INDESIT DF 5160 E User Manual

DF 5160 E

KGZ Кыргыз

Пайдалануу боюнча колдонмо

БИРИКТИРИЛГЕН ТОҢДУРГУЧ КАМЕРАЛУУ МУЗДАТКЫЧ

Мазмуну

Коопсуздук – бул жакшы адат, 2

Коопсуздуктун жалпы эрежелери Пайдалануу

Орнотуу жана ишке түшүрүү, 5

Желдетүү Жылуулук булагына жакын орнотпоңуз Түздөө

Электр тармагына улоо

Буюмдун сүрөттөлүшү, 3-4

Жалпы көрүнүшү Башкаруу панели

Муздаткыч бөлүмдөн пайдалануу, 5 Тоңдургуч бөлүмдөн пайдалануу, 6

Электр энергиясын үнөмдөө боюнча сунуштар, 7

Бузуктуктар жана аларды оңдоонун усулдары, 7

Кызмат көрсөтүү жана күтүү, 8

Эритүү Кызмат көрсөтүү жана күтүү

Жарыткыч лампаны алмаштыруу

AM

ՍԱՌՑԱԽՑԻԿՈՎ

, 10

Ուտիլիզացում

, 12

Հավասարեցում

, 3,11

Կառավարման

, 12, 13

ցուցումներ,14

մեթոդները,14

, 15

Техникалык кызмат көрсөтүү, 9

, 9

Өндүрүүчү эскертүүсүз буюмдун түзүлүшү жана комплекттелиши боюнча прибор ишинин натыйжалуулугун төмөндөтпөй турган өзгөрүш киргизүү укугун өзүндө сактап калат:

бул колдонмодо келтирилген кээ бир параметрлер боолголуу саналат;

өндүрүүчү көрсөтүлгөн чоңдуктардан кичине четтегендик үчүн жоопкер эмес.

,

-, ,

1

Коопсуздук – бул жакшы адат

! Бул колдонмону сактап коюңуз Буюмду сатканда, бирөөгө пайдаланууга бергенде же жаңы квартирага көчкөндө анын ээси андан пайдалануу жана ага кызмат көрсөтүү эрежелери менен таанышышы үчүн колдонмо муздаткыч менен чогуу

KGZ сакталууга тийиш.

! Колдонмону көңүл коюп окуп чыгыңыз: анда муздаткычыңызды орнотуу жана андан кантип коопсуз пайдалануу боюнча керектүү маалыматтар бар.

1.Муздаткыч бөлмөнүн ичинде пайдалануу үчүн иштелген. Эч кандай жагдайда муздаткычтан сыртта пайдаланууга болбойт.

2.Муздаткыч тоңдурулган жана муздатылган продуктуларды үй шарттарында колдонмодо көрсөтүлгөндөй тоңдуруу жана сактоо үчүн пайдаланылууга тийиш.

3.Алсыз, акыл жана сезгирлик жагынан жөндөмдүүлүгү начар же болбосо турмуштук билим жана тажрыйбага ээ болбогон адамдар (ошондой эле жаш балдар)га, эгерде алар прибордун коопсуздугу үчүн жооптуу адамдын көрсөтмөсүн албаган болсо, же анын көзөмөлү астында болбосо, муздаткычтан пайдаланууга болбойт. Прибор менен ойнобостугу үчүн жаш балдар ар дайым көзөмөл астында болууга тийиш.

4.Муздаткычты нымдуу кол менен кармабаңыз.

5.Узарткыч жана улагычтан (переходник) пайдаланбаңыз Эсиңизде болсун, муздаткычты узарткыч жана улагычтар жардамында ишке түшүрүү өрт чыгуу кооптуулугун туудурат. Өндүрүүчү узарткыч жана улагычтарды, ошондой эле кесилиши керектелүүчү кубаттуулукка туура келбеген туташтыруучу кабелдерди пайдалануунун натыйжасында чыккан өрт үчүн жоопкерчиликти мойнуна албайт. Муздаткычты орнотуп жатканда электр прибор менен тармактын мүнөздөмөлөрү бирибирине туура келишин текшерүү зарыл. Вилканы розеткадан суурганда зымынан кармап тартпаңыз: бул абдан кооптуу. Камсыздоо шнуру жараксыз абалга келгенде даярдоочу же анын өкүлүнөн алынган атайын шнур же комплект менен алмаштыруу керек. Кабелди алмаштыруу тажрыйбалуу адис тарабынан ишке ашырылууга тийиш.

6.Муздаткычтын ички муздатуучу беттерин кол менен кармабаңыз, айныкса колуңуз нымдуу болсо. Тоңдургучтан эми гана алынган муздун бөлүгүн оозуңузга сала көрбөңүз, антсеңиз жергиликтүү үшүккө чалдыгышыңыз мүмкүн.

7.Муздаткычты жууш же ага кызмат көрсөтүү боюнча ар кандай ишти аткаруудан мурда аны тармактан үзүңүз.

8.Эгерде муздаткычты эшиги илгич менен

бекитилчү эскисинин ордуна алган болсоңуз, анда эски муздаткычтын илгичтүү бекиткичин

иштен чыгарып салыңыз, же болбосо аны эшиктен ажыратып алыңыз. Бул таштап жиберилген буюмдар менен ойногон балдарды эски муздаткычын ичинде бекилип калышынан сактоо үчүн зарыл.

9.Адаттан тыш жагдайлар туулган учурда муздаткычты тармактан үзүп, кепилдик документинде (сервис сертификатында) телефону көрсөтүлгөн сервис борборуна телефон чалыңыз. Сервис борборуна телефон чалуудан мурда «Бузуктук-тар жана аларды оңдоонун усулдары» бөлүмүн окуңуз.

10.Муздаткычтын түзүлүшүн өзгөртүүгө жана өндүрүүчү тарабынан кепилдик ремонтун жүргүзүү укугу берилбеген адамдын кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

11.КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Муздаткычтын арткы дубалынын

(конденсатор тосмосунун) газ плитасына газ жеткирүүчү ийилгич газ түтүктөрү менен тийишип турушуна тыюу салынат 12. Приборду кайрадан электр тармагына кошуу (мисалы, кокустан өчүп калганда) 5– 10 минуттан кийин гана ишке ашырылат.

13. Эгерде Сиз муздаткычтан пайдаланбастыкты чечсеңиз, анда таштап жиберүүдөн мурда аны кантип утилизациялоо жөнүндө ойлоп көрүңүз. Муздаткычыңызда изоляцияланган көбүктө сакталчу циклопентан газы бар, мындай жагдайда Сиз утилизация үчүн жооптуу жергиликтүү ишкана менен байланышууга тийишсиз.

Бул продуктту туура утилизациялоо. WEEE (Эскирген үй-тиричилик техникасын жыйноо жана утилизациялоо системасына ээ болгон Евросоюз жана башка Европа өлкөлөрүндө колдонулат.)

Продукциядагы же колдонмодогу бул белги (маркировка) чыгындынын айлана-чөйрөгө көзөмөлсүз таралышынан жеткен зыяндын алдын алуу үчүн продукцияны башка үй-тиричилик таштандылары менен кошо утилизациялабоо, ошондой эле материалды кайра иштөө жана андан пайдалануу процессин оптималдаштыруу керектигин көрсөтөт.

Пайдалануучу эскирген буюмду атайын кабылдоо пунктуна тапшырышы мүмкүн, эгерде улуттук мыйзамдар менен жол коюлган болсо, анда жаңы буюм алып жатканда эскисин компанияга кайра тапшырышы да мүмкүн.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Эскерте кетебиз, Сиздин приборуңузга

R600a

(белгиси сервис сертификатында жана прибордун ичиндеги табличкада берилген) хладегенти куюлган, ал табигый газ – изобутан болуп, өрт алуу

касиетине ээ. Кокусунан хладагенттин контурунда бузулуш болуп калса, анда муздаткычты ар кандай ачык жалындан же жеңил өрт чыгышы мүмкүн болгон булактан этияттаңыз жана муздаткыч турган бөлмөнү кылдаттык менен желдетиңиз.

Буюмдагы R600a хладагенттин ар 8 граммы үчүн бөлмөнүн 1 м3 көлөмү туура келиши керек. Сиздин буюмуңузга куюлган хладагенттин саны муздаткычыңыздын ичиндеги паспорттук маалыматтар менен кошо жазылган табличкада көрсөтүлгөн. Бузулгандык белгилери болгон муздаткычты эч качан ишке түшүрбөңүз; эгерде Сизде буюмдун ишке жарактуулугуна шек тууулса, авторлук укугуна ээ сервис борборуна кайрылыңыз.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Буюмдун ичинде электр приборлорунан пайдаланбаңыз.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Буюмдун корпусундагы же ага кошумча кылынган конструкциялардагы желдеткич көзөнөктөрүн тосуп койбоңуз.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Хладагенттин контурун бузулушуна жол койбоңуз.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Эрүү процессин тездетүү үчүн даярдоочу тарабынан сунуш кылынгандан башка курулма же каражжатардан пайдаланбаңыз.

2

INDESIT DF 5160 E User Manual

Буюмдун сүрөттөлүшү

 

 

 

Жалпы көрүнүшү

KGZ

 

 

 

 

AM

DF 5160 E

 

ЖАРЫКТАНДЫРУУ ПЛАФОНУ

БАЛКОНЧО

 

 

 

 

ТЕКЧЕ *

ПРОДУКТУЛАР * үчүн АЛЫ-

*

НУУЧУ БАЛКОНЧО ЖУ-

 

МУРТКА УЯЛАРЫ менен

 

 

 

 

 

 

АБА ЗАСЛОНКАСЫ

 

 

 

БӨТӨЛКӨ үчүн БАЛКОНЧО

 

 

 

МӨМӨ-ЖЕМИШ жана ЖА-

 

ШЫЛЧА үчүн ЯЩИК

 

 

 

 

 

ТОҢДУРУУ жана САКТОО

 

үчүн БӨЛҮМ МУЗ КАЛЫБЫ

 

менен

 

 

 

 

 

 

 

САКТОО үчүн БӨЛҮМ

ЖӨНГӨ САЛЫНУУЧУ ТАЯ-

 

НЫЧТАР

 

 

 

* Саны жана/же жайлашуусу боюнча өзгөрүүгө учурашы мүмкүн болгон тетиктер

* , , /

 

3

Буюмдун сүрөттөлүшү

Башкаруу панели

KGZ

ЖАН/ӨЧ

XK индикатору

Муздаткыч камеранын тем- пературасын жөнгө салуу

Push&Cool индикатору

Push&Cool

МУЗДАТКЫЧ КАМЕРА Температураны жөнгө салуу

– муздаткыч камерадагы температураны дисплейде көрүнгөнгө шайкеш түрдө жөнгө салып өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Push&Cool топчусу Push&Cool милдетин ишке түшүрөт же токтотот. 12 сааттын ичинде бул милдет өзү-өзүнөн токтотулат.

Температураны орнотуу:

Эгерде прибор иштеп жаткан болсо, анда муздаткыч камеранын дисплейи ошол учурда орнотулган температураны көрсөтөт. Аны өзгөртүү үчүн

жөн эле муздаткыч камерадагы температураны жөнгө салуучу топчуну басыңыз. Мында, топчу басылган сайын, температура жогорулайт, же болбосо төмөндөйт. Муздаткыч камерадагы температураны төмөнкүдөй маанилерде тандоого болот: +2°C, +4°C, +5°C, +6°C, +8°C.

Эскертүү сигналы - үн индикатору жана бүлбүлдөгөн жарыктандыруу лампасы муздаткыч бөлүмдүн эшиги ачык алганына дарек берет.

4

Орнотуу жана ишке түшүрүү Муздаткыч бөлүмдөн пайдалануу

Муздаткыч натыйжалуу жана ишеничтүү иштеши үчүн аны туура орнотуу зарыл.

Желдетүү

Муздаткычтын компрессору менен конденсатору иш учурунда кызыйт, андыктан жетиштүү деңгээлдеги кошумча желдетүүнү камсыздоо зарыл. Муздаткычыңыз нормалдуу нымдуулукка ээ болгон жана жакшы желдетиле турган бөлмөдө орнотулууга тийиш. Муздаткычты жогору нымдуулукка ээ

болгон бөлмөдө, мисалы, ваннакана, жертөлөдө орнотууга тыюу салынат.

Орнотуп жатканда аба эркин айланышы үчүн прибордун жактарынан минималдуу аралык (3–5 см), үстү жагынан 10 см калтырыңыз. Прибордун арт жагында абанын жолун тосуп койбоңуз.

Жылуулук булагына жакын орнотпоңуз

Муздаткычты жылуулук булагына (ашкана плиталары, духовкалар, каминдер) жакын жерге, же болбосо күндүн нуру түздөн-түз түшүп турган жерге орнотууга болбойт.

Түздөө

Мыкты иштеши үчүн муздаткыч тегиз жерге орнотулган болууга тийиш. Муздаткыч керектүү жерге орнотулгандан кийин анын абалын алды жагындагы түздөөчү таянычтарды айландыруу аркылуу тегиздеңиз. Муздаткычтын арт жакка болгон жантыктыгы 5°тен ашпоого тийиш.

Муздаткычыңыздын эшигин орнотулган жагынын каршы жагына орнотсоңуз да болот, мындай зарылчылык туулса, авторлук укугуна ээ сервис борборуна кайрылыңыз.

Электр тармагына улоо

Муздаткыч 1 класс электр тогунан жабыркоодон коргоо деңгээлинде жаратылган жана электр тармагына токту жерге кийирүүчү зым менен камсыздалган эки уюлдуу розетка жардамында уланат.

Электр тармагына улануудан мурда көңүл буруңуз:

-электр чыңалуу буюмдун муздаткыч бөлүгүнүн эшик жактан оң жагына орнотулган табличкада көрсөтүлгөнгө, башкача айтканда ~220-240В ко туура келеби;

-электр розетканын токту жерге кийирүүчү контакты электр тармактын камсыздоочу кабелинин токту жерге кийирүүчү зымына түздөн-түз уланганбы (туташтыруучу зым 10 А ден көп болбогон токко болжолдонгон болууга тийиш); – розетка менен вилка бирдейби; эгерде вилка розеткага туура келбесе, анда розетканы камсыздоочу шнурдун вилкасына туура келген түрүнө алмаштыруу керек (ишти тажрыйбалуу электрик аткарууга тийиш); Муздаткыч Сиз дайыма розеткага жете алгандай кылып орнотулууга тийиш; Ушул колдонмодо баяндалган өңдүү чоң кубаттуулукка ээ үй-

тиричилик приборлорунун коопсуздук талаптары бузулган түрдө электр тармакка уланган муздаткыч салыштырмалуу кооптуу саналат. Эки зымдуу электр тармагынаа тикеден-тике улануучу муздаткыч төмөнкүдөй параметрдик маанилерге ээ болгон коргоочу өчүрүүчү курулма (КӨК) аркылуу эксплуатация кылынат:

номинал чыңалуунун диапазону – 220 дан 240В/50 Гц, ишке түшүү босогосу – 30 мА, ишке түшүүнүн номинал мезгили – 0,1 с.

Эгерде көрсөтүлгөн нормаларга баш ийбеген түрдө кишинин ден соолугуна жана буюмга зыян жетсе, өндүрүүчү жоопкерчиликти мойнуна албайт.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!

Муздаткыч орнотулгандан кийин электр тармагына улоодон мурда болжол менен үч саат күтүү керек, бул мезгилдин ичинде унаада ташып алып келинген муздаткычтагы хлада-

гент корпус боюнча бирдей таралат, – бул муздаткыч мыкты KGZ

иштеши үчүн абдан зарыл.

Муздаткычты баштап ишке түшүрүүдөн мурда буюмдун муздаткыч жана тоңдургуч бөлүмдөрүнүн беттерин ичилүүчү соданын эритмесинде тыкандык менен жууш керек.

Муздаткычты электр тармагына улаганыңыздан кийин муздаткыч бөлүмдө жайлашкан башкаруу жана жөнгө салуу панелиндеги терморегулятордун кулагын ортоңку ЕСО абалга келтирип коюңуз, бир нече сааттан кийин буюмдун муздаткыч жана тоңдургуч бөлумдөрүнө продуктуларды жайлаштырсаңыз болот. Компрессор менен текче арткы дубалынын ортосуна ТАШУУ МЕЗГИЛИНДЕ КОЮЛГАН ТАКТАЙЛАРДЫ, ошондой эле прибордун козголгуч бөлүктөрүн жылуудан кармап туруу үчүн коюлган башка жыгач жана желим тасмаларды алып салыңыз. Эгерде приборго коргоочу полимердик плёнка чапталган болсо, анда буюм тетиктеринин полимердик каптоосу менен анын лакбоёкторуна зыян жетпегендей кылып аларды акырындык менен сыйрып алыңыз.

Муздаткыч бөлүмдөгү температура терморегулятордун кулагы менен орнотулган абалга ылайык түрдө автоматтык түрдө жөнгө салынып турат.

Терморегуляторду ортоңку ЕСО абалына орнотууну сунуш кылабыз. Муздаткычта продуктуларды сактоонун эң жакшы шарттарын камсыз кылуу үчүн төмөнкү сунуштарга баш ийиңиз: туура эмес сактаганда эң жакшы продуктулар да бат айныйт. Жалпы кабыл алынган эрежелерге каршы болсо да, эсиңизде болсун, даярдалган продуктуларды жаңыларына караганда аз убакыт сактоо керек. Муздаткыч бөлүм абдан ыңгайлуу текчелер менен жабдылган болуп, атайын багыттоочулардын жардамында алардын бийиктигин жөнгө салууга болот, бул болсо ири кутуларды жана узун бөтөлкөлөрдү да жайлаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Муздаткычтын ичине капкагы жабылбаган идиштеги су юктуктарды коюуга болбойт – бул муздаткыч бөлүмдөгү нымдуулуктун жогорулап кетишине өбөлгө түзөт.

Full No Frost (FNF) сууткуч системасы муздаткыч бөлүмдүн үстү жагында жайлашкан желдетүү көзөнөктөрүнүн бар экендиги менен өзгөчөлөнөт. FNF системасы нымды кетирүүчү жана кыроо пайда болушунун алдын алуучу муздак абанын тынымсыз айланышын камсыз кылат. Конденсат пайда болбошу жана желдетүү

көзөнөктөрү тосулуп калбашы үчүн идиш же продуктуларды камеранын арткы дубалына тийгизбеңиз.

Муздаткычта пияз, көк пияз жана сарымсак, банан (карайып кетиши мүмкүн), цитрус, картофель жана тамыр жемиштерди сактоого болбойт (аларды караңгы, кургак жерде сактоо керек).

5

Loading...
+ 11 hidden pages