Nokia 1200, 1208 User's Guide [ky]

Page 1
Nokia 1200/1208
Колдонмосу
9202552
3чү басма
Page 2
ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ Ушүнү менен NOKIA CORPORATION бул RH-99/RH-105 продукт 1999/5/EC директивасынын башкы талаптарына жана башка орундуу шарттарга жооп бере тургандыгыгын жарыялайт. Ылайык келүү декларациясын төмөнкү адрестен тапса болот http://www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.
© 2007 Nokia. Баардык укуктары корголгон.
Nokia, Nokia – адамдардын катнашы жана Navi жөн же катталган соода маркалары. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси. Мында жана кийин аталган башка продукт жана компания аттары тиешелүү ээлерге тийиштүү соода белгилери жана соода аттары болушу ыктымал.
Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун кандайдыр бир түрдө кайра чыгарууга, колдон колго өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат.
US Patent No 5818437 and other pending patents. T9 text input software Copyright (C) 1997-2007. Tegic Communications, Inc. All rights reserved.
Nokia ар дайым өнүгүү саясатын жүргүзөт. Nokia, бул документте көрсөтүлгөн кайсы продукт болбосун, алдын ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды киргизүү укугун сактайт.
0434
Page 3
ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМДЫН ЧЕГИНДЕ МАКСИМАЛДУУ ДАРАЖАДА NOKIA ЖЕ АНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЕНЕН ИШТЕГЕНДЕР АР КАНДАЙ ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛДАРГА КАРАБАСТАН ЖОККО УЧУРАГАН ПАЙДА, МААЛЫМАТ ЖАНА КОКУСУНАН ЖЕ СЕБЕПТЕРДЕН КЕЛИП ЧЫККАН БУЗУКТУКТАР ҮЧҮН ЖООП БЕРБЕЙТ.
БУЛ ДОКУМЕНТТИН МАЗМУНУ ӨЗГӨРҮҮСҮЗ БЕРИЛДИ. ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМГА ЖАРАША ЭЧ КАНДАЙ ГАРАНТИЯ, АТАЙЫН ЖЕ БАЙЛАНЫШКАН БОЛОБУ, СООДА ЖАНА БАШКА МАКСАТТАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ГАРАНТИЯЛАР БУЛ ДОКУМЕНТТИН ТАКТЫГЫНА, ТУУРАЛЫГЫНА ЖАНА МАЗМУНУНА ЖАРАША САКТАЛАТ. NOKIA, БУЛ ДОКУМЕНТКЕ АЛДЫН АЛА МААЛЫМДООСУЗ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ЖЕ АНЫ АЛЫП САЛУУ УКУГУН САКТАЙТ.
Белгилүү бир продуктардын же алардын кошумча бөлүктөрүнүн болушу ар региондо ар кандай. Кошумча маалымат үчүн же тил тандоо суроолору боюнча дилериңизге кайрылыңыз.
Экспорт текшерүүлөрү
Бул аппарат АКШнын жана башка өлкөлөрдүн экспорт боюнча мыйзам жана көрсөтмөлөрүнө ылайык келген товарларды, технологияларды же камсыздоо программаларын камтышы мүмкүн. Мыйзамдык четке кагууларга тыюу салынат.
9202552/3чү басма
Page 4
Мазмуну
Сиздин коопсуздугуңуз үчүн ............................................... 5
1. Баштоо ................................................................................ 9
SIM картаны жана батареяны коюңуз .................................... 9
Батареяны заряддаңыз ......................................................... 10
Өчүрүп күйгүзүңүз ...................................................................11
2. Сиздин телефонуңуз....................................................... 13
Баскычтар жана бөлүктөр ..................................................... 13
Башкы белгилер ..................................................................... 14
Чакырыкты жасоо жана чакырыкты кабыл алуу ................. 15
Катуу сүйлөө........................................................................... 15
Тексти жазыңыз ...................................................................... 15
Маалыматтар ......................................................................... 16
Байланыштар ......................................................................... 18
Фонарик ..................................................................................18
Мулти телефон китепчеси ..................................................... 19
3. Батарейка жөнүндө маалымат ...................................... 20
Заряддоо жана заряддын түгөнүшү .....................................20
Nokia батарейкасын идентификациялоо
боюнча жолдомо .................................................................... 22
Кароо жана сактоо ............................................................... 25
Кошумча коопсуздук маалымат ........................................ 28
4
Page 5
Сиздин коопсуздугуңуз үчүн
Бул жөнөкөй көрсөтмөлөрдү окуңуз. Аларды сактабоо коркунучка же мыйзамсыз иштерге алып келект. Кошумча маалымат үчүн колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдүн баарын окуп чыгыңыз.
КООПСУЗ ЖАНДЫРУУ
Колдонууга тыюу салынган учурда, же болбосо ал тоскоолдук же кооптуу учур жаратышы мумкун болгон кезде аппаратыңызды жандырбаңыз.
ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА БОЛУШУ ЗАРЫЛ.
Жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиңиз. Айдоо учурунда Унааны айдоо үчүн колуңузду ар дайым бош кармаңыз. Айдоо учурунда биринчи орунда жол коопсуздугу болуш керек.
ТОСКООЛДУКТАР
Баардык зымы жок аппараттар, иштөөлөрүнө таасир эткен, тоскоолдуктарды кабыл алуу касиетине ээ.
БЕЙТАПКАНАЛАРДА ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Медициналык жабдуулардын жанында аппаратты өчүрүп коюууңуз зарыл.
УЧАКТЫН ИЧИНДЕ ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Медициналык жабдуулардын жанында аппаратты өчүрүп коюшуңуз зарыл.
5
Page 6
6
МАЙ КУЮУУ УЧУРУНДА ӨЧҮРҮП КОЮҢУЗ
Май куюуу жайларында аппаратты колдонбооңуз талап кылынат. Бензин же химиялык заттардын жанында колдонбоңуз.
ЖАРЫЛУУЧУ ЗАТТАРДЫН ЖАНЫНДА ӨЧҮРҮП КОЮҢУЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Жарылуулар жүрүп жаткан жерлерде аппаратты колдонбоңуз.
ОРДУ МЕНЕН КОЛДОНУУ
Документте көрсөтүлгөндөй туура калпта гана колдонуңуз. Керексиз учурда антеннага тийбеңиз.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ
Бул продуктту квалификациясы бар кызматчылар гана орното жана оңдой алат.
ЖАБДУУЛАР ЖАНА БАТАРЕЙКАЛАР
Бекитилген жабдуулар менен батарейкаларды гана колдонуңуз. Туура келбеген продукттарга туташтырбаңыз.
СУУГА ТУРУШТУУЛУГУ
Сиздин аппаратыңыздын сууга туруштууулугу жок. Кургак кармаңыз.
АШЫКЧА КӨЧҮРМӨЛӨР
Ашык көчүрмөлөрдү жасап коюуну унутпаңыз, аппаратыңыздагы эң маанилүү маалыматтардын кол жазма түрүндөгү көчүрмөсүн сактоо дагы ашыкча болбойт.
Page 7
7
БАШКА АППАРАТТАРГА ТУТАШТЫРУУ
Башка аппаратка туташтыруудан мурун, коопсуздук көрсөтмөлөрүн алуу үчүн ал аппараттын колдонмосу менен таанышыңыз. Туура келбеген продукттарга туташтырбаңыз.
ТЕЗ ЖАРДАМ ЧАКЫРЫКТАРЫ
Аппаратыңыздын чакыруу жасоо функциясынын иштеп жатканын текшериниз. Чакыруүнү аяктоо баскычын бир нече жолу басып экранды тазалап күтүү режимине өтүңүз. Тез жардам номерин терип чалуу баскычын басыңыз. Жайгашкан жериңиздин дарегин бериңиз. Уруксаат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
Сиздин аппаратыңыз жөнүндө
Бул жолдомодо сүрөттөлгөн радио аппарат GSM 900 жана GSM 1800 түйүндөрүндө колдонууга бекитилген. Түйүндөр жөнүндө кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматына кайрылыңыз.
Бул аппараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда баардык мыйзамдарга баш ийиңиз жана жергиликтүү жол жоболорго, сырдуу маалыматтарга, мыйзам укуктарына жана көчүрүү укуктарына сыйлоо менен мамиле кылыңыз.
Эскертүү: Ойготуу саатынын функциясынан башка функцияларын аппараттын жандырылган маалында гана колдонуу мүмкүн. Зымсыз аппарат колдонуу учурунда тоскоолдук же коркунуч туудурушу мумкун болгон учурда зымсыз аппаратты жандыруу сунуш кылынбайт.
Page 8
8
Түйүндүк кызматтар
Телефонду колдонуу үчүн Сизде зымсыз тейлоо кызматынан тейлөө болушу керек. Функциялардын көбү атайын түйүндүк функцияларды талап кылат. Бул функциялар баардык эле түйүндөрдө боло бербейт; кээ бир түйүндөр түйүндүк кызматты пайдалануудан мурда тейлөөнү камсыз кылган кызмат менен атайын макулдаштыкты талап кылышы мүмкүн. Сиздин кызмат менен камсыз кылган кызматыңыз көрсөтмөлөрдү бериши мүмкүн жана кандай төлөмдөрдүн болушун түшүндүрүүсү дагы ыктымал. Кээ бир түйүндөрдө, Сиздин түйүндөрдү колдонууңузга таасирин тийгизүүчү чектердин коюлушу мүмкүн. Мисалы, кээ бир түйүндөр баардык тилдерге тиешелүү символдорду жана кызматтарды колдобошу мүмкүн.
Сизди кызмат менен камсыз кылуучу кызмат белгилүү бир функцияларды иштен чыгарып коюуүнү же активациялоону жүргүзбөөнү талап кылышы мүмкүн. Эгер андай болсо, мындай функциялар сиздин аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Ошондой эле Сиздин аппаратыңыздын меню аттарын, ирээтин жана символдорун өзгөртүү боюнча атайын конфигурациясы болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн кызмат камсыздоочуңуз менен байланышыңыз.
Вебде Nokia колдоо
Www.nokia.com/support же жергиликтуу Nokia сайтына колдонуучулар болуму, кошумча маалымат, жуктоо эрежелери, жана башка Nokia тиешелуу болгон кызматтар боюнча кайрылгыла.
Page 9
9
1. Баштоо
 SIM картаны жана батареяны
коюңуз
Батарейканы алып салуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөсүнөн ажыратып, аппаратты өчүрүү сунуш этилет.
Баардык SIM карталарды кичине балдардан алыс кармаганыңыз оң.
SIM картанын кызматы боюнча Сиздин SIM картаңыздын сатуучусу менен байланышыңыз. Бул тейлөө кызматы, түйүн оператору же башка сатуучу болушу мүмкүн.
Бул телефон BL-5CA батереясы мене гана колдонууга ылайыкталган.
1. Арткы жапкычты тартып чыгаргыла (1). Батареяны тартып алып чыгыңыз (2).
2. Телефондогу SIM картанын кармагычын акырындык менен көтөрүңүз (3). SIM картанын кыйгач жагын үстүнкү оң бурчуна салыңыз, ал эми алтын түстүү контакт жагын ылдый каратып салыңыз (4). SIM картанын кармагычын жабыңыз, жана аны ал жерге кадаш үчүн басыңыз (5).
Page 10
10
3. Батареяны жана капкакты алып салыңыз (6,7).
Эскертме: Аппараттын каптарын алып салуудан мурда, аппаратты өчүрүп, заряддык бөлүкчөсүнөн жана башка жабдуулардан ажыратып салуу керек. Аппараттын каптарын алмаштыруу учурунда электрондук компоненттерге тийбөөгө аракет кылыңыз. Аппаратты каптары менен сактоо жана колдонуу зарыл.
Батареяны заряддаңыз
Эскертүү: Берилген моделге Nokia тарабынан бекитилген гана батарейкаларды, заряддык бөлүкчөлөрдү жана кошумча жабдууларды колдонуңуз. Башка туура келбеген түрлөрдү
колдонуу гарантиянын жана бекитменин бузулушуна алып келет жана коркүнүч туудурушу мүмкүн.
Page 11
11
Заряддоо бөлүкчөсүнүн моделин бул аппарат менен колдонуудан мурун текшериңиз. Бул аппарат AC-3 заряды менен заряддалгандан кийин гана колдонулат.
Бекитилген жабдуулардын бар же жогун дилериңизден билсеңиз болот. Жабдууларды электр тогунан ажыратканда, сайгычты кармап туруп анан сууруңуз, зымдан тартпаңыз.
1. Заряддоочу бөлүктү розеткага сайыңыз.
2. Заряддоочу бөлүктү телефонго туташтырыңыз. Батареянын көрсөткүчү жыла баштайт. Батарея толгондон кийин, көрсөткүч жылбай калат.
Ишара: Жемди сарамжалдуу сарптоо үчүн, зарядоо бөлүкчөнү батарейка толгондо алып таштаңыз.
Эгер батарея толугу менен заряддан чыкса, анда заряддоонун көрсөткүчү бир аз мүнөттөрдөн кийин гана чыгышы мүмкүн же сиз бир аз мүнөттөн кийин гана чакырык жасай аласыз.
Өчүрүп күйгүзүңүз
Аяктоо баскычын басып, кармап туруңуз.
Телефонду жөнөкөй иштөө калыбында гана кармаңыз.
Сиздин аппаратыңыздын ички антеннасы бар.
Page 12
12
Эскертме: Ар бир радио толкунун жиберүүчү аппарат сыяктуу эле антенна иштеп жатканда ага мүмкүн болушунча тийбеңиз. Мисалы, телефондук сүйлөшүү убагында уюлдук антеннага тийбеңиз. Сигнал жиберүүчү же кабыл алуучу антеннага тийүү радио байланышка таасир этет, аппараттын жогору деңгээлдеги кубаттуулук менен иштөөсүнө жана батарея зарядынын төмөндөөсүнө алып келиши мүмкүн.
Эскертме: Бул коннекторду кармабаңыз, анткени ал тиешелүү тейлөө кызматтарынын адистери үчүн гана ылайыкташтырылган.
Page 13
13
2. Сиздин телефонуңуз
Баскычтар жана бөлүктөр
Уюлдун аты же оператордун фирмалык белгиси (1)
Уюлдук сигналдын күчү (2)
Батарея деңгээли (3)
Наушник (4)
Катуу сүйлөө (5)
Фонарик (6)
Тандоо баскычтарынын
функциялары (7)
Тандоо баскычтары (8)
Navi (навигация) баскычы
(9), мындан ары жылдыруу баскычы
Чалуу баскычы (10)
Аяктоо баскычы/жандыруу
баскычы (11)
Клавиатура (12)
Заряддоо коннектору (13)
Наушник коннектору (14)
Page 14
14
Башкы белгилер
Төмөнкү белгилерге кирүү үчүн Меню тандаңыз: Кабарлар — кабарларды жазуу, жиберүү, ачуу жана
башкаруу Контакттар — SIM картада жана телефондун эс кабында
аттарды жана телефон номерлерди сактоо Чакыруулар — кабыл алынбай калган, кабыл алынган жана
терилген чакырыктарга кирүү
Настройкалар — телефонуңуздун ар кандай белгилерин Ойготкучсаат — ойготууга убакытты коюуу Эскерткичтер — Эске салууну Оюндар — оюн эффектерин коюуу жана телефонго коюлган
оюдарды ойноо Кошумчалар — Калькулятор, Конвертер, Убакыт эсеби,
Календарь, Секундомер, Обондордун синтезатору, Көрсөтмө, Фонарик кирүү
SIM кызматы — эгер сиздин SIM картаңыз колдосо кошумча кызматтарды колдонуу
Page 15
15
 Чакырыкты жасоо жана
чакырыкты кабыл алуу
Чалуу үчүн, жергиликтүү, шаардын коддорун кошуп телефондун номерин териңиз. Номерге чакырык жасоо үчүн чакырык жасоо клавишасын басыңыз. Телефон чалу учурунда наушниктин же баш телефонунун үндөрүнүн деңгээлин чоңойтуу үчүн оңго жылыңыз, ал эми кичирейтүү үчүн солго жылыңыз.
Келген чакырыкка жооп бериш үчүн чакырык клавишасын басыңыз. Жоопсуз коюп коюуу үчүн аяктоо клавишасын басыңыз.
Катуу сүйлөө
Сүйлөшүү учурунда эгер бар болсо, Ктт сйл же Бш клд тандап, катуу сүйлөөнү же наушникти тандасаңыз болот.
Эскертүү: Аппараттын угуу спикери иштеп жатканда кулагыңыздын жанына койбоңуз, анткени үнү абдан катуу болушу мүмкүн.
Тексти жазыңыз
Салтуу түрдөгү текст киргизүү менен белгиленген, же айтып берип турган текст киргизүү менен белгиленген. Салтуу түрдөгү текст киргизүүнү колдонуу үчүн, тамгалар басылган клавитураларды керектүү тамга
Page 16
16
чыкканга чейин басыңыз. Айтып берип турган текст киргизүүнү жандырыш үчүн, Опция > Сөздүк тандаңыз жана керектүү тилди коюңуз; өчүрүү үчүн Опция > Сөздүк > Сөздүк өчүр. тандаңыз.
Интеллектуалдык тексти киргизүүдө, ар бир тамганы бир гана жолу басыңыз. Эгер көрсөтүлгөн сөз, сиз издеген сөз болсо, анда 0 басыңыз жана кийинки сөздү жазып баштаңыз. Сөздү алмаштырыш үчүн токтобостон * керектүү сөз чыкканга чейин басыңыз. Эгер бул белги ? сөздөн кийин чыкса, анда бул сөз сөздүктө жок деп билсе болот. Сөздү сөздүкө киргизиш үчүн Сөз таап, (салтуу түрдөгү текст киргизүүнү колдонуп) сөздү киргизип, OK ди басыңыз.
Салтуу түрдөгү текст киргизүү менен, Бош орун коюш үчүн 0 дү басыңыз. Текст жазып жатканда, тез аранын ичинде текст киргизүү методун өзгөртүү үчүн бир нече жолу # басыңыз жана экрандын үстүндөгү көрсөткүчтү караңыз. Санды коюш үчүн керектүү сандын клавишасын басып, бир аз кармаңыз. Салттуу түрдөгү текст киргизүүдө атайын белгилердин тизмесин алуу үчүн * басыңыз, айтып берип турган тексти киргизүүдө * басып, бир аз кармаңыз. Оңдоо айнекчесинде кабарды тазалоо үчүн, Опция > Өчүрн кайтар тандаңыз.
Page 17
17
Маалыматтар
Кабар кызматтарын уюл же тейлөө кызматтары колдогондо гана колдонууга болот.
Сиздин аппаратыңыз белги чектеринен ашкан текст кабарлардын бир жолку жиберүүлөрүн колдойт. Узун кабарлар эки-үчкө бөлүнүп кетет. Сиздин тейлөө кызматыңыз ошого жараша төлөө акысын алат. Басым жана башка белгилерди колдонгон символдор, же башка тилдердин символдору, мисалы, кытай тили бир кабар менен жөнөтүлүүчү берилген сөз белгилердин чегинен ашып кетет.
1. Күтүү режиминде
Меню > Кабарлар > Жаңы кабар
тандаңыз.
2. Маалыматты жазыңыз.
3. Маалыматты жибериш үчүн
Опция > Жиберүү таап,
кабыл алуучунун телефон номерин киргизиңиз жана OK клавишасын басыңыз.
Эскертме: Аппаратыңыз анда программаланган кат борборунун номерине каттын жиберилгендигин көрсөтүшү мүмкүн же болбосо каттын пландаштырылган пунктта кабыл алынбагандыгын же алынганын көрсөтпөй калышы мүмкүн. Кат жазуу сервиси боюнча кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматы менен байланышыңыз.
Page 18
18
Баардык окулган маалыматарды же папкадагы баардык маалыматтарды алып салуу үчүн Меню > Кабарлар > Кабарларни өчүрүү > Бары окулган тандаңыз, же керектүү папканы тандаңыз.
Байланыштар
Сиз аттарды жана телефон номерлерди телефондун жана SIM картанын эс кабында сактасаңыз болот. Ички телефондук китепче 200 атка чейин сактай алат.
Байланышты табыш үчүн, күтүү режиминде ылдый басып, изделип жаткан аттын биринчи тамгасын киригизиңиз. Эми керектүү атты алыңыз.
Сиз ошондой эле Меню > Контакттар менюсунда төмөнкү опцияларды колдоно аласыз:
Контакт кошуу — аттарды жана телефон номерлерди телефон китепчесинде сактоо үчүн
Көчүрүү — аттарды жана телефон номерлерди ички телефон китепчесинен SIM телефон китепчесине көчүрүү үчүн, же тескерисинче
Фонарик
Фонарикти өчүрүп коюуу же жандыруу үчүн Меню > Кошумчалар > Фонарик > Жандыруу же Өчүрүү тандаңыз.
Page 19
19
Мулти телефон китепчеси
Сиздин телефонуңуз, ар башка колдонуучуларга карата, беш телефон китепчесине чейин колдой алат. Мулти телефон китепчесин колдонуу учурунда, активдүү китепченин байланыштарын көрүүгө мүмкүн.
Мулти телефон китепчесин активдештирүү үчүн, Меню >
Контакттар > Настройкалар > Көп-телефон китеби > Тел. китебинин стили > Көп-телефон китеби тандаңыз.
Телефон китепчесин активдештирүү үчүн, Меню >
Контакттар > Настройкалар > Көп-телефон китеби > Азыркы тел. китеби жана каалаган китепчени же Shared
contacts тандаңыз. Контакт бир жана бир канча телефон китепчелерине
тиешелүү болушу мүмкүн. Жалпы байланыштарды баардык телефон китепчелеринен алса болот. Байланышты бир же эки телефон китепчесине бекитиш үчүн төмөнкүлөрдү тандаңыз Меню > Контакттар > Настройкалар >
Көп-телефон китеби > Байланыш-тарды жөнгө салуу.
Каалаган байланышка түшүп, аны басыңыз. Байланышты сактай турган телефон китепчесин белгилеп төмөнкүлөрдү басыңыз Даяр > Ооба.
Телефон китепчелерин кайра атоо үчүн, Меню >
Контакттар > Настройкалар > Көп-телефон китеби > Телефон китептерин кайра атоо жана каалаган телефон
китепчени тандаңыз.
Page 20
20
3. Батарейка жөнүндө маалымат
 Заряддоо жана заряддын
түгөнүшү
Сиздин аппаратыңыз кайра заряддала турган батарея менен иштейт. Батарея жүздөгөн жолу заряддалып жана заряды түгөнөт, бирок кийин баары бир эскирет. Эгер заряддоо убактысы жана сүйлөшүү убактысы демейдегиден азыраак болсо, анда батареяны алмаштырыңыз. Nokia тарабынан бекитилген гана батареяларды алыңыз, жана батареяңызды Nokia тарабынан ушул аппаратка бекитилген гана заряддар менен заряддаңыз.
Эгер ордуна коюлуучу алмаштыруу батареясын биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, же көптөн бери колдонбосоңуз, анда заряддык бөлүкчөнү колдоо зарыл.
Зарядоо бөлүкчөсүн электрлик розеткадан сууруп коюңуз. Батареяны биротоло заяддагандан кийин заряддын бөлүкчөсүн алып коюңуз, анткени көп зарядоодо дагы батареянын тез иштен чыгышына алып келет. Эгер колдонулбай калса, толугу менен заряддалган батарея, убакыт өткөн сайын зарядын жоготот.
Эгер батарейка толугу менен заряддан чыкса, анда чакырык жасоо үчүн же заряд индикаторүнүн экранда пайда болушуна чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.
Page 21
21
Батареяны көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонуңуз. Иштен чыккан зарядоо бөлүкчөнү же батареяны эч качан колдонбоңуз.
Батаряны кыска замыканиелерге учуратпаңыз. Тыйын, темир кыпчыткыч же темир ручка сыяктуу метал буюмдары түздөн­түз оң (+) же терс (-) болгон батареянын учтарына тийгенде кокусунан кыска замыканиелер келип чыгат. (Батареяда темир сызыктар түрүндө жайгашкан). Мындай учур мисалы, эгер сиз батарея бөлүгүн чөнтөгүңүздө же капчыгыңызда алып жүрсөңүз кездешиши мүмкүн. Батареянын айтылган учтарындагы кездешкен кыска замыканиелер батареяны же ал туташкан буюмду иштен чыгарып коюшу мүмкүн.
Батареяны суук же муздак жерлерде калтырып коюуу, мисалы, жайында жабылган машинени ичинде же кышкы шарттарда кармоо, батареянын иштөө жөндөмдүүлүгүнө же иштөө мөөнөтүнө таасир этиши мүмкүн. Дайыма батареяны 15 °С менен 25 °С (59 °F менен 77 °F ортосу) ортосунда сактаңыз. Муздак же ысык батарея менен аппарат убактылуу иштебеши мүмкүн, батареянын заряды толук болуп турган учурда дагы. Батареянын иштөө жөндөмдүүлүгү, өзгөчө тоңдуруучу температурадан ылдый, өтө эле чектелген.
Батареяны отко салбаңыз, ал жарылышы мүмкүн. Батарея ошондой эле бузулганда дагы жарылышы мүмкүн. Батареяны жергиликтүү тартиптерге ылайык колдонуңуз. Мүмкүн болсо кайра иштетсеңиз деле болот. Үй чарбасынын таштандысына кошпоңуз.
Батарея элементтерин алып чыгууга же чачууга болбойт. Батарея агып баштаса, андан чыккан затты териге же көзгө тийгизбөө зарыл. Эгер агып кетсе, терини же көздү тез суу менен жууп жиберүү сунуш кылынат, же медициналык жардамга кайрылыңыз.
Page 22
22
 Nokia батарейкасын
идентификациялоо боюнча жолдомо
Коопсуздук үчүн дайыма накта Nokia батарейкасын колдонуңуз. Накта Nokia батарейкасын алып жатканыңызды текшерүү үчүн Nokia расмий дилерлеринен гана сатып алыңыз, упаковкадан Nokia Original Enhancements логону издеңиз, жана төмөнкү баскычтарды колдонуп лейбл голограммасын текшериңиз.
Төрт баскычты туура колдонуу дагы батарейканы толук идентификациялоого жатпайт. Эгер белгилүү себептерге карата сиз батарейканын накта Nokia экенинен шек санасаңыз, анда аны колдонуудан баш тартыңыз жана дагы аны жакын жердеги Nokia тейлөө кызматына же дилерине алып барып, сунуш үчүн кайрылыңыз. Сиздин расмий Nokia тейлөө кызматыңыз же дилериңиз батарейканы идентификациялоо үчүн текшерет. Эгер идентификация толугу менен аныкталбаса, анда батарейканы сатып алган жериңизге кайра тапшырыңыз.
Page 23
23
Идентификация голограммасы
1. Лейблдеги голограмманы караганда, бир тараптан сиз Nokia кол кысууга умтулган белгисин экинчи тараптан Nokia Original Enhancements логосун көрүшүңүз керек.
2. Сиз голограмманы сол, оң, ылдый, өйдө бурчтарга келтиргенде 1, 2, 3 жана 4 чекиттерин ар бир тараптан көрүшүңүз керек.
3. |Лейблдин бетин сүрүп 20 сандуу кодду ачыңыз, мисалы, 12345678919876543210. Батарейканы сандар өйдө карап калгандай кылып кармаңыз. Анда 20 сандык код башында башталган сан менен башталып, аяккы сан менен аякташ керек.
Page 24
24
4. \www.nokia.com/batterycheck бул даректеги көрсөтмөлөрдү колдонуп 20 сандык коддун туура экендигине кепил болуңуз.
Текст кабар жөнөтүш үчүн 20 сандык кодду териңиз, мисалы 12345678919876543210, жана аны +44 7786 200276 телефонуна жөнөтүңүз.
Жергиликтүү жана эл аралык операторлордун төлөмдөрү кошулат.
Сизге коддун тууралыгы идентификацияланганы жөнүндө кабар келет.
Эгер батарея идентификацияланбаса, эмне кылыш керек?
Эгер Сиз Nokia батареяңыздын лейблиндеги голограмма идентификацияланбаса, анда Сиздин батареяны колдонбогонуңуз жөндүү болот. Аны жакын жердеги Nokia расмий тейлөө кызматына же дилерине алып барып, сунуш үчүн кайрылыңыз. Өндүрүүчү тарабынан аныкталбаган батареяны колдонуу кооптуу болушу мүмкүн жана анын начар иштөөсүнө себеп болушу мүмкүн, ошондой эле аппаратыңызга жана анын жабдууларына залалын тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, ал аппаратыңыз менен чогуу келген гарантия жана аныктамаларды жокко чыгарышы мүмкүн.
Nokia батареялары жөнүндөгү кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз www.nokia.com/battery.
Page 25
25
Кароо жана сактоо
Сиздин аппаратыңыз жогорку дизайн жана чебердик өнүмү ошондуктан абайлап колдонуш керек. Кийинки сунуштар сиздин гарантия камтуунун сакталышына жардам беришет.
Аппаратты кургак кармаңыз. Нымдуулук жана суюктуктун
баардык түрлөрү, электрондук схемалардын бузулушуна алып келе турган минералдарды камтышы мүмкүн. Эгер аппаратыңыз суу болуп калса, батареясын алып чыгып, биротоло кургатып туруп анан салыңыз.
Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде пайдаланбаңыз.
Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык компоненттери зыянга учурайт.
Ысык жерде аппаратты сактабаңыз. Жогорку
температуралар электроникалык аппараттардын кызмат мөөнөтүн кыскартат, батарейкаларга зыян келтирип салат жана белгилүү пластиктерди ийрейтип же эритип салат.
Муздак жерде аппаратты сактабаңыз. Аппарат нормалдуу
температурага келгенде ичинде ным пайда болот жана электроникалык айлануу такталарга зыян келтирет.
Аппаратты бул колдонмодо берилген инструкциялардан
тышкары жол менен ачканга аракент кылбаңыз.
Page 26
26
Аппаратты түшүрүп албаңыз, урбаңыз жана силкибегиңиз. Орой кармоо ичиндеги айлануу такталарды жана ички механикасын сындырып коюшу мүмкүн.
Аппаратты тазалоо үчүн күчтүү химиялык тазалоо
эриткичтерди же күчтүү тазалоочу нерселерди пайдаланбаңыз.
Аппаратты боёбоңуз. Боёк жыла турган бөлүктөрдүн
жылышын кыйындатып, канааттандыраарлык иштөөгө тоскоол кылат.
Камсыз кылынган жана бекитилген гана алмаштыруу
антеннасын колдонуңуз. Уруксатсыз антенналар, модификациялар же бекитүүлөр аппаратты бузат жана радио аппараттарды башкарган эрежелерге каршы келиши мүмкүн.
Заряддагычтарды үйдүн ичинде пайдалаңыз.
Дайыма контакттар жана календардык жазуулар сыяктуу
маалыматтын кайталоочусун пайдаланыңыз.
Аппараттын оптималдуу иштөөсүн камсыз кылыш үчүн
өчүрүүдө, аппаратты өчүрүп батареясын алып коюңуз.
Бул сунуштарды сиздин аппаратыңызга, батарейкасына, заряддагычка жана баардык жабдууга пайдаланса болот. Эгер аппарат канаатандырарлык иштебесе, анда аны жакынкы расмий тейлөө кызматына алып барыңыз.
Page 27
27
Башкаруу
Сиздин продукцияңыздагы, кагаздагы же пакеттеги үстүнөн сызылган дөңгөлөктүү арабанын белгиси сизге Европа Биримдигинде баардык электрикалык жана электрондук буюмдар, батареялар жана аккумуляторлор иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин өзүнчө чогултулушу зарыл экендигин билдирет. Бул продукттар сорттолбогон муниципалдык таштандыга кошулбашы зарыл.
Таштандыларды туура эмес колдонуудан келип чыккан терс таасирлерди жаратылышка жана адам баласына тийгизбеш үчүн, жана материалдык ресурстарды дайыма кайра колдонууну жогортуш үчүн продукцияларды чогултуу жайларына тапшырыңыз. Продукцияңызды чогултуу боюнча маалыматты сиздин чекене продукция сатуучуңуздан, же таштандыларды жөнгө салуучу мекемелерден, же жергиликтүү чыгаруучунун жоопкерчилигине ээ мекемелерден, же Nokia жергиликтүү өкүлүнөн алсаңыз болот. Кошумча маалымат үчүн продукциянын эко-декларациясын же өлкөгө тийиштүү өзгөчө маалыматты төмөнкү даректен алсаңыз болот www.nokia.com
Page 28
28
Кошумча коопсуздук маалымат
Кичинекей балдар
Сиздин аппаратыңыз жана жабдуулар майда бөлүктөрдү камтышы мумкун. Аларды кичинекей балдардан алыс кармаңыз.
Иштөө чөйрөсү
Атайын жазылган эрежелерди баардык жерлерде сактаңыз, аппаратты колдонууңузга жол берилбесе, же аны колдонууңуз башка нерселерге тоскоол же зыян болсо, дайыма аны өчүрүүнү унутпаңыз. Аппаратты нормалдуу иштетүү учурунда гана колдонуңуз. Же нормалдуу колдонуу позицияда кулакка каршы колдонгондо же денеден эң аз
2.2 сантиметр (7/8 дюйм) алыс турганда бул аппарат RF
коюп коюу директиваларга баш ийет. Сумка, кемер кыскыч же карматкыч дене кийгизүүоперацияда пайдаланса, ал металлды камтыбаш керек жана аппаратты денеден жогорудаайтылган дистанцияда коюш керек.
Маалымат файлдарды же кабарларды жөнөтүү үчүн, бул аппарат тармакка сапаттуу байланышка талап кылат. Кээ бир учурларда маалымат файлдарын же кабарларды
Page 29
29
жөнөтүү бул сыяктуу байланыштын жеткиликтүүлүгүнө чейин кечигип калат. Айтылган бөлүү дистанция жөнүндө инструкцияларды жөнөтүү бүткөнчө кармалганын камсыз кылыңыз.
Аппаратын бөлүктөрү магниттелген. Металлдык материалдар аппараткө жабышып калат. Кредиттик карточкаларды же башка магниттик сактоо каражаттарды аппараттын жанына койбоңуз, анткени алардын ичинде сакталган маалымат өчүп калышы мумкун.
Медициналык аппараттар
Радио жабдууларынын алардын ичинде зымсыз телефондордун иштөөсү, жакшы корголбогон медициналык аппараттардын иштөөсүнө тоскоол кылышы мүмкүн. Эгер Сиздин сурооңуз болсо же медициналык аппараттын сырттан келген RF энергиясынан толук корголгонун билгиңиз келсе доктур менен же өндүрүүчүгө кайрылыңыз. Бейтапканаларда жазылган эскертмелер сизден аппаратыңызды өчүрүп коюууну суранса, анда өчүрүп коюуңуз туура болот. Бейтапканалар жана ден соолук боюнча жайлар, сырттан келген RF энергиясын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ аппараттарды колдонуулары мүмкүн.
Page 30
30
Имплантацияланган медициналык аппарат
Пэйсмаркердин өндүрүүчүсү пэйсмаркердин потенциалдуу тоскоолдон баш тартуу үчүн радио телефон менен пэйсмаркердин арасында минимум 15.3 см (6 дюйм) бекитилиш керегин сунуш кылат. Пэйсмаркерлер менен жүргөн элдер кийинкисини кылыш керек:
Зымсыз аппаратын жандырылган учурунда дайыма
зымсыз аппаратты медициналык аппараттан
15.3 сантиметр алыстыгында кармаңыз.
Аппаратты көкүрөк чөнтөгүңүздө алып жүрбөңүз
Потенциалдуу тоскоолдукту азайтуу үчүн аппаратты
пэйсмаркердин кулакка карама каршы келгендей кылып кармаңыз.
Эгер жолтоо байкалса, анда ошол замат зымсыз
аппаратты өчүрүп коюуу зарыл.
Имплантацияланган медициналык аппараттын
чыгаруучуларынын багытамаларын окуп, аларды аткарыңыз.
Эгер сиздин зымсыз аппараттыңыздын имплантацияланган медициналык аппарат менен кошо колдонулушу боюнча суроолоруңуз болсо сиздин саламаттыкты сактоо боюнча мекемеңизге кайрылсаңыз болот.
Page 31
31
Уктуруучу аппараттар
Кээ бир цифралык радио аппараттар кээ бир уктуруучу аппараттарга жолтоо болушу мүмкүн. Эгер тоскоолдук пайда болсо, анда тейлөө кызматыңыз менен кеңешиңиз.
Унаалар
RF сигналдары мотор унааларда туура эмес орнотулган же жабылган электроникалык май инжекция системалары, электроникалык антискид тормоздук системалар, электроникалык ылдамдык текшерүү системалары сыяктуу электроникалык системалары таасир этет. Кошумча маалымат үчүн өндүрүүчү же анын өкүлү менен өзүңүздүн унааңызды же башка кошулган жабдуүнү текшериңиз.
Квалификациясы бар гана персонал аппаратты тейлеп алат же аны унаага орно алат. Туура эмес орнотуу же тейлөө коопсуздукту жаратат жана аппаратка бериле турган гарантияны жокко чыгарат. Сиздин унаада турган бүт радио аппарат жабдуусу туура орнотулганын жана иштегенин дайыма текшериңиз. Аппараттын, анын бөлүктөрү же анын жабдуулары турган жерде күйүүчү суюктуктарды, газдарды же жарылуучу материалдарды сактабаңыз. Жел кабы орнотулган унаалар үчүн бул жел каптар чоң күч менен үйлөнгөнүн эске алыңыз. Орнотулган же алып жүрмө радио жабдуу кошо объектерди жел кабын үстүндөгү же жел кабын үйлөнгөн жактарда койбоңуз. Эгер унаа ичинде
Page 32
32
турган радио жабдуу туура эмес орнотулса жана жел кабы үйлөнүлсө, анда олуттуу жараат пайда болушу мүмкүн.
Учакта учкан кезде аппаратыңызды пайдаланганга тыюу салынат. Учакка киргенге чейин аппаратыңызды өчүрүңүз. Учактын ичинде радио теле жабдууларды пайдалануу учактын иштешине коркүнүч туудурат, зымсыз телефон түйүнүнө залалын тийгизип, бул нерсе мыйзамга жатпаган нерсе болуп саналышы мүмкүн.
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөдө аппаратыңүзды өчүрүңүз жана бүт белгилерге жана инструкцияларга баш ийиңиз. Потенциалдуу жарылуучу чөйрөгө унааңыздын моторун өчүрүп коюу сунушталган жерлер дагы кирет. Бул жерлерде учкундар жарылуу же өрттү пайда кылат, алар болсо дене жараатына же өлүмгө алып келиши мүмкүн. Аппаратыңызды май куюуу жайларында же газ түтүктөрүн камтыган тейлөө жайларында өчүрүп коюу сунуш кылынат. Май деполордо, сактоо жана таратуу жерлерде, химиялык заводдордо же жарылуу иштери жүрүп жаткан жерлерде радио жабдууларын колдонуу чектөөлөрүнө баш ийиңиз. Потенциалдуу жарылучуу чөйрөлөр кээде так белгиленбейт. Буларга кемелердин төмөнкү палубаларында химиякалык заттарды ташуу, сактоо, суюк бензин газды (пропан же бутан сыяктуу) колдонгон унаалар жана акшак, чаң же металл чаң сыяктуу химиялык бөлүкчөлөрдү камтыган аба болгон жерлер кирет.
Page 33
33
Тез жардам чакыруулары
Маанилүү маалымат: Зымы жок телефондор, аппарат менен кошо, радио сигнал, зымсыз түйүн тармактар, жердеги түйүн тармактар жана колдонуучүнүн программаланган функцияларын колдонуп иштейт. Ошондуктан, бардык абалдарда байланыш гарантияланбайт. Медициналык тез жардам сыяктуу зарыл байланыштар үчүн жалгыз гана зымсыз аппараттарга ишеничтүү болбоңуз.
Тез жардам чакыруусун жасоо үчүн
1. Эгер аппарат өчүрүлгөн болсо жандырыңыз. Жетиштүү сигнал күчтүүлүгүн текшериңиз.
Кээ бир сеттик тармактар учурдагы SIM картанын
аппаратка татыктуу түрдө киргизилишин талап кылышат.
2. Аппаратты чакыруу жасоого даяр кылуу жана экранды тазалоо үчүн аяктоо баскычын керектүү жолу басыңыз.
3. Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез жардам номерин киргизиңиз. Тез жардам номерлери жайгашуу жерине жараша өзгөрүп турат.
4. Чакыруу баскычын басыңыз.
Белгилүү функциялар иштеп жатса тез жардам чакыруусун жасоодон мурун ал функцияларды өчүрүүңүз керек. Кошумча маалымат үчүн бул колдонмо же сервис жабдоочуңуз менен сүйлөшүңүз.
Page 34
34
Тез жардам чакыруусун жасап жатканда керектелген бардык маалыматтарды жетишинче бериңиз. Сиздин зымсыз аппараттыңыз кырсык учурунда жалгыз байланыш каражаты болуп калышы мүмкүн. Уруксаат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
Сертификация маалыматы (SAR)
Бул мобилдик аппарат радио толкундар менен катнаш боюнча жолдомолордун талаптарына жооп берет.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана тосуп алгыч. Ал эл аралык колдонмолор тарабынан сунуш кылынган радио толкундарынын таасири астында болуу чектерин ашуу үчүн түзүлгөн эмес. Бул колдонмолор ICNIRP көз карандысыз илимий уюму тарабынан түзүлгөн жана ар түрдүү жаштагы жана ден-соолуктагы адамдардын бардыгынын коопсуздугун камсыздандыруу үчүн негизделген бекемдик запастарын камтыйт.
Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specic Absorption Rate (SAR) аттуу ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда жайгашкан SAR чеги 2.0 Ватт/ килограммга (В/кг) орточо 10 грамдан ашуун салфетка туура келет. Стандарттык операция түзүлүштөрү колдонулуп жана бардык текшерилген жыштыктарда аппарат эң жогорку кубаттулугунда иштетилип SAR дык тесттер өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли максималдык баалоодон төмөн болушу мүмкүн анткени аппарат сет
Page 35
35
тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулук менен иштөөгө түзүлгөн. Тармактын станциясына канчалык жакын жайгашканыңыз сыяктуу факторлорго жараша ошол сан өзгөрүп турат. ICNIRP колдонмолору астындагы SARдын эң чоң саны аппаратты кулакка тийгизгенде 0.91 В/кг (RH-99) /
0.81 В/кг (RH-105) чыгат.
Аппараттын жабдууларын колдонуу SARдын түрдүү сандарына себеп болот. SAR сандары улуттук кабар берүү жана сыноо талаптарына жараша жана тармактын тобуна жараша болот. Кошумча SAR маалыматы продукт маалыматы негизинде www.nokia.com аркылуу камсыз кылынат.
Loading...