКЖ) дын маалыматтарына кирүү үчүн
атайын программаларды камтыйт. Бул аппарат менен Cиз WMDRM 10, OMA DRM
1.0, OMA DRM 1.0 алдыңкы кулпу, жана OMA DRM 2.0 менен корголгон
маалыматтык көрө аласыздар. Эгер (ЦАУКЖ) жолдору маалыматты сактай
албаса, маалымат ээлери жаңы (ЦАУКЖ) жолдорун (ЦАУКЖ) маалыматтарды
ачууга сурап алышса болот. Бул аппараттагы камтылган (ЦАУКЖ)
маалыматтарды жаңыртпоого мүмкүнчүлүк берет. Мындай (ЦАУКЖ) жолдорун
колдонуу (ЦАУКЖ) же башка маалыматтарды колдонууга тоскоол болбойт.
DRM менен корголгон маалыматтар тиешелүү активдештирүү ачкычы менен
келет. Ал сиздин маалыматты колдонууга болгон укугуңузду тастыктайт.
Эгер Cиздин аппаратыңызда OMA DRM тарабынан корголгон маалымат болсо,
анын активдешүү ачкычын жана камтылган мазмунду сактоого, Nokia Ovi Suite
камдык сактоо өзгөчөлүгүн колдонуш керек.
Аспаптын эстутуму форматталгандан кийин, активдешүү ачкычтар жана ОMA
DRM менен корголгон мазмунду пайдаланууну улантуу үчүн аны менен кошо
калыбына келтирүүгө керек маалымат башка берүү жолдору менен өткөрүлбөй
калышы мүмкүн. Сиздин аппараттагы файлдар бузулуп калса, активдешүү
ачкычтарын кайра калыбына келтирүүгө туура келет.
Эгер аппаратыңызда WMDRM тарабынан корголгон мазмун болсо, активдешүү
ачкыч жана мазмундун өзү форматталган эстутум менен тең жок болушу мүмкүн.
Аппаратыңыздагы файлдар бузулуп калса, сиз активдешүү ачкычтарды жана
камтылган маалыматты жоготуп алышыңыз мүмкүн. Активдешүү ачкычтарды же
корголгон маалыматты жоготуу аппаратыңыз менен ошол эле мазмунду
Орнотуулар29
колдонуу мумкүнчүлүгүңүздү чектеши мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн
кызмат тейлөөчүгө кайрылыгыңыз.
Галерея мазмундарын көрүү
Меню > Галерея тандаңыз.
Орнотуулар
Профильдер
Бирөө чалат деп күтүп жатсаңар, бирок телефон шыңгырабаш керек болсо?
Профилдер деп аталган топтордун ар кандай орнотуулары бар, ар кандай
окуялар жана чөйрөлөр үчүн обондорду жөндөсөңүз болот.
Меню > Орнотуулар > Профильдер тандаңыз.
Каалfган профильди жана төмөнкү тандоолордун ичинен тандаңыз:
Ишке жарат — Профильди ишке жаратыңыз.
Өзүңө ыңгайлашт. — Профиль орнотуулары оңдоңуз.
Убактылуу — Профильди белгилүү убакка чейин активдүү кылыңыз. Эгер бул
профильдин иштетүү мөөнөтү бүтүп калса, анын ордуна мурдакы убакыты
чектелбеген профиль иштей баштайт.
Колдогу тандоолор бирдей болууга тийиш эмес.
Эскертүү:
Учуу профилинде сиз чалып, анын ичинде тез жардамга чалып, кабыл алып же
уюлдук тармакты талап кылган башка функцияларды колдоно албайсыз. Чалуу
үчүн сиз профильди алмаштыруу менен телефонун функциясын жандатышыңыз
керек. Эгер аппаратыңыз кулпуланган болсо, кулпу кодун киргизиңиз.
Эгер сизге телефон бекитилген же Учуу профилинде тез жардамга чалуу керек
болсо, сиз аппаратыңызга программаланган расмий тез жардам номерин код
талаасына киргизип жана "Call" баскычын басыңыз. Аппарат сиздин Учуу
профилинен чыгып, тез жардам чалуу жасоо алдында турган экениңизди
тастыктайт.
Обондор
Тандалган активдүү профиль үчүн обон орнотууларын өзгөртө аласыз.
Меню > Орнотуулар > Обондор тандаңыз. Ошол эле орнотууларды сиз
Профильдер менюда таба аласыз.
30Орнотуулар
Дисплей
Меню > Орнотуулар > Дисплей тандаңыз.
Сизге тушкагазты, шрифттин чоңдугун же аспаптын экранына тийиштүү
өзгөчөлүктөрдү көрүп же жөндөтүүгө болот.
Күн жана убакыт
Меню > Орнотуулар > Убак жана күн тандаңыз.
Күн жана убакытты орнотуңуз
Күн & убак орнотл. тандаңыз.
Күн жана убакыт форматын орнотуңуз
Күн & убак формат тандаңыз.
Убакытты азыркы убакыт алкактын убагына автоматтуу жаңыртып коюу
Убак авто жаңырт. дегенди тандаңыз (тармак кызматы).
Мезгилдештирүү жана камдык сактоо
Меню > Орнотуулар > Мезг. & камсакто тандаңыз.
Төмөнкүлөр ичинен тандаңыз:
Тлф алмаштыр — Байланыштарыңыз, календарь жазуулары, белгилер же
кабарлар сыяктуу тандалган маалыматты аспабыңыз жана башка аспап
ортосунан мезгилдештирип же көчүрүңүз.
Камдык сактоо — Тыштан туташтырылган сактоо шайманына белгиленген
маалыматтардын камбыл көчүрмөсүн сактоо
Камсакт. жанд. — Тыштан туташтырылган сактоо шайманындагы резервдик
көчүрмөдөн маалыматтарды калыбына келтирүү. Камбыл көчүрмө файлына
байланыштуу маалыматтарды карап көрүү үчүн, Жолдор > Маалымат та ндаңыз.
Малым алмашу — Аспабыңыз жана тармак сервери (тармак кызматы) менен
ортосунан тандалган маалыматты мезгилдештириңиз же көчүрүңүз.
Байланыш мүнөзү
Телефонуңузга берилген айрым иш-милдеттери башка аспаптар менен
маалымат тапшырууга же аны кабыл алуууга мүмкүн кылат.
Bluetooth зымсыз технологиясы
Bluetooth технологиясы радио толкундарын пайдаланып аспабыңызга туура
келген Bluetooth түзүлүшкө 10 метр (32 фут) аралыктан байланышууга
мүмкүнчүлүк берет.
Орнотуулар31
Бул аппарат Bluetooth Specification 2,1 + EDR менен туура келип, төмөнкү
профильдерди колдойт: жалпы кирүү мүмкүнчүлүк, колу бош, гарнитура, объект
таңулоо, файл тапшыруу, коммутатор аркылуу желеге кирүү, чиркелешкен порт,
SIM кирүү мүмкүнчүлүгү, жалпы объект алмашуу, кеңейтилген укма таратуу, укма
жана видеону алыстан көзөмөлгө алуу жана жалпы укма видео таратуусу.
Bluetooth технологиялары колдогон башка аппараттардын өз ара иштешүүнү
камсыз кылуу максатында Nokia тарабынан бул модель үчүн жол берилген
жабдууларды пайдаланыңыз. Бул аппарат менен башка аппараттардын
айкалышуусу тууралуу маалымат алуу үчүн ал аппараттардын өндүрүүчүсүнө
кайрылыңыз.
Bluetooth технологиясын колдогон функциялар же башка функцияларды
колдонуп жатканда мындай функциялардын арткы фон катары иштешине жол
берүү, батареяга болгон талапты жогорулатат жана батарея зарядынын
мөөнөтүн төмөндөтөт.
Зымсыз аппарат алыскы SIM режиминде болгондо, чакырыктарды жасоодо
автомобилдик комплекттер сыяктуу атайын кошумча жабдууларды колдонуу
менен чалып же кабыл ала аласыз.
Бул режимде зымсыз аппаратыңыз программаланган тез жардам номерлеринен
сырткары башка номерлерге чалуу жүргүзбөйт.
Чалуу жасоо үчүн, эң алдыда алыскы SIM режиминен чыгышыңыз керек. Эгер
аппаратыңыз кулпуланган болсо, аны бошотуу үчүн кулпу кодун киргизиңиз.
Bluetooth байланышуусун ачыңыз
1 Меню > Орнотуулар > Байланыш түрү > Bluetooth дегенди тандаңыз.
2 Телефонумдун аты тандаңыз жана аспабыңыздын атын жазыңыз.
3 Bluetooth байланыш мүнөзүн жандантууга Bluetooth > Бар тандаңыз.
Bluetooth байланыш мүнөзү активдүү болгонун көрсөтөт.
4 Аспабыңызды укма кошумча аспабына туташтыруу үчүн, Укма кош.асп.
байл жана кошумча аспапты тандаңыз.
5 Аспабыңызды жетүүгө болгон Bluetooth түзүлүшү менен коштоштурууга
Коштошкон аспап. > Жаңы асп. кош дегенди тандаңыз.
6 Табылган аспапка чейин жылдырып жана Кош тандаңыз.
7 Аспабыңызда кирүү кодун (16 символго чейин) жазыңыз жана башка Bluetooth
түзүлүшүнө байланышууга уруксат бериңиз.
Аппаратты жашыруун режимде иштетүү зыяндуу программалардан сактоо үчүн
коопсузураак. Bluetooth байланышын сиз ишенбеген булактардан кабыл
албаңыздар. Bluetooth функциясын өчүрүп да койсо болот. Бул аппараттын
башка функцияларына тоскоол болбойт.
32Орнотуулар
Жеке компьютериңизди интернетке туташтырыңыз
Туура келген PCке интернетке туташтыруу үчүн Bluetooth технологиясын
пайдалана аласыз. Аспабыңыз интернетке (тармак кызматы) байланышууга
жөндөмдүү болушу керек жана сиздин PC Bluetooth технологиясын колдошу
керек. Аспаптын тармак кирүү чекитинин кызматына (NAP) байланышып жана PC
менен коштоштурулгандан кийин, аспабыңыз автоматтык түрдө интернетке
топтом маалымат байланышуусун ачат.
Пакет маалымат
Жалпы пакеттүү үналгы кызматы (GPRS) бул мобилдик телефондорго интернет
протоколго (IP) негизделген тармак аркылуу маалыматты жиберүүгө жана кабыл
алууга мүмкүнчүлүк берген тармак кызматы.
Кызматтан кантип пайдаланууга болгонун аныктоого Меню > Орнотуулар >
Байланыш түрү > Топтом маалымат > Пакет малм байлан жана төмөнкүлөрдөн
тандаңыз:
Керек болгондо — Тиркеме талап кылган учурда пакеттүү маалымат
байланышты түзүңүз. Байланыш жабылган тиркеме менен кошо жабылат.
Дайым байланш — Аспап күйгүзүлгөндө пакеттүү маалымат тармакка
автоматтуу байланышыңыз.
Сизге аспабыңызды, Bluetooth технологиясын пайдаланып, ылайыгы келген
PCиңизге туташканда, модем катары пайдаланууга болот. Тасмияны алууга
Nokia Ovi Suite документация кагаздарын караңыз.
Чакыруу жана чалуу
Меню > Орнотуулар > Чакыруу тандаңыз.
Кирүүчү чалууларды дарекбуруу
Чакыруу дарекбур дегенди тандаңыз (тармак кызматы). Кошумча маалымат
боюнча кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.
Ийгиликсиз аракеттен кийин автоматтык түрдө он жолу кайра номерди терүү
Авто кайра терүү > Бар тандаңыз.
Чалуу убагында кирүүчү чалуулар тууралуу билдирүү алуу
Чакырык күтүү > Керек кылуу дегенди тандаңыз (тармак кызматы).
Сиз чалып жаткан адамга номериңизди көрсөтүү же жашыруу
Ким экеним жибер дегенди тандаңыз (тармак кызматы).
Жардам алуу33
Дисплей тилин орнотуу
Меню > Орнотуулар > Телефон > Тил орнотуулар > Телефон тили тандаңыз.
Заводдун орнотууларын калыбына келтирүү
Аспаптын айласыз орнотууларын кайрадан калыбына келтирүүгө Меню >
Орнотуулар > Зав.орнт.келтир тандаңыз.
Жеке маалыматка тийбестен сактап калуу менен, баары артык көргөн
орнотууларды тазалоо үчүн Орнот.калп. келтир тандаңыз.
Баары артык көргөн орнотууларды тазалап жана болгон жеке маалыматты,
байланыштарды, кабарларды, медия файлдарды жана жандантуу ачкычтар
менен кошо өчүрүүгө Барын тандаңыз.
Жардам алуу
Колдоо
Сиздин өнүмүңүз жөнүндө көбүрөөк билүүгө кааласаңыз, же болбосо,
аспабыңызды иштетүү жагынан суроолор болсо, www.nokia.com/support, же
мобилдик аспапты пайдалануу тууралуу nokia.mobi/support барыңыз.
Эгер муну менен көйгөй чечилбесе, төмөнкүлөр ичинен бирин аткарыңыз:
•Аспабыңызды кайрадан жандырыңыз, анан батарейканы алып салыңыз. Бир
мүнөт убакыттан кийин, батарейканы ордуна салыңыз жана телефонду
иштетиңиз.
•Баштапкы заводдук орнотууларын калыбына келтириңиз.
•Аспабыңыздын программасын жаңылатыңыз.
Эгерде көйгөйүңүз чечилбесе, анда оңдоо жолдору тууралуу Nokia га
кайрылыңыз. www.nokia.com/repair. Телефонуңузду оңдоого жөнөтүүдөн мурун,
ар дайым анын ичиндеги маалыматыңыздын камдык сактоосун жасаңыз.
Шаймандын программдык жаңылатуулары тууралуу
Шаймандын программдык камсыздоосунун жаңыртуулары аркылуу,
шайманыңызга жаңы мүмкүнчүлүктөр менен өркүндөтүлгөн функцияларды
алууга болот. Андан тышкары программанын жаңылатуусу аспабыңыздын
иштетүү жагын өйдөлөтөт.
Аспабыңыздагы программанын жаңылатуу алдында сизге өздүк маалыматтын
камдык сактоосу ашыкча болбойт.
34Жардам алуу
Эскертүү:
Эгер сиз, программа жаңыртуусун орнотуп жатсаңыз, орнотуу процесси бүткөнгө
чейин жана ал кайра иштетилмейинче, аппаратты тез жардам чалуусун аткарууга
да колдоно албайсыз.
Программа жаңыртууларын жүктөө кызмат тейлөөчүңүздүн тармагы аркылуу чоң
көлөмдөгү маалыматтын берилиши менен коштолуусу мүмкүн.
Аппаратыңыздын батареясынын заряды жетишерлик экенин болгонун
текшериңиз, же болбосо программа жаңыртууларын баштаганга чейин заряддоо
түзүлүшүн сайып коюуңуз
Шайманыңыздын программасы жаңыртылгандан кийин, колдонуучунун
нускамасындагы көрсөтмөлөр эскирип калышы ыктымал.
Аспабыңызды пайдаланып, аспаптын программасын жаңылатуу
Аспабыңыздын иштөөсүн жакшыртууга белсенип, жана тиркеме жаңылатуулар
менен сонун жаңы өзгөчөлүктөргө жетишүүнү каалайсызбы? Аспабыңыздын
пайдасын толугу менен көрүүгө программаны убагы менен жаңылатып туруңуз.
Сизге андан нары аспабыңызды жаңылатуулардын бар болгонун автоматтуу
текшерткидей коюуга болот.
Меню > Орнотуулар тандаңыз.
1 Телефон > Телеф.жаңыртулар тандаңыз.
Айлана-чөйрөнү коргоо35
2 Азыркы программа нускасын жана жаңылатуунун пайда болгонун көрүүгө
Азырк.програм.млм тандаңыз.
3 Программа жаңылатуусун жүктөп жана орнотууга Телеф.прогр. жүктө
тандаңыз. Көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
4 Жүктөөдөн кийин орнотуу токтоп калса, Прогр. жаңыл. орн. тандаңыз.
Программанын жаңылатуусу бир нече минута убакыт талап кылат. Эгерде
орнотуу көйгөйү чыкса, өзүңүздүн кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.
Программа жаңылатууларын автоматтуу түрдө тактоо
Авт.ПО жаңл.текшр тандап, жана программа жаңы жаңылатуларды кайсы
аралыкта тактоо керектигин аныктаңыз.
Кызмат тейлөөчүңүз аспап программа жаңылатууларын түз аба аркылуу
аспабыңызга жибере алат (кызмат тармагы).
PC колдонуу менен аспап программаны жаңыртуу
Шайманыңыздын программдык камсыздалышын жаңыртуу үчүн, Nokia Ovi Suite
PC тиркемесин колдонууга болот. Шайманыңызды компьютерге туташтыруу
үчүн, ылайыктуу компьютер, жогорку ылдамдыктагы Интернет байланышы
жана USB кабель талап кылынат.
Кошумча маалымат алуу жана Noika Ovi Suite тиркемесин жүктөө үчүн,
www.ovi.com/suite өтүңүз.
Айлана-чөйрөнү коргоо
Зардеп сактоо
Төмөнкүлөрдү аткарсаңыз, батареяңызды тез-тез толтуруп туруунун кереги жок
болуп калат:
•Пайдаланылбаган тиркемелерди жана маалымат байланыштарды, мисалы
өзүңүздүн Bluetooth байланышты, жаап туруңуз.
•Кереги жок баскыч обондор сыяктуу керектелбеген үн берүүлөрдү иштен
чыгарыңыз.
Кайра иштетүү
36Продукт жана коопсуздук маалыматы
Бул шаймандын иштөө мөөнөтү аяктаганда, анын бардык материалдарын жана
кубаттуулугун калыбына келтирүүгө болот. Туура утилизациялоого жана
кайрадан колдонууга кепилдик берүү үчүн, Nokia компаниясы We:recycle
программасы аркылуу шериктештери менен кызматташат. Эскилиги жеткен
Nokia шаймандарын кандайча утилизациялоо жана аларды кабыл алуучу
жайларды табуу үчүн төмөнкү дарекке өтүңүз www.nokia.com/werecycle, же
уюлдук шайманыңызды колдонуп бул жерге кириңиз nokia.mobi/werecycle, же
Nokia Байланыштар борборуна чалыңыз.
Таңгактоо материалдарды жана пайдалануучу колдонмолорун жергиликтүү
кайра иштетүү планы боюнча иштетүүгө бере аласыз.
Аспабыңыздын айлана-чөйрөгө жакын өзгөчөлүктөрү тууралуу дагы маалымат
алууга www.nokia.com/ecodeclaration дарекке барыңыз.
Сиздин өнүмүңүздөгү сыртында, батарейкада, оролгон пакетинде чийилген
дөңгөлөктүү челек белгиси баардык электрикалык жана электрондук өнүмдөр,
батарейкалар жана элементтер иштөө мөөнөтү аяктоо менен бөлүнүп чогулушу
керектигин билдирет. Бул талап Европалык Уюм боюнча коюлат. Башка
муниципалдык сорттолуп ылгабаган таштандылар менен ыргытчу болбоңуз.
Телефонуңуздун айлана-чөйрөгө жакын өзгөчөлүктөрү тууралуу көбүрөөк
маалымат алуу үчүн www.nokia.com/ecodeclaration дарегине кириңиз.
Продукт жана коопсуздук маалыматы
Кошумча жабдуулар
Эскертүү:
Берилген моделге Nokia тарабынан бекитилген гана батарейкаларды, заряддоо түзүлүштөрдү жана кошумча
жабдууларды колдонуңуз. Башка түрлөрдү колдонуу кепилдикти жана аныктаманы жокко чыгарып жана коркунучтуу
да болушу мүмкүн. Тактап айтканда, көрсөтүлбөгөн батарейка же заряддоо түзүлүшүн колдонуу от чыгуу, жарылуу,
батарейканын ичиндеги суюктуктун агуусу же башка коркунучту алып келиши мүмкүн.
Бекитилген жабдуулардын бар же жогун дилериңизден билип алсаңыз болот. Жабдууларды электр тогунан
ажыратканда, сайгычтан кармап сууруңуз, зымды тартпаңыз.
Батарейка
Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат
Сиздин аппаратыңыз кайрадан заряддоого болгон батареядан иштейт. Бул аппарат менен иштетүүгө бекитилген
батарея - BL-5C. Nokia бул аппаратка ылайыкталган батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн.
Бул аппарат төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3 . Заряддагыч
модельдин так номери сайгычтын түрүнө карата өзгөрүлүп бериши мүмкүн. Штепсельдин түрү төмөнкүлөрдүн бири
менен аныкталат: E, X, AR, U, A, C, K, же B.
Продукт жана коопсуздук маалыматы37
Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана
сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз. Nokia
тарабынан жол берилген батареяларды пайдаланыңыз жана батареяны Nokia тарабынан жол берилген, ушул аппарат
үчүн атайын чыгарылган түзүлүштөр менен гана заряддаңыз.
Эгер алмаштырылып жаткан батарея биринчи жолу иштетилип жаткан болсо же узак убакыт бою иштетилбеген болсо,
заряддону баштоо үчүн заряддагыч түзүлүштү кошуу, кайра ажыратуу жана кайрадан кошуу керек болушу мүмкүн.
Эгерде батареянын заряды толук түгөнгөн болсо, заряддалуу деңгээлинин көрсөткүчү экранда пайда болгонго чейин
же чакырууларды жасоого мүмкүн болгонго чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.
Коопсуз алып чыгуу. Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып, аппаратты өчүрүү керек.
Туура заряддо жолу. Заряддагыч түзүлүштү колдонулбаган убакта электр розеткадан жана аппараттан ажыратып
коюңуз. Толугу менен заряддалган батареяны заряддагыч түзүлүшкө кошулган боюнча таштап койбоңуз, анткени
ашыкча заряддоо батареянын колдонуу убактысынын кыскартып ийет. Колдонулбаса деле толук заряддалган батарея
убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.
Ашыкча суук же ысыктан абайлаңыз. Батареяны дайыма 15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) аралыгындагы
температурада сактаганга аракет кылыңыз. Адаттан тыш температуралар батареянын батыруу көлөмүн жана
колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же муздаган батареясы бар аппарат батарея толук заряддалганына
карабастан убактылуу иштебөөсү мүмкүн. Батареянын иштөө мөөнөтү тоңуу температурасынан бир топ төмөн
температурада өзгөчө кыскарат.
Кыска туташууну болтурбаңыз. Кокустан кыска туташуулар монета, кагаз бекиткич, калемсап сыяктуу металл буюмдар
батареянын оң (+) жана терс (-) терминалдарына тийип, түз туташууга себеп болгондо болушу мүмкүн. (Терминалдар
батареяда металл сызыктар түрүндө болот.) Мындай кокустуктар сиз, мисал үчүн, батареяны өз чөнтөгүңүздө бош
алып жүргөндө чыгышы мүмкүн. Терминалдардын кыска туташуусу батареяга же тийген буюмга зыян кылышы мүмкүн.
Жок кылуу Батареяны отко жакын кармабаңыз, анткени ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны жергиликтүү эрежелерди
сактап жок кылыңыз. Мүмкүн болсо иштетүүгө берүүңүздү суранабыз. Кадимки үй чарба таштандысы катары
таштабаңыз.
Суу агышы. Батареяны же анын уюкчаларын тышын сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп, тешип же өз өзүнчө
бөлбөңүз. Батарейканын суусу агып калса, ал суюктук көзүңүзгө же териңизге түшпөгүдөй болсун. Андай кокустук орун
алса, жаба тарткан жерлерди дароо аккан сууга тосуп жууңуз, же болбосо медикалык жардамга кайрылыңыз.
Бузуулар. Батарейканы кайрадан жасоого, ичине бөтөн объекттерди киргизүүгө аракет кылбаңыз, сууга же башка
суюктук ичине салып же аларга тийгизбеңиз. Батареяга зыян келтирилген учурда дагы ал жарылуусу мүмкүн.
Туура пайдалануу. Батареяны көрсөтүлгөн максат менен гана колдонуңуз. Батареяны туура эмес колдонуу от чыгуу,
жарылуу жана башка коркунучту алып келиши мүмкүн. Эгер аспабыңыз же батарейкаңыз жерге, айрыкча катуу
тегиздикке түшүрүп алсаңыз жана батарейканын соо калганына күнөм болсоңуз, аны кайра пайдалануудан мурда
кызмат ишканасына жарамдуулугун текшерүүгө алпарыңыз. Иштен чыккан зарядоо бөлүкчөнү же батареяны эч качан
колдонбоңуз. Аларды кичинекей балдардан алыс кармаңыз.
38Продукт жана коопсуздук маалыматы
Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз
Аппаратыңызды, батареяны, заряддоо түзүлүшүн жана кошумча жабдууларды камкордук менен алып жүрүңүз.
Төмөнкү сунуштар сиздин, кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.
•Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар, нымдуулук жана суюктуктардын бардык түрлөрү, электрондук
тетиктерге зыян келтирүүчү минералдарды камтыйт. Эгер аппаратыңыз ным болуп калса, батареяны чыгарып,
кургатып коюңуз.
•Аппаратты чаңдуу же кир жерлерде колдонбоңуз же сактабаңыз. Анын жылдырма бөлүктөрү жана
электроникалык компоненттери зыянга учурайт.
•Аппаратты суук же ысык жайларда сактабаңыз. Жогорку температуралар, аппараттын колдонуу убактысын
кыскартып, батареяга зыян келтирип, айрым пластик тетиктеринин бузулуп же эрүүсүнө алып келиши мүмкүн.
•Аппаратты суук жайларда сактабаңыз. Аппарат өзүнүн нормалдуу температурасына келгенде, анын ичинде
пайда болгон ным, электрондук чынжырларга зыян келтириши ыктымал.
•Колдонуучунун колдонмосунда көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.
•Укуксуз өзгөртүүлөрдү киргизүү, аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү
эрежелерди бузушу мүмкүн.
Продукт жана коопсуздук маалыматы39
•Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз. Этият эмес колдонуу аппараттын ички чынжыр схемаларын жана
механизмдерин бузушу мүмкүн.
•Аспаптын тышын дайым жумшак, таза жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.
•Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө жолтоо болуусу
ыктымал.
•Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн, маал маалы менен аны өчүрүп, батареясын алып, анан кайра иштетип
туруңуз.
•Аппаратыңызды магнит жана магнит талаалардын жанында кармабаңыз.
•Маанилүү маалыматыңызды коопсуз сактаңыз, аларды, жок дегенде, эки, түзүлүшүңүз, эс тутум картасы же
компьютериңиз сыяктуу, бөлөк жерде сактаңыз же аларды жазып туруңуз.
Узак колдонууда, аппарат жылуу сезилиши мүмкүн. Көп учурларда бул абал нормалдуу. Эгерде аппараттын туура
иштешине күмөн санасаңыз, анда аны, расмий уруксаты бар техникалык тейлоо кызматына алып барыңыз.
Жок кылуу
Колдонуудан чыккан электроникалык продукттарды, батарейкаларды жана таңгактоо материалдарды буга арналган
чогултуучу жайга алып барыңыз. Бул жердин бетине таштандынын жайылтууну токтотконго жана материалдарды
кайрадан иштетүүгө көрүлгөн чара катары боло алат. Продукттун, айлана-чөйрөнү сактоо маалыматын жана Nokia
продукттарыңызды кандайча кайра иштете ала турганыңызды кийинки сайттарда www.nokia.com/werecycle же
мобильдик аппарат менен nokia.mobi/werecycle барагында текшериңиз.
Кошумча коопсуздук маалымат
Бул аппараттын тыштоосунда никель жок.
Кичинекей балдар
Аспабыңызды жана анын кошумча жабдууларды оюнчук кылууга болбойт. Ал майда бөлүктөрдөн турат. Аларды
кичинекей балдардын колуна түшпөгүдөй алыс кармаңыз.
Иштетүү чөйрөсү
Бул аппарат RF таасири астында жүрүү боюнча көрсөтмөлөргө туура келет жана жөнөкөй колдонуу кулакка каршы
кармап же денеден эң аз дегенде 1,5 сантиметр (5/8 дюйм)аралыкта алып жүргөндөгүсү эсептелет. Сумка, кемер
илгичи, же кутуча аппаратты денеге жакын алып жүрүү үчүн колдонулса, алар металл тетиктерди камтыбаш керек
жана аппаратты денеден жогоруда айтылган алыстыкта кармашы керек.
Маалымат файлдарын же кабарларды жиберүү тармак менен сапаттуу байланышты талап кылат. Маалымат файлдар
же кабарлар качан андай байланыштын болоорун күтө беришет. Берилиш өтмөйүнчө көрсөтмөдө айтылган алыстыкты
сактаңыз.
Аппараттын кээ бир бөлүктөрү магниттелген. Металлдан материалдар аппаратка тартылышы мүмкүн. Кредиттик
карточкаларды же башка магниттик сактоо каражаттарды аппараттын жанына койбоңуз, анткени алардын ичинде
сакталган маалымат өчүп калышы мүмкүн.
Медициналык аппараттар
Радио берүү жабдуулардын катарына кирген зымсыз телефондор коргоосу жеткиликтүү иштелбеген медициналык
аппараттардын иштөөсүнө тоскоол кылышы мүмкүн. Догдуруңуздан же медициналык жабдуунун чыгаруучунан анын
сырттан келүүчү RF (радио жыштык) энергиядан калкаланганы жетиштүү болгонун билип алыңыз. Эгерде имарат
ичинде илинген эрежелер сизди аспапты өчүрүүнү талап кылса, аны иштеңиз. Бейтапканалар жана саламаттыкты
сактоого арналган жайларда сырттан келген RF энергиясын тез кабыл алууга жөндөмдүү аппараттар коюлушу мүмкүн.
Имплантацияланган медициналык аппарат
Медициналык аспаптардын чыгаруучулары электрокардиостимуляторго жана имплантацияланган дефибрилляторго
мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жаратпоо үчүн зымсыз аппараттын алардан эң кеминде 15,3 сантиметр (6 дюйм)
аралыкты сактап алып жүрүштү сунуш кылат. Мындай аспаптар менен жашаган адамдар төмөнкүнү эсине тутушу
зарыл:
40Продукт жана коопсуздук маалыматы
•Дайыма зымсыз аппаратты күйгүзгөн учурда медициналык аспаптан 15,3 сантиметр (6 дюйм) аралыкта кармап
туруңуз.
•Аппаратты көкүрөк чөнтөгүңүздө алып жүрбөңүз
•Зымсыз аспапты медициналык аспап жайгашкан жактан карама каршы келген кулакка кармаңыз.
•Эгер тоскоолдукту көрүүгө шегиңиз болсо, анда зымсыз аппаратты өчүрүп салганыңыз оң.
•Имплантацияланган медициналык аспап үчүн чыгаруучунун көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Сиздин зымсыз аппаратыңыз жана имплантацияланган медициналык аспап менен кошо алып жүргөнү жөнүндө дагы
суроолоруңуз болсо, өзүңүздүн караган догдурдан кеңеш алыңыз.
Угуучу аппараттар
Кээ бир санарип зымсыз аппараттар кээ бир угуучу аппараттарга жолтоо болушу мүмкүн.
Унаалар
Радио жыштык сигналдары мотор унааларында туура эмес орнотулган же тиешелүү түрдө корголбогон электрондук
май инжектордук, блоктоого каршы тормоздук, электрондук ылдамдыкты контролдоо, аба баштыктар системалары
сыяктуу электрондук системалардын иштөөсүнө таасир тийгизүүсү мүмкүн. Дагы көбүрөөк маалыматты унааңыздын
же андагы жабдууларды чыгаруучусунан алыңыз.
Атайын даярдыгы бар адистер гана жабдууларды орнотуп же тейлеши керек. Туура эмес орнотуу же тейлөө кооптуу
болушу мүмкүн жана жабдууга берилген кепилдикти жокко чыгарышы ыктымал. Сиздин унааңызга орнотулган зымсыз
жабдуулар туура орнотулуп жана иштетилип жатканын маал маалы менен текшерип туруңуз. Тез тутануучу
суюктуктарды, газдарды же жарылуучу заттарды зымсыз жабдуулар орнотулган бөлүмдөрдө чогуу сактап же ташып
жүрбөңүз. Aба жаздыктардын абдан бир заматтын ичинде абага толо тургандыгын эске алыңыз. Аспабыңызды же
кошумча жабдууларды аба жаздыктары жазыла турган мейкиндикке койбоңуз.
Учакка кирүүдөн мурда аппаратыңызды өчүрүп коюңуз. Зымсыз телеаппаратураны учактын ичинде колдонуу учактын
иштөөсүнө тоскоол келтирип, жана мыйзамга каршы болушу мүмкүн.
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр
Жарылуучу заттар орун алган аймакта аспабыңызды өчүрүп койгонуңуз туура. Баардык тышка чыгарылган
маалымдоолорго баш ийиңиз Бул жерлерде учкундар адамдын өлүмүнө же жарадар болушуна себеп болгон жарылуу
же өртү чыгарышы мүмкүн. Аппаратыңызды оңдоо станцияларда же газ соркыскычтар менен иштеген май куюучу
жайларында өчүрүп койгонуңуз туура болот. Май куюучу станцияларда, жанармай сактоо жана таратуу жерлеринде,
химиялык заводдордо же жарылуу иштери жүрүп жаткан жерлерде койгон чектөөлөргө баш ийиңиз. Жардыруу
коркунучка жакын чөйрөлөр кээде так белгиленбейт. Алардын катарына демейде унаа моторун иштетпей коюуга
мажбур болгон учурлар, кемелердин төмөнкү палубалары, химикалык заттарды ташуучу же сактоочу жайлар жана
абасында химиялык заттар же болбосо чаң, дандын кабыгы же металл күкүмдөрү сыяктуу майда бөлүкчөлөр учкан
жерлер да кирет. Суюкталган газ (пропан же бутанга окшогон) күчү менен жүргөн унаалардын жакын арада туруп
колдогу аспаптын иштетүү жагын алардын чыгаруучулардан тактап билүүгө болот.
Тез жардам чакыруулары
Тез жардам чалуусун аткаруу
1Аппарат жандырылып турганын текшериңиз.
2Сигналдын жетиштүүлүгүн текшериңиз. Дагы, балким кийинки аракеттерди аткарууңуз керектелет:
•SIM картаны кыстаруу.
•Аппаратыңыз үчүн өзүңүз жандандырган чалуу четтетүүсү, калыптанган терүү же жабык колдонуучулар
тобу сыяктуу, чалуу чектөөлөрүн алып салыңыз.
•Профилиңиз офлайн же учуу режиминде эмес экенин текшериңиз.
3Экранды тазалоо үчүн, аяктоо баскычын канча жолу керек болсо, ошончо басыңыз.
Автордук укук жана башка билдирүүлөр41
4Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез жардам номерин киргизиңиз. Тез жардам номерлери жайгашуу
жерине жараша өзгөрүп турат.
5Чакыруу баскычын басыңыз.
6Бардык керектүү маалыматы, мүмкүн болушунча так бериңиз. Уруксат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
Маанилүү иш: Эгерде аппаратыңыз интернет чалууларын колдосо, уюлдук жана интернет чакырууларын,
экөөнү тең, жандандырыңыз. Аппарат, тез жардам чалууларын уюлдук тармактар жана интернет чалуу кызмат
провайдериңиз аркылуу ишке ашырууга аракет кылышы мүмкүн. Баардык шарттарда байланышууга кепилдик бериле
албайт. Медициналык тез жардам сыяктуу, зарыл түрдө байланышуу керек болгон учурларда жалгыз гана зымсыз
аппаратка ишенбеңиз.
Сертификация маалыматы (SAR)
БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРЫНЫН ТААСИРИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖОЛДОМОЛОРДУН
ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл алгыч. Ал эл аралык колдонмолордун радио толкундарынын
таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз
каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук абалындагы адамдарды сактоо
үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.
Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific Absorption Rate (Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу
ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда көрсөтүлгөн SAR чеги 10 грамм дене ткандарына орточо баа менен
алганда 2.0 Ватт/килограммга (В/кг) жеткенде туура келет. SAR тесттери кадимкидей иштетүү акыбалда колдонулган,
бардык текшерүүгө туура келген жыштык тасмалар боюнча, тастыктоого болгон күчтүн эң жогорку деңгээлине коюлуп
иштетилген аспап үчүн өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли эң жогорку нарктан төмөн болушу мүмкүн,
анткени аппарат тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулукту гана пайдаланууга түзүлгөн. Тармак
станциясына жайгашууңуз канчалык жакын болгондугуна жана башка ушу сыяктуу факторлорго жараша бул сан
өзгөрүп турат.
ICNIRP колдонмолору боюнча SARдын эң жогорку наркы аппаратты кулакка тийгизгенде болот. 1,20 ватт/кг .
Аппараттын жабдууларын колдонуу SARдын түрдүү нарктарына алып келет. SAR нарктары улуттук отчет берүү жана
сыноо талаптарына жараша жана тармактын тасмасына жараша өзгөрүлүүгө тийиш. Кошумча SAR маалыматы өнүм
маалыматы менен www.nokia.com сайтында камсыз кылынат.
Автордук укук жана башка билдирүүлөр
ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Ушуну менен NOKIA CORPORATION мындагы RM-721 продукттун 1999/5/EC Директивасынын негизги талаптарына
жана башка тиешелүү жоболоруна дал келгенин жарыя кылат. Ылайык келүү Декларациясынын көчүрмөсүн төмөнкү
даректен тапса болот http://www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.
Nokia, Nokia Connecting People, Nokia Messaging жана Nokia Original Enhancements символдору Nokia
Корпорациясынын соода маркалары же катталган соода маркалары. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси. Мында
жана мындан кийин аталган башка өнүм жана компания аттары тиешелүү ээлерге тийиштүү соода белгилери жана
соода аттары болушу ыктымал.
42Автордук укук жана башка билдирүүлөр
Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун кандайдыр бир
түрдө кайра чыгарууга, колдон колго өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат. Nokia тынымсыз өнүгүү
саясатын ишке ашырат. Nokia бул документте көрсөтүлгөн кайсы өнүм болбосун, алдын ала билдирүүсүз
өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды киргизүү укугун сактайт.
Includes RSA BSAFE cryptographic or security protocol software from RSA Security.
Java and all Java-based marks are trademarks or registered trademarks of Sun Microsystems, Inc.
Бул продукт MPEG-4 Visual Patent Portfolio License боюнча (i) MPEG-4 Visual Standard ка ылайыкталып жеке же пайда
көрүү максаты менен алек болгон керектөөчү тарабынан коддолгон маалыматка байланышы бар, жеке жана пайда
көрүү максатысыз пайдаланууга каралган, жана (ii) лицензияланган видео камсыздоочу тарабынан чыгарылган
MPEG-4 видеого байланышы бар пайдаланууга каралган лицензия менен камсыз кылынган. Башка ой менен
пайдаланууга лицензияда жол берилбейт. Кошумча маалыматты, анын ичинде жарнамалоо, ички жана пайда табуу
максаты менен пайдалануу тууралуу маалыматты MPEG LA, LLC дан алууга болот. http://www.mpegla.com сайтын
караңыз.
ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ЖОЛ БЕРГЕН МАКСИМАЛДУУ ДАРАЖАДА NOKIA ЖЕ АНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЕНЕН
ИШТЕГЕНДЕР КАНДАЙ ГАНА КЫРДААЛ БОЛБОСУН, МААЛЫМАТ ЖЕ КИРЕШЕ ЖОГ ОТУУЛАРЫНА, ЖЕ АТАЙЫН,
КОКУСТАН, ТҮЗДӨН-ТҮЗ ЖЕ КЫЙЫР ЖОГОТУУЛАРГА ЖООП БЕРБЕЙТ.
БУЛ ДОКУМЕНТТИН МАЗМУНУ "КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ" БЕРИЛДИ. ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ТАЛАП КЫЛБАГАН
БАРДЫК УЧУРДА, ЭЧ КАНДАЙ ГАРАНТИЯ АЧЫК ТҮРДӨ ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИ П ЧЫГУУЧУ, АНЫН ИЧИНДЕ,
БИРОК АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН ТОВАРДЫН АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ЖАРАМДУ УЛУК ЖАНА БҮТҮНДҮК
ГАРАНТИЯСЫ УШУЛ ДОКУМЕНТТИН ТАКТЫГЫ, ТУУРАЛУГУ ЖЕ МАЗМУНУ БОЮНЧ А БЕРИЛБЕЙТ. NOKIA, БУЛ
ДОКУМЕНТКЕ АЛДЫН АЛА МААЛЫМДООСУЗ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ЖЕ АЛЫП САЛУУ УКУГУН САКТАЙТ.
Белгилүү бир өнүмдөрдүн жана аларга тиешелүү кошумча бөлүктөрдүн жана кызматтардын жетиштүүлүгү ар кандай
региондордо бирдей эмес. Тил тандоолордун жетиштүүлүгүн жана маалыматты Nokia дилериңизден тактаңыз. Бул
аспап АКШнын жана башка өлкөлөрдүн экспорт боюнча мыйзам жана көрсөтмөлөрүнө ылайык келген товарларды,
технологияларды же камсыздоо программаларын камтышы мүмкүн. Мыйзамсыз өзгөртүүлөргө тыюу салынат.
Сиздин аппаратыңыз менен чогуу берилген үчүнчү жактын тиркемелери башка Nokia га тиешеси жок инсандар же
юридикалык жактар тарабынан түзүлүп жана менчиктелиши мүмкүн. Nokia үчүнчү жактын тиркемелерине автордук же
интеллектуалдык менчик укуктарына ээ эмес. Ошондуктан, Nokia керектөөчүлөрдү колдоо, тиркемелердин
функционалдуулугу же бул тиркемелер жана материалдар тууралуу маалымат үчүн эч жооп бербейт. Nokia үчүнчү
жактын тиркемелерине гарантия бере албайт.
БУЛ ТИРКЕМЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ МЕНЕН СИЗ ТИРКЕМЕЛЕРДИН "КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ", ТИЕШЕЛҮҮ
МЫЙЗАМ МАКСИМАЛДУУ ЖОЛ БЕРГЕН ЧЕКТЕ ЭЧ КАНДАЙ ТАК АЙТЫЛГАН ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИП ЧЫККАН
КЕПИЛДИКТЕРСИЗ БЕРИЛИШИН ЫРАСТАЙСЫЗ. СИЗ ОШОНДОЙ ЭЛЕ NOKIA ЖАНА АНЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН
ТАРАПТАР АЧЫК АЙТЫЛГАН ЖЕ ТҮШҮНҮЛГӨН ЖАРЫЯЛАРДЫ ЖЕ КЕПИЛДИКТЕРДИ, АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК
АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН АТАЛЫШТАРГА, ТОВАРДЫК САПАТТАРГА, АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ТУУРА КЕЛҮҮ
ЖЕ ТИРКЕМЕЛЕР ҮЧҮНЧҮ ЖАКТАРДЫН ПАТЕНТТЕРИН, АВТОРДУК УКУКТАРЫН, СООДА МАРКАЛАРЫН ЖАНА
БАШКА УКУКТАРЫН БУЗБООСУ ТУУРАЛУУ КЕПИЛДИКТЕРДИ БЕРБӨӨСҮН ТААНЫЙСЫЗ.
Автордук укук жана башка билдирүүлөр43
ФБК, ФЕДЕРАЛДЫК БАЙЛАНЫШ КОММИССИЯСЫ/КАНАДА ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН БИЛДИРҮҮСҮ
Аппаратыңыз телевизор же радио толкундарына тоскоолдук жаратуусу ыктымал (мисалы, телефонду кабылдагычтын
жанында колдонгондо). ФБК же Канада өндүрүүчүлөрү, эгер мындай тоскоолдуктар четтетилбесе, сизден
телефонуңузду колдонуудан баш тартууну талап кылышы мүмкүн. Эгер сизге жардам керек болсо, анда жергиликтүү
тейлөө кызматына кайрылыңыз. Бул аппарат ФБК эрежелеринин 15 - бөлүгүнө ылайык түзүлгөн. Иштетүү төмөнкү эки
шартка ылайык болушу зарыл: (1) Бул аппарат зыяндуу тоскоолдуктарды жаратпоосу жана (2) бул аппарат келген
баардык тоскоолдуктарды, анын ичинде керексиз операцияларды аткарууга алып келүүчү тоскоолдуктарды кабыл
алууга тийиш. Бардык Nokia тарабынан анык бекитилбеген өзгөртүүлөр же модификациялар колдонуучунун
аппаратын колдонуу укугунан ажыратып коюшу мүмкүн.
/1.2. чыгыш KY
Loading...
+ hidden pages
You need points to download manuals.
1 point = 1 manual.
You can buy points or you can get point for every manual you upload.