KITCHENAID KCBSX 60600 User Manual [ky]

Page 1
Колдонуу нускамалары
Page 2
Page 3
Маанилүү коопсуздук нускамалары 4
Чөйрөнү коргоо 5
Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер 6
Шайманды колдонордун алдында 6
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар 6
Алгы сөз 7
Колдонуу 7
Көзөмөл панели 10
Иштетүү 11
Орнотуу эрежелери 16
Орнотуу 18
Айгайлар жана бузулуулар жадыбалы 20
Техникалык спецификациялар 21
Page 4
Маанилүү коопсуздук нускамалары Түпнуска нускамалар - англис тилиндегилер.
Башка тилдердеги башка нускамалардын баары түпнуска версиясынан которулган.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ:
туруксуздуктун айынан кырсык чыкпашы үчүн шайманды жайгаштыруу же бекитүү өндүрүүчүнүн нускамаларына ылайык жасалышы керек.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ:
шаймандын желдетүү тешиктерине эч нерсе такалбагандай кармаңыз.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ:
шаймандын муздатуучу айлампа түтүктөрүн бузуп албаңыз.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ:
Эрүү процессин ылдамдатууга Өндүрүүчү сунуштагандан башка механикалык, электр же химиялык каражаттарды колдонбоңуз.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ:
Өндүрүүчү ачык уруксат берген типте болбосо, электр түзмөктөрүн шаймандын бөлүмдөрүнүн ичине салып же колдонбоңуз.
Маалымат: Бул шаймандын курамында ХФУ жок. Сууткуч айлампасында R404a бар (шаймандын ичиндеги баа табагын караңыз).
• Бул өнүмдө Киото Протоколунда каралган Фторлуу Күнөскана Газдары болушу мүмкүн; суутуучу газ герметикалык чапталган системдин ичинде. Суутуучу газ: R404a-нын Глобалдык Жылуу Потенциалы (GWP) - 3210.
• C-Пентан оолактандыруу көбүгүн көбүртүүчү агент катары колдонулган жана ал бат тутанма газ болуп эсептелет. Таштандыга
таштоо операциялары учурунда өзгөчө көңүл буруңуз.
• Бул шайман үй чарба жана ошо сыяктуу максаттарда булар катарында колдонууга арналган:
- дүкөндөрдө, кеңселерде жана башка иш чөйрөлөрүндө кызматкерлер үчүн ашкана аймактары;
- мейманкана, мотелдер жана башка турак-жай тибиндеги чөйрөлөрдүн кардарлары жана айылдагы үйлөр;
- түнөп, эртең мененки тамак ичүүчү типтеги мейманканалар;
- тамак алып барып берүү жана ошо сыяктуу чекене соода үчүн эмес колдонуулар
• Бул шаймандын ичинде бат тутанма газ камтыган чачыратма калайлар сыяктуу жарылып кетиши мүмкүн болгон заттарды сактабаңыз.
• Бул шайманды 8 жаштагы жана андан улуу балдар, ошондой эле дене-боюндагы, сенсордук же менталдык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кишилер же тажрыйбасы же билими жетишпегендер шайманды коопсуз колдонуу тууралуу көзөмөл же үйрөтүү менен жана анын коркунучтарын билгенде урунса болот. Балдар көзөмөлсүз аны тазалап же тейлебеши керек.
• Балдар камалып калып, аба жетпей калышына жол бербеш үчүн аларга шайман менен ойноп же ичине жашынганга уруксат бербеңиз.
• Мамлекеттик коопсуздук стандарттарына ылайык ажырым
4
Page 5
жеткиликтүү болсо шайманды кубат жеткирүүдөн сууруу же ажырымга чейин орнотулган көп уюлдуу которгучтун жардамы менен кубатты өчүрүү мүмкүн болушу керек.
• Шайманды жердетүү ажырымына сайыңыз: шайман бекитилген жердетүү системине туура туташтырылган болушу керек.
• Жалгыз/көп адаптерлерди же узарткычтарды колдонбоңуз.
• Орнотуу учурунда шаймандын кубат кабели зыян тартпагандай болсун.
• Шаймандын кубат кабелин тартпаңыз
Чөйрөнү коргоо
• Шайманды эки же андан көп киши урунуп, орнотушу керек.
• Орнотуу жана тейлөө, анын ичинде кубат жеткирүү шнурун алмаштыруу, өндүрүүчү же ишбилги техник тарабынан, өндүрүүчүнүн нускамаларына жана күчүндөгү жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык аткарылышы керек. Кырсык болбошу үчүн шаймандын бир да бөлүгүн, анын ичинде кубат жеткирүү шнурун да, колдонуучу жетегинде башкача айтылбаса, оңдобоңуз.
1. Таңгактоо
Таңгактоо материалы 100% кайра иштеткенге жарайт жана кайра иштетүү символуна ээ . Таштандыга таштоо үчүн жергиликтүү эрежелерди аткарыңыз. Таңгактоо материалдарын (пластик баштыктарды, полистирен тетиктерин ж.у.с.) балдар жетпеген жерде кармаңыз, себеби алар коркунучтун булагы.
2. Темирге өткөрүү/Таштандыга таштоо
Шайман кайра иштетүүгө жарактуу материалдан жасалган. Жабдуу Таштанды Электр жана Электрондук Жабдуусу (WEEE) боюнча 2002/96/EC Европа Директивасына ылайык белгиленген. Бул шайманды таштандыга туура таштоону камсыздоо менен чөйрө жана кишилердин ден соолугу үчүн мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алууга жардам бере аласыз. Шаймандагы же коштоочу документтердеги символу бул шайман үй-тиричилик таштандысы катары иштетилбей, электр жана электрондук жабдууну кайра иштетүү үчүн атайын чогултуу борборуна тапшырылышы керектигин билдирет. Бул шайманды темирге өткөрүп жатканда анын кубат кабелин кесип салып, эшиктерин жана текчелерин чыгаруу менен балдар ичине кирип, камалып калбагандай кылыңыз. Шайманды таштандыны таштоо боюнча жергиликтүү эрежелерге ылайык кабыл алуучу
борборго алып барып темирге өткөрүңүз; ал балдар үчүн өзгөчө коркунуч булагы болгондуктан, бир нече күнгө да кароосуз калтырбаңыз. Бул өнүмдү иштетүү, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча мындан аркы маалымат үчүн жергиликтүү ишбилги кеңсеңизге, үй­тиричилик таштандыларын чогултуу кызматына же өзүңүз шайманды сатып алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Ылайык келүү декларациясы
• Бул шайман тамак сактоого арналган жана
(CE) №1935/2004 Регламентине ылайык өндүрүлгөн.
• Бул шайман буларга ылайык долбоорлонгон,
өндүрүлгөн жана базарга чыгарылган:
- 2006/95/CE “Төмөнкү Чыңалуу” Директивасынын коопсуздук максаттары (73/23/CEE жана анын кийинки өзгөртүүлөрүнүн ордуна); ошондой эле ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИНИН ЖАНА КЕҢЕШИНИН 2006-жылдын 17-майындагы 2006/42/EC “машиналар” ДИРЕКТИВАСЫНЫН коопсуздук принциптери менен бириктирилген
- “EMC” 2004/108/EC Директивасынын коргоо талаптары.
• Шайманга 70 дБ(А) ашпаган үн чыгаруу мүнөздүү
5
Page 6
Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер
Шайманды кургак, жакшы желдетилген бөлмөгө жылуулук булагынан (мис., радиатор, меш ж.у.с.) алыс жана күн түз тийбеген жерге орнотуңуз. Зарыл болсо, оолактандыруу табагын урунуңуз.
Шайманды колдонордун алдында
• Туура желдетүүнү камсыз кылуу үчүн орнотуу нускамаларын аткарыңыз.
Шайманыңызды эң мыкты колдонууну камсыз кылуу үчүн өнүмдүн сүрөттөлүшүн жана пайдалуу кеңеш камтыган иштетүү нускамаларын кунт коюп окуңуз. Бул нускамаларды кийин караганга сактап коюңуз.
1. Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин
анын эч кемтиги жок бекен жана эшиги жакшы жабылат бекен деп текшериңиз. Кайсы болбосун кемтик шайман жеткирилгенден кийинки 24 сааттын ичинде дилерге баяндалышы керек.
2. Муздатуучу айлампа толук ишке жараарын
кепилдөө үчүн шайманды күйгүзөрдө жок дегенде эки саат күтүңүз.
3. Шайманды колдонордон мурда ичин
тазалаңыз.
4. Бул өнүм - тамак сактагыч эмес, “бороондуу
сууткуч” болгондуктан, тамак сактагыч катары колдонууга жарабайт. Тандалган програм аяктаганда, тамакты алып, муздаткычка же тоңдургучка салыш керек.
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар
ОРНОТУУ
• Шайманды жылдырганда жертаманды (мис., паркетти) бузуп албагандай болуңуз.
• Шайманды анын салмагына чыдагандай күчтүү жертамандын үстүнө жана анын өлчөмүнө жана колдонулушуна ылайыктуу жерге орнотуп, тегиздеңиз.
• Шайман температурасы баа табагында көрсөтүлгөн климаттык класска ылайык кийинки арымдардын ичинде болгон жайларда иштетүүгө арналган. Шайман көрсөтүлгөн арымдан тышкаркы температурада көп убакытка калып калса, туура иштебей калышы мүмкүн.
Климат
классы
3 25 60 4 30 55 5 40 40
• Баа табагында көрсөтүлгөн чыңалуу үйүңүздөгү чыңалууга туура келиши керек.
КООПСУЗ КОЛДОНУУ
• Бул же башка электр шаймандарына жакын жерде нефть, бат тутанма суюктуктарды же газ
Чөйрө
температурасы (°C)
Салыштырма
нымдуулук (%)
сактап же иштетпеңиз. Алардын жыты өрт чыгышына же жарылууга алып келиши мүмкүн.
• Муз бүртүктөрүн же соруучу момпосуйларды тоңдургучтан аларыңыз менен жебеңиз, мындан үшүккө алдыруу болушу мүмкүн.
• Кандай болбосун тейлөө же тазалоо ишин кылардан мурда шайманды кубат жеткирүүдөн сууруңуз же башкача ажыратыңыз.
• Тоңдургуч бөлүмүнө ичинде суюктук бар айнек идиштерди койбоңуз, алар сынып калышы мүмкүн.
• Тоңдургуч бөлүгүнүн ички беттерине тамакты оробой тийгизип койгонго жол бербеңиз.
• Тамакты алып чыгып жатканда же процесстин ортосунда эшигин ачышыңыз керек болсо, ички беттерине же тоңдурулган тамаккка колуңузду түз тийгизбеңиз, себеби мындан үшүк алып кетиши мүмкүн.
Айтылган кеңеш жана сактык чаралары аткарылбаган учурда кишилерге, жаныбарларга же мүлккө зыян келтирилсе, Өндүрүүчү кандай болбсоун жоопкерчиликти четке кагат.
6
Page 7
Алгы сөз
Бороондуу сууткуч - тамакты бороондуу суутуу, суусундуктарды бат тоңдуруу жана бат суутууга арналган, кесипкөй сектордон башат алган шайман. Бышырылгандан кийин бороондуу сууткуч менен бат суутулган өнүмдөр башындагы бийик сапатын 5/7 күнгө чейин сактайт, ал эми бат тоңдурулган тамак эритилгенде начарлабайт, консистенция жана башындагы даам-татыгын сактап калат.
Колдонуу
КОЛДОНУУЧУ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ Маанилүү! Бороондуу сууткучтун ылдыйкы
аба соргучун бөгөбөңүз; шайман ашыкча ысып кетип, зыянга учурашы мүмкүн.
БОРООНДУУ СУУТКУЧТУ КОЛДОНОРДОН МУРДА
Бороондуу сууткучту болушунча жакшы пайдаланууга айрым идеяларды ылдый жакта бердик.
камераны алдын ала тазалоо
Шайманды кайра жүргүзөрдөн мурда ички жана тышкы беттеринен коргоочу тасманы сыйрыңыз. камеранын ичин жумшак чүпүрөк жана назик детергент менен акырын тазалаңыз. Дат баспаган болот беттерди ордуна келгис кылып зыянга учуратышы мүмкүн болгон спонж, кыргыч же чийгич, кычкылдуу же агрессивдүү заттарды колдонбоо сунушталат (1­сүр.). Тазалаган соң, ички камеранын түбүндөгү агызгычты тыгын менен жаап туруп жакшылап чайкаңыз. Сууну спонжго сиңирип алыңыз.
Торду “өзөк казыгынын” колдоосу менен орунга койуу
“Өзөк казыгынын” колдоосу бар торду казыкты колдонуп туруп артка койгондо ал туура абалда калгандай кылып камеранын ортосуна коюш керек. (2-сүр.)
1-сүр.
2-сүр.
7
Page 8
МҮМКҮН БОЛГОН ИШТЕТҮҮ МОДДОРУ ТУУРАЛУУ ЭСКЕРТМЕЛЕР
“Өзөк казыгы” менен иштөө
Өзөк казыгы - бул тапшыруунун ичиндеги тордун үстүнө жайгаштырылып, бат суутканы же
ООБА!
тоңдурганы жаткан өнүмдөрдүн борборундагы температураны аныктоо үчүн кызмат кылган түзмөк. Сенсор өнүмдүн ортосундагы температура + 3°C (бат бороондотуу) же -18°C (бат тоңдуруу) болгонун аныктаганда, бороондуу сууткуч сактоо модуна өтөт. Колдонуу үчүн казык цикл башталарда суутула/тоңдурула турган тамакка сайылышы керек.
Маанилүү! Өзөк казыгы чыгып кетпегендей болуп өнүмдүн ичине терең киргизилиши керек
ЖОК! ЖОК!
3-сүр.
(3-сүр.) жана учу карап турган жактан абайлаңыз. Бороондуу суутуу/бат тоңдуруу циклинин аягында аны жумшак чүпүрөк жана жылуу суу менен тазалап туруп, колдоого коюңуз.
Маанилүү! Түрдүү өлчөмдөрдөгү өнүмдөр болсо, казыкты чоңураагына киргизиңиз.
Иштетүү
Бороондуу суутуу жана бат тоңдуруу циклдерин же “убакыт”, же “өзөк казыгы” модунда коюш керек жана электрондук такта аларды автоматтык түрдө башкарат. “Өзөк казыгы” тамактын ичине коюлса, циклдин башында бороондуу сууткуч “өзөк казыгы” модуна кирет. “Өзөк казыгы” киргизилген болбосо, бороондуу сууткуч “убакыт” модуна кирет.
ШАЙМАНДЫ КОЛДОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ
“Катуу” Бороон суутуусу
Бул цикл тамактын температурасын эң көп дегенде 90 мүнөт убакыт ичинде + 3°C-ге чейин төмөндөтөт. Бороондуу суутуу циклин “убакыт” же “өзөк казыгы” модунда ишке ашырылышы мүмкүн, которуу автоматтык болот. Бороондуу суутуу циклинин аягында түзмөк камеранын ичинде абанын +3°C жана +4°C ортосундагы температурасын кармап, сактоо модуна өтөт.
“Жумшак” Бороон суутуусу
Бул цикл “Катуу” циклинин эле баптоолоруна ээ, бирок каймактар, таттуу өнүмдөр сыяктуу сезгич тамактар үчүн сунушталат.
Бат тоңдуруу
Бул цикл тамактын температурасын эң көп дегенде 270 мүнөт убакыт ичинде + -18°C-ге чейин төмөндөтөт. Бат тоңдуруу циклин “убакыт” же “өзөк казыгы” модунда аткарса болот, которулуу автоматтык түрдө ишке ашат. Тоңдуруу циклинин аягында түзмөк камеранын ичинде абанын -18°C жана -19°C ортосундагы температурасын кармап, сактоо модуна өтөт.
Суусундуктарды бат суутуу цикли
Бул цикл бөтөлкө же калайлардагы суусундуктарды суутууга арналган.
Маанилүү! “Сактоо модунун” узактыгы чектелген эмес; циклди жаңы оператор командасы гана үзүшү мүмкүн.
Түзмөктү жөнөкөй “сактоочу жай” катары КОЛДОНБОО жана бул функция убагында эшикти эсепсиз жолу ачып/жаппоо сунушталат. “Сактоо моду” бороондуу суутуу же бат тоңдуруу менен кадимки муздаткыч же тоңдургучтун ичинде орун алышы керек болгон сактагычтын ортосунда убактылуу баскыч катары гана арналган.
8
Page 9
Аба казыгы тууралуу эскертмелер
Аба казыгы (кармоо мүмкүн эмес, көзгө көрүнбөйт жана колдонуучу өзгөртө албайт) камеранын ичиндеги абанын температурасына тынымсыз көз салып турат.
ул булар үчүн кызмат кылат:
Б
• коопсуздук текшерүүлөрүн аткаруу
• бороондуу суутуу жана бат тоңдуруу циклдеринен кийин “сактоо модунун” жүрүшүндө камеранын
ичинде туруктуу аба температурасына жетишүү.
Контейнерлер жана капкактар
Мүмкүн болушунча терең эмес контейнерлерди колдонуу сунушталат, неси болсо да 65 ммден ашпаганы оң. Табак жана контейнерлерди капкак же оолактандыруучу тасмалар менен жаппоо керек: тамактын көбүрөөк бетинин аянты муздак абага дуушар болуп, азыраак бороондотуу убагы талап кылынат.
Маанилүү! Контейнерлер аз температураларда (-40°C) колдонууга ылайыктуу экенин текшериңиз.
Шайманды жүктөө
Сиз бат суутканы жана/же тоңдурганы жаткан тамактар кат-кат болбой, калыңдыгы 5-8 смден ашпашы керек. Өндүрүүчү аныктаган боюнча шайманды ашыкча жүктөбөңүз:
Бороондуу суутуу: 7 кг же
Бат тоңдуруу: 4 кг
Аба жакшы өтүшү жана мүмкүн, жүктү торлордун ортосунда тегиздөө үчүн табактардын ортосунда жетиштүү орун калтырылгандай болсун.
Ар бир тордун максималдуу жүктөлүшү - 5 кг.
Өнүмдүн температурасы Маанилүү! Бат суутканы жана/же тоңдурганы жаткан бышырылган тамактарды көп убакытка
бөлмө температурасында кармабаңыз. Бөлмө температурасында кармалган тамактар бул терс өзгөрүүлөргө учурайт:
- нымдуулугун жоготот
- башындагы сапатын (өңүн, жытын, даамын ж.у.с...) жоготот
- бактериялык оору жугуу мүмкүндүгү өсөт
Ушул себептерден улам бороондуу суутуу жана/же бат тоңдуруу циклин тамакты даярдоо жана/же бышыруу бүтөрү менен баштаган оң, мында суутуу циклин баштаганда өнүмдүн температурасы 70°/80°C-ден ашпашы керек.
Маанилүү! Өтө бийик температурадагы (80°C-ден өйдө) контейнерлерди салганда вакуум камерасын алдын ала (ичинде эч нерсе жокто) суутуп алуу жана контейнерлерди түз эле камеранын түбүнө эмес, берилген түркүктөргө койуу сунушталат.
9
Page 10
Көзөмөл панели
1. ON/OFF (КЙГ/ӨЧК) топчусу, бороондуу сууткучту күйгүзүү жана өчүрүү
2. Алдын ала коюлган узактыгы 270 мүнөт болгон бат тоңдуруу циклин тандаңыз.
3. “Убагында” иштетүү модун көрсөткөн символ.
4. Тандалган циклдин тибинин көрсөтүлүшү
(SoF = Soft (Жумшак) / HAR = Hard (Катуу) / FrE = Freezing (Тоңдуруу)). Цикл “убакыт” модунда болсо, калган убакытты көрсөтүү. Цикл “өзөк казыгы” модунда болсо, өткөн убакытты көрсөтүү. Сактоо циклинин башынан бери өткөн убакытты көрсөтүү.
5. Тандалган цикл үчүн температураны көрсөтүү
(SoF = 3 / HAR = 3 / FrE = -18). Цикл “убакыт” модунда болсо, уячанын ички температурасын көрсөтүү. Цикл “өзөк казыгы” модунда болсо, “өзөк казыгынын” температурасын көрсөтүү. Цикл “сактоо” модунда болсо, уячанын ички температурасын көрсөтүү.
6. “Өзөк казыгы” иштетүү модун көрсөткөн символ.
7. Алдын ала коюлган узактыгы 90 мүнөт болгон “Катуу” бат бороондуу суутуу циклин тандаңыз.
8. Алдын ала коюлган узактыгы 90 мүнөт болгон “Жумшак” бат бороондуу суутуу циклин тандаңыз.
9. START (БАШТА) жана STOP (ТОКТО) топчусу.
10
Page 11
Иштетүү
Күйгүзүү
Шайман тармакка биринчи жолу туташтырылганда ал символдордун баарын жана дисплейди 3 жолу күйгүзүп-өчүрүү менен текшерет. Андан кийин топчусу гана күйгөн бойдон калып, ылдыйкы эшип ачылып-жабылат. Бул учурда бороондуу сууткуч “күтүүдө” болот.
топчусун басып турганда бип деген үн чыкса, бороондуу сууткуч “күтүүдө” модунан “даяр” деп коюлат да, баштапкы боюнча “Жумшак” циклин көрсөтөт. Бул учурда, кааласаңыз, башка циклдерди тандаса болот жана такта тандалган циклди баштоого даяр болот. Маанилүү! Шайманды тармакка туташтырардан жана топчусун басардан мурун ылдыйкы эшикти ачканга тоскоолдук жок экенин текшериңиз. Ал аба туура айлансын деп автоматтык түрдө ачылат, аны ЖАППАШ КЕРЕК. (4-сүр). Тандалган циклдин аягында бороондуу сууткучту “күтүүдө” абалына кайтарганга топчусун басканда эшик автоматтык түрдө жабылат.
Алдын ала суутуу
Ички уячага ысык тамактарды койордон мурун алдын ала суутуп алуу сунушталат. Анын жол­жобосу мындай:
1. “Катуу” бороондуу суутуу циклин тандаш
үчүн топчусун басыңыз.
2. Шаймандын эшиги бекем жабык, ички уяча
бош экенин жана ички түбүндөгү агызгыч тыгын менен жабылганын текшериңиз. Бош циклди башташ үчүн топчусун басыңыз.
3. Башталгандан 15 мүнөттөн кийин
топчусун басып циклди токтотуңуз.
4. Алдын ала суутуп алган соң тандалган циклди
тандап, тамакты бороондуу суутуп же бат тоңдуруп алыш үчүн салса болот.
Цикл тандоо
Каалаган циклиңизди тандаңыз: Шайман иштеп жана “даяр” турганда каалаган циклиңизди тандаңыз. Топчу туруктуу жарык менен жанып, 4-дисплей тандалган цикл тибин (HAr = Hard (Катуу) / SoF = Soft (Жумшак) / FrE = Freezing (Тоңдуруу)), ал эми 5-дисплей тамак циклдин аягында кайсы температурада болорун (Катуу жана Жумшак үчүн 3 = 3°C / Тоңдуруу үчүн -18 = -18°C) көрсөтөт.
4-сүр.
11
Page 12
“Жумшак” бат бороондотуу (+ 3°C)
-
- “Катуу” бат бороондотуу (+ 3°C)
- бат тоңдуруу (-18°C)
- Суусундуктарды суутуу (“Жумшак” цикли)
12
Page 13
Суусундуктарды бат суутуу
Шайман иштеп жана “даяр” турганда топчусун басыңыз. Топчу туруктуу жанып, 4-дисплей “SoF” деп, ал эми 5-дисплей 3 санын көрсөтөт (3 = 3°C).
0/15 мүнөттөн кийин топчусун ылдый басып туруп ЦИКЛДИ КОЛ МЕНЕН ТОКТОТУҢУЗ.
1 Бороондуу сууткуч “даяр” абалына кайтат жана ал учурда сууган суусундуктарды чыгарса болот.
Циклдердин башталышы
Каалаган циклиңизди башташ үчүн шаймандын эшиги бекем жабылганын текшерип туруп топчусун басыңыз.
Маанилүү! Шайманга зыян келтирилбеши үчүн ысык өнүмдү камеранын ичинде күттүрбөй, дароо бороондуу суутуу же бат тоңдуруу же суусундуктарды муздатуу циклин баштаңыз.
Маанилүү! Күтүлбөгөн шашылыш кырдаалда циклди алдын ала токтотуу керек болсо, топчусун ылдый басыңыз.
Циклди баштагандан кийин “убакыт” жана “өзөк казыгы” символдору 2 мүнөт күйүп-өчүп (4­дисплейде мүнөттөр көрсөтүлөт), анын ортосунда “өзөк” казыгы тамакка киргизилген болсо, бороондуу сууткуч ишке ашат (5-сүр.). 5-дисплей казыктын температурасын (бөлмө температурасын) көрсөтөт. Бул болуп өткөндөн кийин тандалган
5-сүр.
бороондуу сууткуч модунун символу ( же символу) гана күйүп кала берет. Цикл автоматтык түрдө “убакыт” модуна коюлган болсо, 4-дисплейде циклдин аягына чейин калган убакытты (ар Катуу жана Жумшак циклге 90 мүнөт / тоңдурууга 270 мүнөт), ал эми 5-дисплей ички уячанын температурасын көрсөтөт. Цикл автоматтык түрдө “өзөк казыгы” модуна коюлса, 4-дисплей циклдин башталышынан берки убакытты, ал эми 5-дисплей “өзөк казыгынын” температурасын көрсөтөт. Цикл “убакыт” моду үчүн 90 / 270 мүнөт бүткөндө же “өзөк казыгы” модунда болсо, өзөктө 3°C / ­18°C температура жетишилгенде аяктайт.
Маанилүү! Циклдин узактыгына тамактын тиби, калыңдыгы же өлчөмү, баштапкы температурасы, колдонулган контейнердин тиби сыяктуу көп факторлор таасир этет.
Суутуу циклинин аягында топчу күйүп-жанып, түзмөк “сактоо” модуна кирет. Бул учурда топчусун басып туруу менен сактоо циклин токтотсо болот жана шайман “даяр” модуна которулат. Тамактарды ички уячадан чыгарып, аларды муздаткычка же тоңдургучка сактаса болот.
БАТ СУУТУЛГАН ЖЕ ТОҢДУРУЛГАН ӨНҮМДӨРДҮ САКТОО
Бат суутулган жана/же тоңдурулган тамакты бороондуу сууткучтун ичине САКТАБАЙ, кылдаттык менен жаап, коргоп (пластик, аба өткөрбөгөн капка же вакуумдалса андан жакшы) туруп муздаткыч же тоңдургучтун ичине коюш керек.
Бат суутулган тамакты +2°C туруктуу температурадагы муздатуучу текчеге сакташ керек. Бат тоңдурулган тамакты -20°C туруктуу температурадагы тоңдуруучу текчеге сакташ керек.
13
Page 14
Кезектеги тейлөө
Бул бөлүмдөгү маалымат жана нускамалар шайман менен иштеген элдин баарына: колдонуучуга жана тейлөөчүгө арналган.
НЕГИЗГИ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ
Тазалоону жана тейлөөнү коопсуз аткаруу үчүн бул эрежелерди караңыз:
• шайманды кубат жеткирүүдөн ажыратканда
кубат шнурунан тартпаңыз;
• шайманга жылаңач, ным же суу кол же
бутуңузду тийгизбеңиз;
• коргогучтар менен кыймылдуу бөлүктөрдүн
ортосунда бурагычтарды, ашкана буюмдарын
же башка эч нерсе киргизбеңиз. Кезектеги тейлөөнү аткаруу үчүн коргогучтарды жана коопсуздук түзмөктөрүн чыгарууга такыр болбойт. Бул милдеттенмени аткарбоодон келип чыккан бүткүл жоопкерчиликти Өндүрүүчү четке кагат.
ТЫШКЫ БЕТТЕРДИ ТАЗАЛОО
Текче
Бороондуу сууткучтун тышкы беттери дат баспаган болоттон жасалып, жумшак чүпүрөк же спонж жана назик детергент менен тазаланышы керек. Беттерди ордуна келгис кылып зыянга учуратышы мүмкүн болгон спонж, кыргыч же чийгич, кычкылдуу же агрессивдүү заттарды колдонбоо сунушталат.
Маанилүү! Тазалап жатканда сериялык номур эндерин СЫЙРЫБАҢЫЗ. Аларда техникалык жардам үчүн шаймандын маанилүү маалыматын камтыйт.
Көзөмөл панели
Бороондуу сууткучтун көзөмөл панелинин “тийүү” көзөмөлдөрү бар, айнек беттер үчүн атайын өнүмдөр менен оңой тазалоо үчүн бир да чыгып турган топчусу жок. Бир аз детергенти бар жумшак чүпүрөк колдонууну жана жакшылап кургатууну сунуштайбыз.
БӨЛМӨНҮ ТАЗАЛОО
Ар бир цикл бүткөндөн кийин ички беттерине жабышкан муз катмарлары бат эриши үчүн эшикти “эрүү абалында” ачып коюңуз. Суу агып чыгышы үчүн уячанын түбүндөгү агуу тыгынын (6-сүр.) сөзсүз алып салыш керек. Калган суу агылгычты көздөй түртүлүшү мүмкүн.
Агуу тыгыны
Эрүү абалы
6-сүр.
14
Page 15
Маанилүү! Эрип жатканда чогулгандан ашык суу агызбаңыз. Андан аркы тазалоону агылгычты жаап туруп аткарыш керек.
штетилип жаткан азык өнүмдөрүнүн
И сапатынын гигиенасын жана корголушун камсыздоо үчүн ичиндеги уяча эритүүдөн кийин тазаланылышы керек.
ячанын жана ички бөлүктөрдүн калыбы аларды
У жууганга мүмкүндүк берет, жумшак чүпүрөк же спонж жана назик детергент колдонсоңуз жакшы. Дат баспаган беттерди ордуна келгис кылып зыянга учуратышы мүмкүн болгон спонж, кыргыч же чийгич, кычкылдуу же агрессивдүү заттарды колдонбоо сунушталат. Тазалаган соң камеранын ичин чайкап, жакшылап кургатуу сунушталат.
КОНДЕНСАТОРДУ ТАЗАЛОО
Маанилүү! Тейлөөнү аткарардан мурда кубат жеткирүүнү ажыратыңыз.
Конденсатордун чыбырларынан кир-чаңды кетирүү үчүн айына бир жолу конденсаторду тазалап туруу сунушталат. Ылдыйкы жапкычты көтөрүп, аны 90° (7-сүр.) буроо менен конденсаторго жетсе болот
Маанилүү! Конденсатордун чыбырлары назик. Аларды тазалоо үчүн кылдары жумшак чачы менен чыбырлардын багыты боюнча вертикалдык кыймылдаңыз же чыккан чаң тегерекке чачылбашы үчүн чаң соргуч колдонуңуз. Кир майланышып чогулуп калса, чачыны спиртке малып туруп тазалаңыз.
Маанилүү! Беттерди курч же тытма нерселер менен сүрбөңүз. Тазалап жатканда дайыма коргоочу мээлей кийиңиз.
БУУЛАНТКЫЧТЫ ТАЗАЛОО
Маанилүү! Тейлөөнү аткарардан мурда кубат жеткирүүнү ажыратыңыз.
Бороондуу сууткуч туура жана натыйжалуу иштеши үчүн аба эркин айлангандай болуп бууланткычын таза кармаш керек. Бууланткычка жетиш үчүн камеранын ичиндеги коргоо торун кармап турган 6 бураманы бурап чыгарыңыз (8-сүр.).
7-сүр.
Коргоо тору
15
8-сүр.
Page 16
Маал-маалы менен болчу бул операция жумшак чачы менен бууланткычтын чыбырларын вертикалдык сүрүү менен аткарылат. Кир
айланышып чогулуп калса, чачыны спиртке
м малып туруп тазалаңыз.
Маанилүү! Беттерди курч же тытма нерселер менен сүрбөңүз! Үстүңкү айтылган операциялар учурунда дайыма коргоочу мээлей кийиңиз.
Маанилүү! Тазалап бүткөндөн кийин капкактарды кылдаттык менен кайра тууралап, бекитүүчү бурамаларын бекемдеңиз. Муну кылгандан кийин гана шайманды иштетсе болот.
ИШТЕБЕЙ ТУРУУ
Шайман көп убакытка иштебей тура турган болсо, ичи-тышын жакшылап тазалап, тышкы беттерин атайын майдын негизиндеги өнүмдөрдү сыйпаңыз да, камеранын эшигин кыңайтып ачып коюңуз.
Маанилүү! Кайра колдонулганча кубат сайгычын сууруп коюңуз.
Маанилүү! Кайра колдонордон мурда
шаймандын бүтүндүгүн текшерип туруп, бороондуу сууткучту толук тазалап чыгыңыз.
КЕЗЕКТЕГИ ТЕЙЛӨӨ
Жакшы иштебей калуу
Маанилүү! Жакшы иштебей калса, Дилерге кызмат көрсөтүү үчүн чалардан мурда кубат шнуру ажырымга жакшы киргизилип турганын текшериңиз. Электр кубаты бар экенин текшериңиз. Сунушталган текшерүүлөрдөн кийин деле бороондуу сууткуч иштебей жатса, Дилерге чалып, буларды айтыңыз:
• баа табагынан берилмелер
• сатып алынган күнү
• дисплейде көрүнүп турган кайсы болбосун айгай кодун (мис., AL2)
Маанилүү! Шайманды эч бир бөлүгүнөн оңдоп же өзгөрткөнгө аракет кылбаңыз, бул коркунуч туудурушу мүмкүн жана кепилдикти жараксыз кылышы мүмкүн; жалаң ишбилги жана ыйгарым укуктуу техниктерге гана ишениңиз.
Орнотуу эрежелери
ОРНОТУУ КОРКУНУЧТАРЫН ЭСКЕРТҮҮ
Бул жетек - өнүмдүн бөлүгү жана туура орнотуу жана тейлөө үчүн зарыл маалыматтын баарын камтыйт.
Колдонуучу жана орнотуучу сөзсүз бул жетекти кунт коюп окуп чыгып, дайыма андан маалымат карап турушу керек; жетекти ыйгарым укуктуу операторлордун (орнотуучу, колдонуучу, тейлөөчү) баары жеткендей ачык жерге коюш керек.
Бороондуу сууткуч өзү долбоорлонгон максатта, б.а. тамакты бороондуу суутууга/бат тоңдурууга гана колдонууга арналган. Башкача колдонуулардын баары туура эмес деп эсептелет жана коркунуч туудурушу мүмкүн. Төмөнкүлөрдүн азабынан шайманга, кишилерге жана мүлккө зыян келтирилсе, өндүрүүчү бүткүл жоопкерчиликти жана гарантиянын бардык милдеттенмелерин четке кагат:
• туура эмес жана/же күчүндөгү мыйзамдарга жооп бербеген орнотуу,
• моделге арналбаган өзгөртүүлөр же операциялар,
• түпнуска эмес же моделге арналбаган тетиктерди колдонуу,
• ушул жетектеги нускамаларды аткарбоо, ал эмес жарым-жартылай дал келбөө,
• орнотуу учурунда коопсуздук эрежелерин жана күчүндөгү мыйзамдарды аткарбоо.
АЛГЫ СӨЗ Орнотууну ыйгарым укуктуу жана атайын билимдүү кызматкер гана, ушул жетектин нускамаларына жана талаптарына ылайык аткарышы керек.
Жабдууну орноторго чейин мурдатан бар электр системдери мыйзамга жооп берерин жана орнотула турган шаймандардын ат табагындагы күнгө (В, кВт, Гц, фазалардын № жана мүмкүн болгон кубат) ылайыктуу экенин текшериңиз. Орнотуучу өрттөн коргоо талаптарын да текшерип чыгышы керек. Өндүрүүчү ар бир шайман үчүн тиешелүү эрежелерге туура келери тууралуу декларация чыгарат жана байланыштырат.
16
Page 17
ТАШУУ ЖАНА ИШТЕТҮҮ
Шайманды ташуучу унаага жүктөө жана андан түшүрүү ылайыктуу жабдуу менен аткарылышы
ерек (9-сүр.)
к
Маанилүү! Шайманды иштетүү үчүн ага зыян келбегендей жана элге же мүлккө зыян келбегендей.таңгактоого коюлган нускамаларды эске алуу менен, зарыл сактык чаралардын баарын көрүү зарыл.
ТАҢГАКТАН ЧЫГАРУУ
Катуу кагаз кутуну жыгач негизге бекитип турган эки пластик байламды кайчы менен кесиңиз. Кутуну өйдө көтөрүп чыгарыңыз (10-сүр.) да, шайманды полистирол каттамынан бошотуңуз. Коргоочу пластик баштыкты алып салыңыз. Жабдуу бүтүн экенин дароо текшерип, эгер бир жери башкача болсо, шайманды ИШТЕТПЕЙ туруп Дилерге кайрылыңыз. Коргоочу мээлей колдонуп, шайманды экөөлөп тик көтөрүп ойлонулган ордуна койгула. Коргоочу ПВХ тасманы бардык жактарынан абайлап алыңыз; жабыштыргычтын кандай болбосун изи калса, жумшак чүпүрөк жана нейтралдуу өнүм менен акырын кетириңиз. Дат баспаган беттерди ордуна келгис кылып зыянга учуратышы мүмкүн болгон спонж, кыргыч же чийгич, кычкылдуу же агрессивдүү заттарды колдонбоо сунушталат.
Экологиялык эскертүүлөр: түрдүү таңгактоо компоненттеринин баары шайман колдонулган өлкөнүн учурдагы эрежелерине ылайык жок кылынышы керек. Кандай болсо да, чөйрөгө эч нерсе ташталбашы керек.
Маанилүү! Таңгактоо компоненттери балдар жана жаныбарлар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн, алар менен ойношуна жол бербегиле!
НЕГИЗГИ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ
Бул жетекте берилген нускамаларды аткарбай туруп шайманда аткарыла турган операциялар
чүн жоопкерчилик колдонуучуга өткөрүлөт.
ү Орнотуу үчүн негизги коопсуздук эрежелери ылдый жакта тизмеленген:
• шайманга (тиешелүү мээлей жана бут кийим
енен) корголбогон же жылаңач, ным же суу
м кол же бутуңузду тийгизбеңиз;
• коргогучтар менен кыймылдуу бөлүктөрдүн ортосунда бурагычтарды, ашкана буюмдарын же башка эч нерсе киргизбеңиз
• шайманды ажыраткандан кийин гана ишти баштаңыз (кубат шнурунан тартпаңыз).
9-сүр.
17
10-сүр.
Page 18
Орнотуу
min. 45
min. 560
min. 575
min. 535
Шайманды салттуу жана учурдагы эрежелердин кырсыктын алдын алуу мыйзамдары жана
эрежелерине толук жооп бергендей орнотулушу жана текшерилиши керек.
ЭЛЕКТР ТУТАШУУСУ
Бороондуу сууткучту орноторго чейин мурдатан бар электр системдери мыйзамга жооп берерин жана
орнотула турган шаймандардын баа табагындагы күнгө (В, кВт, Гц жана мүмкүн болгон кубат) ылайыктуу экенин текшериңиз. Шайман 16А Шуко айрысы бар 2,50 м узун кубат шнуру менен жабдылган.
Маанилүү! Ийгиликтүү орнотуудан кийин да айры жеткенге оңой жайгашышы керек! Шаймандын айрысы оңой жеткендей болбосо, кубат жеткирүү III категориядагы ашыкча чыңалуу шарттарында толук өчүрүүгө мүмкүндүк берген байланыштар үчүн ачылган аралыгы бар бардык уюлдуу ажыратуу түзмөктөрү менен жабдылышы керек.
Маанилүү! Кабелдин бүткүл узундугу колдонулбаса, аны оробой, бош коюңуз жана ал элдин өтүшүнө тоскоол болуп, коркунуч туудурушуна жол бербеңиз; ошондой эле тебеленип же бүгүлбөгөндөй кылыңыз.
Маанилүү! Кубат шнуру кандай болбосун суюктуктарга жана курч, ысык жана дат бастырган заттарга тийбешин камсыздаңыз. Балдар же жаныбарлар кубат шнуру менен ойношуна жол бербеңиз.
ОРУН ТАБУУ
Бороондуу сууткуч - ичине курулган шайман. Үй ичинде жогорку температураларда жана аба жакшы алмашпаган, күн тийген же жаан-чачын тийген жерлерге, жылуулук булактарынын жанына койбоңуз. Аба туура алмашышы үчүн бөлүмдүн арткы бетин ачык калтырып, аба өтүшү үчүн ортодогу орун кеминде 45 мм болушун камсыз кылуу керек (11-сүр.).
Арткы бети ачык
11-сүр.
18
Page 19
Бороондуу сууткучту текчеге бекитүү үчүн эшикти ачып, капталдагы куроо тешиктерине жетүү үчүн ылдыйкы эшикти көтөрүңүз. Берилген 4 бураманы
олдонуңуз (12-сүр.)
к
Маанилүү! Койгонго жер тандап жатканда негизги эшикти жана ылдыйкы эшикти ачканга жетиштүү орун болушун да камсыз кылыңыз.
Маанилүү! Кубат кабели 2,5 м узун жана ашыкча ысып кетүү көйгөйлөрүнөн улам аны узартууга узарткыч же кабелдерди колдонуу мүмкүн эмес. Бороондуу сууткучту жайгаштыруу үчүн ажырымдардын абалын эске алыңыз. Кийинки коопсуздук чараларын так аткаруу да сунушталат.
БӨЛМӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫ ЖАНА АБА
12-сүр.
АЛМАШУУ
Иштеп турган чөйрөнүн температурасы 32°C-ден ашпашы керек. Бул температурадан ашса, айтылган өндүрүмдүүлүк кепилденбейт.
АКЫРКЫ ТЕКШЕРҮҮЛӨР
Жабдууну күйгүзөрдөн мурда буларды текшериңиз:
• жабдуу тик эмес абалда (мисалы, чалкалатып) ташылган болсо же орнотулуп жатканда оодарылган болсо, аны дароо күйгүзбөй, иштетерден мурда кеминде 4 саат күтүңүз.
• Туура электр туташуусун текшериңиз.
Бул текшерүүлөр бүткөн соң:
• Кирген кубатты амперметр менен текшериңиз.
• Жок дегенде бир бороондуу суутуу же бат тоңдуруу циклин аткарыңыз.
• Керектөөчүнүн колдонушуна жана муктаждыктарына атайын кайрылуу менен шайманды так колдонуу тууралуу керектөөчүгө айтыңыз.
КООПСУЗДУК ЖАНА КӨЗӨМӨЛ СИСТЕМДЕРИ
• Бүткүл кубат айлампасын кыска айлампалардан жана ашыкча жүктөлүүлөрдөн коргогон жалпы коргоо сактагычтары.
• Ашыкча жүктөлүп же жакшы иштебей жатса ишке кире турган кликсон компрессору.
• Сууткучтун айлампасында ашыкча басым болсо ишке кирүүчү коопсуздук басымынын которгучу.
• Электрондук такта казык аркылуу көзөмөлдөгөн камерадагы температурага көзөмөл.
19
Page 20
Айгайлар жана бузулуулар жадыбалы
Тип Себеп Чечим
Er1 Уяча казыгы бузук/ажыратылган Техникалык колдоого чалыңыз
Er2 Өзөк казыгы бузук/ажыратылган Техникалык колдоого чалыңыз
Эшиктин алдында тоскоолдуктар бар
Er3
Er4
Err Com
AL2 Кубат жеткирүү жок Тармакка туташууну текшериңиз
2A Сактагычы бузук Техникалык колдоого чалыңыз
Ачуу механизми бузук/ажыратылган Техникалык колдоого чалыңыз
Аба өтмөгүнө бирдеме тыгылып калган
Өтө көп өлчөмдөгү тамак бороондуу суутулат
Бороондуу суутула турган тамактар өтө ысык
Мотор бөлүмүнүн үйлөткүчтөрү иштебейт Техникалык колдоого чалыңыз
Коопсуздук басымынын которгучу зыянга учураган
Такта туташтыргычтары туура киргизилген эмес
Такта туташуусунун кабели зыянга учураган
Кубат тактасы зыянга учураган Техникалык колдоого чалыңыз
Тоскоолдуктардын баарын алып салып,
+ топчуларын бир убакта басуу
менен кайра коюңуз
Тоскоолдуктарды алып салыңыз/конденсаторду тазалаңыз
9-бетти окуңуз
9-бетти окуңуз
Техникалык колдоого чалыңыз
Техникалык колдоого чалыңыз
Техникалык колдоого чалыңыз
Көзөмөл панели күйбөй жатат
Компрессор иштебейт
Компрессор иштеди, бирок уячаны сууткан жок
Үйлөткүчтөрү күйбөй жатат
Кубат жеткирүү жок Кубат жеткирүү жок
8A Сактагычы бузук Техникалык колдоого чалыңыз
Кубат тактасы зыянга учураган Техникалык колдоого чалыңыз
Кубат жеткирүү жок Тармакка туташууну текшериңиз
Кликсон операциясы ашыкча жүктөлгөн Техникалык колдоого чалыңыз
Коопсуздук басымынын которгучтары кирип кеткен
Суутуучу газ жетишпейт Техникалык колдоого чалыңыз
Аба конденсатору кир Конденсаторду тазалаңыз
Кубат жеткирүү жок Тармакка туташууну текшериңиз
Үйлөткүчү бузулган Техникалык колдоого чалыңыз
Техникалык колдоого чалыңыз
20
Page 21
Техникалык спецификациялар
595
595
565
450
260
Чыңалуу 230 В - 1 - 50 Гц
Бороондуу суутуу цикли үчүн өндүүмдүүлүк
Бат тоңдуруу цикли үчүн өндүүмдүүлүк
7 кг
4 кг
Торлордун сыйымдуулугу №3
Жалпы кубат 736 Вт
Жалпы сиңирүү 3,2 А
Кубат жеткирүү кабели Узуну 2,5 метр - 16A Шуко айрысы
Компрессор кубаты 313 Вт
Газ сууткучтун тиби жана өлчөмү R 404 a - 540 gr
Климат классы N (Нормал)
Баа табагынын абалы
Баа табагы
Баа табагы
Стандарт жабдуу
№1 дат баспаган болот тордун өлчөмү 447 x 335 x 8 мм Казык кармагыч менен №1 дат баспаган болот тордун өлчөмү 447 x 335 x 8 мм №1 өзөк казыгы
Шаймандын чен-өлчөмү
21
Page 22
Таңгактын чен-өлчөмү
660
685
Зым өткөрүү схемасы
Толук салмагы = 60 кг
Легендалары:
B1 = Уяча казыгы B2 = Өзөк казыгы E1 = Кубат тактасы E2 = Көзөмөл тактасы F1 = Кубат жеткирүү сактагычы F2 = Ылдыйкы панелдин мотор сактагычы HP = Жогорку басымдагы басым которгучу M1 = Компрессор M2/M3 = Конденсатордун мотор үйлөткүчү M4 = Уячанын ичиндеги мотор үйлөткүчү M5 = Ылдыйкы панелдин мотору R1 = Алкак
22
Page 23
Page 24
Printed in Italy r 09/16
400011026337
KY
Loading...