KITCHENAID KCBIX 60600 User Manual [ky]

Page 1
Иштетүү нускамалары
жана
орнотуу жетеги
Page 2
Page 3
Маанилүү коопсуздук нускамалары 4
Чөйрөнү коргоо 5
Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер 6
Шайманды колдонордун алдында 6
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар 6
Муз жана/же суу диспенсерин (эгер болсо) тазалоо, санитардык иштетүү жана тейлөө 7
Орнотуу талаптары 8
Техникалык спецификациялар 9
Орнотуу 9
Алгы сөз 14
Жаңы урунуу 15
Бузуктарын таап оңдоо жетеги 17
Сатуудан кийинки кызмат 18
Page 4
Маанилүү коопсуздук нускамалары Түпнуска нускамалар - англис тилиндегилер.
Башка тилдердеги башка нускамалардын баары түпнуска версиясынан которулган.
туруксуздуктун айынан кырсык чыкпашы үчүн шайманды жайгаштыруу же бекитүү өндүрүүчүнүн нускамаларына ылайык жасалышы керек.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: шаймандын желдетүү тешиктерине эч нерсе такалбагандай кармаңыз.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: шаймандын муздатуучу айлампа түтүктөрүн бузуп албаңыз.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: Эрүү процессин ылдамдатууга Өндүрүүчү сунуштагандан башка механикалык, электр же химиялык каражаттарды колдонбоңуз.
• КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: Өндүрүүчү ачык уруксат берген типте болбосо, электр түзмөктөрүн шаймандын бөлүмдөрүнүн ичине салып же колдонбоңуз.
Маалымат: Бул шаймандын курамында ХФУ жок. Сууткуч айлампасында R134a бар (шаймандын ичиндеги баа табагын караңыз).
• Бул өнүмдө Киото Протоколунда каралган Фторлуу Күнөскана Газдары болушу мүмкүн; суутуучу газ герметикалык чапталган системдин ичинде. Суутуучу газ: R134a-нын Глобалдык Жылуу Потенциалы (GWP) - 3210.
• C-Пентан оолактандыруу көбүгүн көбүртүүчү агент катары колдонулган жана ал бат тутанма газ болуп эсептелет. Таштандыга таштоо операциялары учурунда өзгөчө көңүл буруңуз.
• Бул шайман үй чарба жана ошо сыяктуу максаттарда булар катарында колдонууга арналган:
- дүкөндөрдө, кеңселерде жана башка иш чөйрөлөрүндө кызматкерлер үчүн ашкана аймактары;
- мейманкана, мотелдер жана башка турак-жай тибиндеги чөйрөлөрдүн кардарлары жана айылдагы үйлөр;
- түнөп, эртең мененки тамак ичүүчү типтеги мейманканалар;
- тамак алып барып берүү жана ошо сыяктуу чекене соода үчүн эмес колдонуулар
• Бул шаймандын ичинде бат тутанма газ камтыган чачыратма калайлар сыяктуу жарылып кетиши мүмкүн болгон заттарды сактабаңыз.
• Бул шайманды 8 жаштагы жана андан улуу балдар, ошондой эле дене-боюндагы, сенсордук же менталдык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кишилер же тажрыйбасы же билими жетишпегендер шайманды коопсуз колдонуу тууралуу көзөмөл же үйрөтүү менен жана анын коркунучтарын билгенде урунса болот.
• Балдар көзөмөлсүз аны тазалап же тейлебеши керек.
• Балдар камалып калып, аба жетпей калышына жол бербеш үчүн аларга шайман менен ойноп же ичине жашынганга уруксат бербеңиз.
• Мамлекеттик коопсуздук стандарттарына ылайык ажырым жеткиликтүү болсо шайманды кубат жеткирүүдөн сууруу же ажырымга чейин орнотулган көп уюлдуу которгучтун жардамы менен кубатты өчүрүү мүмкүн болушу керек.
• Шайманды жердетүү ажырымына сайыңыз: шайман бекитилген жердетүү системине туура
4
Page 5
туташтырылган болушу керек.
• Жалгыз/көп адаптерлерди же узарткычтарды колдонбоңуз.
• Орнотуу учурунда шаймандын кубат кабели зыян тартпагандай болсун.
• Шаймандын кубат кабелин тартпаңыз
• Шайманды эки же андан көп киши урунуп, орнотушу керек.
• Орнотуу жана тейлөө, анын ичинде кубат жеткирүү шнурун
Чөйрөнү коргоо
алмаштыруу, өндүрүүчү же ишбилги техник тарабынан, өндүрүүчүнүн нускамаларына жана күчүндөгү жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык аткарылышы керек. Кырсык болбошу үчүн шаймандын бир да бөлүгүн, анын ичинде кубат жеткирүү шнурун да, колдонуучу жетегинде башкача айтылбаса, оңдобоңуз.
1. Таңгактоо
Таңгактоо материалы 100% кайра иштеткенге жарайт жана кайра иштетүү символуна ээ . Таштандыга таштоо үчүн жергиликтүү эрежелерди аткарыңыз. Таңгактоо материалдарын (пластик баштыктарды, полистирен тетиктерин ж.у.с.) балдар жетпеген жерде кармаңыз, себеби алар коркунучтун булагы.
2. Темирге өткөрүү/Таштандыга таштоо
Шайман кайра иштетүүгө жарактуу материалдан жасалган. Жабдуу Таштанды Электр жана Электрондук Жабдуусу (WEEE) боюнча 2002/96/EC Европа Директивасына ылайык белгиленген. Бул шайманды таштандыга туура таштоону камсыздоо менен чөйрө жана кишилердин ден соолугу үчүн мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алууга жардам бере аласыз. Шаймандагы же коштоочу документтердеги
символу бул шайман үй-тиричилик таштандысы катары иштетилбей, электр жана электрондук жабдууну кайра иштетүү үчүн атайын чогултуу борборуна тапшырылышы керектигин билдирет. Бул шайманды темирге өткөрүп жатканда анын кубат кабелин кесип салып, эшиктерин жана текчелерин чыгаруу менен балдар ичине кирип, камалып калбагандай кылыңыз. Шайманды таштандыны таштоо боюнча жергиликтүү эрежелерге ылайык кабыл алуучу борборго алып барып темирге
өткөрүңүз; ал балдар үчүн өзгөчө коркунуч булагы болгондуктан, бир нече күнгө да кароосуз калтырбаңыз. Бул өнүмдү иштетүү, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча мындан аркы маалымат үчүн жергиликтүү ишбилги кеңсеңизге, үй-тиричилик таштандыларын чогултуу кызматына же өзүңүз шайманды сатып алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Ылайык келүү декларациясы
• Бул шайман тамак сактоого арналган жана (CE) №1935/2004 Регламентине ылайык өндүрүлгөн.
• Бул шайман буларга ылайык долбоорлонгон, өндүрүлгөн жана базарга чыгарылган:
- 2006/95/CE “Төмөнкү Чыңалуу” Директивасынын коопсуздук максаттары (73/23/CEE жана анын кийинки өзгөртүүлөрүнүн ордуна); ошондой эле ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИНИН ЖАНА КЕҢЕШИНИН 2006-жылдын 17-майындагы 2006/42/EC “машиналар” ДИРЕКТИВАСЫНЫН коопсуздук принциптери менен бириктирилген
- “EMC” 2004/108/EC Директивасынын коргоо талаптары.
• Шайманга 70 дБ(А) ашпаган үн чыгаруу мүнөздүү
5
Page 6
Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер
• Шайманды кургак, жакшы желдетилген бөлмөгө жылуулук булагынан (мис., радиатор, меш ж.у.с.) алыс жана күн түз
оолактандыруу табагын урунуңуз.
• Туура желдетүүнү камсыз кылуу үчүн орнотуу нускамаларын аткарыңыз.
тийбеген жерге орнотуңуз. Зарыл болсо,
Шайманды колдонордун алдында
Шайманыңызды эң мыкты колдонууну камсыз кылуу үчүн өнүмдүн сүрөттөлүшүн жана пайдалуу кеңеш камтыган иштетүү нускамаларын кунт коюп окуңуз. Бул нускамаларды кийин караганга сактап коюңуз.
1. Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин
анын эч кемтиги жок бекен жана эшиги жакшы жабылат бекен деп текшериңиз. Кайсы болбосун кемтик шайман жеткирилгенден кийинки 24 сааттын ичинде дилерге баяндалышы керек.
2. Муздатуучу айлампа толук ишке
жараарын кепилдөө үчүн шайманды күйгүзөрдө жок дегенде эки саат күтүңүз.
3. Шайманды колдонордон мурда ичин
тазалаңыз.
4. Бул өнүм - тамак сактагыч эмес,
“бороондуу сууткуч” болгондуктан, тамак сактагыч катары колдонууга жарабайт. Тандалган програм аяктаганда, тамакты алып, муздаткычка же тоңдургучка салыш керек.
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар
ОРНОТУУ
• Шайманды жылдырганда жертаманды (мис., паркетти) бузуп албагандай болуңуз.
• Шайманды анын салмагына чыдагандай күчтүү жертамандын үстүнө жана анын өлчөмүнө жана колдонулушуна ылайыктуу жерге орнотуп, тегиздеңиз.
• Шайман температурасы баа табагында көрсөтүлгөн климаттык класска ылайык кийинки арымдардын ичинде болгон жайларда иштетүүгө арналган. Шайман көрсөтүлгөн арымдан тышкаркы температурада көп убакытка калып калса, туура иштебей калышы мүмкүн.
Климат классы
3 25 60
4 30 55
5 40 40
Баа табагында көрсөтүлгөн чыңалуу
Чөйрө
температурасы
(°C)
Салыштырма
нымдуулук (%)
үйүңүздөгү чыңалууга туура келиши керек.
КООПСУЗ КОЛДОНУУ
• Бул же башка электр шаймандарына жакын жерде нефть, бат тутанма суюктуктарды же газ сактап же иштетпеңиз. Алардын жыты өрт
чыгышына же жарылууга алып келиши мүмкүн.
• Муз бүртүктөрүн же соруучу момпосуйларды тоңдургучтан аларыңыз менен жебеңиз, мындан үшүккө алдыруу болушу мүмкүн.
• Кандай болбосун тейлөө же тазалоо ишин кылардан мурда шайманды кубат жеткирүүдөн сууруңуз же башкача ажыратыңыз.
• Тоңдургуч бөлүмүнө ичинде суюктук бар айнек идиштерди койбоңуз, алар сынып калышы мүмкүн.
• Тоңдургуч бөлүгүнүн ички беттерине тамакты оробой тийгизип койгонго жол бербеңиз.
• Тамакты алып чыгып жатканда же процесстин ортосунда эшигин ачышыңыз керек болсо, ички беттерине же тоңдурулган тамаккка колуңузду түз тийгизбеңиз, себеби мындан үшүк алып кетиши мүмкүн.
Айтылган кеңеш жана сактык чаралары аткарылбаган учурда кишилерге, жаныбарларга же мүлккө зыян келтирилсе, Өндүрүүчү кандай болбсоун жоопкерчиликти четке кагат.
6
Page 7
Муз жана/же суу диспенсерин(эгер болсо) тазалоо, санитардык иштетүү жана тейлөө
Санитардык иштетүү боюнча нускамаларды аткарбоо куюлган суунун гигиеналык коопсуздугуна залал келтириши мүмкүн.
• Шайманды биринчи жолу уруна баштаганда жана чыпканы алмаштырган сайын биринчи 6-7 мүнөт куйууга барабар (сөзсүз эле удаа эмес, бирок биринчи ичерден мурда) 9-14 литр сууну жана алгачкы 24 саатта жасалган музду жараксыз кылыңыз.
• Суу диспенсери 4/5 күндөн ашык колдонулбай турган болсо, айлампаны тазалап, алгачкы бир литр сууну агызып салууга кеңеш берилет.
• Колуңузду гигиеналык таза кылып туруп чыгарылма суу диспенсерин (эгер болсо) жылдырыңыз.
• Муз чакасын же суурмасын ичүүчү суу гана колдонуп такай тазалап туруңуз.
• Көзөмөл панелинде көрсөтүлсө же муз/суу диспенсери 30 күндөн ашык колдонулбаса, чыпканы алмаштырыш керек.
• Чыпканы алмаштырган сайын муз жана/ же суу таратуу системин материалдардын мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөгөн, тамакка ылайыктуу дезинфектор (натрий гипохлорити бар) менен иштетиңиз же Сатуудан кийинки кызматтан алса болгон “Санитардык курамды” колдонуңуз. Колдонордон мурун кеминде 2 литр суу менен чайкаңыз.
• Муз жана суу диспенсериндеги компоненттерди алмаштырганда өндүрүүчү тапшырган түпнуска тетиктерди гана колдонуу керек.
• Шаймандагы кайсы болбосун иш ишбилги техник же Сатуудан кийинки кызмат тарабынан аткарылышы керек.
7
Page 8
Орнотуу талаптары
Жайгашуу аймагынын шарттары
Муз жасагыч машиналар 5ºC (41ºF) менен 43ºC (109,40ºF) ортосундагы бөлмө температурасында иштетүүгө арналган.
Корпусунун ченемдери
Муз жасагычты туура орнотуш үчүн эмеректин бөлүгүндө андай максатта орнотулган тешиктин ченемдери чиймедегидей (560x440x560 мм) болушу керек. Агызуу тешиги чиймеде көрсөтүлгөн абалда турушу керек. Корпустун сол бөлүгүндө жана шаймандын төмөнүрөөк деңгээлинен ылдый. Ошентип, ийкемдүү түтүктөрдүн шайманды чыгарганга жетиштүү жолу бар.
МААНИЛҮҮ
Шаймандар маңдайкы жалюзи аркылуу алган аба чыгышы үчүн орун калтырылышы керектигин унутпаш керек. Бул арткы тешик (сыртка чыгуусу менен) компрессор аймагына же машинанын торчосуна жакын болушу мүмкүн. Жабдуунун суу туташуусу, агызуу тешиктери жана электр кадамдары да зарыл (сүрөттү караңыз).
8
Page 9
Техникалык спецификациялар
- Өлчөмдөрү: Тышкы: 596x455x538 Текченин тешигинин өлчөмү: 560x440x560
- Жылуучу жолчолорго куроо.
- Өндүрүү:
Бааланган өндүрүүсү 10 кг/24 с (Курчап турган температура 20°C / Суунун
температурасы15°C).
- 12 кертим/цикл
- Муз кертиминин салмагы 22 г
- муз багы: 8 кг
- Кубат жеткирүү туташуусу: Кубат жеткирүү: 220 В / 50 Гц.
- Кубат: 250 Вт
- Интенсивдүүлүк: 1,8 А
- Суу туташуусу: - Эркек сайынын кран ажырымы ¾” BSP
- Сарптоо: 2,4 л/с
- Максималдуу көз ирмемдик сыйымдуулугу: 1 л/мүн
- Басым: 1-5 бар
- Суутуу: - Муздаткыч: R134A
- Аба конденсациясы. Маңдайынан киргизүү. Арткы чыгаруу.
Орнотуу
Жабдуунун казыкка байланышы
Шаймандын арткы торчосун алып чыгарып, суу агызуу түтүкчөлөрун жана кубаттануу кабелин алып чыгарыңыз. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй эки чыгаруучу түтүк орнотулганын жана алар бүктөлүп же басылып калбаганын текшериңиз, себеби ал шаймандын бузулуп калышына алып келиши мүмкүн.
Кийинки кадамдарды аткарыңыз:
1. Аларды горизонталдуу кылыш үчүн эмерек бөлүгүнүн тешигиндеги жетектерди бурап,
2. Шаймандын бекитүү көпүрөсүн чийменин абалына бураңыз.
3. Агызуу шлангдарынын бекитүү кырларын бураңыз.
4. Шайманды жетектердин колдоо бурчтарына коюңуз. Бурамаларды бекитерден мурун ал
жумшак жана жол менен жылышын текшерип, энин ыңгайлаңыз.
9
Page 10
560mm
60mm
60mm
100mm
10
560mm
440mm
560mm
Page 11
200mm
10mm
5mm
3,5mm
11
Page 12
Суу тармагы 3/4”
Электрикалык кубат булагы (SCHUCO)
Суу агызуу
МУЗ ЖАСООЧУ
МУЗ ЖАСООЧУ
АРТКА
АРТКА
Машинаны өткөрүү үчүн бош аймак
АРТКА
МУЗ ЖАСООЧУ
АРТКА
МУЗ ЖАСООЧУ
12
Page 13
Суу тармагына туташтыруулар
Шайман менен кошо берилген эки чыпка биригүүлөрү менен ийкемдүү түтүктү колдонуңуз. Басым 1 менен 5 бардын ортосунда болушу керек. Басымдар мындай нарктардан өтүп кетсе, зарыл тууралоочу түзмөктөрдү орнотуңуз. Шайманды жетектердин аягына чейин чыгарууга зарыл узундукту бош коюңуз. Калганын кырынан бүгүп, бир четинен чогултса болот, антпесе шайманды сактаганда ал суу насосуна тийип, аны токтотуп же калдырашы мүмкүн.
Агызуу тешиктерине туташтыруу
Агызуу тешиги чиймеде аныкталган абалда турушу керек. Корпустун сол бөлүгүндө жана шаймандын төмөнүрөөк деңгээлинен ылдый. Ошентип, ийкемдүү түтүктөрдүн шайманды чыгарганга жетиштүү жолу бар. Агызуу түтүгүнүн шаймандын эки агызуу шлангына киргизүүгө ички диаметри 50 мм келген киргизүүсү болгону ыңгайлуу. Түтүктөрдү берилген кырлар менен бекитиңиз. Муну менен биз шайманды ордунан чыгарып, сактаганда шаймандар чыгып кетпешин кепилдейбиз. Сууну агызуу оордук күчү аркылуу гана иштеп, ал 12-беттеги 2 жана 3 эскиздеринде көрсөтүлгөндөй туташтырылышы керек болот.
13
Page 14
Алгы сөз
- Шайман ичүүчү сууга толтурулганга суу жеткирүүгө туташтырууну жана калган иштетилген суу үчүн агызуу тешигин талап кылат.
- Шайман иштегени циклдүү: өндүрүү цикли идиши толгончо уланат; бак толгондо муз чыгаруунун алдындагы термостат шайманды автоматтык түрдө токтотот.
- Муздун өлчөмү колдонулуп же эригенден белгилүү бир деңгээлден ылдый түшкөндө, ошол эле термостат шайманды кайра жандандырат. Кайсы болбосун суу эрүүнүн натыйжасында жарактан чыгаруу түтүгү аркылуу шаймандын тышына багытталат. Шайман 40 мүнөт сайын болжол менен 12 кертим чыгара алат
КӨЗӨМӨЛ ПАНЕЛИНИН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Дисплей
2. Ырастоо ачкычы
3. Менү
4. Программа тандоо жебелери
5. Шаймандын КЙГ/ӨЧК ачкычы
14
Page 15
Жаңы урунуу
Баптоолор
Коркунучту эскертүү: баптоо менүсүн ачардан мурда шайман өчүк экенин текшериңиз. Кийинки параметрлерди баптаса болот
УБАКЫТ ШАЙМАНДЫ ПРОГРАММАЛОО МУЗ КЕРТИМДЕРИНИН САНЫ МУЗ КЕРТИМИНИН ӨЛЧӨМҮ ТИЛ
Убакытты баптоо
Программа тандоо жебесин колдонуп каалаган убактыңызды коюңуз (сааттар биринчи жалтылдайт, артынан мүнөттөр) жана ар бир баскычтагы тандоону OK ачкычы менен ырастаңыз.
Шайманды программалоо
Шайман күйгүзүлүп турганда, ал “Программа өчүк” опциясына автоматтык түрдө коюлат Циклди башташ үчүн баптоо операциясын баштап жана аяктаңыз, “программа күйгүзүлгөн” дегенди тандап, ырастаганга OKейди басыңыз. Цикл башталган жана аяктаган убакыттарын саатты баптагандай эле баптаса болот. Дисплейди шаймандын башталыш убактысына каалаган hh:mm форматында кирүүгө колдонсо болот (шайман эсинде акыркы баптоолорду сактайт). Башкы менүгө кайтууга OKейди басыңыз. Коюлган баштоо убактысында шайман күйүп, коюлган аяктоо убактысына чейин иштейт.
МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮ:
Коюлган циклдин башталыш жана аяктоо убакыттары саатта көрсөтүлгөн азыркы убакыттан мурда болсо, баптоолор кийинки күнгө чейин калтырылат. Башталыш убактысы азыр саатта коюлган убакыттан мурда болсо, ырастоо үчүн OKейди басканда шайман автоматтык түрдө жанданып, коюлган аяктоо убактысы болмоюнча иштей берет.
Муз кертимдеринин саны
Шаймандын 3 башка өндүрүү моддору бар:
- ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ: шайман өчүрүлмөйүнчө же муз кертим идиши толмоюнча муз кертимдерин жасайт.
- 24: муз кертимдеринин уруксат берилген максималдуу саны, андан кийин шайман өчүрүлөт.
- 48: муз кертимдеринин уруксат берилген максималдуу саны, андан кийин шайман өчүрүлөт.
Муз кертиминин өлчөмү
Бул опцияны кандай болбосун жеке муктаждыктардын негизинде муз кертимдеринин өлчөмүн чоңойтуп же азайтканга тандаса болот Өлчөмдү көбөйтүү же азайтуу үчүн жебелерди колдонуңуз.
Тил
Тилин өзгөртүш үчүн Менү - Тил дегенге барып, өзүңүз каалаган тилди тандаңыз. Ырастоо үчүн OKейди басыңыз.
15
Page 16
Иш баштоо
Шайман фабрикада алдын ала коюлган нарктар менен конфигурацияланган. Эскертүү: свет өчкөн убактарында, орнотуу параметрлери сакталып турат. Саат
жана таймер программасын орноткучу жок болуп калды, себеби программаларды байланыштыруу блогунун батареясы жок.
Шайманды өчүрөрдөн мурда “Тейлөө жана тазалоо” бөлүмүндө берилген нускамаларды аткаруу менен жакшылап тазалаш керек.
- Айрыны электр ажырымына сайыңыз.
- ON ачкычын бир-эки секунд басыңыз.
- Шайманды күйгүзгөндөн эки мүнөттөн кийин суу айлануу насосу жана суутуу системи жандандырылат.
Тейлөө жана тазалоо
• Кандай болбосун тейлөө же тазалоо иштерин жасарда шайманды электр кубат жеткирүүдөн сөзсүз сууруңуз.
• Шаймандын ичин нейтралдуу детергенттин жылымык сууга эритмесине нымдалган чүпүрөк менен такай тазалап туруңуз. (Кеминде алты айда бир тазалап туруш керек)
• Эч качан абразивдүү детергенттерди колдонбоңуз.
• Буу менен тазалагычтарды колдонбоңуз..
• Панель ачкычтарын жана дисплейди алкоголдун негизиндеги же ошол сыяктуу заттарды колдонуу менен тазалабаш керек. Кургак чүпүрөк гана колдонуңуз.
Ички багын тазалоо
• Шайманды электр кубат жеткирүүсүнөн ажыратып, калган муз кертиктеринин баарын бактан чыгарыңыз.
• Нейтралдуу детергенттин жылымык сууга эритмесине нымдалган чүпүрөк менен тазалаңыз.
• Атайын кебер үчүн өнүм менен кеберлердин издеринин баарын кетириңиз. Өнүм таасир эткенче күтүңүз да, андан кийин кургак чүпүрөк менен кетириңиз.
Санитардык иштетүү
Санитардык иштетүүнү алты ай сайын ишбилги техникалык кызмат аткарышы керек.
16
Page 17
Бузуктарын таап оңдоо жетеги
Шайман туура иштебесе же негизинен эле такыр иштебей жатса, кардарларга кам көрүү кызматына чалардан мурда кийинки айгай жадыбалын караңыз:
Айгай Мүмкүн болгон себеби Ырастоо
Толук бак Чака Шайман токтотулду
Цикл казыкчасы. Шайман токтотулду
Бийик температура Шайман токтотулду
Убактысы кыска Шайман токтотулду Машинага суу келбей жатат
Убактысы узун Шайман токтотулду
Термостат иштебей калышы
Цикл казыкчасы зыянга учураган
Желдетүү жетишпейт
Чоргого суу келбей жатат
Компрессор же үйлөткүч иштебей жатат
Желдетүү жетишпейт
Сактоо чакасында муз кертимдери термостат таякчасына тийбей турат
Бөлмө температурасынын маалымат менүсү *****
Шаймандын аба киргизүүсүн тозгон нерселер
Желдетүү чыпкасы кир Конденсатор кир
Суу камсыз кылуусу
Чыпка же суу краны
Насос иштебей жатат Импульс түтүгү же чорго бош 1-чыгаруунун маалымат
менүсү, өндүрүү процесси учурунда сигнал чыгат.
Сунушталган аба чыгарууларынан өтө албай же жакшы өтпөй жатат
17
Page 18
Сатуудан кийинки кызмат
Сатуудан кийинки кызматка кайрылардан мурда:
1. Бузукту оңдо өзүңүздүн колуңуздан
келбээрине ынаныңыз
2. Көйгөй чечилдиби деп көрүш үчүн
шайманды кайра күйгүзүңүз. Көйгөй чечилбесе, шайманды кубат жеткирүүдөн сууруп, кайра күйгүзөрдөн мурда бир сааттай күтүңүз.
3. Көйгөй кала берсе, Сатуудан кийинки
кызматка кайрылыңыз
Буларды айтыңыз:
• катанын тиби,
• модели,
• Кызматтык саны (шаймандын артындагы баа табагындагы SERVICE (Кызмат) деген сөздөн кийинки сан),
• толук дарегиңиз,
• телефонуңуз жана аймагыңыздын коду.
18
Page 19
Page 20
Printed in Italy
r 11/18
400011324317
KY
Loading...