WHIRLPOOL AKP 288/NA User Manual [ky]

(Кепилдиктеги белгини бул
жерден колдонуңуз)
Колдонуучу жана кам көрүү нускамасы
KY
МААНИЛҮҮ КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАР
Бул нускамалар ошондой эле веб-сайтта жеткиликтүү болот: www.whirlpool.eu
СИЗДИН ЖАНА БАШКАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ ӨТӨ МААНИЛҮҮ
Бул колдонуучулардын өздөрү жана башкалар үчүн мүмкүн болгон коркунучтар тууралуу аларды эскерткен, коопсуздукка тиешелүү коркунуч символу. Бардык коопсуздук боюнча эскертүүлөр коркунуч символу жана төмөнкү шарттар менен өбөлгөлөнөт:
Коркунучтуу абалды көрсөтөт, жана анын алдын албаса, оор жаракатка алып келет.
КОРКУНУЧ
Коопту жагдайды, жана анын алдын албаса, оор жаракатка алып келиши мүмкүн.
ЭСКЕРТҮҮ
Бардык коопсуздук боюнча эскертүүлөр, болгон потенциалдуу коркунучтун анык маалыматтарын берет жана жабдууну туура эмес колдонуунун натыйдасында жаракат, зыян алуу жана электр агыны менен жабырлануу коркунучун кантип азайтууну көрсөтөт. Төмөнкү нускамаларды кунт коюп сактаңыз:
- Аларды келээрки эскертүүлѳргѳ чейин жакын жерде кармаӊыз.
- Баардык каптамын чечүү жана орнотуу аракеттерин аткарууда коргоочу кол кабын колдонуңуз.
- Жабдуу эки же кѳп адамдар тарабынын кѳтѳрүлүшү жана орнотулушу зарыл.
- Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин жабдуу электр тогунан ажыратылышы зарыл.
- Ѳндүрүүчүнүн колдонмолору жана жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык орнотуу жана оӊдоо тажрыйбалуу техник тарабынан жүргүзүлүшү керек. Колдонуучунун колдонмосунда кѳрсѳтүлгѳндү эске албастан шаймандын бир да бѳлүгүн оӊдоого жана алмаштырууга болбойт.
- Шайманды орнотуу иштерин жүргүзүүгө чейин кубаттуулук агынынан ажыратылышы зарыл. Ыйгарым укуктуу тейлөө борбору менен байланышыңыз.
- Эрежелер шаймандын жердетилишин талап кылат.
- Шайманды үй-жайга орнотууда анын кубаттуулук кабелин негизги кубаттуулук агынга туташтыруу үчүн, ал жетишээрлик узун болушу зарыл.
- Орнотуу үчүн учурдагы коопсуздук эрежелерине ылайык, көп полюстуу которгуч 3 мм минималдык аралыгы менен колдонулушу керек.
- Узарткыч кабелин, тармак чыгаруу вилкаларын же адаптерлерди колдонбоӊуз.
- Шайманды аралык башкаруу пульту же таймер менен иштеген айры тешикке туташтырбаңыз.
- Шайманды электр кабелинен суурбаңыз.
- Электрдик түзүүчүлѳр орнотулгандан кийин колдонуучуларга жеткиликтүү болбошу зарыл.
- Эгерде индукциялык плитанын үстүндө жарака кеткен болсо, аны колдонбоңуз жана электр агыны менен жабырланууну болтурбоо үчүн шайманды өчүрүңүз (индукциялуу функциясы бар моделдер гана үчүн).
- Шайманга дененин суу бѳлүгү менен тийбегиле жана эгер сиз жылаӊайлак болсоӊуз иштетпеӊиз.
- Бул шайман жалгыз гана тамак бышыруу үчүн турмуш-тиричилик шайманы катары даярдалган. Башка колдонуу түрүнө жол берилбейт (мисалы: бөлмөлөрдү жылытуу). Эгер ушул кеңештер жана сактык чаралар аткарылбаса, адам же жаныбар алган жаракат же мүлккө келтирилген зыян үчүн Өндүрүүчү эч кандай жоопкерчиликти албайт.
- Шайман жана анын жеткиликтүү бөлүктөрү колдонуу учурунда ысыйт. Ысыган элементтерге тийбөө үчүн сактык сакталышы керек. Ѳтѳ жаш (0дѳн 3 жашка чейин) жана жаш балдар (3тѳн 8 жашка чейин) кѳзѳмѳл астында болбогон учурда, шаймандан алыс болушу керек.
KIR2
- 8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар жана физикалык, сезгич же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген же тажрыйбасы жана билими жетишпеген адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук нускамалар берилгенде гана колдоно алышат жана коркунуч келерин түшүнүшү керек. Балдар шайман менен ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар тарабынан тазалоо же колдонуучуларды тейлѳѳ жүргүзүлбѳшү керек.
- Колдонууга чейин жана андан кийин, шаймандын ысыган элементтерине же ички бетине тийбеңиз – күйүп калуу коркунучу бар. Бардык компоненттер муздаганга чейин, шайман менен кийим же тез тутануучу материалдардын байланышын болтурбаңыз.
- Тамак бышыруунун аягында, духовкага жакындоого чейин ысык абаны же бууну аз-аздан чыгаруу менен шаймандын эшигин ачканда айбалаңыз. Шаймандын эшиги жабык турганда, ысык аба, башкаруу панелинин үстүндөгү жылчыктан чыгат. Вентиляция жылчыгын жаппаңыз.
- Мискейлерди жана жабдууларды алып салуу үчүн духовка колкабын колдонуӊуз, ысытуу элементтерине тийбегенге кѳӊүл буруӊуз.
- Тез от алуучу материалдарды шаймандын ичине же жанына койбоңуз: эгерде шайман этиятсыздык менен иштетилсе ѳрт чыгып кетиши мүмкүн.
- Герметикалык банкаларды же контейнерлерди жабдуунун ичинде ысытып жана аларга тамак бышырбаңыз. Ичинде пайда болгон басым банканын жарылышына алып келип, шайманга зыян келтириши мүмкүн.
- Синтетикалык материалдардан жасалган контейнерлерди колдонбоңуз.
- Ѳтѳ ысытылган майлар жана мал майлары бат тутанат. Майды жогору деңгээлде камтуусу менен тамакты бышырууда ар дайым кыраакы болуңуз.
- Тамак-ашты кургатканда жабдууну эч качан кароосуз калтырбаӊыз.
- Эгерде тамак бышырууда алкоголдуу ичкиликтер колдонулса (мисалы, ром, коньяк, вино), алкоголь жогору температурада бууланаарын эске алыңыз. Натыйжада, алкоголдон чыккан буу менен электр ысытуучу элементтин тийишүүсү болгондо тутануу коркунучу бар.
- Ѳтѳ ысытылган майлар жана мал майлар бат тутанат. Майды же алкоголду (мисалы, ром,коньяк,вино) жогору деңгээлде камтуусу болгон тамакты бышырууда ар дайым кыраакы болуңуз.
- Буу менен тазалоочу шаймандарды эч качан колдонбоуз.
- Пиролиз айлампасы учурунда духовкага тийбеңиз. Балдарды пиролиз айлампасы учурунда духовкадан алыс алып кетиңиз. Ашыкча чачыратуу тазалоо циклине чейин духовканын көңдөйүнөн алынышы керек (Пиролиз иш-милдети бар духовкалар гана үчүн).
- Пиролиз айлампасы учурунда же андан кийин, жаныбарлар шайман жайгашкан жерден алыс турушу керек (Пиролиз иш-милдети бар духовкалар гана үчүн).
- Бул духовкага сунушталган гана температура билдиргичин колдонуңуз.
- Дордогой катуу тазалоочу каражаттарын же учтуу металл кыргычтарын духованын эшигинин айнегин тазалоого колдонбоңуз, анткени алар үстүнкү бетти чийип айнектин күбүлүүсүнө алып келиши мүмкүн.
- Электр агыны менен жабырлануу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн лампаны алмаштыруудан мурда прибор өчүк экенин текшериңиз.
- Тамак бышыруу идишинде тамакты алюминий фольгасы менен каптабаңыз (тамак бышыруучу идиши камсыздалган духовкалар гана үчүн).
Турмуш-тиричилик техникаларын жараксыз кылуу
Бул шайман кайра иштетүүчү жана кайра колдонуучу материалдардан жасалды. Аны жергиликтүү таштанды чыгаруу эрежелерине
ылайык чыгаруу керек. Калдык катары кайра керектөөдөн мурда кубаттуулукту камсыз кылган кабелин кесип салыңыз.
Электрдик турмуш-тиричилик техникаларын колдонуу, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча кеӊири маалымат алуу үчүн
тийиштүү жергиликтүү бийликке, турмуш-тиричилик техникаларын ѳндүрүү жана таштандылары чыгаруу кызматына же шайман сатып
KIR3
алган дүкѳнгѳ кайрылыӊыз.
ОРНОТУУ
Шаймандын таӊгагын чечкенде ташып жеткирүү учурунда ага зыян келтирилбегендигин жана духовканын эшиги туура жабылаарын ырастаңыз. Кѳйгѳйлѳр бар болсо сатууга же сизге жакын жайгашкан Сатып алгандан кийинки тейлѳѳ кызматына кайрылыңыз. Зыян келтирбөө үчүн, орнотуу убагында духовканы полистрол көбүк негизинен алып чыгуу гана керек. Орнотуу иштери балдар тарабынан жүргүзүлбѳшү керек. Шайманды орнотуу учурунда балдарды жолотпоңуз. Орнотуу учурунда жана андан кийин балдар жете турган жерден чогултуу материалдарын (пластик баштыгын, полистирол бѳлүктѳрүн ж.б.) алыс кармаңыз.
ҮЙ-ЖАЙЫНА КОЮУГА ДАЯРДЫК
Духовка менен байланышта болгон ашкананын топтому ысыкка туруктуу болуусу зарыл (эң аз 90°C).
Бардык жыгач кесүү жумушун духовканы үйгө жайгаштырууга чейин аткарыңыз жана бардык жыгач калдыктарын жана тарындыларын кылдат алып салыңыз.
Орнотуудан кийин, духовканын түбүнө мүмкүндүк болбошу керек.
Прибордун туура иштөөсү үчүн, иш орду менен духовканын жогорку кырынын ортосундагы минималдык боштукту тоспоңуз.
ЭЛЕКТР ТУТАШУУСУ
Дайындар көрнөкчөсүндө көрсөтүлгөн кубаттуулук чыңалуусу негизги тармак чыңалуусу менен бирдей экенин тактаңыз. Дайындар көрнөкчөсү духовканын алдынкы кырында (эшигин ачканда көрүнөт).
Кубаттуулук кабелин алмаштыруу (H05 RR-F түрү 3 x 1,5 мм2) тажрыйбалуу электрик тарабынан аткарылышы керек. Ыйгарым укуктуу тейлөө борбору менен байланышыңыз.
ЖАЛПЫ СУНУШТАР Колдонууга чейин:
Тиешелүү буюмдардан коргоо картон бөлүктөрүн, коргогуч пленкасын жана чаптамаларын алып салыңыз. – Духовкадан ага тиешелүү буюмдарын чыгарып, изоляциялаган материалдардын жана коргогуч майынын жытын жана буусун жок кылуу үчүн
аны бир саатка жакын 200° чейин ысытыңыз.
Колдонуу учурунда:
Оор нерселерди эшигине койбоңуз, зыян келтирүүсү мүмкүн. – Эшигине жармашпаңыз жана кармагычына эч нерче илбеңиз. – Духовканын ичин алюминий фольгасы менен жаппаңыз. – Эч качан ысык духовканын ичине суу куйбаңыз; бул эмалдалган каптоосуна зыян келтириши мүмкүн. – Эч качан мискени же табаны духовканын түбү боюнча жылдырбаңыз, анткени бул эмалдалган каптоосуна зыян келтириши мүмкүн. – Башка шаймандарын электр кабелдери духовканын ысык бөлүктөрүнө тийбегенин же эшигине такалып калбаганын тактаңыз. – Духовканы атмосфералык аракет күчтөрүнө кабылдырбаңыз. –
АЙЛАНА-ЧѲЙРѲНҮН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ
Каптам материалын калдык катары таштоо
Таӊгакталган материалдар 100%га кайра иштетүүлүүчү болуп саналат жана кайра иштетүү символу ( ) менен белгиленет. Ошондуктан, таңгактардын ар түрлүү бөлүктөрү жоопкерчилик менен жана таштандыларды ыргытуу боюнча жергиликтүү эрежелерге толук баш ийүү менен ыргытылышы керек.
Өнүмдү керекке жаратуу
Бул шайман Электр жана Электрондук Жабдуулардын Калдыктары (ЭЭЖК) боюнча ЕБ 2012/19/ Европа көрсөтмөсүнө ылайык
белгиленген.
Бул өнүм туура чыгарылгандыгын камсыз кылуу менен айлана-чѳйрѳгѳ жана адамдын ден-соолугуна зыян алып келүүчү потенциалдуу
терс тажрыйбаларды болтурбоого жардам бересиз,
мындай болбосо алар бул өнүм тийиштүү эмес таштандыларын чыгаруусуна себеп болушу мүмкүн.
Шаймандагы, же шайманды коштогон документациядагы
ал,
электр жана электрондук шаймандарды керектөөчү жакынкы жыйноо борборуна тапшырылышы керек экенин көрсөтөт.
символу, бул өнүм турмуш-тиричилик калдыгы катары каралбастыгын жана
ЭНЕРГИЯ ҮНѲМДѲѲ БОЮНЧА КЕӉЕШТЕР
Эгерде тамак бышыруу таблицасында же сиздин рецептте көрсөтүлгөн болсо гана алдын ала ысытыңыз. – Кара лакталган же эмалдалган бышыруу үчүн формаларын колдонуңуз, анткени алар жылуулукту жакшы сиңирип алат.
ЭКО ЖАСАЛГАСЫНЫН ЖАРЫЯЛООСУ
Бул шайман, Европалык №. 65/2014, жана №. 66/2014 эрежелеринин Эко Жасалгасынын талаптарына жооп берет. Европалык En 60350-1
стандартына шайкеш.
KIR4
БУЗУКТУКТАРДЫ ЖОЮУ ҮЧҮН ЖОЛ КӨРСӨТКҮЧ
Духовка иштебейт:
Эгер духовка электр агынына туташылган болсо, тармакта электр кубаты бар же жогун текшериңиз.
Духовканы ѳчүрүӊүз жана бузуктук сакталгандыгын текшерүү үчүн кайра иштетиӊиз.
Эшик ачылбайт:
Духовканы ѳчүрүӊүз жана бузуктук сакталгандыгын текшерүү үчүн кайра иштетиӊиз.
Маанилүү: өз тазалануу учурунда, духовканын эшиги ачылбайт. Ал автоматтык кулпудан чыгуусуна чейин күтүңүз (“Пиролиз функциясы бар духовкалардын тазалоо айлампасы» пунктун караңыз).
Электрондук программатор иштебейт:
Эгер дисплей номерди ээрчиген " " тамгасын көрсөтсө, сизге жакын Сатуудан кийинки кардарды тейлөө кызматы менен байланышыңыз. Мындай учурда “ ” тамгасын ээрчиген номерди көрсөтүңүз.
САТУУДАН КИЙИНКИ ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТЫ
Сатуудан кийинки тейлөөгө чалуудан мурда:
1. “Бузуктукту жоюу үчүн жол көрсөткүчтө” берилген сунуштардын жардамы менен көйгөйдү өз алдынча чече алаарыңызды көрүңүз.
2. Бузуктук жоюлганын көрүү үчүн духовканы өчүрүп кайра иштетиңиз.
Эгерде жогоруда аталып чыкан текшерүүлөрдөн кийин бузуктук жоюлбаса жакынкы Сатуудан кийинки тейлөөгө кайрылыңыз.
Ар дайым так аныктаңыз:
бузуктуктун кыскача сүрөттөмөсүн;
духовканын түрүн жана анык моделин;
духовка ойдуңунун оң жак кырында (эшигин ачканда көрүнөт), тейлөө номерин (паспорттук көрнөкчөсүндө Тейлөө сөзүнөн кийинки номер).
Тейлөө номери ошондой эле кепилдик буклетинде көрсөтүлгөн;
сиздин толук дарегиңиз;
сиздин телефон номериңиз.
Эгер оңдоо талап кылынса, ыйгарым укуктуу Сатуудан кийинки тейлөө менен байланышыңыз (оригинал камылган бөлүктөр колдонулаарына жана оңдоо туура аткарыларына кепилденүү үчүн).
ТАЗАЛОО
ЭСКЕРТҮҮ
Духовканын сырткы көрүнүшү
МААНИЛҮҮ: жегич жана дордогой тазалоочу каражаттарды колдонбоңуз. Эгер бул өнүмдөр шайманга кокусунан тийсе, дароо микробулалуу ным чүпүрөк менен тазалаңыз.
Беттерди нымдуу микробулалуу чүпүрѳк менен тазалаӊыз. Эгер ал өтө булганган болсо, сууга бир аз идиш жууган каражат тамызып коюуңуз. Кургак чүпүрѳк менен аяктаӊыз.
Духовканын ички көрүнүшү
МААНИЛҮҮ: бодуракай губкаларды же металл кыргычтарды же жышыгычтарды колдонбоңуз. Бара-бара алар эмалдалган беттерди жана духовканын эшигинин айнегин бузат.
Ар бир колдонуудан кийин, духовканы муздатып, тамак калдыктарынан (мисалы, кантты жогору деңгээлде камтуусу менен тамак) пайда болгон туруктуу булганууларды же тактарды кетирүү үчүн аны жылуу кезинде тазалаган жакшы.
Духовкага арналган тазалоочу каражаттарды колдонуңуз жана өндүрүүчүнүн катка болгон нускамасын жолдоңуз.
Эшиктин айнегин жарактуу суюк каражат менен тазалаӊыз. Тазалоону жеңилдетүү үчүн духовканын эшигин чечип койсо болот (ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨнү караңыз).
Грильдин жогорку ысуучу элементин (ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨнү караңыз) духовканын төбөсүн тазалоо үчүн төмөн түшүрүүгө болот (кээ бир моделдер гана үчүн).
ЭСКЕРТҮҮ: сууну жогору деңгээлде камтуусу менен тамактарды узак убакыт бышырууда (мисалы, пицца, жашылчалар, ж.б.) эшиктин ичинде жана тыгыздашуу айланасында конденсацияны пайда кылышы мүмкүн. Духовка муздаганда, эшиктин ичин чүпүрөк же губка менен кургатыңыз.
Шаймандар:
Колдонуудан кийин тиешелүү буюмдарын, эгерде дагы эле ысык болсо, кол кап менен кармап дароо сууга чылап коюуңуз.
Тамак калдыктары щетканы же губканы колдонуу менен оңой алып салынат.
– Буу менен тазалоочу шаймандарды эч качан колдонбоңуз. – Духовканы, ал муздак кезде гана тазалаңыз. – Кубаттуулукту, кызматка чейин ажыратыңыз.
KIR5
Loading...
+ 9 hidden pages