INDESIT IFW 3844 JP IX Health Safety & Environmental [ky]

Ден-соолук жана коопсуздук жана Орнотуу колдонмосу
KIR
Ден-соолук жана коопсуздук колдонмосу 3 Орнотуу колдонмосу 5
КЫРГЫЗЧА
2
KIR
ОКУУГА ЖАНА КѲҢҮЛ БУРУУГА МААНИЛҮҮ
Шайманды колдонордон мурда бул коопсуздук нускамаларын окуңуз. Аларды келээрки керек болгонго чейин сактап коюңуз. Бардык убакытта сактоо үчүн бул нускамалар менен шаймандын ѳзү маанилүү коопсуздук эскертүүлѳрдү камсыз кылат. Шайман туура эмес колдонгон же туура эмес жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү бул коопсуздук нускамаларын колдонуу жѳндѳмсүздүгү боюнча жоопкерчиликти четке каг а т.
КООПСУЗДУК ЭСКЕРТҮҮЛѲРҮ
Ѳтѳ жаш (0дѳн 3 жашка чейин) жана жаш балдар (3тѳн 8 жашка чейин) кѳзѳмѳл астында болушпаса шаймандан алыс болушу керек. 8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар жана физикалык, сезгич же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген же тажрыйбасы жана билими жетишпеген адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук нускамалар берилгенде гана колдоно алышат жана коркунуч келерин түшүнүшү керек. Балдар шайман менен ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар тарабынан тазалоо же колдонуучуларды тейлѳѳ жүргүзүлбѳшү керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Шайман жана анын
жеткиликтүү бѳлүктѳрү колдонуу учурунда ысыйт, 8 жашка чыкпаган балдар кѳзѳмѳл астында болушпаса шаймандан алыс болушу керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Ысый турган
элементтерге же ички бетке тийгенден алыс болуңуз, күйүп калуу коркунучу бар. Тамак-ашты кургатканда жабдууну эч качан кароосуз калтырбаңыз. Эгерде шайман термометрди колдонууга жарактуу болсо, бул духовкагы сунушталган температура билдиргичин гана колдонуӊуз. Пиролиз айлампасы учурунда духовкага тийбеңиз. Пиролиз
айлампасы учурунда балдарды мештен алыс кармагыла (бөлмөдөгү аба толугу менен шамалдатылганга чейин). Бардык компоненттер толугу менен муздагыча, кийимдерди же башка тез ѳрт алуучу материалдарды шаймандан алыс кармаңыз. Ашыкча төгүлүүлөр жана ар кандай нерселер духовканын көңдөйүнөн тазалоо айлампасына чейин алынып салынышы керек. Ѳтѳ ысытылган майлар жана мал майлары бат тутанат. Мал майларына, майларга бай тамак-аш жасаганда же алкоголду кошкондо (мисалы: ром, коньяк, вино) ар дайым сак болуңуз, ѳрт чыгуу коркунучу бар. Мискейлерди жана аксессуарларды алып салуу үчүн духовка колкаптарын колдонуңуз, ысытуу элементтерине тийбегенге кѳңүл буруңуз. Шайманга жетээрден мурда тамак жасап бүткѳндѳ, ысык абаны же бууну акырындап чыгаруу менен эшикти ачууда этият болуңуз. Духовканын алды жагындагы ысык аба вентиляция тешиктерин тоспоңуз. Пиролиз айлампасы учурунда же андан кийин, жаныбарлар шайман жайгашкан жерден алыс турушу керек.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Шайман
тышкы таймер же ѳзүнчѳ пульт тутуму менен башкарууга жасалган эмес. Бул шайман профессионалдык эмес, үйдѳ гана колдонуу үчүн. Шайманды эшикте колдонбоуз. Шаймандын ичине же жанына аэрозоль банкалары сыяктуу жарылуучу же тез ѳрт алуучу заттарды жана бензин же башка тез ѳрт алуучу материалдарды койбоңуз: эгерде шайман капыстан күйүп турса ѳрт чыгып кетиши мүмкүн. Мындан башка максатта колдонууга уруксат берилбейт (мисалы: бѳлмѳлѳрдү жылытууга).
ОРНОТУУ
Шайман эки же кѳп адамдар тарабынын кѳтѳрүлүшү жана орнотулушу зарыл. Таңгагын чечүү жана шайманды орнотуу үчүн коргой турган колкапты колдонуңуз. Ѳндүрүүчүнүн колдонмолору жана жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык орнотуу жана оңдоо тажрыйбалуу техник тарабынан жүргүзүлүшү керек. Колдонуучунун колдонмосунда кѳрсѳтүлгѳндү эске албастан жабдуунун бир да бѳлүгүн оңдоого жана алмаштырууга болбойт. Орнотуу иштери балдар тарабынан жүргүзүлбѳшү керек. Орнотуу учурунда балдарды жолотпоуз. Орнотуу учурунда жана андан кийин балдар жете турган жерден чогултуу материалдарын (пластик баштыгын, полистирол бѳлүктѳрүн ж.б.) алыс кармаыз. Шаймандын таңгагын чечкенде ташып жеткирүү учурунда ага зыян келтирилбегендигине ынаныңыз. Кѳйгѳйлѳр бар болсо сатуучуга же сизге жакын жайгашкан Сатып алгандан кийинки тейлѳѳ кызматына кайрылыңыз. Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин шайман электр тогунан ажыратылышы зарыл. Орнотуу иштеринин жүрүшүндѳ шайман электр кабелине зыян келтирилбегендигин ырастаңыз. Орнотуу толугу менен бүткѳндѳн кийин гана шайманды кошуңуз. Орноткондон кийин шаймандын асты жагы жеткиликтүү болбошу керек. Шайманды эмерекке орноштуруудан мурда бардык отсектин кесүү иштерин аткарыңыз жана бардык жыгач кырындыларын жана жыгач таарындысын этияттык менен алып салыңыз. Жумушчу столдун үстү менен духовканын өйдөңкү кырынын ортосундагы минималдуу өтмөктү тоспоңуз. Орнотуу учурунда гана мешти анын пенополистирол негизинен алып салыңыз. Шайманды кооздук эшиктин артына орнотпоңуз- Өрт чыгышы мүмкүн.
KIR
3
Loading...
+ 5 hidden pages