HOTPOINT/ARISTON RSD 8239 DX User Manual [ky]

Пайдалануу боюнча нускама
Кир жуугуч машина
KGZ
Кыргыз
RSD 8239 D
Мазмуну
KGZ
Орнотуу, 2-3
Таңгагын чечүү жана тегиздөө Суу түтүк жана электр тармагына туташтыруу Жуунун биринчи циклы Техникалык маалыматтар
Техникалык тейлөө жана кам көрүү, 4
Сууну жана электр тогун өчүрүү Кир жуугуч машинага кам көрүү Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө кам көрүү Люкка жана барабанга кам көрүү Соркыскычка кам көрүү Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү
Сактык жана сунуштар, 5
Коопсуздукка карата жалпы талаптар Утилизациялоо Сактоо жана ташуу шарттары Люкту авариялык ачуу
Кир жуугуч машинаны сүрөттөө, 6-7
Башкаруу панели Дисплей
Энергия натыйжалуулугу класстарынын
шайкештиги
Продуктта
көрсөтүлгөн энергия
натыйжалуулугунун классы
жөнүндө маалымат
A A
A+ A-10% (*)
A++ A-20% (*)
A+++ A-30% (*)
A+++-10% A-40% (*)
A+++-20% A-50% (*)
(*) энергия натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнүн пайыздарынын бул өлчөмү Россия Федерациясынын ченемдик документтери менен аныкталган, “А” классына караганда мыкты.
Россия мыйзамдарына
ылайык энергия
натыйжалуулугунун классы
Кир жуу циклын аткаруу тартиби, 8
Программалар жана кошумча функциялар, 9
Программалардын таблицасы Кир жуунун кошумча функциялары
Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрү, 10
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүч Кирди даярдоо Атайын программалар Кирди тең салмактоо тутуму
Бузуктар жана аларды жоюу методдору, 11
Сервистик тейлөө, 12
1
Орнотуу
A
KGZ
! Бул колдонмону сактап коюңуз. Ал жабдууну сатуу, берүү же жаңы батирге көчүү учурунда, жабдуунун жаңы ээси анын иштөөсүнүн жана тейлөөнүн эрежелери менен тааныша алуусу үчүн, кир жуугуч машина менен бирге комплектте болушу керек.
! Колдонмону жакшылап окуңуз: анда кир жуугуч машинаны орнотуу жана коопсуз пайдалануу боюнча маанилүү маалыматтар камтылган.
Таңгагын чечүү жана тегиздөө
Таңгагын чечүү
1. Кир жуугуч машинанын таңгагын чечиңиз.
2. Жабдуу ташуу убагында бузулбаганын текшериңиз. Бузулууларды аныктаганда – машинаны иштетпеңиз – дароо жеткирүүчү менен байланышыңыз.
3. Кир жуугуч машинанын төрт ташуу бурамаларын жана арткы жагында жайгашкан төшөмдөрү менен резина тыгындарын алыңыз (сүрөттү кара.).
Жабдууну туура тегиздөө машина иштеп жаткан убакта­гы чурулдоодон, вибрациядан жана жылуудан алыс болуу­га жардам берет.
Эгерде кир жуугуч машина килем төшөлгөн полдо турса, анын негизи килемден жогору турганын текшериңиз. Болбо­со желдетүү кыйындайт же таптакыр мүмкүн болбой калат.
Суу түтүк жана электр тармагына туташтыруу
Суу куюучу ийкем түтүгүн туташтыруу
Суу куюучу ийкем
түтүгүн туташтыруу
1. А төшөмүн суу куюучу ийкем түтүгүнүн учуна коюңуз жана аны 3/4 дюйм сай тешиги менен
муздак суу түтүгүнүн чыгуусуна бурап бекитиңиз (сүрөттү кара.).
Туташтыруу алдында суу түтүк кранын ачыңыз жана кир сууну агызыңыз.
4. Тешиктерди сунушталуучу пластик тыгын менен жабыңыз.
5. Бардык деталдарын сактаңыз: алар кир жуугуч машинаны киийнки жолу ташууда Сизге керек болот.
! Балдардын таңгактоо материалдары менен ойноосуна жол бербеңиз.
! Таңгак жана анын айрым элементтери тамак менен байланыштыруу үчүн арналган эмес.
Тегиздөө
1. Кир жуугуч машинаны тегиз жана бекем полго ал дубалга, эмерекке жана башка предметтерге тийбегендей орнотуңуз.
2. Машинаны орунга ор­ноткондон кийин алдыңкы буттарын айлантуу аркы­луу анын туруктуу абалын жөндөңүз (сүрөттү кара.). Бул үчүн алгач контргайка­ны бошотуңуз, жөнгө салу­уну аяктагандан кийин кон­тргайканы бураңыз.
Машинаны орунга орнот-
кондон кийин деңгээл бо­юнча корпустун жогорку капкагынын горизонталдуулу­гун текшериңиз, горизонталдын жантаюусу 2° көп болбо­шу керек.
2. Суу куюучу ийкем түтүгүн кир жуугуч машинанын оң жагындагы арткы жогорку бөлүгүндө жайгашкан суу кабылдагычка бурап, кир жуугуч машинага туташтырыңыз (сүрөттү кара.).
3. Ийкем түтүк оролуп калбаганын жана кысылбаганын текшериңиз.
! Суунун басымы Техникалык мүнөздөмөлөрдүн таблицасында көрсөтүлгөн маанилердин чегинде болушу керек (3-бетти кара). ! Эгерде суу түтүк ийкем түтүгүнүн узундугу жетишсиз болсо, Авторлоштурулган тейлөө борборуна кайрылыңыз. ! Эч качан пайдалануудан чыккан ийкем түтүктү пайдаланбаңыз.
2
Суу төгүүчү ийкем түтүктү туташтыруу
65 - 100
CM
Суу төгүүчү ийкем
түтүктү ийбей туруп,
полдон 65-100 см
бийиктикте жайгашкан
суу төгүүчү кубур түтүккө
каарта же дубалдагы суу
төккүчкө туташтырыңыз,
же ийкем түтүктүн учун кранга багыттагычты бекитип, раковинанын же ваннанын четине илиңиз (схеманы кара). Суу төгүүчү ийкем түтүктүн бош учу сууга салынбашы керек.
! Узартылган ийкем түтүктү колдонуу сунушталбайт. Узартуу зарыл болгондо анын диаметри түп нуска ийкем түтүктүкүндөй болушу керек жана жана анын узундугу 150 смдан ашпашы керек.
Электр тармагына туташтыруу Буюмду розеткага туташтыруу алдында төмөндөгүлөрдү текшерүү керек:
• тармактык розетка жердетилип жана нормативдерге ылайык келиши керек;
• тармактык розетка Техникалык дайындар таблицасында көрсөтүлгөн, кир жуугуч машинанын максималдуу кубаттуулугуна эсептелиши керек (капталдагы таблицаны кара.)
• электр азыктандыруунун чыңалуусу Техникалык дайындар таблицасында көрсөтүлгөн, маанилерге шайкеш келиши керек (капталдагы таблицаны кара.)
• тармактык розетка кир жуугуч машинанын штепселдик айрысы менен сыйышуусу керек. Болбосо тармактык розетканы же штепселдик айрыны алмаштыруу керек.
! Кир жуугуч машинаны бастырманын алдына болсо дагы, көчөгө орнотууга болбойт, анткени аны жаандын жана чагылгандын таасирине кабылтуу коркунучтуу болуп саналат. ! Кир жуугуч машина тармактык розеткага жетүү мүмкүндүгү бош болгондой жайгашуусу керек. ! Узарткычтарды жана үчтүктөрдү пайдаланбаңыз. ! Буюмдун тармактык кабели бүгүлбөшү же кысылбашы керек. ! Тармактык кабелди алмаштырууну ыйгарым укуктуу техниктер гана ишке ашыра алышат. Көңүл буруңуз! Өндүрүүчү компания жогоруда сүрөттөлгөн эрежелерди сактабоо учурунда өзүнөн бардык жоопкерчиликти алат.
Жуунун биринчи циклы
Орнотууну аяктагандан кийин, пайдалануунун алдында кир жуучу порошок менен, бирок кир кийим жок, “АВТОТАЗАЛОО” программасы боюнча кир жуунун бир циклын жүргүзүү керек (“Кир жуугуч машинага кам көрүүнү” кара).
Техникалык маалыматтар
Модели Өндүрүүчү өлкө
Габариттик өлчөмдөр
Сыйымдуулугу Электр
азыктандыруунун чыңалуусунун номиналдык мааниси же чыңалуунун диапазону
максималдуу кубаттуулук
Электр тогунун түрүнүн шарттуу белгиси же өзгөрмө токтун номиналдуу жыштыгы
Электр тогуна урунуудан коргоо классы
Суу түтүк туташуусу
Сыгуунун ылдамдыгы
EN 60456 Директивасына ылайык башкаруу программасы
Нымдан коргоого ээ болбогон, төмөнкү вольттуу жабдуудан тышкары, коргоочу кабык менен камсыздалуучу, катуу бөлүкчөлөрдүн жана нымдын түшүүсүнөн коргоо деңгээли: IPX4
Бул техниканы өндүрүү датасын төмөндөгүдөй түрдө, штрих-код астында жайгашкан серия номеринен алууга болот (S/N
XXXXXXXXX)
Энергияны керектөө классы
RSD 8239 D Россия
туурасы 59,5 см. бийиктиги 85 см. тереңдиги 47,5 см.
1ден 8 кг чейин
220-240 V ~
1850 W
50 Hz
I коргоо классы
максималдуу басым 1 МПа (10 бар) минималдуу басым 0,05 МПа (0,5 бар) барабандын сыйымдуулугу 54 литр
Мүнөтүнө 1200 айланууга чейин
9 программа; температура 60°C; жана “НАТЫЙЖАЛУУЛУК” режиминде DI­RECT INJECTION баскычын басыңыз; жүктөө 8 кг чейин
Бул буюм Европа Коомдоштугунун төмөндөгү Директиваларына шайкеш келет:
- 2004/108/СЕ (Электр магниттик шайкештик);
- 2006/95/CE (Төмөнкү чыңалуу)
- 2012/19/EU (WEEE)
- S/N 1-саны жылдын акыркы санына туура келет,
- S/N 2 жана 3-саны – ирет номери боюнча жылдын айына.
- S/N 4 жана 5-сандары – күн.
A
KGZ
3
Техникалык тейлөө жана кам көрүү
1
2
KGZ
Сууну жана электр тогун өчүрүү
• Ар бир жолу кир жуугандан кийин суу түтүк кранын жабыңыз. Мындай жол менен машинанын суу түтүк тутутумун эскириши кыскарат жана агып калуу тобокелдиги азаят.
• Кир жуугуч машинаны тазалоо жана техникалык тейлөө процессинде штепселдик айрыны тармактык розеткадан сууруңуз.
Кир жуугуч машинага кам көрүү
• Кир жуугуч машинанын тышкы жана резина бөлүктөрүн тазалоо үчүн самын менен жылуу сууга нымдалган чүпүрөктү пайдаланыңыз. Эриткичтерди же абразивдик тазалоочу каражаттарды пайдаланбаңыз.
• Кир жуугуч машина ички деталдарын “АВТОТАЗАЛОО” программасы менен себилденген, аны барабанда эч кандай кир жок аткаруу керек. Кир жуугуч машинаны тазалоо үчүн жуугуч затты (абдан кирдеген кийим үчүн сунушталгандын 10% көлөмүндө) же атайын кошулмаларды жуу программасында көмөкчү катары пайдаланууга болот. Машинаны тазалоо программасын ар бир 40 кир жуу циклынан кийин аткаруу сунушталат.
Программаны иштетүү үчүн бир убакта баскычтарын 5 сек. басыңыз (схеманы кара). Программа автоматтык түрдө иштейт жана болжол менен 70 мүнөткө созулат. Циклды токтотуу үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө кам көрүү
Бөлүштүргүчтү эки тарабынан басып жана сыртка тартып, чыгарыңыз (схеманы кара). Бөлүштүргүчтү жылуу суу менен жууңуз. Бул операция үзгүлтүксүз аткарылышы керек.
Каптоочко жетүү үчүн:
1. кир жуугуч машинанын алдыңкы панелин бурагычтын жардамы менен алыңыз (схеманы кара);
2. капкакты саат жебесине каршы бурап, аны ачыңыз (схеманы кара):бир аз суунун агышы нормалдуу көрүнүш болуп саналат;
3. каптоочтун ичин жакшылап тазалаңыз;
4. капкакты ордуна бураңыз;
5. алдыңкы панелди машинага бекитүү алдында илмектери тийиштүү илгичтерге киргенин текшерип, аны ордуна орнотуңуз.
Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү
Жылына бир жолудан көп эмес суу берүү ийкем түтүгүн текшериңиз. Ийкем түтүктүн жараңкаларын же айрылууларын аныктаганда аны алмаштырыңыз: кир жуу процессинде суу түтүгүндөгү катуу басым ийкем түтүктүн капилет ажырап калуусуна алып келиши мүмкүн.
Люкка жана барабанга кам көрүү
• Кир жуугуч машинаны пайдалангандан кийин барабанда жагымсыз жыттардын пайда болуусунан алыс болуу үчүн люкту жарым ачык калтыруу керек.
Соркыскычка кам көрүү
Кир жуугуч машина техникалык тейлөөгө муктаж болбогон, өзүн өзү тазалоочу соркыскыч менен жабдылган. Ошентсе дагы майда предметтер тыйын, топчу) төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан, соркыскычты сактоочу каптоочко түшүп кетиши мүмкүн.
! Кир жуу циклы аяктаганын текшериңиз жана штепселдик айрыны тармактык розеткадан сууруңуз.
4
! Эч качан таңгагы жок ийкем түтүктөрдү пайдаланбаңыз.
Сактык жана сунуштар
20
! Кир жуугуч машина коопсуздук боюнча эл аралык нормативдерге ылайык долбоорлонгон жана даярдалган. Сиздин коопсуздугуңуз максатында түзүлгөн ушул эскертүүлөрдү көңүл коюп окуу керек.
Коопсуздукка карата жалпы талаптар
• Машинаны пайдалангандан кийин аны сөзсүз өзгөрмө токтун тармагынан өчүрүңүз жана суу түтүк кранын жабыңыз.
• Бул буюм үйдө пайдалануу үчүн гана арналган.
• Кир жуугуч машина дене бойлук, сенсордук, акыл-эс жөндөмдүүлүктөрү төмөн адамдардын (балдардын) же аларда жашоо тажрыйбасы же билими жок болгондо, эгерде алар алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адам тарабынан көзөмөл астында болбосо же приборду пайдалануу жөнүндө нускама албаса, алардын пайдалануусу үчүн уруксат бербеңиз. Балдардын машина менен ойноосуна жол бербеңиз.
• Буюмга нымдуу кол менен, жылаңайлак же нымдуу бут менен тийбеңиз.
• Буюмду электр розеткасынан ажыратуу үчүн тармактык кабелден тартпаңыз, айрыны кол менен кармаңыз.
•Кир жуу процессинде порошокту бөлүштүргүчтү ачпаңыз.
• Төгүлүүчү суу менен байланышуудан алыс болуңуз, анткени ал абдан ысык болушу мүмкүн.
• Люкту күч менен ачууга таптакыр тыюу салынат: бул машинанын капыстан ачуудан коргоочу, коргоо механизминин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
• Бузук учурда буюмду өз алдынча оңдоо максатында анын ички механизмдерин ачууга тыюу салынат.
• Балдардын иштеп жаткан кир жуугуч машинага тийүүсүнө жол бербеңиз.
• Кир жуу процессинде кир жуугуч машинанын люгу ысып кетиши мүмкүн.
• Кир жуугуч машинаны жылдыруу зарыл болгондо, бул операцияны эки же үч адам абдан этият менен аткарышы керек. Эч качан машинаны жалгыз жылдырбаңыз, анткени машина өтө оор.
• Кир жуугуч машинага кир жүктөө алдында, барабан бош экенин текшериңиз.
•Кир жуугуч машина дене бойлук, сезимдик же акыл-эс жөндөмдүүлүктөрү төмөн адамдардын (балдардын) же аларда жашоо тажрыйбасы же билими жок болгондо, эгерде алар алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адам тарабынан көзөмөл астында болбосо же приборду пайдалануу жөнүндө нускама албаса, алардын пайдалануусу үчүн арналган эмес. Балдардын кир жуугуч машина менен ойноосуна жол бербөө үчүн алар көзөмөл астында болушу керек.
таштанды челегинин” символу аларды өзүнчө утилизациялоо жөнүндө эскерткич катары кызмат кылат. Тиричилик электр приборлорун туура утилизациялоо жөнүдө кеңири маалымат алуу үчүн пайдалануучулар атайын мамлекеттик уюмга же дүкөнгө кайрыла алышат.
Сактоо жана ташуу шарттары
• Таңгакталган кир жуугуч машинаны табигый желдетүүсү бар жабык жайларда 80%дан көп эмес салыштырмалуу нымдуулукта сактоо керек. Эгерде машина узак убакыт пайдаланылбаса жана жылытылбаган жайда сактала турган болсо, машинаны суудан толук өчүрүү керек. Машинаны ташуу алдында кир жуугуч машинанын багынын бузулушуна жол бербөө үчүн, тыгыны менен транспорттук бурамаларды орнотуу керек. Машинаны жабык машинанын бардык түрү менен, аны бекем бекитип жумушчу абалында (вертикалдуу) ташуу керек. Кир жуугуч машинаны жүктөө-түшүрүү иштеринде урунууга кабылтууга ТЫЮУ САЛЫНАТ.
Люкту авариялык ачуу
Эгерде электр энергиясын өчүрүү себебинен улам машинанын люгун ачуу мүмкүн болбосо, таза кирди чыгаруу үчүн төмөндөгүдөй аракет кылыңыз.
1. машинанын штепселдик айрысын тармактык розеткадан сууруңуз.
2. машинадагы суунун деңгээли люктун тешигинен төмөн экенин текшериңиз. Болбосо схемада көрсөтүлгөндөй, суу төгүү түтүгү аркылуу ашыкча сууну чакага куюңуз.
3. кир жуугуч машинанын алдыңкы панелин чыгарыңыз (схеманы кара.)
KGZ
Утилизациялоо
• Таңгактоо материалдарын жок кылуу: таңгактоо материалдарын кайталап пайдалануу максатында жергиликтүү нормативдерди сактаңыз.
• Электрондук жана электр приборлорду утилизациялоого тиешелүү 2012/19/eU Европа Директивасына ылайык, электр приборлорду кадимки шаар таштандысы менен чогуу ыргытылбашы керек. Иштебей калган приборлор аларды утилизациялоону жана алардын курамдык материалдарынын рекуперациясын оптималдаштыруу үчүн, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн жана ден соолуктун коопсуздугу үчүн өзүнчө топтолушу керек. Бардык приборлордо боло турган “чийилген
4. схемада көрсөтүлгөн тышындагы тилчесин пластик тосмолоо бурамасына чейин тартыңыз. Андан кийин аны ылдый тартыңыз жана ошол эле убакта люкту ачыңыз.
5. алдыңкы панелди машинага бекитүүнүн алдында илмектери тийиштүү илгичтерге киргенин текшерип, аны ордуна орнотуңуз.
5
Кир жуугуч машинаны сүрөттөө
KGZ
Башкаруу панели
ON/OFF
баскычы
Нускамалар
Жуугуч заттар үчүн чөнөкчө
Жуугуч заттар үчүн чөнөкчөлөр: жуугуч заттарды жана кошулмаларды жүктөө үчүн (“Жуугуч заттар жана кир кийимдин түрлөрү” кара.).
Нускамалар: жуугуч каражаттардын дозаторунун ичинде бардык программалар үчүн нускамалар, ошондой эле дозатордун айрым чөнөкчөлөрүн пайдалануу боюнча графикалык нускамалар бар.
ON/OFF баскычы : машинаны күйгүзүү же өчүрүү үчүн бул баскычты тез басыңыз. Сейрек жашыл түс менен бүлбүлдөгөн, ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору машина күйгүзүлгөнүн түшүндүрөт. Кир жуу процессинде кир жуугуч машинаны өчүрүү үчүн баскычты болжол менен 3 секунд басып кармап туруу керек. Кыска же капысынан басып алуу машинаны өчүрүүгө алып келбейт. Машинаны кир жуу процессинде өчүрүү учурунда учурдагы цикл токтотулат.
ПРОГРАММАЛАРДЫ ТАНДОО баскычы: керектүү программаны тандоо үчүн кызмат кылат (“Программалардын таблицасын” кара).
КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР баскычы: кошумча функцияларды тандоо үчүн кызмат кылат. Дисплейде тийиштүү индикатор күйөт.
АВТО-ТАЗАЛОО баскычы: машинанын ички бөлүктөрүн тазалоону ишке ашыруу үчүн басыңыз (“Кир жуугуч машинага кам көрүүнү” кара. )
АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ баскычы: АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ функциясын тандоону шарттайт.
МУЛЬТИ-ЧАЙКОО баскычы : чайкоонун керектүү
режимин тандоо үчүн басуу керек.
СЫГУУ баскычы : сыгуунун ылдамдыгын кыскартуу же толук жокко чыгаруу үчүн бул баскычты басыңыз – мааниси дисплейде көрсөтүлөт.
ПРОГРАММАЛАРДЫ
ТАНДОО баскычы
МУЛЬТИ-ЧАЙКОО
КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР
баскычтары
баскычы
АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ баскычы
Дисплей
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
АВТО-ТАЗАЛОО
баскычы
ТЕМПЕРАТУРА
баскычы
СЫГУУ баскычы
БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛОО
ИШТЕТҮҮНҮН КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРУУ баскычы
ТЕМПЕРАТУРА баскычы : температуранын маанисин азайтуу үчүн бул баскычты басыңыз: мааниси дисплейге чыгарылат.
БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛОО : башкаруу консолун
тосмолоону күйгүзүү үчүн баскычты болжол менен 2 секунд аралыгында басып кармап туруңуз. Дисплейде “БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛОО КҮЙГҮЗҮЛДҮ” жазуусунун чагылдырылышы башкаруу панели тосмолонгонун түшүндүрөт (ON/OFF баскычынан тышкары). Мындай жол менен программа капыстан, өзгөчө үйдө балдар болгондо өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Башкаруу консолун тосмолоону өчүрүү үчүн баскычты болжол менен 2 секунд аралыгында басып кармап туруңуз.
ИШТЕТҮҮНҮН КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУ баскычы : тандалган программаны иштетүүнү
кармоо убактысын программалоо үчүн бул баскычты басыңыз. Кармоо убактысы дисплейде көрсөтүлөт.
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатор менен баскыч: жашыл индикатор сейрек бүлбүлдөгөндө, кир жуу циклын иштетүү үчүн баскычты басыңыз. Циклды иштеткенден кийин индикатор бүлбүлдөбөй калат. Кир жууну токтотуу үчүн кайрадан бул баскычты басыңыз; индикатор кызгыл сары түс менен күйөт. Эгерде символу күйбөсө, машинанын люгун ачууга болот. Кир жууну ал токтотулган учурдан тартып улантуу үчүн, кайрадан бул баскычты басыңыз.
Күтүү режими
Бул кир жуугуч машина электр энергиясын үнөмдөө боюнча жаңы нормативдердин талаптарына жооп берет, машина 30 мүнөт тургандан кийин күйө турган, автоматтык түрдө өчүү тутуму (энергияны сактоо режими) менен себилденген. КҮЙ/ӨЧҮР баскычын бир жолу басыңыз жана машина кайра күйгөнчө күтө туруңуз.
индикатор менен баскыч
6
Дисплей
C
A
C
KGZ
G
C
L M
I
B
F
X Z
Y
D
E
Дисплей машинаны программалоо үчүн кызмат кылат жана пайдалануучуга көптөгөн маалыматтарды берет.
А тарабында иконка жана тандалган кир жуу программасы, кир жуу фазалары жана кир жуу циклын аяктоого чейин калган убакыт көрүнөт.
В тарабында интенсивдүүлүктүн эки деңгээли, тийиштүү АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ опциялары көрүнөт.
С тарабында жеткиликтүү функцияларга ылайык келүүчү жарык индикаторлору жайгашкан.
D сабында эгерде КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН ИШТЕТҮҮ тапшырылса, тандалган программаны иштетүүгө чейинки убакыт көрсөтүлөт.
H
Е сабында машина тандалган программага жараша аткара ала турган, сыгуу ылдамдыгынын максималдуу мааниси көрсөтүлөт. Эгерде программа центрифуганы активдештирүүнү карабаса, панелде күңүрт түс менен “- -“ символу чагылдырылат.
F сабында тандалган программага жараша тандоого боло турган температуранын максималдуу мааниси көрсөтүлөт; эгерде тандалган программа температураны тескөөнү карабаса, панелде күңүрт түс менен “- -“ символу чагылдырылат.
Тосмолонгон люк символу
Күйгөн символ люкту тосмолоону түшүндүрөт. Люкту ачуунун алдында бузулуулардан алыс болуу үчүн, символ өчкөнгө чейин күтө туруу керек. ЭСКЕРТҮҮ: Эгерде КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН ИШТЕТҮҮ функциясы күйгүзүлсө, люкту ачууга болбойт. Бул үчүн машинаны ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен тыныгуу режимине которуу керек.
! Машинаны биринчи жолу күйгүзүүдө тилди тандоо талап кылынат жана дисплей автоматтык түрдө тилди тандоо менюсунун бетин көрсөтөт. Керектүү тилди тандоо үчүн X жана Y баскычтарын басыңыз, тандоону ырастоо үчүн Z баскычын басыңыз.Эгерде тилди алмаштыруу талап кылынса, машинаны өчүрүңүз, G, H, I баскычтарын бир убакта басыңыз үн сигналына чейин күтө туруңуз, тилди тандоо менюсу ачылат.
! Эгерде сиз алдын ала белгилөө боюнча жогорку деңгээлде орнотулган дисплейдин жарыктандыруу интенсивдүүлүгүн өзгөртүүнү кааласаңыз, машинаны өчүрүңүз, бир убакта G, L, M баскычтарын үн сигналына чейин басыңыз. Ачыктыктын каалаган деңгээлин тандоо үчүн X жана Y баскычтарын басыңыз, тандоону ырастоо үчүн Z баскычын басыңыз.
! Эгерде кир жуу циклы же тапшырылган КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН ИШТЕТҮҮ убагында дисплей тарабынан 1 мүнөт аралыгында эч кандай аракеттер аткарылбаса, “ЭКРАН САКТАГЫЧЫ” функциясы активдеште. Дисплейдин мурдагы
терезесине кайтуу үчүн каалаган баскычты басуу жетиштүү.
7
Кир жуу циклын аткаруу тартиби
KGZ
1. МАШИНАНЫ КҮЙГҮЗҮҮ ТАРТИБИ , баскычын
басыңыз; ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору сейрек жашыл түс менен бүлбүлдөйт.
2. КИРДИ ЖҮКТӨӨ. Машинанын люгун ачыңыз.
Кийинки беттеги программалардын таблицасында көрсөтүлгөн, максималдуу уруксат берилген салмактан ашырбай, барабанга кир кийимди жүктөңүз.
3. ЖУУГУЧ ЗАТТАРДЫ ДОЗАЛОО. Дозаторду
чыгарыңыз жана “Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрү” бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй, жуугуч каражатты атайын чөнөкчөлөргө салыңыз.
4. ЛЮКТУ ЖАБЫҢЫЗ.
5. ПРОГРАММАНЫ ТАНДОО. Керектүү программаны
тандоо үчүн ПРОГРАММАЛАРДЫ ТАНДОО баскычтарынын бирин басыңыз. Программанын аталышы дисплейде пайда болот. Программа менен бирге өзгөртүлүшү мүмкүн болгон, температура жана сыгуу ылдамдыгы көрсөтүлөт. Дисплейде бул циклдын узактыгы көрсөтүлөт.
6. КИР ЖУУ ЦИКЛЫН ПЕРСОНАЛДАШТЫРУУ.
Тийиштүү баскычтарды басыңыз:
емператураны жана/же сыгуу ылдамдыгын
өзгөртүү тартиби. Машина автоматтык түрдө тандалган программа үчүн каралган максималдуу температураны жана сыгуу ылдамдыгын белгилейт, бул маанилер көбөйтүлүшү мүмкүн эмес
баскычынын жардамы менен температураны муздак сууда жууганга чейин акырындык менен азайтууга болот (Дисплейде “--” символу күйөт) баскычынын жардамы менен сыгуу ылдамдыгын аны жокко чыгарууга чейин акырындык менен азайтууга болот (Дисплейде “--” символу күйөт). Бул баскычтарга дагы бир жолу басууда максималдуу уруксат берилген маанилер кайтып келет.
! Артыкчылык: 2-программаны тандоодо температура
40° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
! Артыкчылык: 3-программаны тандоодо температура
90° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
! Артыкчылык: 4-программаны тандоодо температура
60° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
Иштетүүнү кармоону программалоо. Тандалган программаны иштетүүнү кармоону
программалоо үчүн кармоонун керектүү маанисин алганга чейин тийиштүү баскычты басыңыз. Иштетүүнү кармоону токтотуу үчүн баскычты дисплейде “-- h” жазуусу пайда болгонго чейин басыңыз.
Кантип чайкоо режимин тапшырууга болот Кошумча функция сезгич тери үчүн чайкоонун
керектүү режимин тандоону шарттайт. Баскычты биринчи жолу басууда “Кошумча чайкоо+1” режими тапшырылат, ал жуугуч заттын калдыктарын кетирүү үчүн, чайкоонун стандарттуу циклынан тышкары кошумча чайкоону тандоону шарттайт. Баскычты басууга жараша чайкоонун стандарттуу циклынан тышкары чайкоонун кошумча режимин тандоону шарттаган, “Кошумча чайкоо +2” режими тапшырылат, бул сезгич тери үчүн сунушталат. Баскычты үчүнчү жолу басууда стандарттуу циклдын чайкоосуна кошумча 3 чайкоону тандоону шарттаган, “Кошумча чайкоо+3” режими тапшырылат. Эгерде бул кошумча функция 40°C температурасы менен программаларда активдешсе, ал мышыктын жана иттин жүнү жана чаң сыяктуу негизги аллергендерди кетирүүнү шарттайт,
40°Cтан жогору температурадагы программаларда аллергенден коргоонун мыкты деңгээлине жетишилет. “Жөнөкөй чайкоо” режимине кайтуу үчүн баскычты кайра басыңыз. Эгерде бул тескөөнү тапшыруу же өзгөртүү мүмкүн эмес болсо, дисплейде “ТАНДАЛГАН ЭМЕС” же “ӨЗГӨРҮҮСҮЗ” чагылдырылат
Циклдын параметрлерин өзгөртүү.
• Функцияны күйгүзүү үчүн баскычты басыңыз; Дисплейде тийиштүү жарык индикатору күйөт.
• Функцияны өчүрүү үчүн баскычты кайра басыңыз; Дисплейде тийиштүү жарык индикатору өчөт.
! Эгерде тандалган функция тапшырылган программа
менен шайкеш келбесе, күңүрт түс менен тийиштүү жарык индикатору бүлбүлдөйт, мындан тышкары мындай шайкеш келбестик жөнүндө үн сигналы (3 сигнал) эскертет, ал эми дисплейде “ТАНДАЛГАН ЖОК” жазуусу пайда болот.
! Эгерде тандалган функция башка, мурда
тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, дисплейде “ТАНДАЛГАН ЖОК” жазуусу пайда болот, функцияны активдештирүү мүмкүн болбойт.
! Кошумча функциялар машинанын сунушталган
жүктөмүн жана/же циклдын узактыгын өзгөртө алат.
7. ПРОГРАММАНЫ ИШТЕТҮҮ. ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз: Тийиштүү индикатор жашыл түс менен күйөт жана люк тосмолоодон чыгарылат (ЛЮК ТОСМОЛОНДУ символу күйөт). Циклды аткаруу процессинде программаны өзгөртүү үчүн машинаны ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен тыныгуу режимине которуңуз (ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычы кызгыл сары түс менен сейрек бүлбүлдөйт). Андан кийин жаңы циклды тандаңыз жана кайрадан ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. Эгерде циклды иштеткенден кийин люкту ачуу талап кылынса, ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ индикатору өчкөндөн кийин люкту ачууга болот. Программаны ал токтотулган учурдан тартып улантуу үчүн кайрадан ИШТЕТҮҮ/ ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
8. . ПРОГРАММАНЫ АЯКТОО. Дисплейде «ЦИКЛДЫН
АЯГЫ» билдирүүсү менен көрсөтүлөт. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ символу өчүрүлгөндөн кийин, люкту ачууга болот. Люкту ачыңыз, кирди алыңыз жана машинаны өчүрүңүз.
! Иштетилген циклды токтотуу талап кылынса,
баскычын бир нече секунд басып кармап туруңуз. Цикл токтойт жана машина өчөт.
Direct Injection технологиясы Кир жуугуч машина «Direct Injection» алдын ала аралаштыруу жаңы технологиясы менен жабдылган, ал кир жуунун биринчи мүнөтүнөн тартып сууну жуугуч каражат менен аралаштырат, аны активдүү мусска айландырат жана анын тазалоочу касиеттерин көз ирмемде активдештирет. Активдүү мусс кир жуугуч машинанын барабанына берилет жана төмөнкү температурада сиңип калган кирлерди кетирүү менен, кездеменин буласына натыйжалуу кирет, мында кездемени жана анын түсүн сактайт. “НАТЫЙЖАЛУУЛУК” режими кир жуунун жакшы жыйынтыгына жетүү үчүн, “ЭНЕРГИЯНЫ ҮНӨМДӨӨ” режими электр энергиясын керектөөнү төмөндөтүү үчүн жарайт.
8
Программалар жана
60°/40°
кошумча функциялар
Программалардын таблицасы
Жуугуч заттар
Программаны сүрөттөө
Программр
КҮНҮМДҮК
ТАК КЕТИРҮҮ УЛЬТРА 20°C
1
2 УТАК КЕТИРҮҮ ТУРБО 45” (ТАК КЕТИРҮҮ ТУРБО 45 МҮН)
3
ПАХТА: абдан кирдеген ак жана кылдат түстүү кийим
4
СИНТЕТИКА: абдан кирдеген бекем боелгон түстүү кийим
ЫКЧАМ ЖУУ 30” (ЫКЧАМ ЖУУ 30 мүнөт): Азыраак кирдеген кийимди тез сергитүү үчүн
5
(жүн, жибек жана колго жуула турган буюмдар үчүн эмес)
АТАЙЫН
ТҮСКӨ КАМ КӨРҮҮ (ТҮСТҮ КОРГОО) (default) => Түстүү
6
КЫЛДАТ (УЛЬТРА КЫЛДАТ)
7
ЖҮН: жүн, кашемир ж.б. үчүн
8
9
ЭКО ПАХТА 60°C (1): абдан кирдеген ак жана бекем түстүү киийм
ЭКО ПАХТА 40°C (2): абдан кирдеген ак жана кылдат кийим
9
БАЛДАР КИЙИМИ: абдан кирдеген кылдат кийим
10
КОШУМЧА
АНТИАЛЛЕРГИЯ
11
12
ШЕЙШЕП (ШЕЙШЕП 7КҮН): шейшеп жана сүлгү 60° 1200
13
ЖИБЕК / ПАРДА: жибек, вискоза буюмдар жана ич кийим 30° --
14 МАМЫК ОЛПОКТОР
ЧАЙКОО
СЫГУУ+ТӨГҮҮ
ТӨГҮҮ гана *
* Сыгууну жокко чыгарган программаны тандоодо машина сууну төгүүнү гана аткарат
Дисплейде көрсөтүлгөн же нускамаларда көрсөтүлгөн циклдын узактыгы стандарттуу шарттардын негизинде жасалган эсептөө болуп саналат. Иш жүзүндөгү узактык берүүдөгү суунун температурасы жана басымы, бөлмөнүн температурасы, жуугуч каражаттын өлчөмү, жүктөлгөн кирдин өлчөмү жана түрү, кирди тең салмактоо, тандалган кошумча функциялар сыяктуу көптөгөн факторлорго жараша өзгөрөт.
Бардык тестирлөө институттары үчүн:
1) EN 60456 Директивасына ылайык башкаруу программалары: 60°C температурасы менен 9-программаны тандаңыз жана “Натыйжалуулук” режиминде АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ баскычын басыңыз.
2) Пахта кийим үчүн узун программа: 40°C температурасы менен 9-программаны тандаңыз жана “Натыйжалуулук” режиминде АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ баскычын басыңыз.
Кир жуунун кошумча функциялары
! Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен шайкеш келбесе, күңүрт түс менен тийиштүү жарык индикатору бүлбүлдөйт, мындан тышкары мындай шайкеш келбестик жөнүндө үн сигналы (3 сигнал) эскертет, ал эми дисплейде “ТАНДАЛГАН ЖОК” жазуусу пайда болот. ! Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, дисплейде “ТАНДАЛГАН ЖОК” жазуусу пайда болот, функцияны активдештирүү мүмкүн болбойт.
УБАКЫТТЫ ҮНӨМДӨӨ
Бул функцияны тандоодо программанын узактыгы тандалган программага жараша 50%га кыскарат, ошол эле убакта сууну жана электр энергиясын үнөмдөөнү камсыздайт. Бул программаны өтө кирдебеген кийим үчүн пайдаланыңыз.
ТҮСТҮ КОРГОО
6-циклды орнотууда жана бул функцияны тандоодо түстүн интенсивдүүлүгүн жана ак кийимдин актыгын максималдуу сактоо үчүн атайын иштелип чыккан, 3 программанын бирин тандоо мүмкүнчүлүгү берилет.
Түстүү: түстүү кийимди жуу үчүн. Программа жуугандан кийин кийимдин түсүнүн ачыктыгын сактоого багытталган. Күңүрт: программа жуугандан кийин күңүрт кийимдин түсүнүн сактоого багытталган. Жыйынтыктарды оптималдаштыруу үчүн күңүрт түстөгү кийим үчүн суюк жуугуч каражатты пайдалануу сунушталат. Ачык түстүү: жуугандан программа ак кийимдин актыгын сактого багытталган. Жйынтыктарды оптималдаштыруу үчүн кир жуучу порошокту пайдалануу сунушталат.
ИНТЕНСИВДҮҮ ЖУУ
Циклдын башталышында көп өлчөмдө сууну пайдалануунун жана узактыгынын аркасында бул функция оптималдуу кир жууну камсыздайт. Бул функция сиңген такты кетирүү үчүн кызмат кылат. Агарткыч менен, ошондой эле ансыз пайдаланылышы мүмкүн. Эгерде агартуу дагы керек болсо, кошумча 30дозаторду салыңыз. Агарткычты куюуда борбордогу стердженде көрсөтүлгөн “макс” деңгээлден ашырбаңыз (10-беттеги схеманы кара). Кир жуунун толук циклы жок агартууну гана аткаруу үчүн агарткычты кошумча 3-дозаторго куюңуз, программасын тандаңыз жана кошумча
функциясын күйгүзүңүз.
Макс.
темп (С)
Жуу
(айл./мүн)
Макс. Ылдамдык
20° 1200 20°
(Max. 40°C)
40°
(Max. 90°C)
40°
(Max. 60°C)
30° 800
40° 1200 30° -- 40° 800
60° 1200 40° 1200 40° 1000
60° 1200
30° 1000
1200
1200
1000
- 1200 -
- 1200 - - - 8
- -- - - - 8
Ополаски-
l l
l l
l l l
l l l
l l
l l
l l
l l
l l
l l
l l
l l
l l l l l l l
l l
ватель
- 8
- 3,5
- 3
- 4
- 1
- 1,5
- 8
- 8
- 4
- 4
- 1
- 2
Агарткыч
Макс.жүк (кг)
8
4
8
8
Циклдын
Кир жуу программасынын узактыгын дисплей боюнча текшерүүгө болот.
KGZ
узактыгы
9
Жуугуч заттар жана кирдин
M
AX
1
3
2
A
B
*
түрлөрү
KGZ
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүч
Кир жуунун жакшы жыйынтыгы жуугуч заттарды туура дозалоодон дагы көз каранды болот: ашыкча жуугуч заттар натыйжалуу жууну кепилдебейт, тескерисинче, кир жуугуч машинанын ичинде кеберлердин пайда болушун жана курчап турган чөйрөнүн булганышын шарттайт. ! Колго жууганга арналган жуугуч каражаттарды пайдаланбаңыз, анткени алар өтө көп көбүк чыгарат.
Бөлүштүргүчтү чыгарыңыз жана ага жуугуч каражатты же кошулмаларды төмөндөгүдөй тартипте салыңыз.
! Жуугуч каражатты борбордук лотокко салбаңыз (*).
1-бөлүк: жуу үчүн жуугуч каражат (порошок)
Суюк жуугуч затты пайдаланган учурда туура дозалоо үчүн А дозаторун пайдалануу сунушталат. Кир жуучу порошокту пайдалануу үчүн дозаторду В бөлүгүнө салыңыз.
2- бөлүк: кошулмалар (чайкагыч ж.б.)
Чайкагычты бөлүктүн торунан жогору куйбаңыз. Кошумча 3-бөлүк: агарткыч.
Кирди даярдоо
• Кирди төмөндөгү белгилери боюнча бөлүңүз:
- кездеменин түрү / этикеткадагы белги.
- түс: түстүү кирди ак кирден бөлүңүз.
• Чөнтөктөн бардык предметтерди чыгарыңыз жана топчуну текшериңиз.
• Кургак кирдин салмагын көрсөтүүчү, “Программалардын таблицасында” көрсөтүлгөн мааниден ашырбаңыз.
Кир канча салмакта болот? 1 шейшеп 400-500 гр. 1 жаздык тыш 150-200 гр. 1 дастаркон 400-500 гр. 1 халат 900-1200 гр. 1 сүлгү150-250 гр.
үчүн кылдаткийим үчүн суюк жуугуч затты пайдалануу сунушталат.
ЖҮН - Woolmark Apparel Care - Green: Бул кир жуугуч машинанын “Жүн” кир жуу циклы кир жуу буюмдун этикеткасында жана ушул кир жуугуч машинанын жеткирүүчүсүнүн нускамасында көрсөтүлгөн нускамаларга ылайык аткарылган шартта, “кол менен жуу” жиктемесине ээ болгон, жүн буюмдарды жуу үчүн Woolmark компаниясынын ырастоосун алган.
БАЛДАР КИЙИМДЕРИ: Балдардын сезгич терисинин
аллергиясынан алыс болуу үчүн балдардын кийиминин мүнөздүү кирлерин жана кездемеден жуугуч каражаттарды толук кетирүү үчүн атайын 10-программаны пайдаланыңыз. Бул цикл көп өлчөмдө сууну пайдалануунун жана жуугуч заттын атайын дезинфекциялоочу кошулмаларынын таасирин оптималдаштыруунун аркасында микробиологиялык урук себүүнү кыскартууга эсептелген.
АНТИАЛЛЕРГИЯ: чаңча, котур кенеси, итин же
мышыктын жүнү сыяктуу негизги аллергендерди кетирүү үчүн 11-программаны пайдаланыңыз.
ШЕЙШЕП: сүлгүнү жана шейшепти бирдиктүү
программа боюнча жуу үчүн чайкагычты пайдаланууну оптималдаштыруучу жана убакытты жана электр энергиясын үнөмдөчү 12-программаны пайдаланыңыз. Кир жуучу порошокту пайдалануу сунушталат
ЖИБЕК: жибек буюмдарды жуу үчүн атайын
13-программаны пайдаланыңыз. Кылдат кездемелер үчүн атайын жуугуч затты пайдалануу сунушталат.
ПАРДА: ороңуз жана жаздык тышка же торчо мүшөккө
салыңыз. 13-программаны пайдаланыңыз.
МАМЫК ОЛПОКТОР: куртка же жаздык сыяктуу,
каздын мамыгын камтыган мамык олпокторду жуу үчүн (салмагы 2 кгдан көп эмес) атайын 14-программаны пайдаланыңыз.
Атайын программалар
ТАК КЕТИРҮҮ УЛЬТРА 20°C: бул программа алдын
ала тазалоо зарылчылыгы жок төмөнкү температурада, кездеменин сапатын жана түсүн сактоо менен, такты кетирүүнүн максималдуу жөндөмдүүлүгүн камсыздайт. ТАК КЕТИРҮҮ ТУРБО 45’: бул цикл болгону 45 мүнөттө 20°C температурада дагы такты кетирүү жөндөмдүүлүгүн кепилдейт. Бул цикл үчүн температураны 40°C чейин көтөрүүгө болот. КЫЛДАТ: Страздары же жалтырактары бар кылдат кийимди жуу үчүн 7-программаны пайдаланыңыз. Жуу алдында кийимди ичинен аңтаруу жана майда кийимди кылдат кийимди жуу үчүн атайын мүшөккө салуу сунушталат. Жыйынтыктарды оптималдаштыруу
10
Кирди тең салмактоо тутуму
Ар бир сыгуунун алдында ашыкча вибрациядан алыс болуу үчүн жана барабанда кирди тегиз бөлүштүрүү үчүн машина кир жуунун ылдамдыгынан бир аз жогору ылдамдык менен айлантат. Эгерде бир нече аракеттен кийин кир туура тең салмактанбаса, машина каралгандан азыраак ылдамдыкта сыгат.
Бузуктар жана аларды жоюу методдору
Эгерде сиздин кир жуугуч машина иштебесе, сервистик тейлөө борборуна кайрылуудан мурда (Сервистик тейлөө кара.), төмөндөгү тизмеде берилген сунуштарды сактоо менен, бузуктарды жоюуга болоорун текшериңиз.
KGZ
Бузуктар:
Кир жуугуч машина күйбөйт
Кир жуу циклы иштебейт
Кир жуугуч машина сууну куйбайт
Машина тынымсыз сууну куят жана төгөт
Мүмкүн болуучу себептери / Жоюу методдору:
• Штепселдик айры электр розеткасы менен кошулган эмес же түшүп калат жана байланышты камсыздабайт.
• Үйдө электр жок.
• Машинаны люгу бекем жабылган эмес.
• КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ баскычы басылган эмес.
• ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычы басылган эмес.
• Суу түтүк краны жабык.
• Циклды иштетүүнү кармоо программаланган.
• Суу түтүк ийкем түтүгү кранга туташтырылган эмес.
• Ийкем түтүк бүгүлүп калган.
• Суу түтүк краны жабык.
• Үйдө суу жок.
• Жетишсиз суу түтүк басымы.
• ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычы басылган эмес.
• Суу төгүүчү ийкем түтүк полдон 65-100 см бийиктикте жайгашкан эмес
(“Орнотууну” кара).
• Суу төгүүчү ийкем түтүктүн учу сууга салынган (“Орнотууну” кара).
• Дубалдагы суу төгүүчү тешик аба чыгаруу үчүн вантуз менен жабдылган эмес.
Эгерде жогоруда саналган текшерүүлөрдөн кийин бузук жоюлбаса, суу
түтүк кранын жабып, кир жуугуч машинаны өчүрүп жана Сервистик Тейлөө Борборуна кайрылуу керек.
Эгерде сиздин батир имараттын акыркы кабатында жайгашса, сифон
көрүнүшү байкалышы мүмкүн, ошондуктан кир жуугуч машина сууну үзгүлтүксүз төгүүнү жана куюуну жүргүзөт. Бул аномалияны жоюу үчүн сатыкта сифон көрүнүшүнө каршы атайын клапандар бар.
Кир жуугуч машина сууну төкпөйт жана кирди сыкпайт
Кир жуугуч машина сыгуу процессинди катуу титирейт
Кир жуугуч машинадан суунун агышы
Кошумча функциялардын индикатору жана “ИШТЕТҮҮ/ ТЫНЫГУУ” индикатору бүлбүлдөйт, дисплейде аномалия коду көрсөтүлөт (мисалы: F-01, F-..)
Кир жуу процессинде өтө көп көбүк пайда болот
• Тандалган программа сууну төгүүнү карабайт: айрым программалар үчүн
кол менен төгүүнү күйгүзүү керек.
• Суу төгүүчү ийкем түтүк ийилип клаган (“Орнотууну” кара).
• Суу төгүүчү кубур түтүк толуп калган.
Кир жуугуч машинаны орнотуу учурунда барабан туура эмес тосмолонгон
(“Орнотууну” кара).
• Кир жуугуч машина түз орнотулган эмес (“Орнотууну” кара).
• Машина дубалдын жана эмеректин ортосунда кысылган (“Орнотууну”
кара).
• Суу түтүк ийкем түтүгү начар буралган (“Орнотууну” кара).
• Жуугуч каражаттардын дозатору булганган (аны тазалоо тартибин
“Техникалык тейлөө жана кам көрүү” параграфынан кара).
• Суу төгүүчү ийкем түтүк начар бекитилген (“Орнотууну” кара).
• Машинаны өчүрүңүз жана штепселдик айрыны тармактык розеткадан
сууруңуз, 1 мүнөт күтө туруңуз жана кайрадан машинаны күйгүзүңүз. Эгерде бузук жоюлбаса, Сервистик Тейлөө Борборуна кайрылыңыз. .
• Жуугуч каражат кир жуугуч машинада жуу үчүн жарабайт (таңгакта “кир жуугуч машинада жуу үчүн”, “кол менен жана машинада жуу үчүн” же башка көрсөтүлүшү керек).
• Дозаторго ашыкча өлчөмдө жуугуч каражат салынган.
11
Сервистик тейлөө
195142759.00
02/2016
KGZ
Биз өз сатып алуучуларыбыз жөнүндө кам көрөбүз жана сервистик тейлөөнү сапаттуу кылууга аракет кылабыз. Сиздин техника менен мамилеңиз жөнөкөй жана жагымдуу болушу үчүн, биз продукттарды туруктуу өркүндөтөбүз.
Техникага кам көрүү
Пайдалануу мөөнөтүн узартыңыз жана техниканын бузулуу мүмкүндүгүн төмөндөтүңүз. Сиздин тиричилик техникага жөнөкөй, натыйжалуу жана оңой кам көрүү үчүн Indesit Professional компаниясынан техникага кам көрүү үчүн кесипкөй каражаттарды пайдаланыңыз. Indesit Professional продукттары сапат, экология жана пайдалануунун коопсуздугу жаатында жогорку европалык стандарттарды сактоо менен Италияда өндүрүлүгөн жана техниканы өндүрүүчүнүн көп жылдык тажрыйбасын эске алуу менен түзүлгөн. Кеңири маалыматты www.hotpoint-ariston.com сайтындагы “Сервис” бөлүмүнөн билиңиз жана Сиздин шаардагы дүкөндөрдөн сураңыз.
Авторлоштурулган тейлөө борборлору
Биздин керектөөчүлөргө жакын болуу үчүн, биз кеңири тейлөө тармагын түздүк, анын өзгөчөлүгү тейлөө мастерлеринин жогорку даярдыгы, кесипкөйлүгү жана чынчылдыгы болуп саналат. Бүгүнкү күндө Россиянын жана КМШ аймагында 350гө жакын тейлөө борборлору бар. Алардын байланыштарын Сиз сервистик сертификаттан жана www.hotpoint-ariston.com сайтындагы “Сервис” бөлүмүнөн таба аласыз.
Эгерде сиз сервистик борборго кайрылышыңыз керек болсо: Көңүл буруңуз! Оңдоодо түп нуска камдык бөлүктөрүн пайдаланууну талап кылыңыз.
Сервис борборуна кайрылуунун алдында:
• Сиз бузукту өз алдыңызча кетире албай турганыңызды текшериңиз (“Бузуктар жана аларды жоюунун методдорун” кара.).
• Машинанын оңдугун текшерүү үчүн программаны кайра иштетиңиз.
• Болбосо кепилдик талонунда көрсөтүлгөн телефон боюнча Авторлоштурулган Сервис борборуна кайрылыңыз.
! Эч качан авторлоштурулбаган сервис борборлоруна кайрылбаңыз.
Сервис Кызматына кайрылганда билдирү керек:
• бузуктун түрү;
• кепилдик документинин номери (сервис китепчеси, сервис сертификаты ж.б.);
• кир жуугуч машинанын арткы панелинде жайгашкан, маалымат тактачасында көрсөтүлгөн машинанын модели
(Мод.) жана сервистик номери (S/N).
Башка пайдалуу маалыматтарды жана жаңылыктарды Сиз www.hotpoint-ariston.com сайтындагы “Сервис” бөлүмүнөн таба аласыз.
Изготовитель – ЗАО «ИНДЕЗИТ ИНТЕРНЭШНЛ». РОССИЯ, 398040, г. Липецк, пл. Металлургов, 2 ЗАО «ИНДЕЗИТ ИНТЕРНЭШНЛ». Служба сервиса тел. (4742) 42-41-00 www.indesit.com
12
Loading...