KY
КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАР
ОКУУГА ЖАНА КѲҮЛ БУРУУГА
МААНИЛҮҮ
Шайманды колдонордон мурда бул
коопсуздук нускамаларын окуңуз. Аларды
келээрки керек болгонго чейин сактап
коюңуз.
Бардык убакытта сактоо үчүн бул
нускамалар менен шаймандын ѳзү маанилүү
коопсуздук эскертүүлѳрдү камсыз кылат.
Шайман туура эмес колдонгон же туура
эмес жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү
бул коопсуздук нускамаларын колдонуу
жѳндѳмсүздүгү боюнча жоопкерчиликти
четке кагат.
Өтө жаш балдар (0-3 жаштагы)
шаймандан алыс болушу зарыл. Жаш
балдар (3-8 жаштагы) кѳзѳмѳл астында
болбогон учурда, шаймандан алыс болушу
керек. 8 жаштагы жана бул жаштан
ѳйдѳ балдар жана физикалык, сезгич
же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген же
тажрыйбасы жана билими жетишпеген
адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл астында
же коопсуздук нускамалар берилгенде гана
колдоно алышат жана коркунуч келерин
түшүнүшү керек. Балдар шайман менен
ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар
тарабынан тазалоо же колдонуу боюнча
тейлѳѳ жүргүзүлбѳшү керек.
3–8 жаштагы балдарга муздатуучу
шаймандардын ичине азык-түлүктөрдү
салууга жана алууга тыюу салынат.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
ЭСКЕРТҮҮ: Шайман тышкы өчүрүү
тутумдар, таймер же ѳзүнчѳ пульт тутум
сыяктуулар менен башкарууга жасалган
эмес.
Шайман үйдүн ичинде жана
ушул сыяктуу тѳмѳнкүлѳргѳ колдонууга
жасалган: дүкөндөрдүн, кеңселердин
жана башка жумуш чөйрөлөрдүн
ичинде кызматкерлерге арналган ашкана
аймактарында; чарба үйлөрүндө; кардарлар
аркылуу мейманкаларда, мотельдерде жана
башка турак жай чөйрөлөрүндө.
Бул шайман, профессионалдык
колдонууга эмес. Шайманды сыртта
колдонбоңуз.
Шаймандын ичинде колдонулган лампа
атайын үйдѳ колдонулуучу шаймандар үчүн
даярдалган жана үйдүн ичинде бѳлмѳгѳ
жарык берүүгѳ жараксыз (EC нускамасы
244/2009).
Климаттык класс көрсөтүлгөн техникалык
маалымат тактасына ылайык шайман
тѳмѳнкүдөй температурадагы жерлерде
колдонууга даярдалган.
Белгиленген деӊгээлден ашкан
температурада узак убакытка калып калса,
шайман туура эмес иштеши мүмкүн.
Климаттык класстын айланадагы
температуралары:
SN: 10°C баштап 32°C чейин; N: 16°C
баштап 32°C чейин;
ST: 16°C баштап 38°C чейин; T: 16°C
баштап 43°C чейин;
Бул шайманда CFC камтыбайт.
Хладагенттин айлампа контуру R600a
(HC) камтыйт.
Курамында изобутан бар (R600a):
изобутан айлана-чѳйрѳгѳ зыян
келтирбеген, бирок тез ѳрт алуучу
табигый газ болуп саналат.
Ошондуктан, хладагенттин
контурун бошотуп жатканда, анын
түтүкчѳлѳрүнѳ зыян келтирип
албаңыз.
ЭСКЕРТҮҮ : Хладагенттин контурунун
түтүкчѳлѳрүнѳ зыян келтирбеңиз.
ЭСКЕРТҮҮ : Желдетүү тешигин, шайман
тосмосун же орнотулган тутумду ачык
кармоо керек.
ЭСКЕРТҮҮ : Ѳндүрүүчү тарабынан
сунушталган заттардан башка механикалык,
электр же химиялык заттарды тоӊдуруу
процессин ылдамдатуу үчүн колдонбоӊуз.
ЭСКЕРТҮҮ : Ѳндүрүүчү тарабынан
уруксат берилбеген электр аппаратарын
шаймандын бѳлүмдѳрүнө салбаӊыз же
колдонбоӊуз.
ЭСКЕРТҮҮ : Суу түтүктөрүнө түздөнтүз кошулбаган муз жасоочу жана/же суу
диспенсерлерин ичүүчү суу менен гана
толтуруу керек.
ЭСКЕРТҮҮ : Автоматтык түрдө жасала
турган балмуздак жасагычтар жана/же суу
диспенсерлери ичүүчү суу түтүктөрүнө гана
туташтырылышы керек. Анын басымдуулугу
0,17 жана 0,81 МПа болушу креек (1,7 жана
8,1 бар).
Шаймандын ичине же жанына аэрозоль
банкалары сыяктуу жарылуучу, же болбосо,
бензин же башка тез ѳрт алуучу
материалдарды койбоңуз.
Муз таӊгактарынын (кээ бир үлгүлөрүндө)
курамдарын (уулуу эмес) жутпаӊыз. Суукка
алдыруу себебинен улам муз кубиктерин же
муз набаттарын тоӊдургучтан алып чыгары
менен жегенге болбойт.
Аба чыпкасы үчүн колдонууга арналган
өнүмдөр кол жеткен желдеткич кабы менен
колдонулушу керек, шайман иштетилип
жатканда, ал ар дайым ордунда болушу
керек.
Суюктугу бар айнек контейнерлерди
тоӊдургуч бѳлүмгѳ койбоӊуз, сынып калышы
мүмкүн.
Желдеткичти (эгер болсо) азык-түлүк менен
тоспоӊуз.
Азык-түлүктү салгандан кийин тоңдургучтун
эшиги жакшы жабылганын текшериңиз.
Сынган кутулар тезирээк
алмаштырылышы керек.
Тоңдургуч бөлүмүн тоңдурулган
азыктарды сактоо, жаңы азыктарды
тоңдуруу жана муз кубиктерин жасоо үчүн
гана колдонуңуз.
Капталбаган азыктарды тоңдургуч
бөлүмүнүн ички бетине тийген бойдон
калтырбаңыз.
С-пентан кѳбүк бѳлүүдѳгү газ жаратуучу
катары колдонулат жана ал тез ѳрт
алуучу газ болуп эсептелет.
Шаймандын ар бир бөлүмүндө температура
ар кандай болгондугуна байланыштуу
белгилүү бир азыктарды коюуга мүмкүн
болгон шаймандын бөлүмдөрү төмөнкүлөр:
4 жылдыздуу бөлүм (****) – азыктарды
тоңдурууга ылайыктуу, анткени андагы
температура бир калыпта бөлүштүрүлөт.
Сатылып алынган тоңдурулган азыктардын
таңгагында сактоо мөнөтү аяктоочу күн
көрсөтүлүп турат. Мындай мөөнөт
сакталуучу азыктын түрүнө жараша
аныкталат, андыктан ага маани берилиши
керек. Жаңы алынган азыктар төмөнкү
мөөнөткө сакталышы керек: 1-3 ай
— сыр, деңиз азыктары, балмуздак,
сан/чучуктардын түрлөрү, сүт, жаңы
ичимдиктер; 4 ай — эт азыктары (уй
эти, кой эти, чочко эти); 6 ай — май
же маргарин, тоок эти (тоок, күрп); 812 ай — жемиштер (цитрус жемиштеринен
башка), куурулган эт (уй эти,чочко эти, кой
эти), жашылчалар. 2 жылдыздуу бөлүмдө
сакталуучу азыктардын таңгактарында
көрсөтүлгөн сактоо мөөнөтүнө маани
берилиши керек.
Тамаш-аштын бузулуусунун алдын алуу
үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:
– Шаймандын эшигин узак убакытка
ачып туруу бөлүмдөрдөгү температуранын
жогорулашына алып келет.
– Адатта азык-түлүк тийип турган үстүнкү
беттерди жана дренаж тутумдарын тазалап
туруңуз.
–
Суу сакталуучу резервуарлар колдонулбаса,
аларды 48 сааттан кийин тазалаңыз; суу
менен камсыздоо тутумдарына туташып
турган суу 5 күндөн бери турса, аны жууп
салыңыз.
– Эт жана балык азыктарынын
суюктугу башка азык-түлүккө тамчылабашы
үчүн аларды ылайыктуу контейнерлерде
сактаңыз.
– Эки жылдыздуу бөлүмдөр тоңдурулбаган
азыктар үчүн ылайыктуу, мисалы,
балмуздакты же муз кубиктерин сактоо же
жасоо.
– Жаңы азык-түлүктү бир, эки же үч
жылдыздуу бөлүмдөрдө тоңдурбаңыз.
– Эгер муздатуучу шайман узак убакытка
колдонулбаса, аны өчүрүп, музду ээритип,
жууп, кургатып жана көгөрүп кетпеши үчүн
эшигин ачып коюңуз.
ОРНОТУУ
Шайман эки же кѳп адамдар тарабынан
кѳтѳрүлүшү жана орнотулушу зарыл жаракат коркунучу. Таңгактан чыгарууга
жана орнотуу үчүн, коргоочу кол каптарын
колдонуңузl - кесип кетүү коркунучу бар.
Орнотуу, суу менен камсыздоону
кошуу менен (эгер болсо), электрикалык
туташууларды, жана оңдоолор,
тажрыйбалуу техник тарабынан өткөрүлүшү
керек. Колдонуучунун нускамасында
көрсөтүлгөн болбосо, шаймандын бир да
бөлүгүн оңдобоңуз жана алмаштырбаңыз.
Балдарды, орнотулган жерден алыс
кармаңыз. Шайманды таңгактан
чыгаргандан кийин, ал жеткирүү убагында
сынып калбаганын текшериңиз. Эгер
көйгөйлөр болсо, дилер менен же эң
жакын жэериңизде жайгашкан Сатып
алуудан кийинки кызматка байланышыңыз.
Орнотулгандан кийин, таңгактоону жок
кылуу (пластик, стирол пенопластынын
бөлүктөрү, ж.б.) балдардан алыс
кармалышы керек - муунуу коркунучу бар.
Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин шайман
электр тогунан ажыратылышы зарыл - токкто
урунуу коркунучу бар. Орнотуу иштеринин
жүрүшүндѳ шайман электр кабелине зыян
келтирилбегендигин ырастаңыз - токко
урунуу коркунучу бар. Шайманды, орнотуу
аяуктаганда гана иштетиңиз.
Шайманды жылдырганда полдорго
(м. паркетке) зыян келтирип
албаӊыз. Шайманды жерге орнотуӊуз
же анын салмагын толугу менен
кѳтѳрүүгѳ тирѳѳч жасаӊыз жана анын
кѳлѳмүнѳ жана колдонууга тийиштүү
орун даярдаӊыз. Шайман жылуулук
булагына жакын турбаганын, анын төрт
бутун талапка ылайык жөндөө менен
полго тегиз жана туруктуу коюлганын,
деңгээл ченөөчү аспаптын жардамы
менен шаймандын тиешелүү түрдө