Nokia C1-02 User's Guide [ky]

Nokia C1-01/C1–02 пайдалануучунун колдомосу
1.2. чыгыш
азмун

Мазмун

Коопсуздук 4
Колдоо 5
Баштоо 5
SIM картаны жана батарейканы коюу 5 Баскычтар жана бөлүктөр 6 Жандыруу же токтотуу 6 Батарейканы толтуруңуз 7 Антенналар 7 Гарнитура 7 Эстутум картасын салуу 8 microSD картаны алып коюңуз 9 USB маалымат кабелин туташтыруу 9 Билекбоону кыстаруу 9 Кирүү коддор 10 Баскыч кулпу 10 Аспабыңызды SIM картасыз пайдалануу 11 Фон артында аткарылган тиркемелер 11
Чакыруулар 11
Чакырууну жасоо жана чакырууну кабыл алуу 11 Катуу сүйлөмө 12 Терүү жарлыктар 12
Тексти жазыңыз 12
Текст режимдер 12 Жөнөкөй текст киргизүү 13 Жарыш сөз текст киргизүү 13
Менюларды башкаруу 13
Текст жана мультимедия кабарлар 14 Флэш кабарлар 15 Nokia Xpress аудио кабарлары 15 Nokia Messaging Service 16 Үн кабарлар 16 Кабар орнотуулары 16
Байланыштар 17
Фотолор 18
Сүрөткө тартып жана видео клиптерди жазуу 18 Сүрөттөргө жана видео клиптерге көз чаптыруу 19
Музыка 19
Музыка ойноткуч 19 FM үналгы 20
Чакыруу журналы 21
Желе же Интернет 21
Желе кызматына туташуу 21
Орнотуулар 22
Профильдер 22 Обондор 22 Дисплей 22 Күн жана убакыт 22 Жарлыктар 23 Мезгилдештирүү жана камдык сактоо 23 Байланыш мүнөзү 23 Чакыруу жана чалуу 25 Кошумча жабдуулар 25 Конфигурация 25 Заводдун орнотууларын калыбына келтирүү 26
Кабар алмашуу 14
Тиркемелер 26
Ойготкуч саат 26
Галерея 27 Кошумчалар 27 Үн жазгыч 27 Эмне кылуу тизмеги 28
Оператордун меню 28
SIM кызматтары 28
Жашыл кулак кагыштар 28
Зардеп сактоо 28 Кайра иштетүү 29
Продукт жана коопсуздук маалыматы 29
Алфавиттик көрсөткүч 38
Мазмун 3
4 Коопсуздук

Коопсуздук

Бул жөнөкөй көрсөтмөлөрдү окуңуз. Алардын сактабоосу коркунучтуу же мыйзамсыз болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдүн баарын окуп чыгыңыз.

ЧЕК КОЮЛГАН ЖЕРЛЕРДЕ ӨЧҮРҮП КОЮУҢУЗ

Мобилдик телефонду колдонуу уруксат этилген эмес же ал тоскоолдук же коркунуч алып келе турган, мисалы, учак ичинде, медициналык аспаптын жанында, күйүүчү май, химикаттар же жарылуу коркунучу бар, аймактарда жана жагдайларда аны өчүрүп коюңуз.

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА

Жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиңиз. Айдоо учурунда унааны айдоо үчүн колуңуз бош болсун. Айдоо учурунда оюңузда жол коопсуздугу болуш керек.

ТОСКООЛДУКТАР

Баардык зымы жок аппараттар иштөөлөрүнө таасир эткен тоскоолдуктарды кабыл алуу касиетине ээ.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ

Бул продуктту квалификациясы бар кызматчылар гана орното жана оңдой алат.

АППАРАТЫҢЫЗДЫ КУРГАК САКТАҢЫЗ

Сиздин аппаратыңыздын сууга туруштууулугу жок. Кургак кармаңыз.

УГУУ ЖӨНДӨМҮҢҮЗДҮ САКТАҢЫЗ

Гарнитураны пайдаланууда, үндү орточо чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө иштеп жатканда аппаратты кулагыңызга жакындатпаңыз.
Колдоо 5

Колдоо

Сиздин өнүмүңүз жөнүндө көбүрөөк билүүгө кааласаңыз, же болбосо, аспабыңызды иштетүү жагынан суроолор болсо, www.nokia.com/support, же мобилдик аспапты пайдалануу тууралуу nokia.mobi/support барыңыз.
Эгер муну менен көйгөй чечилбесе, төмөнкүлөр ичинен бирин аткарыңыз:
Аспабыңызды кайрадан жандырыңыз, анан батарейканы алып салыңыз. Бир мүнөт убакыттан кийин, батарейканы ордуна салыңыз жана телефонду иштетиңиз.
Баштапкы заводдук орнотууларын калыбына келтириңиз.
Аспабыңыздын программасын жаңылатыңыз.
Эгерде көйгөйүңүз чечилбесе, анда оңдоо жолдору тууралуу Nokia га кайрылыңыз. www.nokia.com/repair. Телефонуңузду оңдоого жөнөтүүдөн мурун, ар дайым анын ичиндеги маалыматыңыздын камдык сактоосун жасаңыз.

Баштоо

SIM картаны жана батарейканы коюу Картаны колго алып, кыстарууда же алып чыгууда этият болуңуз, анткени SIM
карта жана анын контакттары чийиктен же бүктөөдөн улам керекке жарабай калышы мүмкүн.
Маанилүү иш: Mini-UICC SIM картасын, ал, ошондой эле micro-SIM карта деп аталат, же адаптери бар micro-SIM картаны же mini-UICC бекиткичи (сүрөттү караңыз) бар SIM картасын бул аппаратта колбонбоңуз. Micro SIM картасы, кадимки SIM картадан кичирээк болот. Бул аппарат, micro-SIM карталарын пайдаланууну колдобойт жана туура келбеген SIM карталарды колдонуу аппаратка же картага доо кетириши мүмкүн жана картада сакталган маалыматтын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
1 Аспаптын таманында оюкка бармагыңызды салып, акырын арткы жапкычты
(1) көтөрүп, алып салыңыз.
аштоо
2 Батарейка кыстарылган болсо, аны көтөрүп, чыгарыңыз (2). 3 SIM картаны ордуна коюңуз. Картанын тийгизчү жери бети ылдый караганына
ишениңиз (3, 4).
4 Батарейканын жана батарейка уячадагы контакттарын тууралап, жана
батарейканы жаткызыңыз (5). Арткы жапкычты ордуна коюуга, үстүндөгү бекитчү тиштерин уячалары көздөй каратып (6), жана жапкыч ордуна батканга чейин басыңыз (7).
Коопсуз алып чыгуу. Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып, аппаратты өчүрүү керек.

Баскычтар жана бөлүктөр

Гарнитура туташтыргычы (3,5
1
мм)
2 Наушник
3 Экран
4 Тандоо баскычтар
5 Navi™ баскычы (айлантма
баскыч)
6 Чакыруу баскычы
7 Аяктоо/Кошкуч баскычы
8 Ариптакта
9 Заряддоо шаймандын
туташтыргычы
10 Микро USB туташтыргычы
11 Катуу сүйлөмө
12 Камера линзасы (Nokia C1–01
гана)
13 Микрофон
Жандыруу же токтотуу Күч баскычын басыңыз жана аны кое бербей кармап туруңуз.
Баштоо 7
Батарейканы толтуруңуз Батарейкаңыздын заряды заводдо жарым-жартылай толтурулат. Эгерде
аппаратыңыздын заряды төмөн болсо, муну аткарыңыз:
1 Заряддоо түзүлүштү розеткага сайыңыз. 2 Заряддоо түзүлүштү аспапка туташтырыңыз. 3 Качан аппарат заряддын толтурулганын көрсөтсө, түзүлүштү адеп
аппараттан, анан розеткадан чыгарыңыз.
Батарейканы белгилүү убакка чейин заряддо кылууга кажети жок, жана заряддо астында болгондо аппаратты пайдаланууга болот. Эгер батарейканын заряды таптакыр бүтсө, дисплейде заряд көрсөткүчтүн пайда болушуна чейин же чакыруу жасоо мүмкүн болууга чейин бир нече минут талап кылынат.
Антенналар Аппаратыңызда ички жана тышкы антенналар болушу мүмкүн. Антенна толкун
жиберип же тосуп жатканда ага зарылчылыгы жок тийбеңиз. Мындай антеннага тийүү байланыштын сапатын начарлатып, артыкбаш энергияны сарптайт, жана батареянын колдонуу убактысын кыскартышы мүмкүн.

Гарнитура

Эскертүү: Кулакчындарды колдонуу сырткы үндөрдү угууга тосколдук кылышы мүмкүн. Кулакчындарды коопсуздугунузга коркунуч алып келген жерлерде колдонбоңуз.
Nokia тарабынан колдонууга көрсөтүлгөндөн башка кошумча жабдыктарды же кулакчындарды Nokia AV Connector туташтырган болсоңуз, деңгээл көрсөткүчүнө атайын көңүл бөлүңүз.
аштоо
Сыртка сигнал чыгаруучу аспаптарды туташтырбаңыз, мындай туташтыруу аппаратка зыян келтирүүшу мүмкүн. Nokia AV Connector электр разряд булагына туташтырбаңыз.
Эстутум картасын салуу Бул аппарат менен Nokia тарабынан кошо колдонууга жактырылган туура келген
гана microSD карталары колдонуңуз. Nokia эстутум карталарга бекитилип болгон өндүрүш стандарттарын колдонот, бирок кээ бир маркалардын бул аппаратка туура келбей калышы мүмкүн. Туура келбеген карталарды колдонуу картаны, аппаратты бузуп жана картада сакталган маалыматтын ойронун чыгарышы мүмкүн.
Сиздин телефонуңуз 32 ГБ сыйымдуулука чейинки microSD карталарын колдойт.
Туура келүүчү эстутум картасы аспап менен камсыздалышы мүмкүн, жана ал эмитен аспапка орнотулушу мүмкүн. Эгерде ал жок болсо, анда кийинкини аткарыңыз:
1 Арткы жапкычты ачыңыз. 2 Картанын тийгизчү жери бети ылдый караганына ишениңиз. Картаны ичине
батканга чейин түртүңүз.
3 Арткы жапкычты ордуна коюңуз.
Баштоо 9

microSD картаны алып коюңуз

Маанилүү иш: Эстутум картаны анын катышуусу менен өтүп жаткан операциянын так ортосунда чыгарчу болбоңуз. Мындайда сиз эстутум картасын жана аспапта да бузуп коюшуңуз мүмкүн жана картадагы сакталган маалымат жарабай калышы мүмкүн.
Сизге эстутум картасын телефон иштеп жаткан убакта, аны өчүрбөстөн, алып салууга же алмаштырууга болот, бирок эстутум картасына эч бир тиркеменин кайрылбаганына дадил болушуңуз керек.
USB маалымат кабелин туташтыруу Туура келген USB маалымат кабелин USB туташтыргычына сайыңыз. USB
маалымат кабелин өзүнчө сатып алууга зарылчылыгы түшөт.
USB орнотууларды өзгөртүүгө Меню > Орнотуусу > Байланыш түрү > USB малм.
кабель жана каалаган режимди тандаңыз.
Билекбоону кыстаруу Билекбоону өткөрүп, жана тартып коюңуз.
Nokia C1–01:
10 Баштоо
Nokia C1–02:
Кирүү коддор Коопсуздук коду сиздин аспабыңызды уруксатсыз пайдалануудан алып калат.
Алдын ала коюлган код 12345. Сизге кодду түзүп, өзгөртүп жана аспапты кодду сураттырып коюуга болот. Кодду аспабыңыздан бөлөк, коопсуз жерге жашырып жүрүңүз. Эгер сиз кодду унутуп, жана аспабыңыз кулпуланып калса, аспабыңыз атайын тейлөөгө муктаж болот. Кошумча акы төлөнүп жана аспабыңыздагы баардык жеке маалымат жок болуп калышы ыктымал. Дагы маалымат алууга Nokia Care жайына же аспабыңыздын сатуучусуна кайрылсаңыз болот.
PIN коду менен камсыздалган SIM карта уруксатсыз колдонуудан корголот. Кээ бир SIM карталар PIN2 коду менен камсыздалат, жана алар белгилүү бир кызматтарга кирүүгө керектелет. Эгерде сиз, PIN же PIN2 кодун үч жолу, ирети менен туура эмес киргизип алсаңыз, анда сизден, PUK же PUK2 кодун киргизүүңүздү сурайт. Эгерде алар сизде жок болсо, кызмат камсыздоочуңузга кайрылыңыз.
PIN модулю сиздин SIM картаңыздын коргоо модулюндагы маалыматты билүүгө пайдаланат. Кол коюлчу PIN дин санарип кол коюу түзүүдө кереги тийип калат. Чектөө шартсөзү чалууну чектөө кызматын колдонгондо талап кылынат.
Аспабыңыз иштегенде кирүүчү коддор жана коргоо орнотуулары кандайча пайдаланып тураарын коюуга Меню > Орнотуусу > Коопсуздук тандаңыз.

Баскыч кулпу

Кокус баскычтарды басуудан сактануу үчүн Меню тандап, анан 3.5 сек. ичинде баскычты бекитүүгө * басып туруңуз.
Баскычты бошотууга Чечүү тандаңыз, жана 1,5 сек. ичинде * басып туруңуз. Эгер коопсуз баскычбек иштетилген болсо, коргоо коду суралганда, аны киргизиңиз.
Чакыруулар 11
Ариптактаны, аспап пайдаланбай турган учурда, убактын аныкталган узундугу өткөндөн кийин, автоматуу түрдө бекитүүгө, Меню > Орнотуусу > Телефон >
Баскычтын автомат бекитүү > Бар тандаңыз.
Ариптакта бекилген учурда чакырууну алууга, чакыруу баскычын басыңыз. Чакырууну аяктаган же четке кагылган учурда, ариптакта автоматтуу түрдө бекилет.
Аппарат же клавиатура "кулпуланып" коюлган учурда сиздин аппаратыңызга программаланган расмий тез жардам номерине чалуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.
Аспабыңызды SIM картасыз пайдалануу Аспабыңыздын оюндарга окшогон айрым өзгөчөлүктөрдү SIM картаны
кошпостон пайдаланса болот. Офлайн профильде жетишпеген өзгөчөлүктөрдү менюлардан тандоого да болбойт.
Фон артында аткарылган тиркемелер Тиркемелерди башка функциялар иштеп жатканда өчүрбөй фон катары иштетип
коюу батареянын кубаттуулугуна болгон талапты жогорулатып, анын иштөө мөөнөтүн азайтат.
Демейде фон катары жандырылган тиркемелердин арасында мисалы Үналгы жана Музыка ойноткучтары болушу мүмкүн.

Чакыруулар

Чакырууну жасоо жана чакырууну кабыл алуу

Чалуу Телефон номерин, керек болсо өлкө жана аймак кодун, жазыңыз анан чалуу
баскычын басыңыз.
Кирүүчү чалууга жооп берүү Чакыруу баскычын басыңыз.
Чалууну четке кагуу Токтотуу баскычын басыңыз.
Үндү жөнгө салуу Телефон чалуу учурунда, жогору же төмөн жылыңыз.
12 Тексти жазыңыз
Катуу сүйлөмө Сүйлөшүү убакта телефондун катуу сүйлөмө же наушниктин ортосунан бирөөнү
тандаган мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо, К.сүйлө же Жөнөкй тандаңыз.
Эскертүү: Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.

Терүү жарлыктар

Телефон номерин сан баскычына бекитүү
Меню > Байланыштр > Дагы > Тез терүүлөр дегенди тандаңыз, керектүү санга
(2-9) өтүңүз жана Дайынд. дегенди тандаңыз. Керектүү телефон номерин киргизиңиз же Издөө жана сакталган байланышты тандаңыз.
Тез терүүнү иштетүү
Меню > Орнотуусу > Чакыруу > Тез терүү > Бар тандаңыз.
Тез терүүнү пайдалануу менен чалуу жасоо Үй экранында, керектүү сан баскычын басыңыз жана аны кое бербей кармап
туруңуз.

Тексти жазыңыз

Текст режимдер Текст киргизүү үчүн (мисалы, кабарларды жазууда) сиз жөнөкөй же жарыш сөз
текст киргизүү ыкмасын колдонсоңуз болот.
Текст жазганда Жолдр менен белгилеген жөнөкөй текст киргизүү жана белгилеген жарыш сөз текст киргизүү ыкмаларын улам алмаштырууга басыңыз. Жарыш сөз текст киргизүү ыкмасы бардык тилдер боюнча колдоого
алынбайт.
Тамгалардын регистри
, , жана аркылуу белгилеген.
менен
Тамганын регистрин алмашууга # басыңыз. тамга режимине өтүүгө # басып туруп, жана Сан режими тандаңыз. Сандан тамга
режимине өтүүгө # басып туруңуз.
Жазуу тилин коюуга Жолдр > Жазган тили тандаңыз.
менен белгилеген сан режимден
Менюларды башкаруу 13
Жөнөкөй текст киргизүү 2 баштап 9 чейин сан баскычтарын улам керектүү тамга чыкмайын басып
чыгыңыз. Тамгалардын болушу тандалган жазуу тилге карата болот.
Эгер сиз киргизе турган кийинки тамга мурдакы менен бир баскычта жайгашкан болсо, жылдыргыч пайда болуусун күтүп, анан тамганы киргизиңиз.
Эң эле көп учуроочу пунктуация жана өзгөчө белгилерине жетүү үчүн 1 сан баскычын токтобостон басып чыгыңыз. Өзгөчө белгилердин тизмесине жетүүгө * басыңыз. Араны киргизүүгө 0 басыңыз
Жарыш сөз текст киргизүү Жарыш сөз текст киргизүү сиз да улам жаңы сөздөрдү киргизип толуктай турган
орнотулган сөздүктүн негизинде иштейт.
1 2 баштап 9 чейин баскычтарды колдонуп сөз жазууну баштаңыз. Ар бир
баскычты бир тамга үчүн бир эле жолу басыңыз.
2 Сөздү тастыктоо үчүн айлантма баскычын оңго басыңыз же боштук
калтырыңыз.
Эгер сөз туура эмес болуп жатса, улам * басуу менен тизмектен туура сөздү тандаңыз.
Эгер сөз дөн кийин ? белгис и па йда бол со, сизди и здеген сөз сөз дүктө жок болгонун билдирет. Сөздү сөздүккө кошууга Сөз тер тандаңыз. Жөнөкөй сөз киргизүү ыкмасын колдонуп, сөздү киргизип жана Сакта басыңыз.
Кошмок сөздөрдү жазууга сөздүн биринчи бөлүгүн киргизип, жана аны аныктоого айлантма баскычын оңго басыңыз Сөздүн кийинки бөлүгүн жазып бүтүп, сөздү аныктап коюңуз
3 Кийинки сөз жазууга киришиңиз.

Менюларды башкаруу

Аспаптын иш-милдеттери меню боюнча уюштурулган. Меню менен берилген баардык иш-милдеттер же тандоо нерселери бул жерде сүрөттөлгөн эмес.
Үй экранында Меню жана керектүү меню менен субменю тандаңыз.
Учурдагы меню деңгээлинен чыгуу
Чыгуу же Артка дегенди тандаңыз.
Үй экранына кайтуу Токтотуу баскычын басыңыз.
14 Кабар алмашуу
Меню көрүнүшүн өзгөртүңүз
Меню > Жолдр > Баш меню көрүн тандаңыз.

Кабар алмашуу

Аспабыңыз менен текст жана мультимедия сыяктуу кабарларды жаратып жана кабыл алыңыз. Кабар алмашуу кызматтардын сиздин тармагыңыз же кызмат тейлөөчүңүз аларды колдогондо гана пайдасын көрө аласыз.
Текст жана мультимедия кабарлар Сиз кабарды жаратып жана, каалашынча, мисал үчүн, сүрөт тиркеп кое аласыз.
Телефонуңуз текст кабарды, ага файл тиркелген болсо, аны автоматтуу түрдө мультимедия кабарга айлантып жиберет.
Текст кабарлар Аппаратыңыз бир гана билдирүүнүн өлчөмүнө коюлган чектен ашык өлчөмдөгү
билдирүүлөрдү жиберүүнү колдойт. Узун билдирүүлөр эки же андан ашык билдирүү түрүндө жиберилет. Сиздин тейлөө кызматыңыз ошого жараша төлөө акысын алат. Басым белгилери бар тамгалар, айрым тилдерде колдонулуучу белгилер көбүрөөк орун алуу менен бир билдирүүдө камтылган тамгалардын санын азайтат.
Пайдаланууга болгон тамгалардын толук саны жана жиберүүгө муктаж болгон кабарлардын саны көрсөтүлөт.
Кабарларды жиберүүгө аспабыңызда кабар борбордун туура номери сакталган болушу керек. Демейде, бул номер өзүңүздүн SIM карта аркылуу айласыз катары коюлат.
Номерди колго коюуга, төмөнкүнү аткарыңыз:
1 Меню > Кабарлаш. > Дагы > Кабар орнотуулары > Текст кабарлар > Кабар
борбору тандаңыз.
2 Сиздин кызмат тейлөөчүңүз берген атын жана номерин киргизиңиз.
Мультимедия кабарлар Мультимедия кабары текст, сүрөт жана үн же видео клиптерди камтышы мүмкүн.
Бири бирине туура келген функциялары бар аппараттар гана мультимедиа билдирүүлөрүн кабыл алып көрсөтө алат. Маалыматтын көрүнүшү кабыл алуучу аппаратка жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Кабар алмашуу 15
Зымсыз тармактар MMS маалыматынын өлчөмүнө чек салышы мүмкүн. Эгер киргизилген сүрөт бул чектен ашса, аппарат аны MMS аркылуу жибериле тургандай кылып кичирейте алат.
Маанилүү иш: Келген билдирүүлөрдү ачууда этият болуңуз. Билдирүүлөр кооптуу программаларды камтуу менен сиздин аппаратыңызга же компьютериңизге зыян келтириши мүмкүн.
Мультимедия кабарлашуу кызматтын (MMS) бар болушу жана ага жазылуу жолдору жөнүндө кызмат тейлөөчүңүздөн сураңыз.
Кабар жаратуу 1 Меню > Кабарлаш. > Кабар түзүү тандаңыз. 2 Кабарыңызды жазыңыз.
Өзгөчө белгини же жылмаюуну киргизүүгө Жолдр > Символ кыстар тандаңыз.
Кабарга объектти тиркеп коюуга Жолдр > Объект кыстар тандаңыз. Кабардын түрү автоматтуу мультимедия кабарга айланат.
3 Кабыл алуучуну кошууга Жибер жана кабыл алуучуну тандаңыз.
Телефон номерин же почта даректи колго киргизүүгө Номер же почт. тандаңыз. Телефон номерин киргизип, же E-mail тандап, жана почта дарегин киргизиңиз.
4 Жибер тандаңыз.
Мультимедия кабарлар экрандын башындагы сүрөтчөсү менен белгиленет.
Кабардын түрүнө карата кызмат тейлөөчүлөрдүн тарабынан алган акчасы өзгөрүлүп турат. Кошумча маалымат боюнча кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.
Флэш кабарлар Флэш кабарлар бул кабыл алуу учурунда заматта экранда пайда болуучу текст
кабарлардын түрү.
Меню > Кабарлаш. тандаңыз.
1 Дагы > Башка кабарл. > Флэш кабар тандаңыз. 2 Кабарыңызды жазыңыз. 3 Жибер жана байланышты тандаңыз.
Nokia Xpress аудио кабарлары MMS ти ылайык келген жол менен пайдаланып, аудио кабарларды түзүңүз жана
жөнөтүңүз.
16 Кабар алмашуу
Меню > Кабарлаш. тандаңыз.
1 Дагы > Башка кабарл. > Укма кабар тандаңыз. Үн жазгыч ачылат. 2 Кабарыңызды жазуу үчүн,
3 Жазууну токтотуу үчүн, 4 Жибер жана байланышты тандаңыз.
Nokia Messaging Service Аспабыңыз коомдук тармактар үчүн арналган Почта жана Чат камтыган Nokia
Messaging Service колдоого алышы мүмкүн.
Почта аркылуу сиз мобилдик аспабыңызды ар башка e-mail кызмат тейлөөчүлөргө таандык почта эсеп жазууларыңыздан кирүүгө пайдалана аласыз.
Чат аркылуу сиз мобилдик аспабыңызды башка онлайн кирүүчүлөр менен чатта сүйлөшүүгө колдоно аласыз.
Андай кабарлашуу системасы жетиштүү болгонун текшерүүгө Меню >
Кабарлаш. > E-mail тандаңыз. Башкы менюнун баш жагында
пайдаланууга болот.
Бул функция баардык өлкөлөр үчүн бирдей көрсөтүлбөйт. Кошумча маалымат боюнча кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.
Үн кабарлар Үн почта ящиги тарма к кызматына жатат жа на сиз ага жа зылып ал ууга тийишсиз.
Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө кайрылыңыз.
Үн почта ящигиңизге чалыңыз 1 басып кармаңыз.
Үн почта ящигиңиздин номерин оңдоңуз
Меню > Кабарлаш. > Дагы > Үн кабарлар жана Үн почта ящиктин номери
дегенди тандаңыз.
дегенди тандаңыз.
дегенди тандаңыз.
көрүнгөн болсо, Nokia Messaging Service

Кабар орнотуулары

Меню > Кабарлаш. жана Дагы > Кабар орнотуулары тандаңыз.
Төмөнкүлөр ичинен тандаңыз:
Байланыштар 17
Жалпы орнотулр — Кабарлар үчүн шрифттин чоңдугун коюп, жана графикалык жылмаюулар менен тапшыруу отчетторду жаратыңыз.
Текст кабарлар — Текст кабарлар жана SMS почта үчүн кабар борборлорду орнотуңуз.
Мультимед. кабр — Тапшыруу отчетторго, мультимедия кабарлар менен жарнактардын кабыл алуусуна уруксат берип, жана мультимедия кабарларга тийиштүү башка жактырууларды коюңуз.
Кызмат кабарлар — Кызмат кабарларды ишке жаратып, жана кызмат кабарларга байланыштуу башка артыкчыларды коюңуз.

Байланыштар

Сизге аттарды жана телефон номерлерди аспаптын эстутумунда жана SIM картага сактоого болот. Аспаптын эстутумунда байланыштарды номерлери жана текст нерселер менен кошуп сактоого болот. SIM картасында сакталган аттар жана номерлер
Меню > Байланыштр > Аттар тандаңыз.
Байланышты кошуу Танда Жолдр > Жаңы байл. кош.
Байланышка маалымат кошуу Колдонуудагы эстутум Телефон же Телефон & SIM экендиги болгонуна
ишениңиз. Байланышка чейин жылып болуп жана Танда > Жолдр > Маалымат
кош тандаңыз.
Байланышты издөө Байланыштар тизмеги боюнча нары-бери жылдырып чыгыңыз, же издеген аттын
биринчи тамгаларын киргизиңиз.
Байланышты аспаптын эстутуму жана SIM карта ортосунан көчүрүңүз. Байланышына чейин жылып болуп жана Жолдр > Дагы > Байланш көчүр
тандаңыз. SIM картасынын ар бир атка бирден гана телефон номерин сактоого өзгөчөлүгү бар.
менен белгиленет.
Сиздин байланыштарыңыз үчүн SIM картаны же аспаптын эстутумун тандоого, байланыштар тизмегинде аттардын жана номерлердин кандайча көрсөтүлөрүн тандоого жана байланыштарды батырган эстутумду көрүүгө Меню >
Байланыштр жана Дагы > Орнотуулар жана керектүү жолду тандаңыз.
18 Фотолор
Аспабыңыз vCard стандартты колдогонго жараган болсо, сиз жеке адамдын байланышуу маалыматын таанытма катары жиберип же кабыл алууга мүмкүнчүлүк аласыз.
Таанытма жөнөтүү Байланышты, Жолдр > Дагы > Таанытма жана жиберүү жолду тандаңыз.

Фотолор

Сүрөткө тартып жана видео клиптерди жазуу Камера Nokia C1–01 үчүн гана жолу берилет.
Сиздин аппаратыңыз 480x640 пиксель чечүүсүндө сүрөткө тартууну колдойт.
Камера режими
Кыймылсыз сүрөт функциясын тандаңыз.
Меню > Сүрөттөр > Камера тандаңыз.
Чоңойтуу же кичирейтүү Жогору же төмөн жылдырыңыз.
Сүрөткө тартуу
Тартуу тандаңыз.
Алдын ала көрүү режимин жана убакытты орнотуңуз.
Жолдр > Орнотуулар > Фотону алдын ала көрүү убагы тандаңыз.
Автоматтуу таймерди жаратуу
Жолдр жана каалаган жолду тандаңыз.
Видео режими
Видео функциясын колдонуңуз
Меню > Сүрөттөр > Видео камера тандаңыз.
Видео клип тартууну баштаңыз.
Жазуу тандаңыз.
Камера жана видео режим арасынан которуу Камера же видео режиминде, солго же оңго жылдырыңыз.
Музыка 19

Сүрөттөргө жана видео клиптерге көз чаптыруу

Сүрөттөрүңүзгө көз чаптыруу
Меню > Сүрөттөр > Сүрөттөрүм тандаңыз.
Видео клиптериңизди карап чыгуу
Меню > Сүрөттөр > Видеолорум тандаңыз.

Музыка

Музыка ойноткуч Аспабыңызга ырларды жана башка MP3 же AAC үн файлдарды угууга музыка
ойноткучу кошулган.
Меню > Музыка > Музыкам тандаңыз.
Ойнотууну баштоо жана токтотуп туруу Жылдыруу баскычын басыңыз.
Учурдагы ырдын башына өтүү Солго жылдырыңыз.
Мурунку ырга өтүү Солго эки жолу жылдырыңыз.
Кийинки ырга өтүү Оңго жылдырыңыз
Учурдагы ырды артка түрдүрүү Жылдыруу баскычын солго басыңыз жана кармап туруңуз.
Учурдагы ырды ылдам-астыга түрдүрүү Жылдыруу баскычын оңго басыңыз жана кармап туруңуз.
Үн көлөмүн өзгөртүү Жогору же төмөн жылдырыңыз.
Музыка ойноткучтун үнүн алып салуу же калыбына келтирүү # баскычын басыңыз.
Музыка ойноткучту жабыңыз Токтотуу баскычын басыңыз.
20 Музыка
Музыка ойноткучту фондо ойноткон бойдон калтыруу
Жолдр > Фондо ойнотуу тандаңыз.
Фон артында ойнотуп калтырган музыка ойноткучту жабуу Токтотуу баскычын басып, кармап туруңуз.
Эскертүү: Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.

FM үналгы

Меню > Музыка > Үналгы тандаңыз.
Жол берилген станцияларды автоматтуу издөө
Жолдр > Бар станц. изде тандаңыз. Жыйынтыктарды жакшыртууга терезе
жанында, же сыртка чыгып издөө жүргүзүңүз.
Жакын турган станцияны издөө Жылдыруу баскычын оңго же солго басыңыз жана кармап туруңуз.
Станцияны сактоо Өзүңүз каалаган станцияны таап аны жөндөңүз жана Жолдр > Толкунду сакта
дегенди тандаңыз.
Сакталган станциялар арасында которулуу Станциялар арасында которулуу үчүн солго же оңго жылдырыңыз же болбосо
керектүү станциянын иреттик номерин баскычта таап басыңыз.
Үн көлөмүн өзгөртүү Жогору же төмөн жылдырыңыз.
Радиону жабыңыз Токтотуу баскычын басыңыз.
Үналгыны фондо ойноткон бойдон калтыруу
Жашыр тандаңыз.
Фон артында ойнотуп калтырган үналгыны жабуу Токтотуу баскычын басып, кармап туруңуз.
Чакыруу журналы 21
Эскертүү: Үнү катуу чыккан музыканы көп убакытка чейин угуу, угуу жөндөмүңүздү начарлатышы мүмкүн. Музыканы үндү орто чыгарып угуңуз жана катуу сүйлөмө иштеп жатканда аспапты кулагыңызга жакындатпаңыз.

Чакыруу журналы

Чалуу, каттар, маалымат жата синхронизация жөнүндө маалыматты көрүү үчүн
Меню > Журнал тандаңыз да жана сунушталган варианттардан.
Эскертүү: Тейлөө кызматынан келген чалуулар жана кызматтар үчүн эсептер тармактын өзгөчөлүктөрүнө, сандарды тегеректөө практикасына, салыктарга жана башкаларга жараша өзгөрүп турат.

Желе же Интернет

Телефондогу браузер аркылуу сиз ар түрдүү интернет кызматтарды көрө аласыз. Веб баракчалардын көрүнүшү экрандын чоңдугуна жараша өзгөрүлө берет. Веб баракчалардын ичин сыдыра көрүп алууга мүмкүнчүлүгүңүз жетпей калат.
Телефонуңузга жараша, менюда желе кезүү функциясы Желе же Интернет катары чыгат, мындан нары Желе аты менен билинет.
Маанилүү иш: Сиз ишенген жана зыяндуу программаларга каршы
коопсуздукту жана сактыкты камсыз кылган кызматтарды колдонуңуз.
Алдагы кызматтардын бар болгонун, алардын баасын жана тийиштүү көрсөтмөлөрдү кызмат тейлөөчүңүздөн сурап алсаңыз болот.
Желе кезүүнү камсыз кылган тарамдарды сиз конфигурация кабар катары кызмат тейлөөчүнөн кабыл алсаңыз болот.

Желе кызматына туташуу

Меню > Интернет > Үй баракча тандаңыз. Же болбосо, күтүү режиминде 0
баскычын басып, кармап туруңуз.
Кызматка байланыш жасоодон кийин сиз анын баракчаларын карап чыгууну баштасаңыз болот. Телефондун баскычтардын иш-милдеттери ар башка кызматтарда ар башкача болот. Телефондун дисплейинде пайда болгон текст
22 Орнотуулар
көрсөтмөлөр боюнча иштеңиз. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө кайрылыгыңыз.

Орнотуулар

Профильдер Аспапты шыңгыратууга ыңгайсыз болгон учурда, чакырууна күткөн болсоңузчу?
Ар кандай орнотуулардын топтору, ар кандай окуялар менен айлана-чөйрөлөргө үчүн шыңгыроолор дайындалып, профиль делинип, өзгөчөлүккө ээ болушат.
Меню > Орнотуусу > Профильдер тандаңыз.
Каалfган профильди жана төмөнкү тандоолордун ичинен тандаңыз:
Жумша — Профильди ишке жаратыңыз. Өзүңө ыңгайлат — Профиль орнотуулары оңдоңуз. Убактылуу — Профильди белгилүү убакка чейин активдүү кылыңыз. Эгер бул
профильдин иштетүү мөөнөтү бүтүп калса, анын ордуна мурдакы убакыты чектелбеген профиль иштей баштайт.
Обондор Тандалган активдүү профиль үчүн обон орнотууларын өзгөртө аласыз.
Меню > Орнотуусу > Обондор тандаңыз. Ошол эле орнотууларды сиз Профиль‐
дер менюден таба аласыз.
Дисплей Тушкагазты, шрифттин чоңдугун же аспаптын экранына тийиштүү
өзгөчөлүктөрдү көрүп же жөндөтүүгө Меню > Орнотуусу > Дисплей тандаңыз.

Күн жана убакыт

Меню > Орнотуусу > Убак жана күн тандаңыз.
Күн жана убакытты орнотуңуз
Күн жана убак орнотуулары тандаңыз.
Күн жана убакыт форматын орнотуңуз
Күн жана убак формат орнотул. тандаңыз.
Убакытты азыркы убакыт алкактын убагына автоматтуу жаңыртып коюу
Күн мен убактын авто жаңыртуу дегенди тандаңыз (тармак кызматы).
Орнотуулар 23
Жарлыктар Жеке жарлык аркылуу сиз телефондогу дайым пайдаланып жаткан иш-
милдеттерине тез жете аласыз.
Меню > Орнотуусу > Жарлыктарым тандаңыз.
Телефон функцияларын тандоо баскычтарына бекитүү
Оң тандоо баскыч же Сол тандоо баскычы дегенди жана тизмеден функцияны
тандаңыз.
Жылдыруу баскычына жарлык функцияларын тандаңыз
Айлантма баскыч тандаңыз. Керектүү багытта жылдыруу баштап Өзгөрт же Дайынд. жана тизмектен иш-милдетти тандаңыз.

Мезгилдештирүү жана камдык сактоо

Меню > Орнотуусу > Мезгилд. & камсактоо тандаңыз.
Төмөнкүлөр ичинен тандаңыз: Телеф. алмаштыргыч — Байланыштарыңыз, календарь жазуулары, белгилер же
кабарлар сыяктуу тандалган маалыматты аспабыңыз жана башка аспап ортосунан мезгилдештирип же көчүрүңүз.
Камдык сактоо — Тандалган маалыматтын камдык сактоосу. Кам сактоо жандыр — Камдык сактоодон маалыматты калыбына келтириңиз.
Камдык сактоо файлга караштуу маалыматты көрүүгө Жолдр > Маалымат тандаңыз.
Сервер мен мезгилдеш. — Аспабыңыз же тармак сервери (тармак кызматы) менен ортосунан тандалган маалыматты мезгилдештириңиз же көчүрүңүз.
Байланыш мүнөзү Телефонуңузга берилген айрым иш-милдеттери башка аспаптар менен
маалымат тапшырууга же аны кабыл алуууга мүмкүн кылат.
Bluetooth зымсыз технологиясы Bluetooth технологиясы боюнча сиз аспабыңызды радио толкундары аркылуу 10
метр аралыкта (32 фут) турган туура келген Bluetooth аспапка байланыштыра аласыз.
Меню > Орнотуусу > Байланыш түрү > Bluetooth тандаңыз.
Bluetooth байланышты түзүү 1 Телефонумдун аты, тандап жана аспабыңыздын атын киргизиңиз.
24 Орнотуулар
2 Bluetooth > Бар тандаңыз. Bluetooth байланышы активдүү болгонун
көрсөтөт.
3 Телефонуңузду укма жабдууга байланыштырууга Укма кош. аспаптарга
байланышт жана байланыш жасоого көздөгөн аспапты тандаңыз.
4 Кол жеткен Bluetooth аспапты аспабыңызга коштоштурууга Коштошкон
аспаптар > Жаңы асп. кош тандаңыз.
Табылган аспапка чейин жылдырып жана Кош тандаңыз. Аспабыңызга (16 белгиге чейин турган) пароль киргизип жана башка
Bluetooth аспап менен байланышты түзүүгө уруксат бериңиз.
Эгер сиз коопсуздук жагынан бушайман болсоңуз, Bluetooth иш-милдетин иштен чыгарыңыз, же болбосо Телефонумдун көрүнө турганыЖашырын кылып коюңуз. Bluetooth байланышты жалаң гана ишенимдүү адамдардан кабыл алыңыз.
PCни интернетке байланыштыруу Сизге Bluetooth технологиясын PC Suite программасыз эле сиздин туура келген
PC үчүн Интернетке кирүүгө пайдаланса болот. Аспабыңызда интернетке (тармак кызматы) кирүү мүмкүнчүлүгү бар болуп, жана сиздин PC Bluetooth технологиясын колдоого алышы керек. Аспаптагы тармакка кирүүчү чекит (NAP) кызматына байланышуу түзүп жана сиздин PC менен коштоштуруудан кийин, аспабыңыз автоматтуу түрдө интернет менен пакет маалымат байланышын ачат.
Бул аппарат Bluetooth Specification 2.1 + EDR менен туура келип, төмөнкү профильдерди колдойт: жалпы кирүү мүмкүнчүлүгү, колу бош, гарнитура, объект таңулоо, файл өткөрүү, коммутатор аркылуу тармакка кирүү, SIM кирүү мүмкүнчүлүгү жана жалпы объект алмаштыруу. Bluetooth технологиялары колдогон башка аппараттардын өз ара иштешүүнү камсыз кылуу максатында Nokia тарабынан бул модель үчүн жол берилген жабдууларды пайдаланыңыз. Бул аппарат менен башка аппараттардын айкалышуусу тууралуу маалымат алуу үчүн ал аппараттардын өндүрүүчүсүнө кайрылыңыз.
Bluetooth технологиясын колдогон функциялар же башка функцияларды колдонуп жатканда мындай функциялардын арткы фон катары иштешине жол берүү, батареяга болгон талапты жогорулатат жана батарея зарядынын мөөнөтүн төмөндөтөт.
Пакет маалымат Жалпы пакет радио кызмат (GPRS) бул интернет протоколго (IP) негизделген
тармак аркылуу уюлдук телефондорго маалымат жиберүү жана кабыл алууга мүмкүндүк берген тармак кызматы.
Орнотуулар 25
Кызматтын пайдалануу түрүн аныктоого Меню > Орнотуусу > Байланыш түрү >
Топтом маалымат > Топтом маалымат байланыш жана төмөнкү жолдордон
тандаңыз: Керек болгонд — тиркеме талап кылган убакта топтом маалымат байланышууну
жасоо. Байланыш тиркеме жабылганда кошо үзүлөт. Дайым онлайн — автоматтуу түрдө сиз телефон жандырган сайын топтом
маалымат тармакка байланыш жасоо

Чакыруу жана чалуу

Меню > Орнотуусу > Чакыруу тандаңыз.
Кирүүчү чалууларды дарекбуруу
Чакыруунун дарек буруусу дегенди тандаңыз (тармак кызматы). Кошумча
маалымат боюнча кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.
Ийгиликсиз аракеттен кийин автоматтык түрдө он жолу кайра номерди терүү
Автоматтуу кайра терүү > Бар тандаңыз.
Чалуу убагында кирүүчү чалуулар тууралуу билдирүү алуу
Чакырык күтүү > Керек кылуу дегенди тандаңыз (тармак кызматы).
Сиз чалып жаткан адамга номериңизди көрсөтүү же жашыруу
Чакыруучунун ID жибер дегенди тандаңыз (тармак кызматы). Кошумча маалымат
боюнча кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.
Меню > Орнотуусу > Телефон тандаңыз.
Дисплей тилин орнотуу
Тил орнотуулар > Телефон тили тандаңыз.
Кошумча жабдуулар Бул меню аспаптын туура келген жабдууга туташтырылып турганда пайда болот.
Меню > Орнотуусу > Кошумча аспаптар тандаңыз. Кошумча аспапты жана ага
жараша жолду тандаңыз.
Конфигурация Аспабыңызды белгилүү кызматтар иштетүүсүнө керек болгон орнотуулар менен
тарамдатса болот. Андай орнотуулардын кызмат тейлөөчүңүз сизди камсыз кылууга ыктымал.
Меню > Орнотуусу жана Тарам орнотуусу тандаңыз.
26 Тиркемелер
Төмөнкүлөр ичинен тандаңыз: Айл. тарам орнот. — Аспапта сакталган кызмат тейлөөчүлөрдү көрүп, жана
айласыз кызмат тейлөөчүнү коюңуз. Бар тирк.айласыз — Колдоого алынган тиркемелерди иштетүү үчүн айласыз
тарамдалган орнотууларды жаратыңыз. Көнгөн кирчү чекит — Сакталган кирүүчү чекиттерди көрүңүз. Жеке тарам орнотуулар — Ар кандай кызматтардын жаңы жеке эсеп жазууларды
кошуп, аларды жаратып коюңуз же жок кылыңыз. Жаңы жеке эсеп жазууну кошууга Жаң.кош же Жолдр > Жаңысын кош тандаңыз. Кызмат түрүн тандап, керек болгон маалыматты киргизиңиз. Жеке эсеп жазууну ишке жаратууга, эсеп жазууга жылдырып жетип жана Жолдр > Жандандыруу тандаңыз.
Заводдун орнотууларын калыбына келтирүү Кайра телефондун заводдон чыккан орнотууларын калыбына келтирүүгө
Меню > Орнотуусу > Завод орнт. клп.келтир жана төмөнкүлөрдөн тандаңыз:
Орн. калып. келт — Жеке маалыматка тийбестен баардык артык көргөн орнотууларды тазалайт.
Барын калыпка келтир — Баары артык көргөн орнотууларды тазалап жана байланыштар, кабарлар, медия файлдар жана жандантуу ачкычтарга окшогон баардык жеке маалыматты кошо өчүрөт.

Тиркемелер

Ойготкуч саат Ойготкучту, каалаган убакытта үн-сигналын берүүсүн орното аласыз.
Сигнал коюу 1 Меню > Тирке‐лер > Ойгткч. саат тандаңыз.
2 Сигналды жаратууга, оңго же солго жылдырыңыз. 3 Сигнал убагын киргизиңиз. 4 Жуманын тандалган күндөрүндө сигналды кайталатууга, Жолдр >
Кайталануучу күндөр жана күндөрдү тандаңыз.
5 Сигнал обонун тандоого, Жолдр > Сигнал обону тандаңыз. Үналгыны сигнал
обонундай тандасаңыз, гарнитураны аспапка туташтырыңыз.
6 Чырм этүү кечиктирүү убактын узундугун коюуга, Жолдр > Чырм этүү убак
тандаңыз.
7 Сактоо тандаңыз.
Тиркемелер 27
Сигнал токтотуу
Токтот тандаңыз. Эгер сиз, ойготкучту бир мүнөткө шыңгыратып койсоңуз же Чырмэт дегенди тандасаңыз, ойготкуч чырм этүү убакыт аралыгына токтоп кала т,
анан кайра шыңгырай баштайт.
Галерея Галереядагы сүрөттөрдү, видео клиптерди жана музыкалык файларды иреттей
аласыз.
Галерея мазмундарын көрүү
Меню > Тирке‐лер > Галерея тандаңыз.
Кошумчалар Аспабыңыз бир нече оюндарды жана аспабыңыз үчүн атайын ойлонуп
чыгарылган Java™ тиркемелерин камтышы мүмкүн.
Меню > Тирке‐лер > Кошумча тандаңыз.
Оюнду же тиркемени ачуу
Оюндар, Коллекция, же эстутум картаны, жана оюнду, же болбосо тиркемени
тандаңыз.
Оюн жана тиркеменин орнотууларына жете турган эстутумдун өлчөмүн байкоо
Жолдр > Эстутум абалы тандаңыз.
Оюнду же тиркемени жүктөө
Жолдр > Жүктөөлөр > Оюн жүктөмөлөр же Тиркеме жүктөө дегенди тандаңыз.
Аспабыңыз J2ME™ Java тиркемелерин колдойт. Аспабыңызга тиркеменин туура болгонуна жүктөө алдында ишениңиз.
Маанилүү иш: Сиз орноткон жана пайдаланып жаткан тиркемелер менен башка программалар ишенимдүү жайлардан чыкканы абзел. Ишенимсиз жайлардан чыккан тиркемелер аспабыңыздагы маалыматка кол салган, натыйжада акчадан ажыратууга же аспабыңыздын бузулушуна алып келген зыяндуу программаларды камтышы мүмкүн.
Жүктөлгөн тиркемелерди Галерея ордуна Тирке‐лер сактаса болот.

Үн жазгыч

Меню > Тирке‐лер > Жазчу аппр. тандаңыз.
28 Оператордун меню
Жазууну баштоо Жазуу сүрөтчөсүн тандаңыз.
Эң акыркы жазууну угуу
Жолдр > Акыркы ойнот тандаңыз.
Акыркы жазууну мультимедия кабарында жөнөтүү
Жолдр > Кийин жазг жбр тандаңыз.

Эмне кылуу тизмеги

Меню > Тирке‐лер > Эмне кылуу тизмеги тандаңыз.
Эмне кылуу тизменин нерселери маанилүүлүгүнө карата электен өтүп көрсөтүлөт. Эмне кылуу тизмегин уюштурууга Жолдр жана туура келген жолду тандаңыз.

Оператордун меню

Сиздин тармак операторуңуз камсыз кылган кызматтар дарбазасына кириңиз. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө кайрылыгыңыз. Оператордун бул менюну кызмат кабар аркылуу жаңылатып коюуга мүмкүндүгү бар.

SIM кызматтары

SIM картаңыз кошумча кызматтарды көрсөтө алат. Бул меню SIM картаңыз колдогон күндө гана ачылат. Меню аты жана мазмуну колдо болгон кызматтарга жараша болот.

Жашыл кулак кагыштар

Зардеп сактоо Эгер сиз төмөнкүлөрдү (аспабыңызда жетиштүү болгон күндө) иштесеңиз, сизге
батарейканын зарядын бат-бат толтурууга кажети жок болуп калат:
Пайдаланылбаган тиркемелерди жана маалымат байланыштарды, мисалы Bluetooth байланышты, жабыңыз.
Экран жарыктыгын төмөндөтүңүз.
Продукт жана коопсуздук маалыматы 29
Аспабыңызда жетиштүү болгон күндө, аспабыңызды эң кыска убакыттын ичинде эч аракет байкалбай турса, күч сарамжалдоо режимине өткүдөй кылып коюңуз.
Кереги жок үндөрдү, мисалы баскыч обондорун, иштен чыгарыңыз.
Кайра иштетүү Бул аспапты жасоого жумшалган баардык материалды кайрадан энергия жана
материалдар түрүндө жаратып алууга болот. Сиздин эски Nokia өнүмдөрүн кандайча кайрадан иштетүүгө болгонун билүүгө, www.nokia.com/werecycle же уюлдук аспапты пайдаланууда nokia.mobi/werecycle барыңыз.
Таңгактоо материалдарды жана пайдалануучу колдонмолорун жергиликтүү кайра иштетүү планы боюнча иштетүүгө бере аласыз.
Сиздин өнүмүңүздөгү сыртында, батарейкада, оролгон пакетинде чийилген дөңгөлөктүү челек белгиси баардык электрикалык жана электрондук өнүмдөр, батарейкалар жана элементтер иштөө мөөнөтү аяктоо менен бөлүнүп чогулушу керектигин билдирет. Бул талап Европалык Уюм боюнча коюлат. Башка муниципалдык сорттолуп ылгабаган таштандылар менен ыргытчу болбоңуз. Аспабыңыздын айлана-чөйрөгө жакын өзгөчөлүктөрү тууралуу дагы маалымат алууга www.nokia.com/ecodeclaration дарекке барыңыз.

Продукт жана коопсуздук маалыматы

Жалпы маалымат Сиздин аппаратыңыз жөнүндө Бул колдонмодо сүрөттөлгөн зымсыз аппарат EGSM 900 жана 1800 МГц тармактары гана колдонууга бекитилген. Тармактар жөнүндө кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматына кайрылыңыз.
Сиздин аспабыңыздагы башынан орнотулган чөп каттар жана үчүнчү тараптардын интернет сайттарына шилтемелер аркылуу үчүнчү тараптардын сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Алардын Nokia менен катышы жок жана Nokia алар үчүн жоопкерчиликти албайт. Андай сайттарга кирүүдө коопсуздук үчүн мазмунуна каршы сактык чараларды көрүшүңүз зарыл.
Эскертүү: Аппарат жандырылбаган кезде ойготкучтан бөлөк функцияларын пайдаланууга болбойт. Зымсыз аппаратты колдонуу тоскоолдук же коркунуч алып келе турган жагдайда иштетпеңиз.
Бул аппаратты колдонууда баардык мыйзамдарга баш ийиңиз жана жергиликтүү салттарды, башка адамдардын жекелигин жана мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде автордук укуктарды сыйлаңыз. Автордук укуктар сүрөттөрдү, обондорду жана башка нерселерди көчүрүүдөн, өзгөртүүдөн, таркатуудан сактоосу мүмкүн.
30 Продукт жана коопсуздук маалыматы
Сиздин аппаратыңызда сакталган маанилүү маалыматтарды кошумча көчүрмөлөп же кол жазма түрүндө көчүрмөсүн сактоону унутпаңыз.
Башка аппаратка туташтыруудан мурун, деталдык коопсуздук көрсөтмөлөрүн алуу үчүн ал аппараттын колдонмосун окуп чыгыңыз. Туура келбеген продукттарды туташтырбаңыз.
Бул колдонмодогу сурөттөр сиздин аппаратыңызда чыккан сурөттөрдөн айрымаланышы мүмкүн.
Сиздин аппаратыңыз тууралуу башка маанилүү маалыматты колдонмодон таба аласыздар.
Тармактык кызматтар Телефонду колдонуу үчүн сизде зымсыз байланыш кызматынан тейлөө болушу керек. Кээ бир функциялар баардык эле тармактарда боло бербейт; башка функцияларды пайдалануудан мурда сизге тейлөө камсыздоочу менен атайын
макулдаштык кылуу керек болот. Тармак кызматтардан пайдалануу маалымат берилиш түрүндө өтөт. Кызмат тейлөөчүңүз менен үй тармактын жана башка тармактарда болуудагы акы төлөө маалыматын тактаңыз. Сиздин кызмат тейлөөчүңүз кандай акылар кошулаарын айтып берет. Кээ бир тармактар тармак тарабынан TCP/IP протоколдордо жүргүзгөн WAP 2.0 протоколдор (HTTP жана SSL) жана тилге көз каранды белгилерге негизделген атайын технологияларды колдоого алынган аспаптын өзгөчөлүктөрүн пайдалануу жагынан чектөөлөрдү жасашы мүмкүн.
Сизди кызмат тейлөөчүңүз белгилүү бир функцияларды иштен чыгарып же активдештирбей коюуну сурап калышы мүмкүн. Эгер андай болсо, мындай функциялар сиздин аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Сиздин аспабыңызда меню аттары, меню ирээти жана сүрөтчөлөргө окшогон нерселер алдын ала жөндөлгөн болушу мүмкүн.
Эс кабын бөлүү Бул аппараттагы төмөнкү функциялар эс кабын тең бөлүшү мүмкүн: . мультимедия кабарлашуу (MMS). Жогорку функциялардын бирөөсүн же андан көбүн колдонуу башка функцияларга тийген эс кабынын азайусуна алып келет.
Эгер аспабыңыз эс каптын толгону жөнүндө кабарды көрсөтсө, бөлүшкөн эс капта сакталган кээ бир маалыматты өчүрүүгө туура келет.
Шаймандын программдык камсыздалышынын жаңыртуулары жөнүндө Шаймандын программдык камсыздоосунун жаңыртуулары аркылуу, шайманыңызга жаңы мүмкүнчүлүктөр менен
өркүндөтүлгөн функцияларды алууга болот. Андан тышкары программанын жаңылатуусу аспабыңыздын иштетүү жагын өйдөлөтөт.
Аспабыңыздагы программанын жаңылатуу алдында сизге өздүк маалыматтын камдык сактоосу ашыкча болбойт.
Эскертүү: Эгер Сиз жаңыртылган компьютердик программаны орноштуруп жатсаңыз, орноштуруу процесси бүткөнгө чейин бул аппаратты тез жардам чакыруу үчүн колдоно албайсыз. Жаңыртуунун орнотулуусун кабыл алуудан мурун, маалыматтын көчүрмөсүн жасап коюуну унутпаңыз.
Жаңыртылгандан кийин, колдонуучунун нускамасындагы көрсөтмөлөр эскирип калышы мүмкүн.

Кошумча жабдуулар

Эскертүү: Берилген моделге Nokia тарабынан бекитилген гана батарейкаларды, заряддоо түзүлүштөрдү жана кошумча жабдууларды колдонуңуз. Башка түрлөрдү колдонуу кепилдикти жана аныктаманы жокко чыгарып жана коркунучтуу да болушу мүмкүн. Тактап айтканда, көрсөтүлбөгөн батарейка же заряддоо түзүлүшүн колдонуу от чыгуу, жарылуу, батарейканын ичиндеги суюктуктун агуусу же башка коркунучту алып келиши мүмкүн.
Продукт жана коопсуздук маалыматы 31
Бекитилген жабдуулардын бар же жогун дилериңизден билип алсаңыз болот. Жабдууларды электр тогунан ажыратканда, сайгычтан кармап сууруңуз, зымды тартпаңыз.
Батарейка Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат Сиздин аппаратыңыз кайрадан заряддоого болгон батареядан иштейт. Бул аппарат менен иштетүүгө бекитилген батарея - BL-5CB. Nokia бул аппаратка ылайыкталган батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Бул аппарат төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3 . Заряддагыч модельдин так номери сайгычтын түрүнө карата өзгөрүлүп бериши мүмкүн. Штепсельдин түрү төмөнкүлөрдүн бири менен аныкталат: E, X, AR, U, A, C, K, же B.
Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз. Nokia тарабынан жол берилген батареяларды пайдаланыңыз жана батареяны Nokia тарабынан жол берилген, ушул аппарат үчүн атайын чыгарылган түзүлүштөр менен гана заряддаңыз.
Эгер алмаштырылып жаткан батарея биринчи жолу иштетилип жаткан болсо же узак убакыт бою иштетилбеген болсо, заряддону баштоо үчүн заряддагыч түзүлүштү кошуу, кайра ажыратуу жана кайрадан кошуу керек болушу мүмкүн. Эгерде батареянын заряды толук түгөнгөн болсо, заряддалуу деңгээлинин көрсөткүчү экранда пайда болгонго чейин же чакырууларды жасоого мүмкүн болгонго чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.
Коопсуз алып чыгуу. Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып, аппаратты өчүрүү керек.
Туура заряддо жолу. Заряддагыч түзүлүштү колдонулбаган убакта электр розеткадан жана аппараттан ажыратып коюңуз. Толугу менен заряддалган батареяны заряддагыч түзүлүшкө кошулган боюнча таштап койбоңуз, анткени ашыкча заряддоо батареянын колдонуу убактысынын кыскартып ийет. Колдонулбаса деле толук заряддалган батарея убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.
Ашыкча суук же ысыктан абайлаңыз. Батареяны дайыма 15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) аралыгындагы температурада сактаганга аракет кылыңыз. Адаттан тыш температуралар батареянын батыруу көлөмүн жана колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же муздаган батареясы бар аппарат батарея толук заряддалганына карабастан убактылуу иштебөөсү мүмкүн. Батареянын иштөө мөөнөтү тоңуу температурасынан бир топ төмөн температурада өзгөчө кыскарат.
Кыска туташууну болтурбаңыз. Кокустан кыска туташуулар монета, кагаз бекиткич, калемсап сыяктуу металл буюмдар батареянын оң (+) жана терс (-) терминалдарына тийип, түз туташууга себеп болгондо болушу мүмкүн. (Терминалдар батареяда металл сызыктар түрүндө болот.) Мындай кокустуктар сиз, мисал үчүн, батареяны өз чөнтөгүңүздө бош алып жүргөндө чыгышы мүмкүн. Терминалдардын кыска туташуусу батареяга же тийген буюмга зыян кылышы мүмкүн.
Жок кылуу Батареяны отко жакын кармабаңыз, анткени ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны жергиликтүү эрежелерди сактап жок кылыңыз. Мүмкүн болсо иштетүүгө берүүңүздү суранабыз. Кадимки үй чарба таштандысы катары таштабаңыз.
Суу агышы. Батареяны же анын уюкчаларын тышын сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп, тешип же өз өзүнчө бөлбөңүз. Батарейканын суусу агып калса, ал суюктук көзүңүзгө же териңизге түшпөгүдөй болсун. Андай кокустук орун алса, жаба тарткан жерлерди дароо аккан сууга тосуп жууңуз, же болбосо медикалык жардамга кайрылыңыз.
Бузуулар. Батарейканы кайрадан жасоого, ичине бөтөн объекттерди киргизүүгө аракет кылбаңыз, сууга же башка суюктук ичине салып же аларга тийгизбеңиз. Батареяга зыян келтирилген учурда дагы ал жарылуусу мүмкүн.
Туура пайдалануу. Батареяны көрсөтүлгөн максат менен гана колдонуңуз. Батареяны туура эмес колдонуу от чыгуу, жарылуу жана башка коркунучту алып келиши мүмкүн. Эгер аспабыңыз же батарейкаңыз жерге, айрыкча катуу тегиздикке түшүрүп алсаңыз жана батарейканын соо калганына күнөм болсоңуз, аны кайра пайдалануудан мурда кызмат ишканасына жарамдуулугун текшерүүгө алпарыңыз. Иштен чыккан зарядоо бөлүкчөнү же батареяны эч качан колдонбоңуз. Аларды кичинекей балдардан алыс кармаңыз.
32 Продукт жана коопсуздук маалыматы
Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз Аппаратыңызды, батареяны, заряддоо түзүлүшүн жана кошумча жабдууларды камкордук менен алып жүрүңүз. Төмөнкү сунуштар сиздин, кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.
Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар, нымдуулук жана суюктуктардын бардык түрлөрү, электрондук
тетиктерге зыян келтирүүчү минералдарды камтыйт. Эгер аппаратыңыз ным болуп калса, батареяны чыгарып, кургатып коюңуз.
Аппаратты чаңдуу же кир жерлерде колдонбоңуз же сактабаңыз. Анын жылдырма бөлүктөрү жана
электроникалык компоненттери зыянга учурайт.
Аппаратты суук же ысык жайларда сактабаңыз. Жогорку температуралар, аппараттын колдонуу убактысын
кыскартып, батареяга зыян келтирип, айрым пластик тетиктеринин бузулуп же эрүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Аппаратты суук жайларда сактабаңыз. Аппарат өзүнүн нормалдуу температурасына келгенде, анын ичинде
пайда болгон ным, электрондук чынжырларга зыян келтириши ыктымал.
Продукт жана коопсуздук маалыматы 33
Колдонуучунун колдонмосунда көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.
Укуксуз өзгөртүүлөрдү киргизүү, аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү эрежелерди бузушу мүмкүн.
Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз. Этият эмес колдонуу аппараттын ички чынжыр схемаларын жана механизмдерин бузушу мүмкүн.
Аспаптын тышын дайым жумшак, таза жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.
Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө жолтоо болуусу ыктымал.
Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн, маал маалы менен аны өчүрүп, батареясын алып, анан кайра иштетип туруңуз.
Аппаратыңызды магнит жана магнит талаалардын жанында кармабаңыз.
Маанилүү маалыматыңызды коопсуз сактаңыз, аларды, жок дегенде, эки, түзүлүшүңүз, эс тутум картасы же компьютериңиз сыяктуу, бөлөк жерде сактаңыз же аларды жазып туруңуз.
Жок кылуу Колдонуудан чыккан электроникалык продукттарды, батарейкаларды жана таңгактоо материалдарды буга арналган
чогултуучу жайга алып барыңыз. Бул жердин бетине таштандынын жайылтууну токтотконго жана материалдарды кайрадан иштетүүгө көрүлгөн чара катары боло алат. Продукттун, айлана-чөйрөнү сактоо маалыматын жана Nokia продукттарыңызды кандайча кайра иштете ала турганыңызды кийинки сайттарда www.nokia.com/werecycle же мобильдик аппарат менен nokia.mobi/werecycle барагында текшериңиз.
Кошумча коопсуздук маалымат Бул аппараттын тыштоосунда никель жок.
Кичинекей балдар Аспабыңызды жана анын кошумча жабдууларды оюнчук кылууга болбойт. Ал майда бөлүктөрдөн турат. Аларды
кичинекей балдардын колуна түшпөгүдөй алыс кармаңыз.
Иштетүү чөйрөсү Бул аппарат RF таасири астында жүрүү боюнча көрсөтмөлөргө туура келет жана жөнөкөй колдонуу кулакка каршы
кармап же денеден эң аз дегенде 1,5 сантиметр (5/8 дюйм)аралыкта алып жүргөндөгүсү эсептелет. Сумка, кемер илгичи, же кутуча аппаратты денеге жакын алып жүрүү үчүн колдонулса, алар металл тетиктерди камтыбаш керек жана аппаратты денеден жогоруда айтылган алыстыкта кармашы керек.
Маалымат файлдарын же кабарларды жиберүү тармак менен сапаттуу байланышты талап кылат. Маалымат файлдар же кабарлар качан андай байланыштын болоорун күтө беришет. Берилиш өтмөйүнчө көрсөтмөдө айтылган алыстыкты сактаңыз.
Аппараттын кээ бир бөлүктөрү магниттелген. Металлдан материалдар аппаратка тартылышы мүмкүн. Кредиттик карточкаларды же башка магниттик сактоо каражаттарды аппараттын жанына койбоңуз, анткени алардын ичинде сакталган маалымат өчүп калышы мүмкүн.
Медициналык аппараттар Радио берүү жабдуулардын катарына кирген зымсыз телефондор коргоосу жеткиликтүү иштелбеген медициналык аппараттардын иштөөсүнө тоскоол кылышы мүмкүн. Догдуруңуздан же медициналык жабдуунун чыгаруучунан анын сырттан келүүчү RF (радио жыштык) энергиядан калкаланганы жетиштүү болгонун билип алыңыз. Эгерде имарат
ичинде илинген эрежелер сизди аспапты өчүрүүнү талап кылса, аны иштеңиз. Бейтапканалар жана саламаттыкты сактоого арналган жайларда сырттан келген RF энергиясын тез кабыл алууга жөндөмдүү аппараттар коюлушу мүмкүн.
Имплантацияланган медициналык аппарат Медициналык аспаптардын чыгаруучулары электрокардиостимуляторго жана имплантацияланган дефибрилляторго мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жаратпоо үчүн зымсыз аппараттын алардан эң кеминде 15,3 сантиметр (6 дюйм)
34 Продукт жана коопсуздук маалыматы
аралыкты сактап алып жүрүштү сунуш кылат. Мындай аспаптар менен жашаган адамдар төмөнкүнү эсине тутушу зарыл:
Дайыма зымсыз аппаратты күйгүзгөн учурда медициналык аспаптан 15,3 сантиметр (6 дюйм) аралыкта кармап туруңуз.
Аппаратты көкүрөк чөнтөгүңүздө алып жүрбөңүз
Зымсыз аспапты медициналык аспап жайгашкан жактан карама каршы келген кулакка кармаңыз.
Эгер тоскоолдукту көрүүгө шегиңиз болсо, анда зымсыз аппаратты өчүрүп салганыңыз оң.
Имплантацияланган медициналык аспап үчүн чыгаруучунун көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Сиздин зымсыз аппаратыңыз жана имплантацияланган медициналык аспап менен кошо алып жүргөнү жөнүндө дагы суроолоруңуз болсо, өзүңүздүн караган догдурдан кеңеш алыңыз.
Угуучу аппараттар Кээ бир санарип зымсыз аппараттар кээ бир угуучу аппараттарга жолтоо болушу мүмкүн.
Унаалар Радио жыштык сигналдары мотор унааларында туура эмес орнотулган же тиешелүү түрдө корголбогон электрондук май инжектордук, блоктоого каршы тормоздук, электрондук ылдамдыкты контролдоо, аба баштыктар системалары
сыяктуу электрондук системалардын иштөөсүнө таасир тийгизүүсү мүмкүн. Дагы көбүрөөк маалыматты унааңыздын же андагы жабдууларды чыгаруучусунан алыңыз.
Атайын даярдыгы бар адистер гана жабдууларды орнотуп же тейлеши керек. Туура эмес орнотуу же тейлөө кооптуу болушу мүмкүн жана жабдууга берилген кепилдикти жокко чыгарышы ыктымал. Сиздин унааңызга орнотулган зымсыз жабдуулар туура орнотулуп жана иштетилип жатканын маал маалы менен текшерип туруңуз. Тез тутануучу суюктуктарды, газдарды же жарылуучу заттарды зымсыз жабдуулар орнотулган бөлүмдөрдө чогуу сактап же ташып жүрбөңүз. Aба жаздыктардын абдан бир заматтын ичинде абага толо тургандыгын эске алыңыз. Аспабыңызды же кошумча жабдууларды аба жаздыктары жазыла турган мейкиндикке койбоңуз.
Учакка кирүүдөн мурда аппаратыңызды өчүрүп коюңуз. Зымсыз телеаппаратураны учактын ичинде колдонуу учактын иштөөсүнө тоскоол келтирип, жана мыйзамга каршы болушу мүмкүн.
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр Жарылуучу заттар орун алган аймакта аспабыңызды өчүрүп койгонуңуз туура. Баардык тышка чыгарылган маалымдоолорго баш ийиңиз Бул жерлерде учкундар адамдын өлүмүнө же жарадар болушуна себеп болгон жарылуу же өртү чыгарышы мүмкүн. Аппаратыңызды оңдоо станцияларда же газ соркыскычтар менен иштеген май куюучу
жайларында өчүрүп койгонуңуз туура болот. Май куюучу станцияларда, жанармай сактоо жана таратуу жерлеринде, химиялык заводдордо же жарылуу иштери жүрүп жаткан жерлерде койгон чектөөлөргө баш ийиңиз. Жардыруу коркунучка жакын чөйрөлөр кээде так белгиленбейт. Алардын катарына демейде унаа моторун иштетпей коюуга мажбур болгон учурлар, кемелердин төмөнкү палубалары, химикалык заттарды ташуучу же сактоочу жайлар жана абасында химиялык заттар же болбосо чаң, дандын кабыгы же металл күкүмдөрү сыяктуу майда бөлүкчөлөр учкан жерлер да кирет. Суюкталган газ (пропан же бутанга окшогон) күчү менен жүргөн унаалардын жакын арада туруп колдогу аспаптын иштетүү жагын алардын чыгаруучулардан тактап билүүгө болот.

Тез жардам чакыруулары

Маанилүү иш: Колдогу аппаратыңыз радио сигналдарды, зымы жок байланышты, жердин кыртышы менен өткөн тармактарды жана пайдалануучу тарабынан программаланган функцияларды колдонуп иштейт. Эгер сиздин аппаратыңыз интернет боюнча өткөн үн чалууларын (интернет чалуулар) колдогон болсо, уюлдук телефонду жана интернет чакырууларды экөөнү тең активдештириңиз. Аппарат тез жардам чалууларын уюлдук тармактар жана Интернет аркылуу ишке ашырууга аракет кылат. Баардык шарттарда байланышууга кепилдик бериле албайт. Зарыл түрдө байланыш керек болсо, мисалы, медициналык тез жардам чакырууда, сиз жалгыз гана зымсыз аппаратыңызга ишенбеңиз.
Автордук укук жана башка билдирүүлөр 35
Тез жардам чакыруусун жасоо үчүн:
1 Өчүрүлгөн аппаратты жандырыңыз. Сигналдын жетиштүүлүгүн текшериңиз. Аспабыңызга жараша,
төмөнкүлөрдү аткаруу керек болушу ыктымал:
Эгер аппаратыңыздын иштетүү үчүн SIM карта керек болсо, аны ордуна коюңуз.
Аспабыңызда мурда коюлган чакырууларга чектерди алып салыңыз.
Профильди Oфлайн жана Учуу режимдеринен чыгып, активдүү кылыңыз. 2 Аппаратты чакыруу жасоого даяр кылуу жана экранды тазалоо үчүн аяктоо баскычын керектүү санда басыңыз. 3 Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез жардам номерин киргизиңиз. Тез жардам номерлери жайгашуу
жерине жараша өзгөрүп турат.
4 Чакыруу баскычын басыңыз.
Тез жардамга чалып жатканда керектелген бардык маалыматтарды мүмкүн болушунча так бериңиз. Сиздин зымсыз аппараттыңыз кырсык учурунда жалгыз байланыш каражаты болуп калышы мүмкүн. Уруксат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
Сертификация маалыматы (SAR) БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРЫНЫН ТААСИРИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖОЛДОМОЛОРДУН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл алгыч. Ал эл аралык колдонмолордун радио толкундарынын таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук абалындагы адамдарды сактоо үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.
Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific Absorption Rate (Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда көрсөтүлгөн SAR чеги 10 грамм дене ткандарына орточо баа менен алганда 2.0 Ватт/килограммга (В/кг) жеткенде туура келет. SAR тесттери кадимкидей иштетүү акыбалда колдонулган, бардык текшерүүгө туура келген жыштык тасмалар боюнча, тастыктоого болгон күчтүн эң жогорку деңгээлине коюлуп иштетилген аспап үчүн өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли эң жогорку нарктан төмөн болушу мүмкүн, анткени аппарат тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулукту гана пайдаланууга түзүлгөн. Тармак станциясына жайгашууңуз канчалык жакын болгондугуна жана башка ушу сыяктуу факторлорго жараша бул сан өзгөрүп турат.
ICNIRP колдонмолору боюнча SARдын эң жогорку наркы аппаратты кулакка тийгизгенде болот. 0,68 ватт/кг (RM-607) же 1,27 ватт/кг (RM-643) .
Аппараттын жабдууларын колдонуу SARдын түрдүү нарктарына алып келет. SAR нарктары улуттук отчет берүү жана сыноо талаптарына жараша жана тармактын тасмасына жараша өзгөрүлүүгө тийиш. Кошумча SAR маалыматы өнүм маалыматы менен www.nokia.com сайтында камсыз кылынат.

Автордук укук жана башка билдирүүлөр

ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Ушуну менен NOKIA CORPORATION мындагы RM-607/RM-643 продукттун 1999/5/EC Директивасынын негизги талаптарына жана башка тиешелүү жоболоруна дал келгенин жарыя кылат. Ылайык келүү Декларациясынын көчүрмөсүн төмөнкү даректен тапса болот http://www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.
36 Автордук укук жана башка билдирүүлөр
© 2010 Nokia. Бардык укуктар сакталды.
Nokia, Nokia Connecting People, жана Navi булар Nokia Corporation корпорациясынын товардык белгилери же катталган товардык белгилери. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси. Мында жана мындан кийин аталган башка өнүм жана компания аттары тиешелүү ээлерге тийиштүү соода белгилери жана соода аттары болушу ыктымал.
Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун кандайдыр бир түрдө кайра чыгарууга, колдон колго өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат. Nokia тынымсыз өнүгүү саясатын жүргүзөт. Nokia бул документте көрсөтүлгөн кайсы өнүм болбосун, алдын ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды киргизүү укугун сактайт.
Includes RSA BSAFE cryptographic or security protocol software from RSA Security.
Java and all Java-based marks are trademarks or registered trademarks of Sun Microsystems, Inc.
Бул продукт MPEG-4 Visual Patent Portfolio License тарабынан (i) MPEG-4 Visual Standard ка ылайыкталып коддолгон маалыматка байланыштуу жеке же коммерциялык эмес иш алып барган кардарлардын жеке же коммерциялык эмес колдонуулары үчүн жана (ii) лицензияланган видео камсыздоочу тарабынан камсыз кылынган MPEG-4 видео менен байланышкан колдонуу үчүн лицензияланган. Бөлөк башка максат менен колдонууга лицензия берилбейт жана берүүгө да мүмкүн эмес. Кошумча маалыматты, анын ичинде жарнамалоо, ички жана коммерциялык колдонуу тууралуу маалыматты MPEG LA, LLC ден алууга болот. http://www.mpegla.com сайтын караңыз.
ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ЖОЛ БЕРГЕН МАКСИМАЛДУУ ДАРАЖАДА NOKIA ЖЕ АНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЕНЕН ИШТЕГЕНДЕР КАНДАЙ ГАНА КЫРДААЛ БОЛБОСУН, МААЛЫМАТ ЖЕ КИРЕШЕ ЖОГ ОТУУЛАРЫНА, ЖЕ АТАЙЫН, КОКУСТАН, ТҮЗДӨН-ТҮЗ ЖЕ КЫЙЫР ЖОГОТУУЛАРГА ЖООП БЕРБЕЙТ.
БУЛ ДОКУМЕНТТИН МАЗМУНУ "КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ" БЕРИЛДИ. ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ТАЛАП КЫЛБАГАН БАРДЫК УЧУРДА, ЭЧ КАНДАЙ ГАРАНТИЯ АЧЫК ТҮРДӨ ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИ П ЧЫГУУЧУ, АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН ТОВАРДЫН АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ЖАРАМДУ УЛУК ЖАНА БҮТҮНДҮК ГАРАНТИЯСЫ УШУЛ ДОКУМЕНТТИН ТАКТЫГЫ, ТУУРАЛУГЫ ЖЕ МАЗМУНУ БОЮНЧА БЕРИЛБЕЙТ. NOKIA, БУЛ ДОКУМЕНТКЕ АЛДЫН АЛА МААЛЫМДООСУЗ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ЖЕ АЛЫП САЛУУ УКУГУН САКТАЙТ. Белгилүү бир продукттардын жана аларга тиешелүү кошумча бөлүктөрдүн жана кызматтардын болушу ар региондо ар кандай болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн же тил тандоо суроолору боюнча Nokia дилериңизге кайрылыңыз. Бул аппарат АКШнын жана башка өлкөлөрдүн экспорт боюнча мыйзам жана токтомдордун предмети болгон товарларды, технологияларды же камсыздоо программаларды камтышы мүмкүн. Мыйзамдын чегинен чыгууга тыюу салынат.
Сиздин аппаратыңыз менен чогуу берилген үчүнчү жактын тиркемелери башка Nokia га тиешеси жок инсандар же юридикалык жактар тарабынан түзүлүп жана менчиктелиши мүмкүн. Nokia үчүнчү жактын тиркемелерине автордук же интеллектуалдык менчик укуктарына ээ эмес. Ошондуктан, Nokia керектөөчүлөрдү колдоо, тиркемелердин функционалдуулугу же бул тиркемелер жана материалдар тууралуу маалымат үчүн эч жооп бербейт. Nokia үчүнчү жактын тиркемелерине гарантия бере албайт.
БУЛ ТИРКЕМЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ МЕНЕН СИЗ ТИРКЕМЕЛЕРДИН "КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ", ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ МАКСИМАЛДУУ ЖОЛ БЕРГЕН ЧЕКТЕ ЭЧ КАНДАЙ ТАК АЙТЫЛГАН ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИП ЧЫККАН КЕПИЛДИКТЕРСИЗ БЕРИЛИШИН ЫРАСТАЙСЫЗ. СИЗ ОШОНДОЙ ЭЛЕ NOKIA ЖАНА АНЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ТАРАПТАР АЧЫК АЙТЫЛГАН ЖЕ ТҮШҮНҮЛГӨН ЖАРЫЯЛАРДЫ ЖЕ КЕПИЛДИКТЕРДИ, АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК
Автордук укук жана башка билдирүүлөр 37
АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН АТАЛЫШТАРГА, ТОВАРДЫК САПАТТАРГА, АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ТУУРА КЕЛҮҮ ЖЕ ТИРКЕМЕЛЕР ҮЧҮНЧҮ ЖАКТАРДЫН ПАТЕНТТЕРИН, АВТОРДУК УКУКТАРЫН, СООДА МАРКАЛАРЫН ЖАНА БАШКА УКУКТАРЫН БУЗБООСУ ТУУРАЛУУ КЕПИЛДИКТЕРДИ БЕРБӨӨСҮН ТААНЫЙСЫЗ.
/1.2. чыгыш KY
38 Алфавиттик көрсөткүч

Алфавиттик көрсөткүч

Белгилер же сандар
Bluetooth 23 Nokia Messaging Service 16 Nokia колдоо маалыматы 5 PIN код 10 SIM карта 5 SIM картасы 11 USB байланышуу 9
А
антенналар 7 аспапты жандыруу/токтотуу 6 аспапты кошуу/аяктатуу 6 аспапты күйгүзүү/өчүрүү 6 аудио кабарлар 15
Б
байланыштар 17 баскычбек 10 баскыч кулпу 10 баскычтар жана бөлүктөр 6 батарейка 5 — заряд толтурулууда 7 билекбоо 9 браузер 21
В
видео клиптер 19 видео режими 18
Г
Галерея 27 гарнитура 7
Ж
жаңылатуулар — аспап программасы 30 жарлыктар 23
жарыш сөз текст киргизүү 13 желе 21 жөнөкөй текст киргизүү 13
З
завод орнотуулары 26
И
интернет 21
К
кабар борбордун номери 14 кабарлар 15 кабар орнотуулары 16 кабель байланышуусу 9 камера 18 кирүү коддор 10 колдоо 5 конфигурация 25 коргоо коду 10 кошумча жабдуулар 25 кошумчалар 27 күн жана убакыт 22
М
маалыматты камдык сактоо 23 мезгилдештирүү 23 менюлар 13 Музыка ойноткуч 19
О
обондор 22 ойготкуч саат 26 Оператордун меню 28 орнотуулар 22 орнотуулар, экран 22 офлайн профили 11 оюндар 27
П
парольдор 10
программа жаңылатуулары 30 профильдер 22
С
сан режими 12 сүрөт режими 18 сүрөттөр 19
Т
таанытмалар 17 тез терүү 12 тексти жазыңыз 12 текст кабарлар 14 текст режимдер 12
Ү
үналгы 20 үн жазгыч 27 үн кабарлар 16
Ф
флэш кабарлар 15
Ч
чакыруу журналы 21 чакыруулар 11 чакыруу орнотуулары — телефон орнотуулары 25
Алфавиттик көрсөткүч 39
Э
экран орнотуулары 22 эмне кылуу белгилер 28 эстутум картасы 8
Loading...