KITCHENAID KEIPP 12020 User Manual [ky]

Колдонуу нускамалары
Бул нускамалар биздин вебсайтта деле жеткиликтүү: docs.kitchenaid.eu
Маанилүү коопсуздук нускамалары 4 Орнотуу 6 Айлана чөйрөнү коргоо 6 Бузулгандыктарды жоюу кондонмосу 7 Саткандан кийинки тейлөө кызматы 7 Тазалоо 7 Тейлөө 8 Камсыздалган материалдар 9 Орнотуу - алдын ала чогултуу нускамалары 9 Орнотуу өлчөмдөрү 10 Орнотуу - чогултуу нускамалары 10 Тейлөө 12 Аба чыгаруу тутумдун сүрөттөлүшү жана колдонуу 12

Маанилүү коопсуздук нускамалары

СИЗДИН ЖАНА БАШКАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ ӨТӨ МААНИЛҮҮ.
Бардык убакытта колдонуу үчүн бул нускамалар менен жабдуунун ѳзү маанилүү коопсуздук боюнча эскертүүлѳрдү камсыз кылат.
Бул көңүл буруу белгиси, коопсуздукка караштуу, ал колдонуучуларды өзүлүнө жана башкаларга мүмкүн болгон рисктерди билдирет.
Бардык коопсуздук боюнча эскертүүлөр коркунуч символу жана төмөнкү сөздөр менен коштолот:
КОРКУНУЧ:
Коркунучтуу абалды көрсөтөт, жана андан кутулбаса, оор жаракатка алып келет.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ:
Коркунучтуу абалды көрсөтөт, жана андан кутулбаса, оор жаракатка алып келиши мүмкүн.
Коопсуздукка караштуу бардык билдирүүлөр потенциалдык рисктерди билдирет жана шайманды туура эмес колдонуунун кесепетинен жаракат алуу, зыян жана электр шок рискти кантип азайтууну билдирет. Төмөнкү нускамаларды аткаргыла:
• Орнотуу же тейлөө иштерин квалификациясы бар техник тарабынан жасалыш керек, алар өндүрүчүүнүн нускамаларына жана жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык өткөрүлүш керек. Колдонуучунун колдонмосунда атайын көрсөтүлбөсө шаймандын бир да бөлүгүн оңдобогула же алмаштырбагыла.
• Орнотуу иштерден мурда шайманды электр камсыздоодон өчүрүш керек.
• Шайманды жердетилиши милдеттүү. (Бул класс II аба чыгаруучуларга кереги жок алар белги менен спецификациялоо этикеткасында көрсөтүлгөн).
• Электр камсыздоо кабелдин узундугу электр розеткага тушаштырууга жетиштүү болуш керек.
• Шайманды электр камсыздоодон өчүрүүгө электр кабельди тартпагыла.
• Колдонуучуга орнотуудан кийин электр элементтери жеткиликтүү болбош керек.
• Шайманды дененин бардык суу бѳлүгү менен тийбегиле жана жылаайлак болсоңуз иштетпеңиз.
• Бул шайманды 8 жаштан өйдө жана физикалык, сезгич же акыл эси чектелген же тажрыйба жана билими чектелген адамдар колдонсо болот. Алар шайманды кароо алдында гана колдонуу болот же аларды шайман менен колдонууну үйрөтүш керек жана алар коопсуздук жана коркунучтарды жөнүндө билиш керек. Балдар шайман менен ойнобош керек. Тазалоо жана тейлөө балдар тарабынан чоң кишилердин кароо жок болсо өткөрүлбөш керек.
• Шаймандын бир дагы бөлүгүн колдонмодо атайын көрсөтүлбөсө оңдобогула же алмаштырбагыла. Сынган бөлүктөрдү оригиналдуу бөлүктөр менен алмаштырыш керек. Башка бардык тейлөө кызматтарды квалификациясы бар техник тарабынан өткөрүлүш керек.
• Балдар көзөмөл астында болуш керек жана алар шайман менен ойнобогонун камсыз кылыш керек.
• Дубалды же шыпты тешип жатканда, электр зымдарды жана/же түтүктөрдү бузбоого аракет кылгыла.
• Желдетүү тутумдары ар дайым эшикке чыгарыш керек.
• Иштетилген аба шайман газды же башка отун түтүндү чыгаруу түтүк аркылуу чыгарылбаш керек, ага өзүнчө бөлүнгөн тутум болуш керек. Бардык жергиликтүү түтүндү чыгаруу боюнча эрежелер сакталыш керек.
• Эгерде тутум газ же отун менен иштеген шайман менен колдонулса, бөлүмдөгү терс басымы 4 Pa дан ашпаш керек (4 x 10-5 бар). Ушул себебтен, бөлмө жетиштүү желдетилгенин камсыз кылгыла.
• Өндүрүүчү туура эмес колдонуу же контролдоолор туура эмес коюлса бардык жоопкерчиликти тартат.
• Тазалоо жана тейлөө шаймандын туура иштегенине өтө маанилүү. Бардык чогулуп калган калдыктарды тез тез тазалап тургула ал кирдин чогулушун алдын алат. Чыпкаларды тез тез тазалап же алмаштырып тургула.
• Тутумду тазалоо жана чыпкаларды алмаштыруу нускамалар аткарылбаса өрт чыгышы мүмкүн.
4
• Түтүн чыгаруу тутуму май чыпка орнотулмайынча эч качан ачылбаш керек жана ал ар дайым кароонун астында болуш керек.
• Газ менен иштеген шаймандар чыгаруу тутумдун астында жалаң гана идиш турганда иштетиш керек.
• Эчтөн көп газ бышыруу конфорканы колдонулса, тутум 2 кубаттуулук деңгээлде же андан көбүрөөк коюлуп иштетилиш керек. Бул шайманда ысыктык чогулушун алдын алат.
• Лампаларды кармоодон мурда, алар муздак экенин текшергиле.
• Лампалар туура орнотулмайынча тутумду колдонбогула же калтырбагыла - электр шок коркунучу бар.
• Бардык орнотуу жана тейлөө иштерге кол каптарды кийгиле.
• Өнүмдү эшикте колдонууга болбойт.
• Конфорка иштеп жатса, тутумдун жеткиликтүү бөлүктөрү ысык болушу мүмкүн.
• Шаймандын астында ачык от менен бышырбагыла. Эркин жалынды колдонуу өрттү чыгарышы мүмкүн.
• Кууруп жатканда кууручу идишти көзөмөлсүз калтырбагыла анткени кууручу май өрт чыгырышы мүмкүн.
Турмуш тиричилик шаймандарды жок
кылуу
• Бул шайман кайра иштелген жана кайра иштетүүгө жараган материалдардан жасалган. Аны жергиликтүү таштанды чыгаруу эрежелерге ылайык жок кылгыла. Аны жок кылуудан мурда, анын электр кабелин кесип жараксыз кылгыла.
• Электрдик турмуш-тиричилик техникаларын колдонуу, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча кеӊири маалымат алуу үчүн тийиштүү жергиликтүү бийликке, турмуш-тиричилик техникаларын ѳндүрүү жана таштандылары чыгаруу кызматына же шайман сатып алган дүкѳнгѳ кайрылыӊыз.
БУЛ НУСКАМАЛАРДЫ САКТАП КОЮҢУЗ
Шайкештикти жарыялоо
• Тѳмѳнкүлѳргѳ ылайык жабдуу долбоорлонду, жасалды жана рынокко чыгарылды:
- "Төмөн вольтаж" боюнча коопсуздук көрсөтмөсү 2014/35/EU;
- Европалык №. 65/2014, жана №. 66/2014 эрежелеринин Эко Жасалгасынын талаптарына жооп берет, Европалык En 61591 стандартына шайкеш
- “EMC” 2014/30/EU коргоо көрсөтмөлөрү. Шаймандын электрикалык коопсуздугу эгерде ал бекитилген жердетүү системага туташтырылганда гана кепилденет.
Энергияны үнѳмдѳѳ боюнча кеңештер
• Тутумду бышырууну баштаганда
минималдуу ылдамдыкта КҮЙГҮЗГҮЛӨ жана бышыруу бүткөндө бир нече мүнөткө иштеп койгула.
• Ылдамдыкты жалаң гана көп түтүн же буу
чыкканда гана колдонгула жана кубаттуу ылдамдыктарды жалаң гана өзгөчө кырдаалдарда колдонгула.
• Жытты азайтуу эффективдүүлүгүн жакшы
деңгээлде кармоого керек болгондо көмүр чыпка (ларды) алмаштырып тургула.
• Май чыпканын эффективдүүлүгүн жакшы
деңгээлде кармоого керек болгондо май чыпка (ларды) тазалап тургула.
• Эффективдүүлүктү оптимизациялоого
жана үндөрдү азайтууга колдонмодо көрсөтүлгөн аба өткөрүү түтүктөрдүн максималдуу диаметрин колдонгула.
5

Орнотуу

Шайманды таңгактан бошоткондо, ташуу учурунда зыян келтилбегенин текшергиле. Көйгөйлөр пайда болсо, дилер же Саткандан кийин тейлөө кызматы менен байланышкыла. Эч кандай зыян келтирбөөгө шайманды полистирол базасынан орнотуунун астында гана бошоткула.
ОРНОТУУГА ДАЯРДАНУУ
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ:
бул шайман оор, тутумду жалаң гана эки же андан көп адам көтөрүш жана орнотуш керек.
Конфорканын үстүндөгү идиш колдоонун жана тутумдун асты жагынын ортосундагы минималдуу аралыгы жок дегенде электр конфоркаларга 50 см түзүш керек жана газ жана аралаш конфоркалар үчүн 65 см түзүш керек. Орнотуудан мурда ошондой эле конфорканын колдонмосундагы көрсөтүлгөн минималдуу аралыкты текшергиле. Эгерде конфорканын орнотуу нускамаларында андан көп аралык көрсөтүлгөн болсо, бул аралыкты сакташ керек.
ЭЛЕКТР ТУТАШТЫРУУЛАР
Дайындар көрнөкчөсүндө көрсөтүлгөн кубаттуулук чыңалуусу негизги тармак чыңалуусу менен бирдей экенин тактаңыз.
Бул маалыматты тутумдун ичинде, май чыпканын астында тапса болот. Кубаттуулук кабелин алмаштыруу (H05 VV-F 3 x 0.75 mm²) дасыккан электрик тарабынан аткарылышы керек. Ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна кайрылгыла. Эгерде аба чыгаруу тутуму электрикалык вилка менен камсыздалган болсо, аны азыркы эрежелерге ылайык розеткага туташтыргыла. Розетка житкиликтүү жерге жайгашыш керек. Эгерде эч канда вилка камсыздалбаган болсо (дароо электр камсыздоого туташтыруу), же эгерде розетка жеткиликтүү жерде болбосо, стандарттык эки полюстук өчүргүчтү орноткула. Ал электр камсыздоо зымдарды орнотуу эрежелерине ылайык III категориядагы чыңалуусу көбөйсө электр камсыздоодон толугу менен жабат.
ЖАЛПЫ СУНУШТАР Колдонуудан мурда
Тиешелүү буюмдардан коргоо картон бөлүктөрүн, коргогуч пленкасын жана чаптамаларын алып салыңыз. Шайманга ташуу учурунда зыян келтирилбегенин текшергиле.
Колдонуу учурунда
Оор нерселерди шайманга койбоңуз, зыян келтирүүсү мүмкүн. Шайманды атмосфералык аракет күчтөрүнө кабылдырбаңыз.

Айлана чөйрөнү коргоо

Упаковканы ыргытуу
Таңгактоо материал 100% кайра иштетүүгө болот жана ал кайра иштетүү белги менен белгиленген. Ошондуктан таӊгактын ар бир бѳлүгү жоопкерчилик менен жана таштанды чыгарууну жѳнгѳ салуучу жергиликтүү коопсуздук эрежелерине толук ылайык чыгарылышы керек.
Шайманды жок кылуу
- Бул шайман 2012/19/EU Еврокомиссиянын иштен чыккан электрдик жана электрондук жабдууларды иштетүү (ИЭЭЖИ) кѳрсѳтмѳсүнѳ ылайык белгиленди.
- Бул шаймандын таштандыга тиешелүү түрдө ыргытылганын камсыз кылуу менен, сиз жаратылышка жана ден-соолукка болгон потенциалдуу зыян келтирүү кесепетинин алдын алууга жардам бере аласыз.
- Өнүмдөгү же коштомо документтеги белгиси, ал турмуш-тиричилик калдыгы катары каралбастан, электр жана электрондук шаймандарды кайра иштетүү үчүн ылайыктуу жыйноо борборуна өткөрүлүшү керек экенин көрсөтөт.
6
Loading...
+ 14 hidden pages