Муз жана/же суу диспенсерин
(эгер болсо) тазалоо, санитардык иштетүү жана тейлөө5
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар6
Суу системине туташтыруу7
Башкы мүнөздөмөлөр7
Башкы компоненттер8
Электрондук көзөмөл9
Башкы көзөмөл панели9
Динамикалык 0° көзөмөл панели10
Күйгүзүү жана өчүрүү11
Түрдүү талаптар үчүн температураны кантип ылайыктайт12
Муз жасагычты жандандыруу12
Дисплейдеги маалымат жана жакшы иштебөө билдирүүлөрү12
Өзүңүзгө ылайыктоо жана тил баптоолору13
Менү аркылуу жандандырылган атайын функциялар14
Менүнүн негизги баптоолору18
Ички жайгашуулары (орун алуу, ылайыктоо, алып салуу)21
Муз жасагычты жандандыруу жана колдонуу22
Суу чыпкасы23
Жарык кылуу23
Жалпы көрсөтмөлөр24
Көп температуралык бөлүм24
Тамактын жакшы сапатын кантип сактаса болот25
Сергек тамакты көпкө сактоо үчүн сунуштар26
Тоңдурулган тамакты көпкө сактоо үчүн сунуштар27
Тамакты көпкө сактоо үчүн сунушталган убакыттар27
Кам көрүү жана тазалоо28
Желдетүү торун, чыпканы жана конденсаторду тазалоо29
Ичин тазалоо29
Бузуктарын таап оңдоо жетеги30
Дисплейге чыккан жакшы иштебөө билдирүүлөрү31
Сатуудан кийинки кызмат32
Менү картасы - Функциялар33
Менү картасы - Баптоо34
Шайманды колдонордун алдында
• Бул шайман үй чарба жана ошо сыяктуу максаттарда булар катарында колдонууга арналган:
- дүкөндөрдө, кеңселерде жана башка иш чөйрөлөрүндө кызматкерлер үчүн ашкана аймактары;
- мейманкана, мотелдер жана башка турак-жай тибиндеги чөйрөлөрдүн кардарлары жана
айылдагы үйлөр;
- түнөп, эртең мененки тамак ичүүчү типтеги мейманканалар;
Шайманыңызды эң мыкты колдонууну камсыз кылуу үчүн өнүмдүн сүрөттөлүшүн жана
пайдалуу кеңеш камтыган иштетүү нускамаларын кунт коюп окуңуз.
Бул нускамаларды кийин караганга сактап коюңуз.
1. Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин анын эч кемтиги жок бекен жана эшиги жакшы
жабылат бекен деп текшериңиз. Кайсы болбосун кемтик шайман жеткирилгенден кийинки 24
сааттын ичинде дилерге баяндалышы керек.
2. Муздатуучу айлампа толук ишке жараарын кепилдөө үчүн шайманды күйгүзөрдө жок дегенде
эки саат күтүңүз.
3. Орнотуу жана электр кубатына туташтыруу ишбилги техник тарабынан өндүрүүчүнүн
нускамаларына жана күчүндөгү жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык аткарылышы
керек.
4. Шайманды колдонордон мурда ичин тазалаңыз.
Чөйрөнү коргоо
1. Таңгактоо
Таңгактоо материалы 100% кайра иштеткенге жарайт жана кайра иштетүү символуна ээ .
Таштандыга таштоо үчүн жергиликтүү эрежелерди аткарыңыз. Таңгактоо материалдарын (пластик
баштыктарды, полистирен тетиктерин ж.у.с.) балдар жетпеген жерде кармаңыз, себеби алар
коркунучтун булагы.
2. Темирге өткөрүү/Таштандыга таштоо
Шайман кайра иштетүүгө жарактуу материалдан жасалган.
Жабдуу Таштанды Электр жана Электрондук Жабдуусу (WEEE) боюнча 2002/96/EC Европа
Директивасына ылайык белгиленген. Бул шайманды таштандыга туура таштоону камсыздоо менен
чөйрө жана кишилердин ден соолугу үчүн мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алууга жардам
бере аласыз.
Шаймандагы же коштоочу документтердеги символу бул шайман үй-тиричилик таштандысы
катары иштетилбей, электр жана электрондук жабдууну кайра иштетүү үчүн атайын чогултуу
борборуна тапшырылышы керектигин билдирет.
Бул шайманды темирге өткөрүп жатканда анын кубат кабелин кесип салып, эшиктерин жана
текчелерин чыгаруу менен балдар ичине кирип, камалып калбагандай кылыңыз.
Шайманды таштандыны таштоо боюнча жергиликтүү эрежелерге ылайык кабыл алуучу борборго
алып барып темирге өткөрүңүз; ал балдар үчүн өзгөчө коркунуч булагы болгондуктан, бир нече
күнгө да кароосуз калтырбаңыз.
Бул өнүмдү иштетүү, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча мындан аркы маалымат үчүн
жергиликтүү ишбилги кеңсеңизге, үй-тиричилик таштандыларын чогултуу кызматына же өзүңүз
шайманды сатып алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Маалымат:
Бул шаймандын курамында ХФУ жок. Сууткуч айлампасында R134a (HFC) же R600a (HC) бар
(шаймандын ичиндеги баа табагын караңыз).
Изобутаны (R600a) бар шаймандар: Изобутан - чөйрөгө терс таасири жок табигый газ, бирок бат
тутанат. Ошондуктан муздатуучу айлампа түтүктөрү зыян тартпаганын текшерип туруңуз.
Бул өнүмдө Киото Протоколунда каралган Фторлуу Күнөскана Газдары болушу мүмкүн; суутуучу
газ жылчыксыз чапталган системдин ичинде.
Суутуучу газ: R134a-нын Глобалдык Жылуу Потенциалы (GWP) - 1300.
4
Чөйрөнү коргоо
Ылайык келүү декларациясы
• Бул шайман тамак сактоого арналган жана (CE) №1935/2004 Регламентине ылайык өндүрүлгөн.
• Бул шайман буларга ылайык долбоорлонгон, өндүрүлгөн жана базарга чыгарылган:
- 2006/95/CE “Төмөнкү Чыңалуу” Директивасынын коопсуздук максаттары (73/23/CEE жана анын
кийинки өзгөртүүлөрүнүн ордуна);
- “EMC” 2004/108/EC Директивасынын коргоо талаптары.
Шаймандын электр коопсуздугун ал жактырылган жердетүү системине туура туташтырылган болсо
гана кепилдесе болот.
Муз жана/же суу диспенсерин (эгер болсо) тазалоо, санитардык
иштетүү жана тейлөө
Санитардык иштетүү боюнча нускамаларды аткарбоо куюлган суунун гигиеналык коопсуздугуна
залал келтириши мүмкүн.
• Шайманды биринчи жолу уруна баштаганда жана чыпканы алмаштырган сайын биринчи 6-7
мүнөт куйууга барабар (сөзсүз эле удаа эмес, бирок биринчи ичерден мурда) 9-14 литр сууну жана
алгачкы 24 саатта жасалган музду жараксыз кылыңыз.
• Суу диспенсери 4/5 күндөн ашык колдонулбай турган болсо, айлампаны тазалап, алгачкы бир
литр сууну агызып салууга кеңеш берилет.
• Колуңузду гигиеналык таза кылып туруп чыгарылма суу диспенсерин (эгер болсо) жылдырыңыз.
• Муз чакасын же суурмасын ичүүчү суу гана колдонуп такай тазалап туруңуз.
• Көзөмөл панелинде көрсөтүлсө же муз/суу диспенсери 30 күндөн ашык колдонулбаса, чыпканы
алмаштырыш керек.
• Чыпканы алмаштырган сайын муз жана/же суу таратуу системин материалдардын
мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөгөн, тамакка ылайыктуу дезинфектор (натрий гипохлорити бар) менен
иштетиңиз же Сатуудан кийинки кызматтан алса болгон “Санитардык курамды” колдонуңуз.
Колдонордон мурун кеминде 2 литр суу менен чайкаңыз.
• Муз жана суу диспенсериндеги компоненттерди алмаштырганда өндүрүүчү тапшырган түпнуска
тетиктерди гана колдонуу керек.
• Шаймандагы кайсы болбосун иш ишбилги техник же Сатуудан кийинки кызмат тарабынан
аткарылышы керек.
5
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар
ОРНОТУУ
• Шайманды эки же андан көп киши урунуп,
орнотушу керек.
• Шайманды анын салмагына чыдагандай күчтүү
жертамандын үстүнө жана анын өлчөмүнө жана
колдонулушуна ылайыктуу жерге орнотуп,
тегиздеңиз.
• Шайманды кургак жана жакшы желдетилген
жерге орнотуңуз. Шайман температурасы баа
табагында көрсөтүлгөн климаттык класска
ылайык кийинки арымдардын ичинде болгон
жайларда иштетүүгө арналган. Шайман
көрсөтүлгөн арымдан тышкаркы температурада
көп убакытка калып калса, туура иштебей
калышы мүмкүн.
Климат классы Чөйрө T. (°C) Чөйрө T. (°F)
SN (Субнормал)10 - 3250 - 90
N (Нормал)16 - 3261 - 90
ST (Субтропик)16 - 3861 - 100
T (Тропик)16 - 4361 - 110
• Баа табагында көрсөтүлгөн чыңалуу үйүңүздөгү
чыңалууга туура келиши керек.
• Жалгыз/көп адаптерлерди же узарткычтарды
колдонбоңуз.
Сууга туташтырганга жаңы шайман менен
берилген түтүктү колдонуңуз; мурунку
шаймандыкын кайра урунбаңыз.
• Кубат кабелин өзгөртүү же алмаштыруу
ишбилги кызматкер же Сатуудан кийинки
кызмат тарабынан гана аткарылышы керек.
• Мамлекеттик коопсуздук стандарттарына
ылайык шайманды кубат жеткирүүдөн сууруу
же ажырымга чейин орнотулган эки уюлдуу
которгучтун жардамы менен өчүрүү мүмкүн
болушу керек.
КООПСУЗДУК
• Бул шаймандын ичинде бат тутанма газ
камтыган чачыратма калайлар сыяктуу жарылып
кетиши мүмкүн болгон заттарды сактабаңыз.
• Бул же башка электр шаймандарына жакын
жерде нефть, бат тутанма суюктуктарды же газ
сактап же иштетпеңиз.
Алардын жыты өрт чыгышына же жарылууга
алып келиши мүмкүн.
• Эрүү процессин ылдамдатууга Өндүрүүчү
сунуштагандан башка механикалык, электр же
химиялык каражаттарды колдонбоңуз.
• Өндүрүүчү ачык уруксат берген типте болбосо,
электр түзмөктөрүн шаймандын бөлүмдөрүнүн
ичине салып же колдонбоңуз.
• Бул шайман физикалык, сенсордук же
менталдык мүмкүнчүлүктөрү чектелген же
тажрыйбасы же билими аз кишилер (анын
ичинде балдар) тарабынан, алардын коопсуздугу
үчүн жооптуу киши аларга шайманды колдону
боюнча көзөмөл же нускама жасабаса,
колдонууга арналган эмес.
• Балдар камалып калып, аба жетпей калышына
жол бербеш үчүн аларга шайман менен ойноп
же ичине жашынганга уруксат бербеңиз.
• Муз таңгактарынын ичиндегини (уулуу эмес)
жутпаңыз (айрым моделдерде).
• Муз кертимдерин же соруучу момпосуйларды
тоңдургучтан аларыңыз менен жебеңиз, мындан
үшүккө алдыруу болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУ
• Кандай болбосун тейлөө же тазалоо ишин
кылардан мурда шайманды кубат жеткирүүдөн
сууруңуз, же башкача ажыратыңыз.
• Автоматтык түрдө муз жасагыч жана суу куйгуч
менен жабдылган шаймандардын баары
(тармактын суу басымы 0,17 - 0,81 МПа (1,7 8,1 бар) болгон) ичүүчү суу жеткирген суу
жеткирүүгө гана туташтырылышы керек. Суу
түтүгүнө түз туташпаган автоматтык түрдө муз
жасагычтарга жана/же суу куйгучтарга ичүүчү
сууну гана куюш керек.
• Муздаткыч бөлүмүн жаңы тамакты сактаганга,
ал эми тоңдургуч бөлүмүн тоңдурулган тамакты
кармаганга, жаңы тамакты тоңдурганга жана
муз кертимдерин жасаганга гана колдонуңуз.
• Тоңдургуч бөлүмүнө ичинде суюктук бар айнек
идиштерди койбоңуз, алар сынып калышы
мүмкүн.
• Муздаткыч же тоңдургуч бөлүктөрүнүн ички
беттерине тамакты оробой тийгизип койгонго
жол бербеңиз.
Үстүңкү кеңеш жана сактык чаралары
аткарылбаса, Өндүрүүчү кандай болбосун
жоопкерчиликти четке кагат.
6
Суу системине туташтыруу
Шайманга ичүүчү гана суу берилиши керек.
Орнотуу шайман менен берилген атайын
орнотуу жетегиндеги көрсөтмөлөрдүн
баарын аткаруу менен туура жасалсын.
Башкы мүнөздөмөлөр
Муз жасагыч менен берилген моделдер үйдөгү
суу жеткирүү системине туташууну талап
кылат. Муну 3/4” сайлуу берилген суу шлангы
аркылуу ишке ашырса болот.
Системдин басымы 0,05 МПа - 0,5 МПа (0,5 бар
- 5 бар) ортосунда болушу керек.
Түрдүү басымдар суу системинде жакшы
иштебөө же агып кетүүлөргө алып келиши
мүмкүн.
Шайманга ичүүчү гана суу берилиши керек.
• Үч эсе муздатуу системи жана ички
бөлүмдөрүн жемиштүү ажыратуу ар бир
бөлүмдө: муздаткыч, Динамикалык 0° жана
тоңдургучта максималдуу сергектикти камсыз
кылып, тамак үчүн оптималдуу сактоо
шартарын сунуш кылат.
• Демейде тоңдургуч катары колдонулган
бөлүмдү муздаткыч бөлүмү же ал эмес
Динамикалык 0° бөлүмү катары иштетип,
шаймандын колдонууга ийкемдүүлүгүн
арттырса болот.
• Динамикалык 0° бөлүмүнүн төмөнкү
температура жана нымдуулукка көзөмөлгө ээ
жана сергек тамакты оптималдуу, коопсуз
сактоого мүмкүндүк берет
• Электрондук көзөмөл температура жана
нымдуулук деңгээлдери дайыма колдонуучу
тандаган деңгээлде кармаларын камсыздайт.
• Интерактивдүү менү шаймандын
функцияларын жекелештирилген башкарууга
жана операцияга байланыштуу
билдирүүлөрдү көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
• Динамикалык 0° бөлүмүндөгү автоматтык
жумшак жабуу системи бар кенен суурмалар
• Каалаган өлчөмдөгү муз кертимдерин
автоматтык түрдө жасаоо үчүн Муз жасагыч
(тандалган моделдер гана)
• Алмаштырганга оңой суу чыпкасы
муздаткычтын ичинде (тандалган моделдер
гана)
• Сапаттуу алюминий жээктүү дат баспаган
болоттон жасалган беттер
• Эшик автоматтык жабылышы үчүн
патенттелген илгич системи
• Жумшак жабуу системи бар чоң тышкы
суурмалар
• Кош LED системи бар бир жерди жарык
кылуу
• Тамга бекиткенге кыпчуурлары бар
оодарылууга каршы систем.
7
Башкы компоненттер
МуздаткычДинамикалык 0°
Көп температуралык
1 Менү менен көзөмөл панели
2 Суу чыпкасы (*)
3 Ылайыкталма текчелер
4 Динамикалык 0° көзөмөл
панели
5 Нымдуулукка көзөмөлү бар
динамикалык 0° бөлүмү (*)
6 Температурага көзөмөлү бар
төмөн темп. суурмалар (*)
7 Автоматтык түрдө муз
жасагыч (*)
8 Температура дисплейи
9 Акустикалык айгайлар
10 Чоң эшик табактары
11 Инновациялык жарык кылуу
12 Өзү жабылуучу эшиктер
жана суурмалар
13 Муздаткыч бөлүмү жана
Динамикалык 0° бөлүмү
катары колдонсо болгон
тоңдургуч бөлүмү (Көп
температуралык функция)
(*) тандалган моделдер гана
Муздаткыч
Төмөн темп.
Көп температуралык
8
Электрондук көзөмөл
Инновациялык электрондук көзөмөл системи үч бөлүмдө туруктуу температураны кармайт жана
аны көзөмөл панелинде көрсөтөт; буга кошумча, ал колдонуучунун көзөмөл системи менен түрдүү
функциялардын өзүнчө бапталышы, шайман жакшы иштебей калганда угулуучу жана/же көрүнүүчү
айгайлар аркылуу аракеттешишине мүмкүндүк берет.
Негизги компоненттер
1Түзмөк
2Муздаткыч
3Менү
4
5Дисплей
6
7Кирүү (Enter)
Өйдө/ылдый
Муздаткыч
Өйдө/Ылдый
(Көп температуралык)
Шайманды толук күйгүзүп-өчүрүүгө мүмкүндүк
берет (үч секунд басыңыз).
Муздаткыч бөлүмүн гана күйгүзүп-өчүрүүгө
мүмкүндүк берет (үч секунд басыңыз).
Шаймандын функция менүсүнө жетки берет.
Өйдө жана ылдый топчуларын колдонуп
муздаткычтын коюлган температурасын өзгөртсө
жана интерактивдүү мнү аркылуу түрсө болот.
Ал муздаткыч жана тоңдургучтун
температурасын, күндү жана убакытты, Менү
функцияларын жана көрсөтмө билдирүүлөрдү
көрсөтөт.
Өйдө/Ылдыйды тандап, алдын ала коюлган
температураны тандалган функция модуна
(Тоңдургуч, муздаткыч Динамикалык 0°) ылайык
өзгөртсө болот.
Менүдө жасалган тандоолордун жанданышын же
өчүшүн ырастайт.
8Муз жасагыч
9Айгай
Автоматтык түрдө муз жасоону жандандырууга
же өчүрүүгө мүмкүндүк берет.
Мүмкүн болгон жакшы иштебөөдөн белги берүү
үчүн күйүп-өчөт, үн сигналы менен да айкашат,
аны топчуну басып өчүрсө болот.
9
Динамикалык 0° көзөмөл панели
10Дисплей
11Өйдө/Ылдый
12Динамикалык 0°
Динамикалык 0° бөлүмүнүн температурасын
көрсөтөт.
Өйдө жана Ылдый топчуларын колдонуп,
Динамикалык 0° бөлүмү үчүн коюлган
температураны өзгөртсө болот.
Динамикалык 0° бөлүмүн гана күйгүзүпөчүрүүгө мүмкүндүк берет (үч секунд басыңыз).
10
Күйгүзүү жана өчүрүү
Эң биринчи иштетүү
Шайман электр кубатын жеткирүүгө
туташтырылып, бирок жандырыла электе
дисплей билдирүү көрсөтөт
Бул шайман негизги тармакка туташкан жана
панелдин топчуларынын баары өчүктүгүн
эскерткен коопсуздук билдирүүсү.
Шаймандын бөлүмдөрүнүн баарын күйгүзүү
үчүн Түзмөктүн топчусун үч секунд
басыңыз.
Шайман биринчи жолу күйгүзүлгөндө, Көп
температуралык бөлүм “Тоңдургуч” модуна
коюлат.
Муздаткыч жана
Динамикалык 0° бөлүмдөрүн өчүрүү
Күйгүзгөндөн кийин ал дайыма күйүп турат
жана
аны толук шайманды өчүрүү аркылуу өчүрсө
болот.
Түзмөктү үч секунд басып туруңуз.
Өчүрүп-күйгүзүү
Өчүрүп-күйгүзгөнгө ошол эле топчуларды
колдонуңуз.
Тоңдургуч бөлүмү дайыма күйүп турат жана
Түзмөк топчусун үч секунд басып туруп
шайманды толук өчүрмөйүнчө аны өчүргөнгө
болбойт.
Алгач иш баштаганда “Күтүүдө” (Stand by)
билдирүүсү чыкпай, башка билдирүү чыгып
жатса, демек, шайман суутуу процессин
баштаган. Мындай болсо, Айгай топчусун
, басып акустикалык сигналдардын
баарын өчүрүп, эшикти жабыңыз да,
коюлган температурага жеткенче күтүңүз.
Эң биринчи иш баштап жатканда фабрика
баптоолорун өзгөрткөнгө Менүнү колдонуу
алдын ала коюлган температурага
жетмейинче мүмкүн болбойт.
Шайман күйгүзүлгөн сайын, ал толук иш
баштардан мурда үч мүнөткө созулган өзүнөзү диагноздоо процедурасын өткөрөт.
Муздаткыч бөлүмү же Динамикалык 0°
бөлүм эле өчүк болсо, жагымсыз жыттар
пайда болбошу жана көгөрүп кетпеши үчүн
атайын үйлөткүч иштей берет.
Шайманды узак убакытка өчүргөнү
жатсаңыз, жагымсыз жыттар пайда болбошу
жана көгөрүп кетпеши үчүн ичиндегилердин
баарын чыгарып, эшик-суурмаларын ачык
калтырыңыз.
Узак убакыттарга өчүрүү
Көпкө жок болгон учурларда муздаткычты
өчүрүп койуу сунушталат, ан үчүн Түзмөк
топчусун үч секунд басып туруп,
электр айрысын же ажырымды көзөмөлдөгөн
бир уюлдуу которгучту ажыратыңыз.
Муздаткычты толук бошотуп, тазалап, кургатып
туруп, жагымсыз жыттар пайда болбошу үчүн
эшик-суурмаларын чала ачык калтырыңыз.
11
Loading...
+ 25 hidden pages
You need points to download manuals.
1 point = 1 manual.
You can buy points or you can get point for every manual you upload.