KITCHENAID KCZWX 20600R User Manual [ky]

Колдонуу нускамалары
Шайманды колдонордун алдында 4
Чөйрөнү коргоо 4
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар 6
Башкы мүнөздөмөлөр 7
Башкы компоненттер 7
Электрондук көзөмөл 8
Башкы көзөмөл панели 8
Күйгүзүү жана өчүрүү 10
Түрдүү талаптарга ылайык температураны кантип ылайыктайт 11
Дисплейдеги маалымат жана жакшы иштебөө билдирүүлөрү 11
Өзүңүзгө ылайыктоо жана тил баптоолору 12
Менү аркылуу жандандырылган атайын функциялар 13
Менүнүн негизги баптоолору 15
Ички жайгашуулары (орун алуу, ылайыктоо, алып салуу) 18
Жарык кылуу 18
Көп температуралык бөлүмдү колдонуу 19
Шараптарды көпкө сактоо - Жалпы көрсөтмөлөр 19
Шараптарды көпкө сактоо - Шарап сактоо температурасы 20
Шараптарды көпкө сактоо - Сактоо убактысы 21
Шараптарды көпкө сактоо - Ичиле турган температурасы 21
Шараптарды көпкө сактоо - Бөтөлкөлөрдүн тургузулушу 22
Сергек тамакты көпкө сактоо үчүн сунуштар 23
Тоңдурулган тамакты көпкө сактоо үчүн сунуштар 23
Тамакты көпкө сактоо үчүн сунушталган убакыттар 24
Кам көрүү жана тазалоо 26
Желдетүү торун, чыпканы жана конденсаторду тазалоо 26
Бузуктарын таап оңдоо жетеги 27
Дисплейге чыккан жакшы иштебөө эскертүүлөрү 28
Сатуудан кийинки кызмат 29
Менү картасы - Функциялар 30
Шайманды колдонордун алдында
• Бул шайман үй чарба жана ошо сыяктуу максаттарда булар катарында колдонууга арналган:
- дүкөндөрдө, кеңселерде жана башка иш чөйрөлөрүндө кызматкерлер үчүн ашкана аймактары;
- мейманкана, мотелдер жана башка турак-жай тибиндеги чөйрөлөрдүн кардарлары жана айылдагы үйлөр;
- түнөп, эртең мененки тамак ичүүчү типтеги мейманканалар;
Шайманыңызды эң мыкты колдонууну камсыз кылуу үчүн өнүмдүн сүрөттөлүшүн жана пайдалуу кеңеш камтыган иштетүү нускамаларын кунт коюп окуңуз. Бул нускамаларды кийин караганга сактап коюңуз.
1. Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин анын эч кемтиги жок бекен жана эшиги жакшы
жабылат бекен деп текшериңиз. Кайсы болбосун кемтик шайман жеткирилгенден кийинки 24 сааттын ичинде дилерге баяндалышы керек.
2. Муздатуучу айлампа толук ишке жараарын кепилдөө үчүн шайманды күйгүзөрдө жок дегенде эки саат күтүңүз.
3. Орнотуу жана электр кубатына туташтыруу ишбилги техник тарабынан өндүрүүчүнүн нускамаларына жана күчүндөгү жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык аткарылышы керек.
4. Шайманды колдонордон мурда ичин тазалаңыз.
Чөйрөнү коргоо
1. Таңгактоо
Таңгактоо материалы 100% кайра иштеткенге жарайт жана кайра иштетүү символуна ээ . Таштандыга таштоо үчүн жергиликтүү эрежелерди аткарыңыз. Таңгактоо материалдарын (пластик баштыктарды, полистирен тетиктерин ж.у.с.) балдар жетпеген жерде кармаңыз, себеби алар коркунучтун булагы.
2. Темирге өткөрүү/Таштандыга таштоо
Шайман кайра иштетүүгө жарактуу материалдан жасалган. Жабдуу Таштанды Электр жана Электрондук Жабдуусу (WEEE) боюнча 2002/96/EC Европа Директивасына ылайык белгиленген. Бул шайманды таштандыга туура таштоону камсыздоо менен чөйрө жана кишилердин ден соолугу үчүн мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алууга жардам бере аласыз.
Шаймандагы же коштоочу документтердеги символу бул шайман үй-тиричилик таштандысы катары иштетилбей, электр жана электрондук жабдууну кайра иштетүү үчүн атайын чогултуу борборуна тапшырылышы керектигин билдирет. Бул шайманды темирге өткөрүп жатканда анын кубат кабелин кесип салып, эшиктерин жана текчелерин чыгаруу менен балдар ичине кирип, камалып калбагандай кылыңыз. Шайманды таштандыны таштоо боюнча жергиликтүү эрежелерге ылайык кабыл алуучу борборго алып барып темирге өткөрүңүз; ал балдар үчүн өзгөчө коркунуч булагы болгондуктан, бир нече күнгө да кароосуз калтырбаңыз. Бул өнүмдү иштетүү, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча мындан аркы маалымат үчүн жергиликтүү ишбилги кеңсеңизге, үй-тиричилик таштандыларын чогултуу кызматына же өзүңүз шайманды сатып алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Маалымат:
Бул шаймандын курамында ХФУ жок. Сууткуч айлампасында R134a (HFC) же R600a (HC) бар (шаймандын ичиндеги баа табагын караңыз). Изобутаны (R600a) бар шаймандар: Изобутан - чөйрөгө терс таасири жок табигый газ, бирок бат тутанат. Ошондуктан муздатуучу айлампа түтүктөрү зыян тартпаганын текшерип туруңуз. Бул өнүмдө Киото Протоколунда каралган Фторлуу Күнөскана Газдары болушу мүмкүн; суутуучу газ жылчыксыз чапталган системдин ичинде. Суутуучу газ: R134a-нын Глобалдык Жылуу Потенциалы (GWP) - 1300.
4
Чөйрөнү коргоо
Ылайык келүү декларациясы
• Бул шайман тамак сактоого арналган жана (CE) №1935/2004 Регламентине ылайык өндүрүлгөн.
• Бул шайман буларга ылайык долбоорлонгон, өндүрүлгөн жана базарга чыгарылган:
- 2006/95/CE “Төмөнкү Чыңалуу” Директивасынын коопсуздук максаттары (73/23/CEE жана анын кийинки өзгөртүүлөрүнүн ордуна);
- “EMC” 2004/108/EC Директивасынын коргоо талаптары.
Шаймандын электр коопсуздугун ал жактырылган жердетүү системине туура туташтырылган болсо гана кепилдесе болот.
5
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар
ОРНОТУУ
• Шайманды эки же андан көп киши урунуп, орнотушу керек.
• Шайманды жылдырганда жертаманды (мис., паркетти) бузуп албагандай болуңуз.
• Орнотуу учурунда шаймандын кубат кабели зыян тартпагандай болсун.
• Шайман жылуулук булагынын жанына орнотулбашы керек.
• Туура желдетүүнү кепилдеш үчүн шаймандын эки жагынан жана үстүнөн орун калтырып, орнотуу нускамаларын аткарыңыз
• Шаймандын желдетүү жылчыктарын бөгөбөңүз.
• Шаймандын муздатуучу айлампа түтүктөрүн бузуп албаңыз.
• Шайманды анын салмагына чыдагандай күчтүү жертамандын үстүнө жана анын өлчөмүнө жана колдонулушуна ылайыктуу жерге орнотуп, тегиздеңиз.
• Шайманды кургак жана жакшы желдетилген жерге орнотуңуз. Шайман температурасы баа табагында көрсөтүлгөн климаттык класска ылайык кийинки арымдардын ичинде болгон жайларда иштетүүгө арналган. Шайман көрсөтүлгөн арымдан тышкаркы температурада көп убакытка калып калса, туура иштебей калышы мүмкүн.
Климат классы Чөйрө T. (°C) Чөйрө T. (°F)
SN (Субнормал) 10 - 32 50 - 90
N (Нормал) 16 - 32 61 - 90
ST (Субтропик) 16 - 38 61 - 100
T (Тропик) 16 - 43 61 - 110
• Баа табагында көрсөтүлгөн чыңалуу үйүңүздөгү чыңалууга туура келиши керек.
• Жалгыз/көп адаптерлерди же узарткычтарды колдонбоңуз.
Сууга туташтырганга жаңы шайман менен
берилген түтүктү колдонуңуз; мурунку шаймандыкын кайра урунбаңыз.
• Кубат кабелин өзгөртүү же алмаштыруу ишбилги кызматкер же Сатуудан кийинки кызмат тарабынан гана аткарылышы керек.
• Мамлекеттик коопсуздук стандарттарына ылайык шайманды кубат жеткирүүдөн сууруу же ажырымга чейин орнотулган эки уюлдуу которгучтун жардамы менен өчүрүү мүмкүн болушу керек.
КООПСУЗДУК
• Бул шаймандын ичинде бат тутанма газ камтыган чачыратма калайлар сыяктуу жарылып кетиши мүмкүн болгон заттарды сактабаңыз.
• Бул же башка электр шаймандарына жакын жерде нефть, бат тутанма суюктуктарды же газ сактап же иштетпеңиз. Алардын жыты өрт чыгышына же жарылууга алып келиши мүмкүн.
• Эрүү процессин ылдамдатууга Өндүрүүчү сунуштагандан башка механикалык, электр же химиялык каражаттарды колдонбоңуз.
• Өндүрүүчү ачык уруксат берген типте болбосо, электр түзмөктөрүн шаймандын бөлүмдөрүнүн ичине салып же колдонбоңуз.
• Бул шайман физикалык, сенсордук же менталдык мүмкүнчүлүктөрү чектелген же тажрыйбасы же билими аз кишилер (анын ичинде балдар) тарабынан, алардын коопсуздугу үчүн жооптуу киши аларга шайманды колдону боюнча көзөмөл же нускама жасабаса, колдонууга арналган эмес.
• Балдар камалып калып, аба жетпей калышына жол бербеш үчүн аларга шайман менен ойноп же ичине жашынганга уруксат бербеңиз.
• Муз таңгактарынын ичиндегини (уулуу эмес) жутпаңыз (айрым моделдерде).
• Муз кертимдерин же соруучу момпосуйларды тоңдургучтан аларыңыз менен жебеңиз, мындан үшүккө алдыруу болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУ
• Кандай болбосун тейлөө же тазалоо ишин кылардан мурда шайманды кубат жеткирүүдөн сууруңуз, же башкача ажыратыңыз.
• Автоматтык түрдө муз жасагыч жана суу куйгуч менен жабдылган шаймандардын баары (тармактын суу басымы 0,17 - 0,81 МПа (1,7 ­8,1 бар) болгон) ичүүчү суу жеткирген суу жеткирүүгө гана туташтырылышы керек. Суу түтүгүнө түз туташпаган автоматтык түрдө муз жасагычтарга жана/же суу куйгучтарга ичүүчү сууну гана куюш керек.
• Муздаткыч бөлүмүн жаңы тамакты сактаганга, ал эми тоңдургуч бөлүмүн тоңдурулган тамакты кармаганга, жаңы тамакты тоңдурганга жана муз кертимдерин жасаганга гана колдонуңуз.
• Тоңдургуч бөлүмүнө ичинде суюктук бар айнек идиштерди койбоңуз, алар сынып калышы мүмкүн.
• Муздаткыч же тоңдургуч бөлүктөрүнүн ички беттерине тамакты оробой тийгизип койгонго жол бербеңиз.
Үстүңкү кеңеш жана сактык чаралары аткарылбаса, Өндүрүүчү кандай болбосун жоопкерчиликти четке кагат.
6
Башкы мүнөздөмөлөр
1
7
8
9
6
2
3
4
5
• Эксклюзив дизайн
• Үч катар муздатуу системи жана ички бөлүмдөрүн натыйжалуу бөлүү ар бир бөлүмдө оптималдуу сактоо шарттарын камсыз кылат
• Электрондук көзөмөл температура жана нымдуулук деңгээлдери дайыма колдонуучу тандаган деңгээлде кармаларын камсыздайт.
• Кош компрессор үч бөлүмдүн ар бири үчүн коюлган температураны жана нымдуулукту өз алдынча башкарууга мүмкүндүк берет Cantina, Шарап ору жана Көп температуралык
• Акыркы бөлүмдүн үч түрлүү функция моддору бар: тоңдургуч, муздаткыч жана Динамикалык 0° бөлүмү
• Эркин туруучу же ичине курулган орнотуу
Башкы компоненттер
Cantina
Шарап ору
• Интерактивдүү менү шаймандын функцияларын жекелештирилген башкарууга жана операцияга байланыштуу билдирүүлөрдү көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
• Майрамдарда/узакка колдонулбаганда керектөөнү оптималдаштыруу
• Сапаттуу алюминий жээктүү дат баспаган болоттон жасалган беттер
• Патенттелген илгич системи эшик автоматтык жабылышына жол берет
• Жумшак жабуу системи бар көп температуралык суурма
• LED системи бар бир жерди жарык кылуу
• Тамга бекиткенге кыпчуурлары бар оодарылууга каршы систем.
1 Менү менен Шарап ору
жана TriMode көзөмөл панелдери
2 Жылдырылма бөтөлкө
текчелери оңой чыгарылганга дөңгөлөктөргө куралган
3 Cantina аймагынын көзөмөл
панели
4 Шарап ору 5 Көп температуралык
суурма, тоңдургуч, муздаткыч же Динамикалык 0° бөлүмү болуп иштей алат
6 Температура дисплейи 7 Акустикалык сигналдар 8 Инновациялык жарык
кылуу
9 Эшик жана суурма
автоматтык түрдө жабылат
Көп температуралык
7
Электрондук көзөмөл
1
2
3
4
5
7
8
9
6
Инновациялык электрондук көзөмөл системи үч бөлүмдө туруктуу температура кармайт, көзөмөл панелинде температура дисплейи бар. Ал ошондой эле түрдүү функциялардын ыңгайлаштырылган баптоосу жана көрүнүүчү жана/же угулуучу айгайларды чыгаруу аркылуу колдонуучунун көзөмөл системи менен аракеттешүүсүнө жол берет.
Башкы көзөмөл панели
1
2
3
4
5
6
7
Түзмөк
Cantina
Менү
Өйдө/ылдый Шарап ору
Дисплей
Өйдө/Ылдый (TriMode)
Кирүү (Enter)
Шайманды толук өчүрүүгө жана жандырууга мүмкүндүк берет (үч секунд басыңыз).
Cantina бөлүмүн эле жалгыз өчүрүп же күйгүзүүгө мүмкүндүк берет (3 секунд басыңыз)
Шаймандын функциялар менүсүнө жетки берет.
Өйдө жана ылдый топчуларын колдонуп муздаткычтын коюлган температурасын өзгөртсө жана интерактивдүү мнү аркылуу түрсө болот.
Шарап орунун жана Көп температуралык бөлүмдөрдүн температурасын, күндү жана убакытты, Менү функцияларын жана көрсөтмө билдирүүлөрдү көрсөтөт.
Өйдө/Ылдыйды тандап, алдын ала коюлган температураны тандалган функция модуна (Тоңдургуч, муздаткыч Динамикалык 0°) ылайык өзгөртсө болот.
Менүдө жасалган тандоолордун жанданышын же өчүшүн ырастайт.
Автоматтык түрдө муз жасоону жандандырууга же өчүрүүгө мүмкүндүк берет.
Шарап ору жана Cantina бөлүмдөрүнүн эшик жабык турганда да жарыктандырылышына уруксат берет. Жандандырылган соң үстүңкү бөлүмдүн жарыгы 6 сааттан кийин автоматтык түрдө өчөт.
8
Айгай
Жарык
8
9
j
l
m
k
Башкы көзөмөл панели
10
11
12
13
Дисплей
Өйдө/ылдый Шарап ору
Шарап ору
Нымдуулук
Шарап ору бөлүмүнүн температурасын көрсөтөт..
Өйдө жана Ылдый ачкычтарын колдонуп, Cantina бөлүмү үчүн коюлган температураны өзгөртсө болот.
Шарап ору бөлүмүн эле жалгыз өчүрүп же күйгүзүүгө мүмкүндүк берет (үч секунд басыңыз).
Шарап ору бөлүмүнүн ичиндеги нымдуулукту ылайыктоого мүмкүндүк берет, 3 баптоодон тандаса болот: Бийик (HI), Орто (A), Төмөн (LO).
9
Күйгүзүү жана өчүрүү
Эң биринчи иштетүү
Шайман электр кубатын жеткирүүгө туташтырылып, бирок жандырыла электе дисплей билдирүү көрсөтөт
Бул - панелдеги ачкычтардын баары өчүп турганда шайманга кубат жеткирилгенин билдирген коопсуздук билдирүүсү. Шаймандын бөлүмдөрүнүн баарын күйгүзүү үчүн Түзмөктүн топчусун үч секунд басыңыз.
Шарап ору бөлүмүн өчүрүү
Шаймандын бөлүмдөрүнүн баарын күйгүзгөндөн кийин тиешелүү ачкычты үч секунд басып туруу менен Шарап ору бөлүмүн гана өчүрсөңүз болот. Көп температуралык бөлүм дайыма күйүп турат жана шайманды толугу менен өчүрбөсө гана аны өчүргөнгө болбойт.
Шарап ору бөлүмүн күйгүзүү кайра
Тиешелүү ачкычты кайра үч секунд басып туруңуз.
Толук өчүрүү
Түзмөктү тазалоо же тейлөө үчүн толугу менен өчүрүш үчүн Түзмөк ачкычын үч секунд басып туруңуз. Ошондой эле айрыны ажырымдан сууруп, ага кубат жеткирген көп уюлдуу которгучту өчүрүңүз.
Баптоолор кокусунан өзгөртүлүп кетпеси үчүн ачкычтоп белгилүү бир убакыттан кийин автоматтык түрдө кулпуланып, дисплейге “ачкычтоп кулпуда” деп жазылат. Аны кайра жандандыруу үчүн Менү жана Өйдө/ылдый (Ылдый) ачкычтарын үч секунд басыңыз. Алгач иш баштаганда “Күтүүдө” (Stand by) билдирүүсү чыкпаса, демек, шайман эчак суутуу процессин баштаган. Мындай болсо, Айгай топчусун , басып акустикалык сигналдардын баарын өчүрүп, эшикти жабыңыз да, коюлган температурага жеткенче күтүңүз. Эң биринчи иш баштап жатканда баштапкы температурага жетмейинче фабрика баптоолорун өзгөрткөнгө Менүнү колдоно албайсыз. Ошентсе да убакытты жана күндү дароо койсо болот; бул параметрлер атайын функциялардын айрымдарын жандандырууга талап кылынат. Cantina же Шарап ору бөлүмү гана өчүрүлгөн болсо, жагымсыз жыттар жана кебер пайда болбошу үчүн үйлөткүч өз алдынча иштей берет.
Узакка өчүрүү мезгил үзүмдөрү
Шайманды толугу менен өчүрүп, тармактан суурган соң ичиндегилердин баарын бошотуп, тазалап туруп кургатыңыз. Жагымсыз жыттар пайда болбошу үчүн эшиктерин жана суурмаларын кыңайтып ачып калтырыңыз.
10
Loading...
+ 22 hidden pages