Nokia 1112 User's Guide [ky]

Nokia 1110i/1112 Колдонмосу
9255486
1чи басма
ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Ушүнү менен NOKIA CORPORATION бул RH-93 продукт 1999/5/EC директивасынын башкы талаптарына жана башка орундуу шарттарга жооп бере тургандыгыгын жарыялайт. Ылайык келүү декларациясын төмөнкү адрестен тапса болот http://www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.
Чийилген дөнгөлөктүү челек, Европа Бирикмеси ичинде берилген продуктун иштетүү мөөнөтү аяктагандан кийин өзүнчө чогултулушу керек дегенди билдирет. Бул Сиздин аппаратыңызга да тиешелүү, ошондой эле бул Белги (знак)
бар башка жардамчы бөлүктөргө да тиешелүү. Бул продукттар сорттолбогон муниципалдык таштандыга кошулбашы зарыл.
Автордук укук© 2007 Nokia. Баардык укуктары корголгон.
Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун кандайдыр
бир түрдө кайра чыгарууга, колдон колго өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат.
0434
US Patent No 5818437 and other pending patents. T9 text input software Copyright© 1997-2007. Tegic Communications, Inc. All rights reserved.
Nokia жана Nokia Connecting People жөн же катталган соода маркалары. Мында жана кийин аталган башка продукт жана компания аттары тиешелүү ээлерге тийиштүү соода белгилери жана соода аттары болушу ыктымал.
Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси.
Nokia ар дайым өнүгүү саясатын жүргүзөт. Nokia, бул документте көрсөтүлгөн кайсы продукт болбосун, алдын ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды киргизүү укугун сактайт.
Кандай жагдай болбосун, Nokia эч кандай маалыматтардын жоголууларына, же чыгымдарга, же өзгөчө, кокусунан келип чыккан, же бир натыйжалардын негизинде келип чыккан, же кыйыр чыгымдарга жооптуу эмес.
Бул документтин мазмуну өзгөрүүсүз берилди. Тиешелүү мыизамга жараша эч кандаи гарантия, атайын же байланышкан болобу, соода жана башка максаттар менен баиланышкан гарантиялар бул документтин тактыгына, тууралыгына жана мазмунуна жараша сакталат. Nokia, бул документке алдын ала маалымдоосуз өзгөртүүлөрдү киргизүү же аны алып салуу укугун сактайт.
Белгилүү бир продуктардын болушу ар региондо ар кандай. Кошумча маалымат үчүн дилериңизге кайрылыңыз.
БУЛ АППАРАТ АКШНЫН ЖЕ БАШКА ӨЛКӨЛӨРДҮН ЭКПОРТ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ЖАНА КӨРСӨТМӨЛӨРҮНӨ ЫЛАЙЫК КЕЛГЕН ТОВАРЛАРДЫ, ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ЖЕ КАМСЫЗДОО ПРОГРАММАЛАРЫН КАМТЫШЫ МҮМКҮН. МЫЙЗАМДЫК ЧЕТКЕ КАГУУЛАРГА ТЫЮ САЛЫНАТ.
9255486/1чи басма
5

М а з м у н у

Мазмуну
Сиздин коопсуздугуңуз үчүн
..........................................7
Жалпы маалымат
............................................................13
Кирүү коду ......................................................................13
Жалпы эс кабы ............................................................... 14
1. Баштоо ....................................................................... 15
Кантип баштоо ...............................................................15
SIM карта менен батареяны коюңуз ............................. 16
Батарейканы толтуруңуз ............................................... 17
Жандыруу же өчүрүү .....................................................18
Көрсөтүү версиясы ........................................................19
Күтүү режиминдеги баскычтар ...................................... 20
Клавиатураны бекитүү ................................................... 21
2. Чакырык функциялары .......................................... 22
Чакырыкты жасоо жана чакырыкты кабыл алуу ......... 22
Бийик үндүү байланыш .................................................23
3. Тексти жазыңыз ....................................................... 24
4. Меню кызматтары ................................................... 26
Маалыматтар ................................................................. 26
6
М а з м у н у
Байланыштар ................................................................. 30
Чакырыктарды белгилөө ............................................... 32
Ыңгайлаштыруу .............................................................33
Саат ................................................................................38
Эскерткичтер .................................................................. 39
Кошумчалар ...................................................................40
SIM кызматтары ............................................................. 42
5. Батарейка жөнүндө маалымат .............................. 43
Заряддоо жана заряддын түгөнүшү .............................43
Nokia батарейкасын идентификациялоо
боюнча жолдомо ............................................................ 46
6. Жабдуулар ................................................................50
Кароо жана сактоо ....................................................... 51
Кошумча коопсуздук маалымат ................................ 54

С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н

7
Сиздин коопсуздугуңуз үчүн
Бул жөнөкөй көрсөтмөлөрдү окуңуз. Аларды сактабоо коркунучка же мыйзамсыз иштерге алып келект. Кошумча маалымат үчүн колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдүн баарын окуп чыгыңыз.
КООПСУЗ ЖАНДЫРУУ
Зымы жок телефонду колдонууга тыюуу салынган учурда, тоскоолдуу же кооптуу учурда аппаратыңызды жандырбаңыз.
ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА БОЛУШУ ЗАРЫЛ
Жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиңиз. Айдоо учурунда Унааны айдоо үчүн колуңузду ар дайым бош кармаңыз. Айдоо учурунда биринчи орунда жол коопсуздугу болуш керек.
ТОСКООЛДУКТАР
Баардык зымы жок аппараттар, иштөөлөрүнө таасир эткен, тоскоолдуктарды тез кабыл алуу касиетине ээ.
С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н
8
БЕЙТАПКАНАЛАРДА ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Медициналык жабдуулардын жанында аппаратты өчүрүп коюууңуз зарыл.
УЧАКТЫН ИЧИНДЕ ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Медициналык жабдуулардын жанында аппаратты өчүрүп коюшуңуз зарыл.
МАЙ КУЮУУ УЧУРУНДА ӨЧҮРҮП КОЮҢУЗ
Май куюуу жайларында аппаратты колдонбооңуз талап кылынат. Бензин же химиялык заттардын жанында колдонбоңуз.
ЖАРЫЛУУЧУ ЗАТТАРДЫН ЖАНЫНДА ӨЧҮРҮП КОЮҢУЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Жардыруулар жүрүп жаткан жерлерде аппаратты колдонбоңуз.
ОРДУ МЕНЕН КОЛДОНУУ
Документте көрсөтүлгөндөй туура калпта гана колдонуңуз. Керексиз учурда антеннага тийбеңиз.
С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н
9
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ
Бул продуктту квалификациясы бар кызматчылар гана орното жана оңдой алат.
ЖАБДУУЛАР ЖАНА БАТАРЕЙКАЛАР
Бекитилген жабдуулар менен батарейкаларды гана колдонуңуз. Туура келбеген продукттарга туташтырбаңыз.
СУУГА ТУРУШТУГУ
Сиздин телефоңыздын сууга туруштугу жок. Кургак кармаңыз.
АШЫКЧА КӨЧҮРМӨЛӨР
Ашык көчүрмөлөрдү жасап коюууну унутпаңыз, же аппаратыңыздагы эң маанилүү маалыматтардын кол жазма түрүндөгү көчүрмөсүн сактоо дагы ашыкча болбойт.
БАШКА АППАРАТТАРГА ТУТАШТЫРУУ
Башка аппаратка туташтыруудан мурун, коопсуздук көрсөтмөлөрүн алуу үчүн ал аппараттын колдонмосу менен таанышыңыз. Туура келбеген продукттарга туташтырбаңыз.
С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н
10
ТЕЗ ЖАРДАМ ЧАКЫРЫКТАРЫ
Аппаратыңыздын чакыруу жасоо бөлүгүнүн иштеп жатканына ишенимдүү болуңуз. Чакырууну аяктоо баскычын бир нече жолу басып экранды тазалап күтүү режимине өтүңүз. Тез жардам номерин терип чалуу баскычын басыңыз. Жайгашкан жериңиздин дарегин бериңиз. Уруксаат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
Сиздин аппаратыңыз жөнүндө
Бул жолдомодо сүрөттөлгөн радио аппарат EGSM 900 жана GSM 1800 түйүндөрүндө колдонууга бекитилген. Түйүндөр жөнүндө кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматына кайрылыңыз.
Бул аппараттагы кызматтарды колдонгондо баардык мыйзамдарга баш ийип, башкалардын жеке менчиктик жана мыйзамдык укуктарына сыйлоо менен мамиле кылыңыз.
Эскертүү: Ойготуу саатынын функциясынан башка функцияларын аппараттын жандырылган маалында гана колдонуу мүмкүн. Зымсыз аппарат колдонуу учурунда тоскоолдук же
С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н
11
коркунуч туудурушу мумкун болгон учурда зымсыз аппаратты жандыруу сунуш кылынбайт.
Түйүндүк кызматтар
Телефонду колдонуу үчүн Сизде зымсыз тейлоо кызматынан тейлөө болушу керек. Бул аппараттын көпчүлүк кызматтарынын иштөөсү, радио аппаратынын түйүнүндөгү берилген кызматтарга жараша болот. Бул түйүндөгү кызматтар баардык түйүндөрдө болбошу мүмкүн, же түйүндөгү кызматтарды колдонуудан мурда тейлөө кызматы менен атайын макулдашууңуз абзел. Сиздин тейлөө кызматыңызга сизге атайын аларды колдонуу боюнча багыттамаларды жана баалары боюнча маалыматтарды берүүсү талап кылынышы мүмкүн. Кээ бир түйүндөрдө, Сиздин түйүндөрдү колдонууңузга таасирин тийгизүүчү чектердин коюлушу мүмкүн. Мисалы, кээ бир түйүндөр баардык тилдерге тиешелүү символдорду жана кызматтарды колдобошу мүмкүн.
Сизди кызмат менен камсыз кылуучу кызмат белгилүү бир функцияларды иштен чыгарып коюуүнү же активациялоону жүргүзбөөнү талап кылышы мүмкүн. Эгер андай болсо, мындай функциялар сиздин аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Ошондой эле
С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н
12
сиздин аппаратыңыздын меню аттарын, ирээтин жана символдорун өзгөртүү боюнча атайын конфигурациясы болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн кызмат камсыздоочуңуз менен байланышыңыз.
Заряддоочу жана туташтырылуучу
бөлүктөр
Батарейканы алып салуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөсүнөн ажыратып, аппаратты өчүрүү сунуш этилет.
Заряддоо бөлүкчөсүнүн моделин бул аппарат менен колдонуудан мурун текшериңиз. Бул аппарат AC-2, ACP-7 жана ACP-12 заряддочу бөлүктөр менен камсыз болгондо гана колдонууга мүмкүн.
Эскертүү: Берилген моделге Nokia тарабынан бекитилген гана батарейкаларды, заряддык бөлүкчөлөрдү жана кошумча жабдууларды колдонуңуз. Башка туура келбеген түрлөрдү колдонуу гарантиянын жана бекитменин бузулушуна алып келет жана коркүнүч туудурушу мүмкүн.
Бекитилген жабдуулардын бар же жогун дилериңизден билсеңиз болот.

Ж а л п ы м а а л ы м а т

13
Жалпы маалымат

Кирүү коду

Телефон менен берилген коопсуздук код
телефонуңузду уруксатсыз пайдалануудан сактайт. Берилүүчү код 12345.
SIM карта менен берилген PIN код сиздин
картаңызды уруксатсыз пайдалануудан сактайт.
SIM карта менен берилген PIN2 коду башка
белгилүү кызматтарга кирүү үчүн талап кылынат.
PUK жана PUK2 коддору SIM карта менен берилет.
Эгер сиз PIN же PIN2 коддорун туура эмес үч жолу киргизсеңиз, анда сизден PUK жана PUK2 коддору суралат. Эгер сизде алар жок болсо, анда сиздин жергиликтүү кызматка кайрылышыңыз зарыл.
Кирүү коддорун жана коопсуздук ыңгайлаштырууларын телефонуңузга ыңгайлаштыруу үчүн Меню >
Настройкалар > Коргоо настройкалары тандаңыз.
Ж а л п ы м а а л ы м а т
14

Жалпы эс кабы

Аппараттагы төмөнкү функциялар эс кабын жалпы колдонушу мүмкүн: Кабарлар, Байланыштар жана
Обондордун синтезатору. Бул функциялардын бирин
же башкасын колдонуу башка эс кабын колдонгон функциялардын эс кабынын көлөмүн азайтууга алып келет. Мисалы, көп текст кабарларын сактоо калган эстин баарын колдонууга алып келиши ыктымал. Сиздин аппаратыңыз жалпы эс кабын колдонуучу фукцияларды колдонууда “эс кабы толду” деген маалыматты бериши мүмкүн. Мындай учурда улантуудан мурун жалпы эс кабында сакталган маалыматтардын кээ бирин алып салуу сунушталат. Кээ бир функциялардын мисалы, Байланыштар башка функциялар жалпы колдонгон эс каптан сырткары атайын кошумча бөлүнгөн эс капка ээ болушу мүмкүн.
Б а ш т о о
15

1. Баштоо

Кантип баштоо

Телефон колдонууга даяр туруп, эч кандай белгилер киргизилбеген болсо, анда телефон күтүү режиминде тургандыгын билдирет.
Уюлдук байланыш
деңгээли (1)
Батарея деңгээли (2)
Функцияларды тандоо
клавишасы (3)
Тандоо клавишасы (4)
Айлантуу клавишасы (5)
Чакырык клавишасы (6)
Өчүрүү жана жандыруу
клавишасы (7)
Клавиатура (8)
Б а ш т о о
16

SIM карта менен батареяны коюңуз

Баардык SIM карталарды кичине балдардан алыс кармаганыңыз оң.
SIM картанын кызматы боюнча Сиздин SIM картаңыздын сатуучусу менен байланышыңыз. Бул тейлөө кызматы, түйүн оператору же башка сатуучу болушу мүмкүн.
Бул телефон BL-5CA батареясы менен колдонгонго ылайыкташтырылган.
1. Астындагы капкактын кнопкасын (1) басып
капкакты ачып, алып салыңыз (2, 3). Батарейканы кармагычынан кармап тартып алып чыгыңыз (4).
Б а ш т о о
17
2. Этияттык менен телефондун кармагычынан SIM картанын кармагычын көтөргүлө (5). Кыйгач келген бурчун өйдө жакка келтирип, алтын сыңар темирделген бетин ылдый каратып SIM картаны коюңуз (6). SIM карта кармагычын жабыңыз (7), жана аны басып, ордуна бекитиңиз. Батарейканы коюңуз (8, 9).

Батарейканы толтуруңуз

1. Заряддоочу бөлүктү розеткага туташтырыңыз.
2. Заряддоочу бөлүктүн аягын телефондун ылдый жагындагы уячага туташтырыңыз. Батарея деңгээлин көрсөтүүчү көрсөткүч ылдый-өйдө кыймылдай баштайт.
Б а ш т о о
18
Эгер Заряддалбоо көрсөтүлсө, анда бир аз күтүп,
заряддоочу бөлүктөн ажыратып кайра туташтырыңыз. Эгер заряддоо дагы эле ишке ашпаса, анда дилериңизге кайрылыңыз.
3. Батарея толгондо көрсөткүч ылдый-өйдө кыймылдабай калат. Заряддоочу бөлүктү телефондон жана розеткадан ажыратыңыз.

Жандыруу же өчүрүү

Аяктоо клавишасын басып, бир нече секудага чейин кармап туруңуз.
Телефонду жөнөкөй иштетүү калыбында гана колдонуңуз.
Сиздин аппаратыңыздын ички антеннасы бар.
Б а ш т о о
19
Эскертүү: Ар бир радио толкунун жиберүү
аппараты сыяктуу эле, аппаратыңыз иштеп жатканда антеннаны кармабаңыз. Антеннага тийгенде сүйлөшүү сапатына таасир этип аппараттын жогорку деңгээлдеги кубаттуулук менен иштөөсүнө себеп болот. Аппаратты колдонуп жатканда, антенна бөлүгүнө тийбөө, антеннанын иштөөсүн жана батареянын мөөнөтүн оптимизациялайт.
Эскертүү: Бул коннекторду кармоодон алыс болуңуз, анткени ал электростатика жагынан өтө эле сезгич келет.

Көрсөтүү версиясы

Сиз телефонуңуздун белгилүү бир функцияларын кантип колдонууну көрсөңүз болот. Эгер SIM карта коюлган эмес болсо, Көргсм > Негиздер, Көбүрөөк же
Оюндар төмөнкүлөдү тандаңыз.
Эгер SIM карта коюлган болсо, төмөнкүлөдү Меню >
Кошумчалар > Көргсм > Негиздер же Көбүрөөк тандаңыз.
Б а ш т о о
20

Күтүү режиминдеги баскычтар

Чакырыктарды белгилөө кирүү үчүн өйдө жылыңыз.
Аттар жана телефон номерлер сакталган
Байланыштар кирүү үчүн ылдый жылыңыз.
Билдирүү жазуу үчүн солго жылыңыз. Көрсөтүү версиясына кирүү үчүн оңго жылыңыз. Сүйлөөчү саатты ишке киргизүү үчүн * басып кармап
туруңуз. Чакырык жасоо клавишасын басып, терилген номерлер
тизмесине кириңиз. Жылдыруу клавишасын айлантып, керектүү атты же номерди табып, чакырык жасоо үчүн чакырык жасоо клавишасын басыңыз.
Б а ш т о о
21

Клавиатураны бекитүү

Күтүү режиминде капысынан басылып калуудан сактоо үчүн клавиатураны бекитүү үчүн Меню терип, * тез басыңыз; ачуу үчүн Бл.чет. терип, * тез басыңыз.
Баскычтарды кулпулоо жандырылган болсо, анда сиздин аппаратка программаланган расмий тез жардамдын номерине гана чакырыктарды жөнөтө аласыз.
Тез жардам номерин терип, чакырык жасоону басыңыз. Сиз киргизген тез жардам номери экрандан көрүнбөшү ыктымал.
Ч а к ы р ы к ф у н к ц и я л а р ы
22

2. Чакырык функциялары

Чакырыкты жасоо жана
чакырыкты кабыл алуу
Чакырык жасоо үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:
1. Телефон номерди жергиликтүү код менен бирге киргизиңиз. Эгер керек болсо өлкөнүн коду дагы кошулушу керек.
2. Номерге чакырык жасоо үчүн чакырык жасоо клавишасын басыңыз. Телефон чалу учурунда наушниктин же баш телефонунун үндөрүнүн деңгээлин чоңойтуу үчүн оңго жылыңыз, ал эми кичирейтүү үчүн солго жылыңыз.
Келген чакырыкка жооп бериш үчүн чакырык клавишасын басыңыз. Жоопсуз коюп коюуу үчүн аяктоо клавишасын басыңыз.
Ч а к ы р ы к ф у н к ц и я л а р ы
23

Бийик үндүү байланыш

Сүйлөшүү учурунда эгер бар болсо, Катуу. же Кол бош. тандап, катуу сүйлөөнү же наушникти тандасаңыз болот.
Эскертүү: Бийик үндүү байланыш колдонулуп жатканда аппараты кулагыңызга жакын кармабаңыз, анткени, үн деңгээли өтө эле катуу болушу мүмкүн.
Т е к с т и ж а з ы ң ы з
24

3. Тексти жазыңыз

Сиз тексти эки башка түрдө киргизсеңиз болот: салтуу түрдөгү текст киргизүү менен белгиленген , же айтып берип турган (коюлгансөздүк) текст киргизүү менен белгиленген .
Салтуу түрдөгү текст киргизүүнү колдонуу үчүн, тамгалар басылган клавитураларды керектүү тамга чыкканга чейин басыңыз.
Айтып берип турган текст киргизүүнү жандырыш үчүн,
Опция > Сөздүк тандаңыз жана керектүү тилди коюңуз;
өчүрүү үчүн Опция > Сөздүк өчүрүлгөн тандаңыз. Айтып берип турган текст киргизүүнү колдонуш үчүн
төмөнкүлөрдү кылыңыз:
1. Керектүү сөздү киргизиш үчүн, ар бир клавиатураны ар бир сөз үчүн басыңыз.
2. Эгер көрсөтүлгөн сөз, сиз издеген сөз болсо, анда 0 басыңыз жана кийинки сөздү жазып баштаңыз.
Сөздү алмаштырыш үчүн токтобостон * керектүү сөз
чыкканга чейин басыңыз.
Т е к с т и ж а з ы ң ы з
25
Эгер бул белги ? сөздөн кийин чыкса, анда бул
сөз сөздүктө жок деп билсе болот. Сөздү сөздүкө киргизиш үчүн Сөз таап, (салтуу түрдөгү текст киргизүүнү колдонуп) сөздү киргизип, OK ди басыңыз.
Салтуу түрдөгү текст киргизүү менен, айтып берип турган текст киргизүүлөрдү колдонуу боюнча берилген сунуштар:
Бош орун коюш үчүн 0 дү басыңыз
Текст жазып жатканда, тез аранын ичинде текст
киргизүү методун өзгөртүү үчүн бир нече жолу # басыңыз жана экрандын үстүндөгү көрсөткүчтү караңыз.
Санды коюш үчүн керектүү сандын клавишасын
басып, бир аз кармаңыз.
Салттуу түрдөгү текст киргизүүдө атайын белгилердин тизмесин алуу үчүн * басыңыз, айтып берип турган тексти киргизүүдө * басып, бир аз кармаңыз.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
26

4. Меню кызматтары

Күтүү режиминде Меню жана керектүү менюну жана жардамчы менюну тандаңыз. Чыгуу же Артка тандап учурдагы менюдан чыксаңыз болот. Аяктоо клавишасын басып, дароо күтүү режимине келсеңиз болот.
Баардык меню функциялары жана кошумча параметрлери бул жерде сүрөттөлгөн жок.

Маалыматтар

Маалыматарды ыңгайлаштыруу
Маалыматарды ыңгайлаштырууда өзгөртүүлөрдү киргизгиңиз келсе төмөнкүлөрдү Меню >
Кабарлар > Кабарларды настройкалары тандаңыз.
Текст же сүрөт маалыматтарын жиберүү үчүн керек болгон телефон номерлерин сактоо үчүн Жибер.режм >
Кабар борборун номери тандаңыз. Сиз бул номерди
тейлөө кызматынан алсаңыз болот.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
27
Текст кабар жөнөтүп жатканда коддун Толук же
Азайтылган түрүн коюуу үчүн Белги колдоо (түйүндүк
кызмат) тандаңыз. Филтрленген номерлерди кароо же өзгөртүү үчүн
Экрандаштыруу жок тандаңыз.
Кабар жаратуу
Сиздин аппаратыңыз белги чектеринен ашкан текст кабарлардын бир жолку жиберүүлөрүн колдойт. Узун кабарлар эки-үчкө бөлүнүп кетет. Сиздин тейлөө кызматыңыз ошого жараша төлөө акысын алат. Басым белгилерин жана башка белгилерди талап кылган тилдерде, белгилер, бир сапар менен кеткен кабардын белгилерине чек коюуу менен, көп оорунду ээлеши мүмкүн.
Бар функциялардын номерлери жана көп бөлүктөрдөн турган маалыматтардын учурдагы номеринин бөлүгү экрандын үстүндөгү оң тарапта көрсөтүлгөн, мисалы
917/1.
1.
Күтүү режиминде Меню > Кабарлар > Кабар жаратуу тандаңыз.
2. Маалыматты жазыңыз.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
28
3. Маалыматты жибериш үчүн Опция > Жиберүү таап, кабыл алуучунун телефон номерин киргизиңиз жана
OK клавишасын басыңыз.
Эскертүү: Сиз кабар жөнөтүп жатканда,
сиздин экраныңыз Кабар жөнөтүлдү деген маалыматты бериши мүмкүн. Бул нерсе, сиздин аппаратыңыздан кабар аппаратыңызга киргизилген номер боюнча кабар борборуна жөнөтүлдү дегенди билдирет. Бирок, бул нерсе багытталган тараптын кабарды кабыл алгандыгын бирдирбейт. Кабарлар кызматтары боюнча кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматына кайрылыңыз.
Текст маалыматын окуңуз
Сиз текст маалымат алганда, күтүү режиминде экранга жаңы маалыматтардын саны жана белгиси чыгат.
Маалыматтарды дароо кароо үчүн Көрс. тандаңыз, же
Меню > Кабарлар > Кабыл алынган кийинчерээк кароо
үчүн Чыгуу басыңыз.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
29
Чүргөмөлөр жана Жиберил-гендер
Чүргөмөлөр менюсунда сиз Кабар. сактоо менюсунда
сактап койгон маалыматтарды карай аласыз. Жиберил-
гендер
менюсунда сиз жиберилген маалыматтардын
көчүрмөсүн
карай аласыз.
Сүрөт камтыган маалыматтар (түйүндүк кызмат)
Сиз сүрөттөрдү камтыган маалыматтарды кабыл алып жана жибере аласыз. Кабыл алынган сүрөт камтыган маалыматтар Кабыл алынган сакталат. Көңүл буруңуз, ар бир сүрөт маалыматы бир нече текст маалыматын камтышы мүмкүн. Ошондуктан, бир сүрөт маалыматын жиберүү, текст маалыматын жиберүүдөн кымбатка турушу мүмкүн.
Эскертүү: Сүрөттүү маалымат функциясын жалгыз гана тейлөө кызматынын колдоосу менен пайдалансаңыз болот. Жалгыз биргелешкен сүрөттүү маалымат функцияларын сунуш кылган аппараттар сүрөттүү маалыматтарды кабыл алып аны кайрадан чыгара алат. Маалыматтын түзүлүшү кабыл алуучу аппаратка жараша өзгөрүшү мүмкүн.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
30
Маалыматтарды алып салуу
Баардык окулган маалыматарды же папкадагы баардык маалыматтарды алып салуу үчүн Меню > Кабарлар >
Кабарды алып салуу > Баардыгы окулган тандаңыз, же
керектүү папканы тандаңыз.

Байланыштар

Сиз аттарды жана телефон номерлерди телефондун жана SIM картанын эс кабында сактасаңыз болот. Ички телефондук китепче 200 атка чейин сактай алат.
Атты жана телефон номерди издөө
Күтүү режиминде жылдыргычты ылдый жылдырып, аттын биринчи тамгасын териңиз. Сизге керектүү атты тандаңыз.
Сиз ошондой эле Байланыштар менюсунда төмөнкү опцияларды колдоно аласыз:
Байланыш кошуу— Аттарды жана телефон
номерлерди телефон китепчесинде сактоо үчүн
М е н ю к ы з м а т т а р ы
31
Алып салуу— аттарды жана телефон номерлерди
телефон китепчесинен бирден же жалпы алып салуу үчүн
Көчүрүү— Аттарды жана телефон номерлерди ички
телефон китепчесинен SIM телефон китепчесине көчүрүү үчүн, же тескерисинче
Байланыштарды ыңгайлаштыруу
Болгон опциялардан Меню > Байланыштар >
Настройкалар тандаңыз: Эстутумды тандоо— ат жана телефон номерлери
Телефон же SIM карта сакталганын ажыратыш үчүн.
Сиз SIM картаны алмаштырганда SIM карта эс кабы автоматтык түрдө тандалат.
Көрсөтүлгөн— Аттар жана телефон номерлер кандайча
көрсөтүлгөнүн ажыратыш үчүн. Сиз байланыштын
Details Көрсөтүлгөн менен караганда
Ат тизмеси же
Жалаң гана ат ге коюңуз, SIM картанын
эс кабында сакталган ат же телефон менен белгиленген, телефондун эс кабында сакталган ат же номер менен белгиленген .
М е н ю к ы з м а т т а р ы
32
Эстутум абалы— Ар бир телефон китепчесинде канча
аттар жана телефон номерлер сакталганын жана дагы канча сактала турганын текшерүү үчүн.
Чакырыктарды белгилөө
Телефон өткөрүлгөн, кабыл алынган, терилген номерлердин чакырыктарын; алардын узактыгын жана жиберилген, кабыл алынган кабарлардын санын белгилейт.
Эгер телефон жандырылуу болсо өткөрүлгөн, кабыл алынган чакырыктарды түйүндүн кызматы ичинде белгилейт, ал эми түйүн болсо бул функцияларды колдойт.
Чакырык таймери
Акыркы, баардык кабыл алынган, терилген же баардык чакырыктардын узактыгын кароо үчүн Меню >

Чакырыктарды белгилөө

>
Чакыруулар узактыгы
тандаңыз. Таймерди кайра коюуу үчүн Таймерди тазалоо тандаңыз
жана коопсуздук кодун киргизиңип, OK клавишасын басыңыз.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
33
Эскертүү: Тейлөө кызматында эсепке кирген
реалдык убакыт түйүндүк өзгөчөлүктөргө, эсеп берүүнүн мезгил аралыгына жана салыкка жараша өзгөрүп турушу ыктымал.

Ыңгайлаштыруу

Бул менюда сиз ар кандай телефон ыңгайлаштыруу функцияларын коё аласыз. Кээ бир меню ыңгайлаштыруу функцияларын баштапкы ордуна келтирүү үчүн Жардам.ыкка келтр. тандаңыз.
Үндү ыңгайлаштыруу
Функциялардын ичинен жана Меню > Настройкалар >
Кабар обону тандаңыз: Чойноочу үн— келген чакырыктарга үндү коюуу үчүн Обондун добушун ондоо— чакырыктардын жана келген
каттардын жана акырыктардын үнүнүн деңгээлин коюуу үчүн орнотуу үчүн Эгер сиз Обондун добушун ондоо 2чи деңгээлге же андан жогоруга койсоңуз, чакырык келгенде сиздин телефонуңуз 1чи деңгээлден баштап сиз тандаган деңгээлге чейин жетет.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
34
Вибрация сигналы— Вибрация сигналын келген
чалуулар жана каттар үчүн орнотуу
Маалымат сигналынын үнү— Кат сигнал үнүн келген
текстүү каттар үчүн орнотуу
Эскертүүчү сигналдар— Эскертүү сигналын, мисалы,
батарея бүтүп жаткан учурлар үчүн орнотуу-эскертүү сигналы
Экранды ыңгайлаштыруу
Меню > Настройкалар > Экранды настройкалары
тандаңыз. Саатты сактоочу функциясы сандуу же классикалык
сааты жана башка экранды көрсөткүчдөрдү орнотууда
Энергия сактай турган саат колдонулат.
Параметрлер
Сиз режимдер бөлүгүндө чалуу үндөрүн жана экран көрсөткүчтөрүн колдонуу жолдорун тандай аласыз.
Сиз каалаган режимди орнотуу үчүн төмөнкү операцияны аткарыңыз Меню > Настройкалар >
Параметрлер жана Жекелик кылуу.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
35
Убакытты ыңгайлаштыруу
Меню > Настройкалар > Саатты настройкалары
тандаңыз. Бөлүгү саатты көрсөтүү же жашыруу үчүн, убакытты
көрсөтүү учун, жана убакыттын форматын өзгөртүш үчүн Саат колдонулат.
Эгер батарея аппараттан алынып калса, сиз убакытты жана датаны кайра киргизүүңүз зарыл.
Чалууларды ыңгайлаштыруу
Функциялардын ичинен жана Меню > Настройкалар >
Чалууларды настройкалары тандаңыз:
Аппаратка келген чалууларды сиздин үн кат кутусуна же башка уюлдук телефон номерине жибериш үчүн
Чакыруу переадре-сациясы (түйүндүк байланыш)
тандаңыз. Сиз каалаган жиберүү жолун тандап,
Активдештирүү Бөлүгүнө тандалган жиберүү жолун
орнотуш үчүн же Алып салуу бөлүгүнө ал жолду Абал жоюш үчүн өтүңүздөр. Тандалган жиберүү жолун активдештирилгенин көрүү үчүн Кечигүү убактысын
коюуу. Бир канча жиберүү жолдору бир убакытта
активдүү кылса болот. Бардык чалуу үндөрүн жиберүү
М е н ю к ы з м а т т а р ы
36
Бары переадре-сац. функциясы иштегенде, ал
жөнүндө маалымат экрандын күтүүчү режиминде көрүнөт. Чалуу жиберүүлөрдү жоюу үчүн Бары переадре-сац.
токтотуу
бөлүгүн тандагыла.
Сиздин аппаратыңыздын номери сиз чалып жаткан экинчи адамдын аппаратынын экранында чыгып жатканын же жашыруун режимде турган экенин билиш үчүн Менин чакыруу өзгөчөлүктөрүмдү жөнөтүү бөлүгүнө өтүш керек (түйүндүк байланыш).
Автоматуу кайра чалуу бөлүгүн сиз чала албай калган учурдан кийин 10 жолу автоматтуу түрдө чалуу үчүн
Автоматтык түрдө терүү колдонгула.
Сиз аппараттан сүйлөшуп жаткан убакытта сизге башка чалуу келип калса, ал жөнүндө маалыматты сизге көрсөтүш үчүн Чакырык күтүү кызматы (түйүндүк байланыш) бөлүгүн тандагыла.
Аппараты ыңгайлаштыруу
Меню > Настройкалар > Телефон настройкалары
тандаңыз.
Тил бөлүгүн экрандагы текст үчүн тилди тандоодо
колдонулат.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
37
Наркты настройкалары
Эскертүү: Тейлөө кызматынан келген
чакырык жана кызматтар үчүн эсептер түйүндүк өзгөчөлүктөргө, эсеп берүүнүн мезгил аралыгына жана салыкка жараша өзгөрүп турат.
Алдын ала төлөнгөн кредит жөнүндө маалыматты көрсөтүш үчүн Меню > Настройкалар > Наркты
настройкалары, жана Төлөнгөн кредит (түйүндүк
байланыш) алдын ала төлөнгөн маалыматты көрсөткүч функциясын; Узактыгы көрсөтүлөт чалуу убакытын экранда чыгаруу же катуу үчүн; Соңу боюнча чак. узакт. чалуу убакыты жөнүндө отчетту чыгаруу же катуу үчүн- тандагыла.
Эскертүү: Төлөө бирдиктери калбай калганда аппаратка программаланган тез жардам номерине гана чакырык кылынышы мүмкүн.
Көтөрүү функциялары
Меню > Настройкалар > Жардам.ыкка келтр. >
Минигарнитура же Угуучу аппарат тандаңыз.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
38
Аппараттын автоматтуу түрдө келген чалууларга 5 секундадан кийин жооп бериш үчүн Чакыр.авт. жооп
берүү тандаңыз.
Акссуарларды орнотуу менюсу акссесуарлардын бирөөсү аппарат кошулгандан кийин чыгарылат.
Оң тараптагы кнопканын колдонуу укугу
Күтүүчү режимде, сиз бир канча тез операцияларды
Актвдр тандай аласыз. Тез операцияларды аныктап
орундаштыруу үчүн төмөнкү операцияны аткарыныз
Меню > Настройкалар > Оң тандоо клав. настройк.
Болгон жолдорду тандоо бөлүгүндө сиз каалаган тез операцияларды Опциялар тандай аласыз. Орундаштыруу бөлүгү тез операциялардын функциясын орундаштыруу үчүн Ирээттөө колдонулат.

Саат

Күтүүчү режимде жайгашкан сигналга убакытты киргизүү үчүн төмөнкү операцияны аткарыныз: Меню > Саат >
Эскерт.убакт. Сигналдын белгилүү
бир күнгө же жуманын белгилүү Эскерт.обону бир
М е н ю к ы з м а т т а р ы
39
күндөрүндө кайталанып коюулушуна мүмкүнчүлүк берет Күнд.коюл.эск. аппарат убакытты айтуу Сүйлөөчү
саат үчүн колдонулат. Кайталоо функциясы сигналды
токтотуп, аны 10 мүнөттөн кийин кайра Стоп чыгышына мүмкүнчүлүк берет Кйт. иш.
Ойготкуч сааттын убактысы аппарат өчүрүлгөн абалына келгенде, аппарат өзүн-өзү жандырырып ойготкуч тонду ойноп баштайт. Эгерде «STOP» деген баскычты бассаңыз аппарат өзүн кайрадан активдештирүүгө Сиздин каалооңузду сурайт. Аппаратты өчүрүү үчүн «NO» дегенбаскычты же чакырык жасоо жана чакырык кабыл алуу үчүн
«YES» ны басыңыз. Зымсыз телефонду колдонууда
тоскоолдуктар же коркүнүч чыкса «YES» ти баспаңыз.

Эскерткичтер

Сигнал чыгарган кыска текстүү эскертүүнү сакташ үчүн Меню > Эскерткичтер >
Жаңы эскертүү операциясын аткарыңыз.
Эскертүү сигналы чыкканда, сигналды токтотуш үчүн Чгп ктү же сигналдын 10 мүнөттөн кийин кайра чыгышуу Кйнрк. үчүн колдонулат.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
40

Кошумчалар

Калькулятор
Эскертүү: Бул калькулятор чектелген тактыкка
ээ жана жеңил эсептер үчүн түзүлгөн.
Меню > Кошумчалар > Калькулятор тандаңыз.
1. 0 дон 9 га чейин кнопкаларды сандарды жана #
кнопкасын ондун бөлүгүн киргизиш үчүн колдонгула. Киргизилген санды алмаштырыш үчүн * кнопкасын басыңыз.
2. Үстүңкү же астыңкы кнопкаларды +, -, x, же / функцияларын аткарыш үчүн колдонгула.
3. Зарыл болсо 1 жана 2 баскычтарды кайталаңыз.
4. Жыйынтыкты алуу үчүн Брбр кайрылыңыз.
Конвертер
Сиз ар кандай ченөө бирдиктерин конвертацияласаңыз болот.
Күтүү режиминде, Меню > Кошумчалар > Конвертер кайрылыңыз.
Акыркы 5 сүйлөшүүлөрүңүзгө кирүү үчүн
М е н ю к ы з м а т т а р ы
41
Акрк 5 конв. тандаңыз. Сиз ошондой эле алты алдын
ала коюлган бирдик категорияларынан тандай аласыз. Сиз өзүңүздүн сүйлөшүүлөрүңүздү кошсоңуз болот
Өзгөртүүлөрүм.
Сүйлөшүп жаткан учурда сиз өйдө-ылдый жылдырып сүйлөшүүнүн бирдикерин өзгөртө аласыз.
Обондордун синтезатору
Өзүңүздүн ойноочу үндү жаратуу үчүн Меню > Кошумчалар >
Обондордун синтезатору жана
ноталарды киргизиңиз. Өзүңүздүн ойноочу үндү жаратуу үчүн ноталарды киргизиңиз. Мисалы, 4 бул f нотасына. Кыскартуу үчүн 8 (-) ди узартуу үчүн 9 ду (+) басыңыз. Паузаны коюуу үчүн 0 ду басыңыз. Октава үчүн * жана # нотаны бийигирээк кылыш үчүн басыңыз e жана b ноталарга тиешелүү эмес).
Ойноочу үндү аяктагандан кийин Опция > Ойнотуу,
Сактоо, Темп, Жиберүү, Тазалоо же Чыгуу тандаңыз.
Функциялардын бир учурда иштөөсү, батареянын күчүн талап кылат жана батареянын мөөнөтүн азайтат.
М е н ю к ы з м а т т а р ы
42

SIM кызматтары

Сиздин SIM картаңыз сизди кошумча кызматтар менен камсыз кылат. Меню эгер сиздин SIM картаңыз тарабынан колдонгон учурда гана көрсөтүлөт. Менюнун аты жана мазмуну SIM картага жараша болот.
Кошумча маалымат үчүн тейлөө кызматына кайрылыңыз.
Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т
43

5. Батарейка жөнүндө маалымат

Заряддоо жана заряддын түгөнүшү

Сиздин аппаратыңыз кайра заряддала турган батарея менен иштейт. Жаңы батареянын толук кандуу ишке кириши эки же үч жолку толук зарядоодо же заряды жокто билиниши мүмкүн. Батарея жүздөгөн жолу заряддалып жана заряды түгөнөт, бирок кийин баары бир эскирет. Эгер заряддоо убактысы жана сүйлөшүү убактысы демейдегиден азыраак болсо, анда батареяны алмаштырыңыз. Nokia тарабынан бекитилген гана батареяларды алыңыз, жана батареяңызды Nokia тарабынан ушул аппаратка бекитилген гана заряддар менен заряддаңыз.
Эгер ордуна коюлууча алмаштыруу батареясын биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, же көптөн бери колдонбосоңуз, анда заряддык бөлүкчөнү колдоо зарыл.
Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т
44
Зарядоо бөлүкчөсүн электрлик розеткадан сууруп коюңуз. Батареяны биротоло заяддагандан кийин заряддын бөлүкчөсүн алып коюңуз, анткени көп зарядоодо дагы батареянын тез иштен чыгышына алып келетю. Эгер толук заряддалган баттарея колдонулбай калса, ал убакыт өткөн сайын зарядын жоготушу ыктымал.
Эгер батарейка толугу менен заряддан чыкса, анда чакырык жасоо үчүн же заряд индикаторунун экранда пайда болушуна чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.
Батареяны көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонуңуз. Иштен чыккан зарядоо бөлүкчөнү же батареяны эч качан колдонбоңуз.
Батаряны кыска замыканияларга учуратпаңыз. Тыйын, темир кыпчыткыч же темир ручка сыяктуу метал буюмдары түздөн-түз оң (+) же терс (-) болгон батареянын учтарына тийгенде кокусунан кыска замыканиялар келип чыгат. (Батареяда темир сызыктар түрүндө жайгашкан). Мындай учур мисалы, эгер сиз батарея бөлүгүн чөнтөгүңүздө же капчыгыңызда алып жүрсөңүз кездешиши мүмкүн. Батареянын айтылган
Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т
45
учтарындагы кездешкен кыска замыканиелер батареяны же ал туташкан буюмду иштен чыгарып коюушу мүмкүн.
Батареяны суук же муздак жерлерде калтырып коюуу, мисалы, жайында жабылган машинени ичинде же кышкы шарттарда кармоо, батареянын иштөө жөндөмдүүлүгүнө же иштөө мөөнөтүнө таасир этиши мүмкүн. Дайыма батареяны 15°С менен 25°С (59°F менен 77°F ортосу) ортосунда сактаңыз. Муздак же ысык батарея менен аппарат убактылуу иштебеши мүмкүн, батареянын заряды толук болуп турган учурда дагы. Батареянын иштөө жөндөмдүүлүгү, өзгөчө тоңдуруучу температурадан ылдый, өтө эле чектелген.
Батареяны отко салбаңыз, ал жарылышы мүмкүн. Батарея ошондой эле бузулганда дагы жарылышы мүмкүн. Батареяны жергиликтүү тартиптерге ылайык колдонуңуз. Мүмкүн болсо кайра иштетсеңиз деле болот. Үй чарбасынын таштандысына кошпоңуз.
Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т
46
Nokia батарейкасын
идентификациялоо боюнча жолдомо
Коопсуздук үчүн дайыма накта Nokia батарейкасын колдонуңуз. Накта Nokia батарейкасын алып жатканыңызды текшерүү үчүн Nokia расмий дилерлеринен гана сатып алыңыз, упаковкадан Nokia Original Enhancements деген логону издеңиз, жана төмөнкү баскычтарды колдонуп лейбл голограммасын текшериңиз.
Төрт баскычты туура колдонуу дагы батарейканы толук идентификациялоого жатпайт. Эгер белгилүү себептерге карата сиз батарейканын накта Nokia экенинен шек санасаңыз, анда аны колдонуудан баш тартыңыз жана дагы аны жакын жердеги Nokia тейлөө кызматына же дилерине алып барып, сунуш үчүн кайрылыңыз. Сиздин расмий Nokia тейлөө кызматыңыз же дилериңиз батарейканы идентификациялоо үчүн текшерет. Эгер идентификация толугу менен аныкталбаса, анда батарейканы сатып алган жериңизге кайра тапшырыңыз.
Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т
47
Идентификация голограммасы
1. Лейблдеги голограмманы караганда, бир тараптан сиз Nokia кол кысууга умтулган белгисин экинчи тараптан Nokia Original Enhancements логосун көрүшүңүз керек.
2. Сиз голограмманы сол, оң, ылдый, өйдө бурчтарга келтиргенде 1, 2, 3 жана 4 чекиттерин ар бир тараптан көрүшүңүз керек.
Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т
48
3. Лейблдин бетин сүрүп 20 сандуу кодду ачыңыз, мисалы,
12345678919876543210. Батарейканы сандар өйдө карап калгандай кылып кармаңыз. Анда 20 сандык код башында башталган сан менен башталып, аяккы сан менен аякташ керек.
4. www.nokia.com/ batterycheck бул даректеги көрсөтмөлөрдү колдонуп сандык коддун туура экендигине кепил болуңуз.
Текст кабар жөнөтүш үчүн 20 сандык кодду териңиз, мисалы 12345678919876543210, жана аны +44 7786 200276 телефонуна жөнөтүңүз.
Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т
49
Жергиликтүү жана эл аралык операторлордун төлөмдөрү кошулат.
Сизге коддун тууралыгы идентификацияланганы жөнүндө кабар келет.
Эгер батарея идентификацияланбаса, эмне кылыш керек?
Эгер Сиз Nokia батареяңыздын лейблиндеги голограмма идентификацияланбаса, анда Сиздин батареяны колдонбогонуңуз жөндүү болот. Аны жакын жердеги Nokia расмий тейлөө кызматына же дилерине алып барып, сунуш үчүн кайрылыңыз. Өндүрүүчү тарабынан аныкталбаган батареяны колдонуу кооптуу болушу мүмкүн жана анын начар иштөөсүнө себеп болушу мүмкүн, ошондой эле аппаратыңызга жана анын жабдууларына залалын тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, ал аппаратыңыз менен чогуу келген гарантия жана аныктамаларды жокко чыгарышы мүмкүн.
Nokia батареялары жөнүндөгү кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз www.nokia.com/battery.
Ж а б д у у л а р
50

6. Жабдуулар

Кошумча буюмдар жана жабдуулар боюнча практикалык көрсөтмөлөр:
Баардык буюмдарды жана жабдууларды кичинекей
балдардан алыс кармаңыз.
Буюмду же жабдууну токтон ажыратканда сайгычын
кармап, анан ажыратыңыз, зымынан тартпаңыз.
Буюмду же жабдууну токтон ажыратканда сайгычын
кармап, анан ажыратыңыз, зымынан тартпаңыз.
Татаал машинеге коюлуучу жабдууларды, даярдыгы
бар гана адистер коюууга тийиш.

К а р о о ж а н а с а к т о о

51
Кароо жана сактоо
Сиздин аппаратыңыз жогорку дизайн жана чебердик өнүмү ошондуктан абайлап колдонуш керек. Кийиңки сунуштар сиздин гарантия камтуунун коргоосуна жардам беришет.
Аппаратты кургак кармаңыз. Нымдуулук жана
суюктуктун баардык түрлөрү, электрондук схемалардын бузулушуна алып келе турган минералдарды камтышы мүмкүн. Эгер аппаратыңыз суу болуп калса, батареясын алып чыгып, биротоло кургатып туруп анан салыңыз.
Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде пайдаланбагыңыз.
Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык компоненттери зыянга учурайт.
Ысык жерде аппараттү сактабаңыз. Жогорку
температуралар электроникалык аппараттардын кызмат мөөнөтүн кыскартат, батарейкаларга зыян келтирип салат жана белгилүү пластиктерди ийрейтип же эритип салат.
К а р о о ж а н а с а к т о о
52
Муздак жерде аппаратты сактабаңыз. Аппарат
нормалдуу температурага келгенде ичинде ным пайда болот жана электроникалык айлануу такталарга зыян келтирет.
Аппаратты бул колдонмодо берилген
инструкциялардан тышкары жол менен ачканга аракент кылбаңыз.
Аппаратты түшүрбөгүңүз, урбагыңыз жана
силкибегиңиз. Орой кармоо ичиндеги айлануу такталарды жана ички механикасын сындырып коюшу мүмкүн.
Аппаратты тазалоо үчүн күчтүү химиялык тазалоо
эриткичтерди же күчтүү детергенттерди пайдаланбаңыз.
Аппаратты боёбоңуз. Боёк жыла турган бөлүктөрдүн
жылышын кыйындатып, канааттандыраарлык иштөөгө тоскоол кылат.
Камсыз кылынган жана бекитилген гана алмаштыруу
антеннасын колдонуңуз. Уруксатсыз антенналар, модификациялар же бекитүүлөр аппаратты бузат жана радио аппараттарды башкарган эрежелерге каршы келиши мүмкүн.
К а р о о ж а н а с а к т о о
53
Заряддагычтарды үйдүн ичинде пайдалаңыз.
Дайыма контакттар жана календардык жазуулар
сыяктуу информациянын кайталоочусун пайдаланыңыз.
Бул сунуштарды сиздин аппаратыңызга, батарейкасына, заряддагычка жана баардык жабдууга пайдаланса болот. Эгер аппарат канаатандырарлык иштебесе, анда аны жакынкы расмий тейлөө кызматына алып барыңыз.

К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т

54
Кошумча коопсуздук маалымат
Сиздин аппаратыңыз жана жабдуулар майда бөлүктөрдү камтышы мумкун. Аларды кичинекей балдардан алыс кармаңыз.
Иштөө чөйрөсү
Атайын жазылган эрежелерди баардык жерлерде сактаңыз, аппаратты колдонууңузга жол берилбесе, же аны колдонууңуз башка нерселерге тоскоол же зыян болсо, дайыма аны өчүрүүнү унутпаңыз. Аппаратты нормалдуу иштетүү учурунда гана колдонуңуз. Же нормалдуу колдонуу позицияда кулакка каршы колдонгондо же денеден эң аз 1.5 сантиметр (5/8 дюйм) алыс турганда бул аппарат RF коюп коюу директиваларга баш ийет. Сумка, кемер кыскыч же карматкыч дене кийгизүү операцияда пайдаланса, ал металлды камтыбаш керек жана аппаратты денеден жогоруда айтылган дистанцияда коюш керек.
К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т
55
Маалымат файлдарды же кабарларды жөнөтүү үчүн, бул аппарат тармакка сапаттуу байланышка талап кылат. Кээ бир учурларда маалымат файлдарын же кабарларды жөнөтүү бул сыяктуу байланыштын жеткиликтүүлүгүнө чейин кечигип калат. Айтылган бөлүү дистанция жөнүндө инструкцияларды жөнөтүү бүткөнчө кармалганын камсыз кылыңыз.
Аппаратын бөлүктөрү магниттелген. Металлдык материалдар аппараткө жабышып калат. Кредиттик карточкаларды же башка магниттик сактоо каражаттарды аппараттын жанына койбоңуз, анткени алардын ичинде сакталган маалымат өчүп калышы мумкун.
Медициналык аппараттар
Радио жабдууларынын алардын ичинде зымсыз телефондордун иштөөсү, жакшы корголбогон медициналык аппараттардын иштөөсүнө тоскоол кылышы мүмкүн. Эгер Сиздин сурооңуз болсо же медициналык аппараттын сырттан келген RF энергиясынан толук корголгонун билгиңиз келсе доктур менен же өндүрүүчүгө кайрылыңыз. Бейтапканаларда жазылган эскертмелер сизден аппаратыңызды өчүрүп коюууну суранса, анда өчүрүп коюуңуз туура
болот.
К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т
56
Бейтапканалар жана ден соолук боюнча жайлар, сырттан келген RF энергиясын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ аппараттарды колдонуулары мүмкүн.
Пэйсмаркерлер
Пэйсмаркердин өндүрүүчүсү пэйсмаркердин потенциалдуу тоскоолдон баш тартуу үчүн радио телефон менен пэйсмаркердин арасында минимум
15.3 см (6 дюйм) бекитилиш керегин сунуш кылат.
Рекомендациялар багымсыз изилдөөлөр менен жана Радио Технология Изилдөө сунуштары менен туруктуу. Пэйсмаркерлер менен жүргөн элдер кийинкисини кылыш керек:
Дайыма аппараттү пэйсмаркердер 15.3 см (6 дюйм)
алыс бекитиңиз.
Аппаратты көкүрөк чөнтөгүңүздө алып жүрбөңүз.
Потенциалдуу тоскоолдукту азайтуу үчүн аппаратты
пэйсмаркердин кулакка карама каршы келгендей кылып кармаңыз.
Эгер сиз тоскоолдукту сезсеңиз анда, аппаратты өчүрүңүз жана аны ал жерден алып салыңыз.
К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т
57
Уктуруучу аппараттар
Кээ бир цифралык радио аппараттар кээ бир уктуруучу аппараттарга жолтоо болушу мүмкүн. Эгер тоскоолдук пайда болсо, анда тейлөө кызматыңыз менен кеңешиңиз.
Унаалар
RF сигналдары мотор унааларда туура эмес орнотулган же жабылган электроникалык май инжекция системалары, электроникалык антискид тормоздук системалар, электроникалык ылдамдык текшерүү системалары сыяктуу электроникалык системалары таасир этет. Кошумча маалымат үчүн өндүрүүчү же анын өкүлү менен өзүңүздүн унааңызды же башка кошулган жабдууну текшериңиз.
Квалификациясы бар гана персонал аппаратты тейлеп алат же аны унаага орно алат. Туура эмес орнотуу же тейлөө коопсуздукту жаратат жана аппаратка бериле турган гарантияны жокко чыгарат. Сиздин унаада турган бүт радио аппарат жабдуусу туура орнотулганын жана иштегенин дайыма текшериңиз. Аппараттын, анын бөлүктөрү же анын жабдуулары турган жерде күйүүчү суюктуктарды, газдарды же жарылуучу
К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т
58
материалдарды сактабаңыз. Жел кабы орнотулган унаалар үчүн бул жел каптар чоң күч менен үйлөнгөнүн эске алыңыз. Орнотулган же алып жүрмө радио жабдуу кошо объектерди жел кабын үстүндөгү же жел кабын үйлөнгөн жактарда койбоңуз. Эгер унаа ичинде турган радио жабдуу туура эмес орнотулса жана жел кабы үйлөнүлсө, анда олуттуу жараат пайда болушу мүмкүн.
Учакта учкан кезде аппаратыңызды пайдаланганга тыюу салынат. Учакка киргенге чейин аппаратыңызды өчүрүңүз. Учактын ичинде радио теле жабдууларды пайдалануу учактын иштешине коркүнүч туудурат, зымсыз телефон түйүнүнө залалын тийгизип, бул нерсе мыйзамга жатпаган нерсе болуп саналышы мүмкүн.
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр
Потенциалдуу жарылуучу чөйрөдө аппаратүңүзды өчүрүңүз жана бүт белгилерге жана инструкцияларга баш ийиңиз. Потенциалдуу жарылуучу чөйрөгө унааңыздын моторун өчүрүп коюу сунушталган жерлер дагы кирет. Бул жерлерде учкундар жарылуу же өрттү пайда кылат, алар болсо дене жараатына же өлүмгө алып келиши мүмкүн. Аппаратыңызды май куюуу жайларында же газ түтүктөрүн камтыган тейлөө
К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т
59
жайларда өчүрүп коюуу сунуш этилет. Май деполордо, сактоо жана таратуу жерлерде, химиялык заводдордо же жарылуу иштери жүрүп жаткан жерлерде радио жабдууларын колдонуу чектөөлөрүнө баш ийиңиз. Потенциалдуу жарылучуу чөйрөлөр кээде так белгиленбейт. Буларга кемелердин төмөнкү палубаларында химиякалык заттарды ташуу, сактоо, суюк бензин газды (пропан же бутан сыяктуу) колдонгон унаалар жана акшак, чаң же металл чаң сыяктуу химиялык бөлүкчөлөрдү камтыган аба болгон жерлер кирет.
Тез жардам чакыруулары
Маанилүү маалымат: Зымы жок телефондор, бул аппарат менен кошо, радио сигнал, зымсыз сет тармактар, жердеги сет тармактар жана колдонуучунун программаланган функцияларын колдонуп иштейт. Ошондуктан, бардык абалдарда байланыш гарантияланбайт. Медициналык тез жардам сыяктуу зарыл байланыштар үчүн жалгыз гана зымсыз аппараттарга ишеничтүү болбоңуз.
К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т
60
Тез жардам чакыруусун жасоо үчүн:
1. Эгер аппарат өчүрүлгөн болсо жандырыңыз. Жетиштүү сигнал күчтүүлүгүн текшериңиз.
Кээ бир сеттик тармактар учурдагы SIM картанын
аппаратка татыктуу түрдө киргизилишин талап кылышат.
2. Аппаратты чакыруу жасоого даяр кылуу жана экранды тазалоо үчүн аяктоо баскычын керектүү жолу басыңыз.
3. Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез жардам номерин киргизиңиз. Тез жардам номерлери жайгашуу жерине жараша өзгөрүп турат.
4. Чакыруу баскычын басыңыз.
Белгилүү функциялар иштеп жатса тез жардам чакыруусун жасоодон мурун ал функцияларды өчүрүүңүз керек. Кошумча маалымат үчүн бул колдонмо же сервис жабдоочуңуз менен сүйлөшүңүз.
Тез жардам чакыруусун жасап жатканда керектелген бардык маалыматтарды жетишинче бериңиз. Сиздин зымсыз аппараттыңыз кырсык учурунда жалгыз байланыш каражаты болуп калышы мүмкүн. Уруксаат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.
К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т
61
Сертификация маалыматы (SAR)
БУЛ УЮЛДУК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРДЫН ТААСИРИ АСТЫНДА БОЛУУ БОЮНЧА КОЛДОНМОЛОР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫНГАН.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана тосуп алгыч. Ал эл аралык колдонмолор тарабынан сунуш кылынган радио толкундарынын таасири астында болуу чектерин ашуу үчүн түзүлгөн эмес. Бул колдонмолор ICNIRP көз карандысыз илимий уюму тарабынан түзүлгөн жана ар түрдүү жаштагы жана ден-соолуктагы адамдардын бардыгынын коопсуздугун
камсыздандыруу
үчүн негизделген бекемдик запастарын
камтыйт.
Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific Absorption Rate (SAR) аттуу ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда жайгашкан SAR чеги 2.0 Ватт/ килограммга (В/кг) орточо 10 грамдан ашуун салфетка туура келет. Стандарттык операция түзүлүштөрү колдонулуп жана бардык текшерилген жыштыктарда аппарат эң жогорку кубаттулугунда иштетилип SARдык тесттер өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли максималдык баалоодон төмөн болушу мүмкүн анткени аппарат сет тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулук менен иштөөгө түзүлгөн.
К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т
62
Тармактын станциясына канчалык жакын жайгашканыңыз сыяктуу факторлорго жараша ошол сан өзгөрүп турат. CNIRP колдонмолору астындагы SARдын эң чоң саны аппаратты кулакка тийгизгенде
0.78 В/кг чыгат.
Аппараттын жабдууларын колдонуу SARдын түрдүү сандарына себеп болот. SAR сандары улуттук кабар берүү жана сыноо талаптарына жараша жана тармактын тобуна жараша болот. Кошумча SAR маалыматы продукт маалыматы негизинде www.nokia.com аркылуу камсыз кылынат.
Loading...