KITCHENAID KOFCS 60900 User Manual [ky]

Колдонуу нускамалары
Маанилүү коопсуздук нускамалары 4 Орнотуу 8 Чөйрөнү коргоо 9 ЭКО дизайн декларациясы 9 Бузуктарын таап оңдоо жетеги 9 Сатуудан кийинки кызмат 10 Тазалоо 10 Тейлөө 11 Нан жапкычты колдонуу нускамалары 12 Функциялардын сүрөттөлүшү 17 Бышыруу жадыбалы 18 Сунушталган колдонуу жана кеңештер 19
Бул нускамалар бул сайтта да бар: www.kitchenaid.eu
Маанилүү коопсуздук нускамалары
СИЗДИН ЖАНА БАШКАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУҢАР БИРИНЧИ ОРУНДА
Бул жетек жана шайман өзү бардык учурларда окуп жана аткарыш керек болгон маанилүү коопсуздук нускамаларын берет.
Бул - колдонуучуларга жана башкаларга тийиши
мүмкүн болгон тобокелдер тууралуу эскерткен коопсуздукка тиешелүү коркунуч символу. Коопсуздуктан кооптондуруулардын баарынын алдында коркунуч символу жана кийинки атоолор келет:
КОРКУНУЧ
КООПТОНДУРУУ
Алдын албаса, олуттуу жаракатка алып
келе турган опурталдуу кырдаалды билдирет.
Алдын албаса, олуттуу жаракатка алып
келиши мүмкүн болгон опурталдуу кырдаалды билдирет.
Коопсуздук кооптондурууларынын баары анда мүмкүн болгон тобокелдин чоо-жайын айтып, шайманды туура эмес колдонуудан келип чыккан жаракат, зыян тартуу жана электр соккусунун тобокелин кантип азайтса болорун көрсөтөт. Кийинки нускамаларды кылдаттык менен аткарыңыз:
• Таңгактан чыгаруу жана орнотуу операцияларынын баарын аткаруу үчүн коргоо мээлейлерин колдонуңуз.
• Кандай болбосун орнотуу иштерин аткарардын алдында шайманды кубат жеткирүүдөн ажыратыш керек.
• Орнотууну жана тейлөөнү ишбилги техник өндүрүүчүнүн нускамаларына жана жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык аткарышы керек Колдонуучу жетегинде так ошондой айтылбаса, шаймандын бир да жерин оңдоп же алмаштырбаңыз.
• Кубат кабелин алмаштырууну ишбилги электрик аткарышы керек. Ыйгарым укуктуу кызмат борборуна кайрылыңыз.
4
• Эрежелер шайманды жердетүүнү талап кылат.
• Шайман өз корпусуна киргизилгенден кийин кубат кабели шайанды негизги кубат жеткирүүгө туташтырганга жеткидей узун болушу керек.
• Орнотуу учурдагы коопсуздук эрежелерине туура келиши үчүн минималдуу контакт аралыгы 3 мм келген бүт уюлдук ажыратуу которгучун колдонуш керек.
• Нан жапкыч айры менен киргизиле, көп көздүү адаптерлерди колдонбоңуз.
• Узарткычтарды колдонбоңуз.
• Кубат жеткирүү кабелин тартпаңыз.
• Электр компоненттери орнотуудан кийин колдонуучу жетпеген жерде болушу керек.
• Индукция табагынын бетинде жарака болсо, аны колдонбоңуз жана электр соккусуна жол бербөө үчүн шайманды өчүрүңүз (индукция фунциясы бар моделдер үчүн гана).
• Шайманга ным дене мүчөсү менен тийгенге жана жылаңайлак турганда иштеткенге болбойт.
• Бул шайман тамак жасаш үчүн үй-тиричилик шайманы катары колдонууга гана арналган. Колдонуунун башка түрлөрүнө (мис.: бөлмөнү жылытканга) уруксат жок.
Ылайык келбегендей колдонуу же башкарууларды
туура эмес баптоо үчүн жоопкерчиликти өндүрүүчү толук четке кагат.
• Шайман жана анын кол тийген бөлүктөрү колдонуу учурунда ысып кетет.
• Ысытуу бөлүктөрүнө тийбөөнүн камын көрүш керек.
• Өтө кичине (0-3 жашар) жана кичине (3-8 жашар) балдарды такай карап турбаса, буга жакындатпаш керек.
• 8 жашар жана андан улуу балдар жана физикалык, сенсордук же акыл-эс мүмкүнчүлүктөрү чектелген кишилер бул шайманды көзөмөл алдында же
5
шайманды коопсу урунуу боюнча нускама алып, тиешелүү коркунучтарды түшүнсө гана колдоно алат. Балдар бул шайман менен ойнобосун. Балдар көзөмөлсүз аны тазалоо же керектөөчүлүк тейлөөнү аткарбашы керек.
• Колдонуу учурунда жана андан кийин шаймандын ысытуу элементтерин же ички беттерине кол тийгизбеңиз - күйүп калышыңыз мүмкүн. Компоненттеринин баары толук суумайынча шаймандын кийимге же башка бат тутанма материалдарга тийишине жол бербеңиз.
• Тамак жабылып бышкандан кийин нан жапкычтан ысык аба же буу акырындап чыгышы үчүн шаймандын эшигин ачканда абайлаңыз. Шаймандын эшиги жабык турганда ысык аба көзөмөл панелинин үстүндөгү көзөнөктөн чыгып кетет. Желдетүү көзөнөктөрү жабылып калбасын.
• Көмөчтөрдү жана аксессуарларды чыгарганда нан жапкыч үчүн мээлей кийиңиз жана ысытуу элементтерине тийип албаңыз.
• Шаймандын ичине же жанына бат тутанма материалдарды койбоңуз: шайман кокустан жандырылып калса, өрт чыгып кетиши мүмкүн.
• Жабык банкаларды же идиштерди шаймандын ичинде ысытып же бышырбаңыз.
• Алардын ичинде топтолгон басым банканын жарылып кетип, шайманды зыянга учуратышы мүмкүн.
• Синтетик материалдардан жасалган идиштерди колдонбоңуз.
• Майлар өтө ысыганда бат эле от алып кетет. Өсүмдүк же мал майы көп тамактарды жасаганда ар дайым сак болуңуз.
• Тамак кургатып жатканда шайманды эч качан кароосуз калтырбаңыз.
• Тамак бышырып жатканда алкоголдук ичимдиктер (мис., ром, коньяк, шарап) колдонулса, алкоголь
6
Loading...
+ 14 hidden pages