KITCHENAID KHSD4 11380 User Manual [ky]

KI
IT
Колдонуу нускамалары
Бул нускамалар docs.kitchenaid.eu вебсайтында жеткиликтүү болушу керек
Коопсуздук нускамалары 4
Өнүмдүн сүрөттөлүшү жана белгилер 9
Көзөмөлдөө символдору 9
Күйгүзгүчтөрдү колдонуу 9
Бышыруу панелин колдонуу боюнча пайдалуу кеңештер 10
Идишти жана воктун түпкүчтөрүн ордуна коюу 10
Шаймандын бош тараптары (мм) 11
Инжекторлордун таблицасы 11
Орнотуу 12
Газ туташтыруу 12
Электр туташуусу 13
Орнотуу 13
Башка газ камсыздоо түрүнө өтүү 14
Инжекторлорду алмаштыруу 14
Вок күйгүзгүчтөгү инжекторлорду алмаштыруу 15
Газ түтүктөрдөгү минималдуу агым деңгээлин жөнгө салуу 15
Тазалоо жана кармоо 16
Бузулгандыктарды жоюу кондонмосу 16
Саткандан кийинки тейлөө кызматы 17

Коопсуздук нускамалары

МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Газ жабдуусун колдонуп, тамак бышырганда, бөлмө ысып, нымдуулук пайда болот. Шайманды колдонуп жаткан бөлмөнү жакшы желдетиңиз: ашканада вентиляция тешиктери ачык бойдон болуш керек же механикалык вентиляция түзмөгү орнотулуш керек (механикалык аба чыгаруу). Шайман көп убакыт колдонулса, бөлмөнү кошумча желдетиңиз, мисалы терезени ачып же механикалык вентиляциянын деңгээлин чоңойтуңуз.
Эгер бул нускамалар так аткарылбаса, өрт чыгып же жарылып, мүлккө зыян келтирилип, жаракат алып келиши мүмкүн. Шайманды колдонордон мурда бул коопсуздук нускамаларын окуңуз. Аларды келээрки керек болгонго чейин сактап коюңуз. Бардык убакытта сактоо үчүн бул нускамалар менен шаймандын ѳзү маанилүү коопсуздук эскертүүлѳрдү камсыз кылат. Шайман туура эмес колдонгон же туура эмес жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү бул коопсуздук нускамаларын колдонуу жѳндѳмсүздүгү боюнча жоопкерчиликти четке кагат.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Эгерде бышыруу панелинин бетинде
жаракка кеткен болсо, шайманды колдонбогула токко урунуу коркунучу бар.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Өрт чыгуу коркунуч: Нерселерди бышыруу аянттын үстүндө сактабаңыз.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Тамак-ашты даярдоо учурунда көзөлдөө болуш керек. Кыска мөөнөөтүү тамаш­ашты даярдоо учуру үзгүлтүксүз көзөмөлдө болуш керек.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Тамак-ашты даярдоо учурунда бышыруу панелинин үстүндө май төгүлсө, өрт чыгышы мүмкүн. Өрттү ЭЧ КАЧАН суу менен өчүрбөгүлө, бирок шайманды өчүрүп, өрттү капкак, же болбосо, өрткө туруштук берген жууркан менен жаап, өчүрүңүз.
Бышыруу панелин иштөөчү жай же түпкүч катары колдонбоңуз. Бардык компоненттер толугу менен муздагыча, кийимдерди же башка тез ѳрт алуучу материалдарды шаймандан алыс кармаңыз - өрт чыгуу коркунучу бар.
Өтө жаш балдар (0-3 жаштагы) шаймандан алыс болушу зарыл. Жаш балдар (3-8 жаштагы) кѳзѳмѳл астында болбогон учурда, шаймандан алыс болушу керек. 8 жашка чыккан балдар жана физикалык, сезим же акыл жөндөмү чектелген же тажрыйбасы жана билими жетишпеген адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук нускамалар берилгенде гана колдонушу керек. Балдар шайман менен ойнобошу керек. Шайманды балдар талазап же тейлебеши керек.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Ысык табак
4
коюучу айнек сынса: - бардык конфоркаларды жана ысык элементтерди өчүрүп, шайманды электр кубатынан сууруңуз; ­шаймандын үстүнө тийбеңиз; ­шайманды колдонбоңуз.
Эгер ал ысытылса, капкак сынып калышы мүмкүн. Капкакты жапканга чейин
бардык конфоркаларды жана электрикалык тегерекчелерди өчүрүңүз. Конфорка күйүп турганда капкакты жаппаңыз.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Шайман жана анын жеткиликтүү бөлүктөрү колдонуу учурунда ысыйт. Ысыган элементтерге тийбөө үчүн сактык сакталышы керек. Үзгүлтүксүз кароо болбосо, 8 жаштан ылдый балдарды андан алыс кармаш керек.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Шайман тышкы өчүрүү тутумдар, таймер же ѳзүнчѳ пульт тутум сыяктуулар менен башкарууга жасалган эмес.
Мындан башка максатта колдонууга уруксат берилбейт (мисалы: бѳлмѳлѳрдү жылытууга).
Бул шайман, профессионалдык колдонууга эмес. Шайманды ачык абада колдонбоңуз.
Идиштердин жана мискейлердин түбү жана тамак жасоо аймагы бирдей же кичине чоңураак болуш керек (өзгөчө
таблицаны караңыз). Бышыруу туздүгүнүн кырына идиштердин учу чыкпашгы керек.
Эгер тор туура эмес колдонулса, ал панелдин бузулушуна алып келет: торчолорду өйдө жагынан ылдый каратып же аларды бышыруу түздүгүнүн арасында сүрбөңүз.
Конфоркадагы жалынды идиштин кырларына чыгарып күйгүзбөңүз. Төмөндөгүлөрдү колдонбоңуз : Чугун, чопо жана терракота казан-мискейлерин. Темир таяктар сыяктуу ысыкты өткөргөн нерселерди. Бир узун идиш үчүн эки идишти (мис. Балык идишин). Эгер конфоркадагы от жагылбай жатса, газдын деңгээлин азайтып, кайра күйгүзүп көрүңүз. Бышыруу аймагынын үстүнө соруп алуучу капкакты орнотуп жатканда, кеңири маалымат алууга анын колдонуу колдонмосун караңыз. Торчолордун астындагы коргоочу резина жаш балдардын ток урунуу коргунучун көрсөтөт. торчолорду алып салганда, бардык астына жайгаштырылган резиналардын туура келгенин текшериңиз.
ОРНОТУУ
Шайманды бир нече киши көтөрүп, орнотушу керек – жаракат алуу коркунучу бар. Таңгактан чыгарып, орнотуу үчүн коргоочу кол каптарды кийиңиз – колду кестирип алуу коркунучу бар.
Шайман электр кубатына жана газга жергиликтүү эрежелерге ылайык туташтырылышы керек.
Орнотуу, суу менен камсыздоону кошуу менен (эгер болсо), электрикалык туташууларды, жана оңдоолор, тажрыйбалуу техник тарабынан өткөрүлүшү керек. Колдонуучунун нускамаларында айтылбаса, шайманды оңдобоңуз же тетиктерин алмаштырбаңыз. Балдарды, орнотулган жерден алыс кармаңыз. Шайманды кутудан чыгаргандан кийин ага жолдо зыян келтирилбегенин текшериңиз. Кѳйгѳйлѳр болсо, сатуучуга же сизге жакын жайгашкан Сатып алгандан
5
кийинки тейлѳѳ кызматына кайрылыӊыз. Орнотулгандан кийин, таңгактоону жок кылуу (пластик, стирол пенопластынын бөлүктөрү, ж.б.) балдардан алыс кармалышы керек - муунуу коркунучу бар. Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин шайман электр тогунан ажыратылышы зарыл ­токкто урунуу коркунучу бар. Орнотуу иштеринин жүрүшүндѳ шайман электр кабелине зыян келтирилбегендигин ырастаңыз ­токко урунуу коркунучу бар. Шайман толугу менен орнотулгандан кийин гана аны иштетиңиз.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Шайманды модификациялоо жана анын орнотуу ыкмалары шайманды бардык кошумча өлкөлөрдө коопсуз жана туура колдонууга маанилүү.
Нускамаларда көрсөтүлгөн газ басымына жарактуу басымды жөнгө салуучу жабдууну колдонуңуз.
Бөлмөдө аба чыгаруучу тутум орнотулушу керек.
Ошондой эле бөлмө жакшы желдетилиши керек. Жок дегенде абанын айлануусу 2 m³/саатына ар бир орнотулган кВт кубаттулугуна болушу керек.
Абаны айлантуу системасы абаны эшиктен түтүктүн жардамы менен алып кириши мүмкүн. Түтүктүн ички кайчылаш бөлүмү жок дегенде 100 cm² болушу керек; ачылуусуна эч нерсе тоскоол болбошу керек.
Тутум башка бөлмөдөгү аба менен да алмаштырылып турушу мүмкүн.. Бирок ,бул бөлүмдөр жашоого арналган же уктоочу бөлмөлөр же өрт чыгуу мүмкүнчүлүгү бар бөлмөлөр болбошу керек.
Суюк мунай газ ылдый түшөт анткени ал абадан оорураак келет. Ошондуктан, суюк мунай газ баллондор бар бөлмөлөр вентиляциялык тешиктер менен жабдылыш керек. Ал газ чыгып кеткен учурда аны чыгарып салат. Ошондуктан, суюк мунай газ баллондор, жарым жартылай же толук болгондо, биринчи каттын астында орнотулбашы же сакталбашы керек (погребдер жана башка). Бөлмөдө колдоно турган гана баллонду кармоого сунушталат, аны сырткы ысыкты чыгарган нерселерден алыс кармаш керек (очоктор, мештер жана башкалар) алар баллондун температурасын 50°C өйдө көтөрүп салышы мүмкүн.
Эгер конфоркалардын баскычтарын буроодо кыйынчылык чыкса, Саткандан кийинки тейлөө кызматына кайрылып, конфорканын жапкычы сынык болсо, аны алмаштырыңыз. Вентиляцияга жана ысыкты таратууга арналган тешиктерди эч качан жаппаш керек.
Шайманды эмерекке орнотуудан мурда бардык бөлүктөгү кесүү иштерин аткарыңыз жана бардык жыгач кырындыларын менен жыгач таарындысын алып салыңыз.
Эгерде шайман мештин үстүндө орнотулган эмес болсо, бөлгүч панельди (камсыздалбаган) шаймандын астындагы бөлүгүндө орнотуш керек.
ГАЗ ТУТАШТЫРУУ
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Орнотууга чейин жергиликтүү таратуу шарттары (газдын касиети жана газдын басымы) жана шаймандын жөндөөлөрү шайкеш келерин текшериңиз.
Камсыздалган газдын басымы 1-таблицада (Конфорканын жана саптоонун техникалык дайындары) берилген сандары менен туура келерин текшериңиз.
6
Loading...
+ 14 hidden pages