HOTPOINT/ARISTON RST 702 ST S User Manual [ky]

Пайдалануу боюнча нускама
Кир жуугуч машина
KGZ
Кыргыз
RST 702
Мазмуну
KGZ
Орнотуу, 2-3
Таңгагын чечүү жана тегиздөө Суу түтүк жана электр тармагына туташтыруу Жуунун биринчи циклы Техникалык маалыматтар
Кир жуугуч машинаны сүрөттөө, 4-5
Башкаруу консолу Дисплей
Кир жуу циклын аткаруу тартиби, 6
Программалар жана кошумча функциялар, 7
Программалардын таблицасы Кир жуунун кошумча функциялары
Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрү, 8
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүч Кирди даярдоо Атайын программалар Кирди тең салмактоо тутуму
Энергия натыйжалуулугу класстарынын
шайкештиги
Продуктта
көрсөтүлгөн энергия
натыйжалуулугунун классы
жөнүндө маалымат
A A
A+ A-10% (*)
A++ A-20% (*)
A+++ A-30% (*)
A+++-10% A-40% (*)
A+++-20% A-50% (*)
(*) энергия натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнүн пайыздарынын бул өлчөмү Россия Федерациясынын ченемдик документтери менен аныкталган, “А” классына караганда мыкты.
Россия мыйзамдарына
ылайык энергия
натыйжалуулугунун классы
Сактык жана сунуштар, 9
Коопсуздукка карата жалпы талаптар Утилизациялоо Сактоо жана ташуу шарттары Люкту авариялык ачуу
Техникалык тейлөө жана кам көрүү, 10
Сууну жана электр тогун өчүрүү Кир жуугуч машинага кам көрүү Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө кам көрүү Люкка жана барабанга кам көрүү Соркыскычка кам көрүү Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү
Бузуктар жана аларды жоюу методдору, 11
Сервистик тейлөө, 12
1
Орнотуу
A
KGZ
! Бул колдонмону сактап коюңуз. Ал жабдууну сатуу, берүү же жаңы батирге көчүү учурунда, жабдуунун жаңы ээси анын иштөөсүнүн жана тейлөөнүн эрежелери менен тааныша алуусу үчүн, кир жуугуч машина менен бирге комплектте болушу керек.
! Колдонмону жакшылап окуңуз: анда кир жуугуч машинаны орнотуу жана коопсуз пайдалануу боюнча маанилүү маалыматтар камтылган.
Таңгагын чечүү жана тегиздөө
Таңгагын чечүү
1. Кир жуугуч машинанын таңгагын чечиңиз.
2. Жабдуу ташуу убагында бузулбаганын текшериңиз. Бузулууларды аныктаганда – машинаны иштетпеңиз – дароо жеткирүүчү менен байланышыңыз.
3. Кир жуугуч машинанын төрт ташуу бурамаларын жана арткы жагында жайгашкан төшөмдөрү менен резина тыгындарын алыңыз (сүрөттү кара.).
Жабдууну туура тегиздөө машина иштеп жаткан убакта­гы чурулдоодон, вибрациядан жана жылуудан алыс болуу­га жардам берет.
Эгерде кир жуугуч машина килем төшөлгөн полдо турса, анын негизи килемден жогору турганын текшериңиз. Болбо­со желдетүү кыйындайт же таптакыр мүмкүн болбой калат.
Суу түтүк жана электр тармагына туташтыруу
Суу куюучу ийкем түтүгүн туташтыруу
Суу куюучу ийкем
түтүгүн туташтыруу
1. А төшөмүн суу куюучу ийкем түтүгүнүн учуна коюңуз жана аны 3/4 дюйм сай тешиги менен
муздак суу түтүгүнүн чыгуусуна бурап бекитиңиз (сүрөттү кара.).
Туташтыруу алдында суу түтүк кранын ачыңыз жана кир сууну агызыңыз.
4. Тешиктерди сунушталуучу пластик тыгын менен жабыңыз.
5. Бардык деталдарын сактаңыз: алар кир жуугуч машинаны киийнки жолу ташууда Сизге керек болот.
! Балдардын таңгактоо материалдары менен ойноосуна жол бербеңиз.
! Таңгак жана анын айрым элементтери тамак менен байланыштыруу үчүн арналган эмес.
Тегиздөө
1. Кир жуугуч машинаны тегиз жана бекем полго ал дубалга, эмерекке жана башка предметтерге тийбегендей орнотуңуз.
2. Машинаны орунга ор­ноткондон кийин алдыңкы буттарын айлантуу аркы­луу анын туруктуу абалын жөндөңүз (сүрөттү кара.). Бул үчүн алгач контргайка­ны бошотуңуз, жөнгө салу­уну аяктагандан кийин кон­тргайканы бураңыз.
Машинаны орунга орнот-
кондон кийин деңгээл бо­юнча корпустун жогорку капкагынын горизонталдуулу­гун текшериңиз, горизонталдын жантаюусу 2° көп болбо­шу керек.
2. Суу куюучу ийкем түтүгүн кир жуугуч машинанын оң жагындагы арткы жогорку бөлүгүндө жайгашкан суу кабылдагычка бурап, кир жуугуч машинага туташтырыңыз (сүрөттү кара.).
3. Ийкем түтүк оролуп калбаганын жана кысылбаганын текшериңиз.
! Суунун басымы Техникалык мүнөздөмөлөрдүн таблицасында көрсөтүлгөн маанилердин чегинде болушу керек (3-бетти кара). ! Эгерде суу түтүк ийкем түтүгүнүн узундугу жетишсиз болсо, Авторлоштурулган тейлөө борборуна кайрылыңыз. ! Эч качан пайдалануудан чыккан ийкем түтүктү пайдаланбаңыз.
2
Суу төгүүчү ийкем түтүктү туташтыруу
65 - 100
CM
Суу төгүүчү ийкем
түтүктү ийбей туруп,
полдон 65-100 см
бийиктикте жайгашкан
суу төгүүчү кубур түтүккө
каарта же дубалдагы суу
төккүчкө туташтырыңыз,
же ийкем түтүктүн учун кранга багыттагычты бекитип, раковинанын же ваннанын четине илиңиз (схеманы кара). Суу төгүүчү ийкем түтүктүн бош учу сууга салынбашы керек.
! Узартылган ийкем түтүктү колдонуу сунушталбайт. Узартуу зарыл болгондо анын диаметри түп нуска ийкем түтүктүкүндөй болушу керек жана жана анын узундугу 150 смдан ашпашы керек.
Электр тармагына туташтыруу Буюмду розеткага туташтыруу алдында төмөндөгүлөрдү текшерүү керек:
• тармактык розетка жердетилип жана нормативдерге ылайык келиши керек;
• тармактык розетка Техникалык дайындар таблицасында көрсөтүлгөн, кир жуугуч машинанын максималдуу кубаттуулугуна эсептелиши керек (капталдагы таблицаны кара.)
• электр азыктандыруунун чыңалуусу Техникалык дайындар таблицасында көрсөтүлгөн, маанилерге шайкеш келиши керек (капталдагы таблицаны кара.)
• тармактык розетка кир жуугуч машинанын штепселдик айрысы менен сыйышуусу керек. Болбосо тармактык розетканы же штепселдик айрыны алмаштыруу керек.
! Кир жуугуч машинаны бастырманын алдына болсо дагы, көчөгө орнотууга болбойт, анткени аны жаандын жана чагылгандын таасирине кабылтуу коркунучтуу болуп саналат. ! Кир жуугуч машина тармактык розеткага жетүү мүмкүндүгү бош болгондой жайгашуусу керек. ! Узарткычтарды жана үчтүктөрдү пайдаланбаңыз. ! Буюмдун тармактык кабели бүгүлбөшү же кысылбашы керек. ! Тармактык кабелди алмаштырууну ыйгарым укуктуу техниктер гана ишке ашыра алышат. Көңүл буруңуз! Өндүрүүчү компания жогоруда сүрөттөлгөн эрежелерди сактабоо учурунда өзүнөн бардык жоопкерчиликти алат.
Жуунун биринчи циклы
Орнотууну аяктагандан кийин, пайдалануунун алдында кир жуучу порошок менен, бирок кир кийим жок, “АВТОТАЗАЛОО” программасы боюнча кир жуунун бир циклын жүргүзүү керек (“Кир жуугуч машинага кам көрүүнү” кара).
Техникалык маалыматтар
Модели
Өндүрүүчү өлкө
Габариттик өлчөмдөр
Сыйымдуулугу
Электр азыктандыруунун чыңалуусунун номиналдык мааниси же чыңалуунун диапазону
максималдуу кубаттуулук
Электр тогунун түрүнүн шарттуу белгиси же өзгөрмө токтун номиналдуу жыштыгы
Электр тогуна урунуудан коргоо классы
Суу түтүк туташуусу
Сыгуунун ылдамдыгы
EN 60456 Директивасына ылайык башкаруу программасы
Бул техниканы өндүрүү датасын төмөндөгүдөй түрдө, штрих-код астында жайгашкан серия номеринен алууга болот (S/N
XXXXXXXXX)
Нымдан коргоого ээ болбогон, төмөнкү вольттуу жабдуудан тышкары, коргоочу кабык менен камсыздалуучу, катуу бөлүкчөлөрдүн жана нымдын түшүүсүнөн коргоо деңгээли: IPX4
Энергияны керектөө классы
RST 702 Россия
туурасы 59,5 см. бийиктиги 85 см. тереңдиги 43,5 см.
1ден 7 кг чейин
220-240 V ~
1850 W
50 Hz
I коргоо классы
максималдуу басым 1 МПа (10 бар) минималдуу басым 0,05 МПа (0,5 бар) барабандын сыйымдуулугу 48 литр
Мүнөтүнө 1000 айланууга чейин
9 программа; температура 60°C; жүктөө 7 кг кир
Бул буюм Европа Коомдоштугунун төмөндөгү Директиваларына шайкеш келет:
- 2004/108/СЕ (Электр магниттик шайкештик);
- 2006/95/CE (Төмөнкү чыңалуу)
- 2012/19/EU (WEEE)
- S/N 1-саны жылдын акыркы санына туура келет,
- S/N 2 жана 3-саны – ирет номери боюнча жылдын айына.
- S/N 4 жана 5-сандары – күн.
A
KGZ
3
KGZ
Кир жуугуч машинаны сүрөттөө
КИР ЖУУНУН
Башкаруу консолу
КҮЙ/ӨЧҮР баскычы
ТЕМПЕРАТУРА
баскычы
ФУНКЦИЯ
индикатор менен
баскычтары
ДИСПЛЕЙ
ИНТЕНСИВДҮҮЛҮГҮ БАСКЫЧЫ
Нускамалар
Жуугуч заттар үчүн чөнөкчө
ПРОГРАММА
ТАНДОО ТУТКАСЫ
Жуугуч заттар үчүн чөнөкчө: жуугуч заттарды жана кошулмаларды жүктөө үчүн (“Жуугуч заттар жана кир кийимдин түрлөрү” кара.).
Нускамалар: жуугуч каражаттардын дозаторунун ичинде бардык программалар үчүн нускамалар, ошондой эле дозатордун айрым чөнөкчөлөрүн пайдалануу боюнча графикалык нускамалар бар.
КҮЙ/ӨЧҮР баскычы : машинаны күйгүзүү же өчүрүү үчүн бул баскычты тез басыңыз. Сейрек жашыл түс менен бүлбүлдөгөн, ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору машина күйгүзүлгөнүн түшүндүрөт. Кир жуу процессинде кир жуугуч машинаны өчүрүү үчүн баскычты болжол менен 3 секунд басып кармап туруу керек. Кыска же капысынан басып алуу машинаны өчүрүүгө алып келбейт. Машинаны кир жуу процессинде өчүрүү учурунда учурдагы цикл токтотулат.
ПРОГРАММАЛАРДЫ ТАНДОО ТУТКАСЫ: керектүү программаны тандоо үчүн кызмат кылат (“Программалардын таблицасын” кара).
КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР баскычтары жана индикаторлору: болгон кошумча функцияларды тандоо үчүн кызмат кылат. Тандалган функцияга ылайык келген индикатор күйгөн бойдон калат.
КИР ЖУУНУН ИНТЕНСИВДҮҮЛҮГҮ баскычы : кир жуунун каалаган интенсивдүүлүгүн тандоо үчүн басыңыз.
ТЕМПЕРАТУРА баскычы : Температураны азайтуу же толук жокко чыгаруу үчүн бул баскычты басыңыз ­мааниси дисплейге чыгарылат.
СЫГУУ
баскычы
ИШТЕТҮҮНҮ КИЙИНКИГЕ
КАЛТЫРУУ
БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛОО
баскычы
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
индикатор менен баскыч
ИШТЕТҮҮНҮН КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУ баскычы : тандалган программаны иштетүүнү кармоо убактысын программалоо үчүн бул баскычты басыңыз; кармоо убактысы дисплейде көрсөтүлөт.
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатор менен баскыч: жашыл индикатор сейрек бүлбүлдөгөндө, кир жуу циклын иштетүү үчүн баскычты басыңыз. Циклды иштеткенден кийин индикатор бүлбүлдөбөй калат. Кир жууну токтотуу үчүн кайрадан бул баскычты басыңыз; индикатор кызгыл сары түс менен күйөт. Эгерде символу күйбөсө, машинанын люгун ачууга болот. Кир жууну ал токтотулган учурдан тартып улантуу үчүн, кайрадан бул баскычты басыңыз.
БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛОО: башкаруу консолун тосмолоону күйгүзүү үчүн баскычты болжол менен
2 секунд басып кармап туруңуз. Күйгөн символу башкаруу консолу тосмолонгонун түшүндүрөт (КҮЙ/ ӨЧҮР баскычынан тышкары). Мындай жол менен программа капыстан, өзгөчө үйдө балдар болгондо өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Башкаруу консолун тосмолоону өчүрүү үчүн баскычты болжол менен 2 секунд басып туруңуз.
Күтүү режими
Бул кир жуугуч машина электр энергиясын үнөмдөө боюнча жаңы нормативдердин талаптарына жооп берет, машина 30 мүнөт тургандан кийин күйө турган, автоматтык түрдө өчүү тутуму (энергияны сактоо режими) менен себилденген. КҮЙ/ӨЧҮР баскычын бир жолу басыңыз жана машина кайра күйгөнчө күтө туруңуз.
СЫГУУ баскычы : сыгуунун ылдамдыгын кыскартуу же толук жокко чыгаруу үчүн бул баскычты басыңыз – мааниси дисплейде көрсөтүлөт.
4
Дисплей
B
A
C
Дисплей машинаны программалоо үчүн кызмат кылат жана пайдалануучуга көптөгөн маалыматтарды берет. А секторунда ар кандай программалардын циклдарынын узактыгы чыгарылат жана цикл иштетилгенден кийин ал аяктаганга чейинки убакытты чагылдырат (Дисплейде тандалган циклдын максималдуу узактыгы көрсөтүлөт, аны бир нече мүнөт өткөндөн кийин кыскартууга болот, анткени программанын иш жүзүндөгү узактыгы жүктөлгөн кирдин салмагына жана тапшырылган тескөөлөргө жараша өзгөрөт). Эгерде МӨӨНӨТҮН ЖЫЛДЫРУУ ТАЙМЕРИ орнотулса, дисплейде белгиленген программа иштегенге чейинки калган убакыт чыгарылат. Мындан тышкары, тийиштүү баскычты басууда дисплейде машина тапшырылган программа же акыркы тапшырылган маанилер тандалган программа менен сыйышса, аларга жараша сыгуунун ылдамдыгынын жана температуранын максималдуу мааниси көрсөтүлөт.
KGZ
В секторунда кир жуунун тандалган программасынын жуу фазасы жана программаны иштеткенден кийин программанын учурдагы фазасы көрсөтүлөт:
Жуу
Буу Менен Сергитүү
Чайкоо
Сыгуу /Төгүү
С секторунда солдон оңго карай “температура”, “сыгуу” жана “мөөнөтүн жылдыруу таймери” символдору көрсөтүлөт. “Температура” тилкелери тандалган программа үчүн тапшырылышы мүмкүн болгон максималдуу температура деңгээлин көрсөтөт. “Сыгуу” тилкелери ” тандалган программа үчүн тапшырылышы мүмкүн болгон максималдуу сыгуу ылдамдыгын көрсөтөт. “ИШТЕТҮҮНҮ КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУ” символу дисплейде “мөөнөтүн жылдыруу таймеринин” мааниси көрсөтүлгөнүн түшүндүрөт.”
ЛЮК ТОСМОЛОНГОН символу
Күйгөн символ люкту тосмолоону түшүндүрөт. Люкту ачуунун алдында бузулуулардан алыс болуу үчүн, символ өчкөнгө чейин күтө туруу керек. Эгерде циклды иштеткенден кийин люкту ачуу талап кылынса, ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ индикатору өчкөндө, люкту ачууга болот.
можно открыть люк.
5
Кир жуу циклын аткаруу тартиби
KGZ
1. МАШИНАНЫ КҮЙГҮЗҮҮ ТАРТИБИ ; баскычын
басыңыз; ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору сейрек жашыл түс менен бүлбүлдөйт.
2. КИРДИ ЖҮКТӨӨ. Машинанын люгун ачыңыз.
Кийинки беттеги программалардын таблицасында көрсөтүлгөн, максималдуу уруксат берилген салмактан ашырбай, барабанга кир кийимди жүктөңүз.
3. ЖУУГУЧ ЗАТТАРДЫ ДОЗАЛОО. Дозаторду
чыгарыңыз жана “Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрү” бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй, жуугуч каражатты атайын чөнөкчөлөргө салыңыз.
4. ЛЮКТУ ЖАБЫҢЫЗ.
5. ПРОГРАММАНЫ ТАНДОО. ПРОГРАММАЛАРДЫ
тандоо туткасы менен керектүү программаны тапшырыңыз; бул программада өзгөртүлүшү мүмкүн болгон, температура жана сыгуу ылдамдыгы берилген. Дисплейде бул циклдын узактыгы көрсөтүлөт.
6. ПЕРСОНАЛДАШТЫРЫЛГАН КИР ЖУУ
ЦИКЛДАРЫ. Тийиштүү баскычтарды басыңыз:
Температураны жана сыгуу ылдамдыгын өзгөртүү
тартиби. Машина автоматтык түрдө дисплейде тандалган программа үчүн каралган максималдуу температураны жана сыгуу ылдамдыгын жана акыркы тандалган маанилер тандалган программа менен шайкеш келсе, аларды көрсөтөт баскычынын жардамы менен температураны “OFF” муздак сууда жууганга чейин акырындык менен азайтууга болот баскычынын жардамы менен сыгуу ылдамдыгын аны “OFF” жокко чыгарууга чейин акырындык менен азайтууга болот. Бул баскычтарга дагы бир жолу басууда максималдуу уруксат берилген маанилер кайтып келет.
! Артыкчылык: 3-программаны тандоодо
температура 90° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
! Артыкчылык: 4-программаны тандоодо
температура 60° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Мөөнөтүн артка жылдыруу таймерин программалоо.
Тандалган программаны иштетүүнү кармоону программалоо үчүн кармоонун керектүү маанисин алганга чейин тийиштүү баскычты басыңыз. Бул кошумча функция активдештирилгенде, дисплейде
. символу күйөт. Иштетүүнү кармоону токтотуу үчүн баскычты дисплейде OFF жазуусу пайда болгонго чейин басыңыз.
Кир жуунун керектүү интенсивдүүлүгүн кантип
тапшыруу керек
баскычы кийимдин кирдөө деңгээлине жана
кир жуунун керектүү интенсивдүүлүгүнө жараша кир жууну оптималдаштырууну шарттайт.
Абдан кир кийим үчүн “Интенсивдүү жуу” режимин
тапканга чейин ... баскычын басыңыз. Бул режим циклдын баштапкы фазасында көп өлчөмдө сууну жана интенсивдүү механикалык кыймылды пайдалануу менен жогорку натыйжалуу кир жууну камсыздайт, ошондой эле сиңип калган кирди
кетирүү үчүн кызмат кылат. Агарткыч менен, ошондой эле анысз пайдаланылышы мүмкүн. Агарткычты пайдаланууда кошумча 3-дозаторду салыңыз. Борборунда стерженде көрсөтүлгөн “мах.” деңгээлинен ашырбаңыз. (20-беттеги схеманы кара).
Анча кир эмес кийим үчүн же кылдат жуу үчүн
“Кылдат Жуу” режимин тандаганга чейин
баскычын басыңыз Цикл кылдат кийимди
жуунун мыкты жыйынтыктарын камсыздоо үчүн механикалык таасирди кыскартат.
Циклдын параметрлерин өзгөртүңүз.
• Кошумча функцияны күйгүзүү үчүн баскычты басыңыз; тийиштүү баскычтын индикатору күйөт.
• Кошумча функцияны өчүрүү үчүн баскычты кайра басыңыз; индикатор өчөт.
! Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен шайкеш келбес болуп саналса, индикатор бүлбүлдөйт жана мындай функция күйгүзүлбөйт. ! Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, биринчи тандалган функциянын индикатору бүлбүлдөйт жана экинчи кошумча функция гана күйөт, активдештирилген функциянын индикатору күйөт. ! Кошумча функциялар машинанын сунушталган жүктөмүн жана/же циклдын узактыгын өзгөртө алат.
7. ПРОГРАММАНЫ ИШТЕТҮҮ. ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
баскычын басыңыз: Тийиштүү индикатор жашыл түс менен күйөт жана люк тосмолоодон чыгарылат (ЛЮК ТОСМОЛОНДУ символу күйөт). Циклды аткаруу процессинде программаны өзгөртүү үчүн машинаны ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен тыныгуу режимине которуңуз (ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычы кызгыл сары түс менен сейрек бүлбүлдөйт). Андан кийин жаңы циклды тандаңыз жана кайрадан ИШТЕТҮҮ/ ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. Эгерде циклды иштеткенден кийин люкту ачуу талап кылынса, ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ индикатору өчкөндөн кийин люкту ачууга болот. Программаны ал токтотулган учурдан тартып улантуу үчүн кайрадан ИШТЕТҮҮ/ ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
8. ПРОГРАММАНЫ АЯКТОО. Дисплейде «END»
билдирүүсү менен көрсөтүлөт. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ
символу өчүрүлгөндөн кийин, люкту ачууга болот. Люкту ачыңыз, кирди алыңыз жана машинаны өчүрүңүз.
! Иштетилген циклды токтотуу талап кылынса, баскычын бир нече секунд басып кармап туруңуз.
Цикл токтойт жана машина өчөт.
6
Программалар жана кошумча функциялар
Программалардын таблицасы
Программаны сүрөттөө
Программа
КҮНҮМДҮК ТАК КЕТИРҮҮ
1
2 ТАК КЕТИРҮҮ ЭКСПРЕСС 40° 1000
3 ПАХТА: абдан кирдеген ак жана кылдат түстүү кийим
4 СИНТЕТИКА (3): абдан кирдеген бекем боелгон түстүү кийим
ЫКЧАМ ЖУУ 30”: Азыраак кирдеген кийимди тез сергитүү үчүн (жүн, жибек жана колго жуула
5
турган буюмдар үчүн эмес) АТАЙЫН БУУ МЕНЕН СЕРГИТҮҮ
6
КЫЛДАТ
7
ЖҮН: жүн, кашемир ж.б. үчүн
8 9 ЭКО ПАХТА (1): абдан кирдеген ак жана бекем түстүү киийм 60° 1000
ЭКО ПАХТА (2): абдан кирдеген ак жана кылдат түстүү кийим
9
ПАХТА 20С: абдан кирдеген ак жана кылдат түстүү кийим
10
КОШУМЧА БАЛДАР КИЙИМИ: абдан кирдеген кылдат түстүү кийим
11
АНТИАЛЛЕРГИЯ
12 13 ЖИБЕК / ПАРДА: жибек, вискоза буюмдар жана ич кийим 30° 14 МАМЫК ОЛПОКТОР: каздын мамыгын камтыган мамык олпокторду жуу үчүн. 30° 1000
ЧАЙКОО - 1000 -
СЫГУУ+ТӨГҮҮ - 1000 - - -
ТӨГҮҮ гана * -
Макс.темп
(С)
40° 1000
40°
(Max. 90°C)
40°
(Max. 60°C)
30° 800
- - - - - 1,5 30° 0 40° 800
40° 1000 20° 1000
40° 1000 60° 1000
мүн.)
Макс.ылдамдык (айл./
1000
1000
0
OFF
Жуугуч заттар
жуу
Жуу
Алдын ала
l l
l l
l l l
l l l
l l
l l
l l
l l
l l
l l
l l l
l l l
l l
l l
- - -
l
l
Агарткыч
- 4
- 3,5
3,5
- 3
- 1
- 1,5
- 7
- 7
-
-
1,5
-
Макс.жүктөм (кг)
7
7
4 4 1
7
7
7
Циклдын
узактыгы
Кир жуу программасынын узактыгын дисплей боюнча текшерүүгө болот
KGZ
* Сыгууну жокко чыгарган программаны тандоодо машина сууну төгүүнү гана аткарат
Дисплейде көрсөтүлгөн же нускамаларда көрсөтүлгөн циклдын узактыгы стандарттуу шарттардын негизинде жасалган эсептөө болуп саналат. Иш жүзүндөгү узактык берүүдөгү суунун температурасы жана басымы, бөлмөнүн температурасы, жуугуч каражаттын өлчөмү, жүктөлгөн кирдин өлчөмү жана түрү, кирди тең салмактоо, тандалган кошумча функциялар сыяктуу көптөгөн факторлорго жараша өзгөрөт.
Бардык тестирлөө институттары үчүн:
1) EN 60456 Директивасына ылайык башкаруу программалары: 60°C температурасы менен 9-программаны тапшырыңыз.
2) Пахта кийим үчүн узун программа: 40°C температурасы менен 9-программаны тапшырыңыз.
Кир жуунун кошумча функциялары
! Эгерде тандалган кошумча функция тапшырылган программа менен шайкеш болуп саналбаса, тийиштүү индикатор бүлбүлдөйт ж а н а м ы н д а й функция активдештирилбейт. ! Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, биринчи тандалган функциянын индикатору бүлбү лдөйт жана экинчи кошумча функция гана активдештирилет, активдештирилген функциянын индикатору күйөт.
Буу функциясы
Бул функцияны тандоодо бууну бөлүп чыгаруунун эсебинен кир жуунун натыйжалуулугу жогорулайт, ал циклдын процессинде кездемеде мүмкүн болуучу бактерияларды өлтүрөт, ошол эле убакта аларды жууйт. Кирди кир жуугуч машинанын барабанына жүктөңүз, шайкеш келген программаны тандаңыз жана
функциясын тандаңыз ! Кир жуугуч машинанын иштөө процессинде люк буудан улам тердеши мүмкүн.
Кошумча чайкоо
Бул функцияны тандоодо жуугуч заттын калдыктарын максималдуу кетирүүнү камсыздоо менен, чайкоонун натыйжалуулугу жогорулайт. Бул функция териси жуугуч заттарга сезгич адамдар үчүн өзгөчө ыңгайлуу. Бул функцияны машинаны толук жүктөө учурунда же жуугуч заттын көп дозасын пайдалануу
учурунда колдонуу сунушталат.
7
Жуугуч заттар жана кирдин
M
AX
1
3
2
A
B
*
түрлөрү
KGZ
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүч
Кир жуунун жакшы жыйынтыгы жуугуч заттарды туура дозалоодон дагы көз каранды болот: ашыкча жуугуч заттар натыйжалуу жууну кепилдебейт, тескерисинче, кир жуугуч машинанын ичинде кеберлердин пайда болушун жана курчап турган чөйрөнүн булганышын шарттайт. ! Колго жууганга арналган жуугуч каражаттарды пайдаланбаңыз, анткени алар өтө көп көбүк чыгарат.
Бөлүштүргүчтү чыгарыңыз жана ага жуугуч каражатты же кошулмаларды төмөндөгүдөй тартипте салыңыз. ! Жуугуч каражаттарды борбордук лотокко
салбаңыз (*).
1-бөлүк: алдын ала жуу үчүн жуугуч каражат
(порошок же суюк)
Суюк жуугуч затты пайдаланган учурда туура дозалоо үчүн А дозаторун пайдалануу сунушталат. Кир жуучу порошокту пайдалануу үчүн дозаторду В бөлүгүнө салыңыз.
2-бөлүк: кошулмалар (чайкагыч ж.б.)
Чайкагычты бөлүктүн торунан жогору куйбаңыз
Кошумча 3-бөлүк: агарткыч.
Кирди даярдоо
• Кирди төмөндөгү белгилери боюнча бөлүңүз:
- кездеменин түрү / этикеткадагы белги.
- түс: түстүү кирди ак кирден бөлүңүз.
• Чөнтөктөн бардык предметтерди чыгарыңыз жана топчуну текшериңиз.
• Кургак кирдин салмагын көрсөтүүчү, “Программалардын таблицасында” көрсөтүлгөн мааниден ашырбаңыз.
Кир канча салмакта болот?
1 шейшеп 400-500 гр. 1 жаздык тыш 150-200 гр. 1 дастаркон 400-500 гр. 1 халат 900-1200 гр. 1 сүлгү150-250 гр.
Атайын программалар
ТАК КЕТИРҮҮ: абдан кир кийимди жуу үчүн
1-программа. Программа стандарттуудан жогору кир жуу деңгээлин камсыздайт (А деңгээли). Ар кандай түстөгү кийимди жууганда бул программаны пайдаланбаңыз. Кир жуучу порошокту пайдалануу сунушталат. Сиңип калган тактар үчүн аларды атайын кошулмалары менен тазалоо сунушталат. ТАК КЕТИРҮҮ ЭКСПРЕСС: программа суткалык эскилиги боюнча бир саат мурунку кетирүүгө кыйын болгон тактар бар кийимди жуу үчүн арналган. Ар кандай материалдардагы түстүү кийим үчүн жарайт, анын максималдуу сакталышын камсыздайт. БУУ МЕНЕН СЕРГИТҮҮ: Бул программа жагымсыз жыттарды кетирип жана кездемени жумшак кылып (1,5 кг, болжол менен 3 кийим), буюмду сергитет.
Кургак кийимди гана (кир эмес) жүктөңүз жана “6” программасын тандаңыз. Цикл аяктагандан кийин буюм бир аз ным болуп калат, аларды бир нече мүнөттөн кийин кийүүгө болот. “6” программа үтүктөөнү жеңилдетет. ! Бул программаны тандоодо кошумча
функциясынын индикатору күйөт. ! Жүн же жибек буюмдар үчүн сунушталбайт. ! Чайкагыч же жуугуч зат кошпоңуз.
КЫЛДАТ: Страздары же жалтырактары бар кылдат
кийимди жуу үчүн 7-программаны пайдаланыңыз. Жуу алдында кийимди ичинен аңтаруу жана майда кийимди кылдат кийимди жуу үчүн атайын мүшөккө салуу сунушталат. Жыйынтыктарды оптималдаштыруу үчүн кылдат кийим үчүн суюк жуугуч затты пайдалануу сунушталат.
ЖҮН - Woolmark Apparel Care - Green: Бул кир жуугуч машинанын “Жүн” кир жуу циклы кир жуу буюмдун этикеткасында жана ушул кир жуугуч машинанын жеткирүүчүсүнүн нускамасында көрсөтүлгөн нускамаларга ылайык аткарылган шартта, “кол менен жуу” жиктемесине ээ болгон, жүн буюмдарды жуу үчүн Woolmark компаниясынын ырастоосун алган. (М1253)
ПАХТА 20°C: стандарттуу 10-программа бир аз кирдеген пахта кийимди жуу үчүн идеалдуу жарайт. 40°C температурада жуу менен салыштырмалуу, муздак сууда жууганда дагы мыкты жыйынтыктар алынат, ылдамдыктын тезден кайталануучу өзгөрүүлөрү бар механикалык аракет менен камсыздалат. БАЛДАР КИЙИМИ: сезгич балдардын терисинин аллергиясынан алыс болуу үчүн кездемеден жуугуч каражаттарды кетирүүнү кепилдеп, балдар кийимдеринин мүнөздүү кирлерин кетирүү үчүн атайын 11-программаны пайдаланыңыз. Бул цикл көп өлчөмдө сууну пайдалануунун жана жуугуч заттын атайын дезинфекциялоочу кошулмаларынын таасирин оптималдаштыруунун аркасында микробиологиялык урук себүүнү кыскартууга эсептелген. АНТИ-АЛЛЕРГИЯ: чаңча, котур кенеси, итин же мышыктын жүнү сыяктуу негизги аллергендерди кетирүү үчүн 12-программаны пайдаланыңыз. ЖИБЕК: бардык жибек буюмдарды жуу үчүн атайын 13-программаны пайдаланыңыз. Кылдат кездемелер үчүн атайын жуугуч затты пайдалануу сунушталат. ПАРДА: ороңуз жана жаздык тышка же торчо мүшөккө салыңыз. 13-программаны пайдаланыңыз. МАМЫК ОЛПОКТОР: куртка же жаздык сыяктуу, каздын мамыгын камтыган мамык олпокторду жуу үчүн (салмагы 1,5 кгдан көп эмес) атайын 14-программаны пайдаланыңыз.
Кирди тең салмактоо тутуму
Ар бир сыгуунун алдында ашыкча вибрациядан алыс болуу үчүн жана барабанда кирди тегиз бөлүштүрүү үчүн машина кир жуунун ылдамдыгынан бир аз жогору ылдамдык менен айлантат. Эгерде бир нече аракеттен кийин кир туура тең салмактанбаса, машина каралгандан азыраак ылдамдыкта сыгат.
8
Сактык жана сунуштар
20
! Кир жуугуч машина коопсуздук боюнча эл аралык нормативдерге ылайык долбоорлонгон жана даярдалган. Сиздин коопсуздугуңуз максатында түзүлгөн ушул эскертүүлөрдү көңүл коюп окуу керек.
Коопсуздукка карата жалпы талаптар
• Машинаны пайдалангандан кийин аны сөзсүз өзгөрмө токтун тармагынан өчүрүңүз жана суу түтүк кранын жабыңыз.
• Бул буюм үйдө пайдалануу үчүн гана арналган.
• Кир жуугуч машина дене бойлук, сенсордук, акыл-эс жөндөмдүүлүктөрү төмөн адамдардын (балдардын) же аларда жашоо тажрыйбасы же билими жок болгондо, эгерде алар алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адам тарабынан көзөмөл астында болбосо же приборду пайдалануу жөнүндө нускама албаса, алардын пайдалануусу үчүн уруксат бербеңиз. Балдардын машина менен ойноосуна жол бербеңиз.
• Буюмга нымдуу кол менен, жылаңайлак же нымдуу бут менен тийбеңиз.
• Буюмду электр розеткасынан ажыратуу үчүн тармактык кабелден тартпаңыз, айрыны кол менен кармаңыз.
•Кир жуу процессинде порошокту бөлүштүргүчтү ачпаңыз.
• Төгүлүүчү суу менен байланышуудан алыс болуңуз, анткени ал абдан ысык болушу мүмкүн.
• Люкту күч менен ачууга таптакыр тыюу салынат: бул машинанын капыстан ачуудан коргоочу, коргоо механизминин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
• Бузук учурда буюмду өз алдынча оңдоо максатында анын ички механизмдерин ачууга тыюу салынат.
• Балдардын иштеп жаткан кир жуугуч машинага тийүүсүнө жол бербеңиз.
• Кир жуу процессинде кир жуугуч машинанын люгу ысып кетиши мүмкүн.
• Кир жуугуч машинаны жылдыруу зарыл болгондо, бул операцияны эки же үч адам абдан этият менен аткарышы керек. Эч качан машинаны жалгыз жылдырбаңыз, анткени машина өтө оор.
• Кир жуугуч машинага кир жүктөө алдында, барабан бош экенин текшериңиз.
•Кир жуугуч машина дене бойлук, сезимдик же акыл-эс жөндөмдүүлүктөрү төмөн адамдардын (балдардын) же аларда жашоо тажрыйбасы же билими жок болгондо, эгерде алар алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адам тарабынан көзөмөл астында болбосо же приборду пайдалануу жөнүндө нускама албаса, алардын пайдалануусу үчүн арналган эмес. Балдардын кир жуугуч машина менен ойноосуна жол бербөө үчүн алар көзөмөл астында болушу керек.
таштанды челегинин” символу аларды өзүнчө утилизациялоо жөнүндө эскерткич катары кызмат кылат. Тиричилик электр приборлорун туура утилизациялоо жөнүдө кеңири маалымат алуу үчүн пайдалануучулар атайын мамлекеттик уюмга же дүкөнгө кайрыла алышат.
Сактоо жана ташуу шарттары
• Таңгакталган кир жуугуч машинаны табигый желдетүүсү бар жабык жайларда 80%дан көп эмес салыштырмалуу нымдуулукта сактоо керек. Эгерде машина узак убакыт пайдаланылбаса жана жылытылбаган жайда сактала турган болсо, машинаны суудан толук өчүрүү керек. Машинаны ташуу алдында кир жуугуч машинанын багынын бузулушуна жол бербөө үчүн, тыгыны менен транспорттук бурамаларды орнотуу керек. Машинаны жабык машинанын бардык түрү менен, аны бекем бекитип жумушчу абалында (вертикалдуу) ташуу керек. Кир жуугуч машинаны жүктөө-түшүрүү иштеринде урунууга кабылтууга ТЫЮУ САЛЫНАТ.
Люкту авариялык ачуу
Эгерде электр энергиясын өчүрүү себебинен улам машинанын люгун ачуу мүмкүн болбосо, таза кирди чыгаруу үчүн төмөндөгүдөй аракет кылыңыз.
1. машинанын штепселдик айрысын тармактык розеткадан сууруңуз.
2. машинадагы суунун деңгээли люктун тешигинен төмөн экенин текшериңиз. Болбосо схемада көрсөтүлгөндөй, суу төгүү түтүгү аркылуу ашыкча сууну чакага куюңуз.
3. кир жуугуч машинанын алдыңкы панелин чыгарыңыз (схеманы кара.)
KGZ
Утилизациялоо
• Таңгактоо материалдарын жок кылуу: таңгактоо материалдарын кайталап пайдалануу максатында жергиликтүү нормативдерди сактаңыз.
• Электрондук жана электр приборлорду утилизациялоого тиешелүү 2012/19/eU Европа Директивасына ылайык, электр приборлорду кадимки шаар таштандысы менен чогуу ыргытылбашы керек. Иштебей калган приборлор аларды утилизациялоону жана алардын курамдык материалдарынын рекуперациясын оптималдаштыруу үчүн, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн жана ден соолуктун коопсуздугу үчүн өзүнчө топтолушу керек. Бардык приборлордо боло турган “чийилген
4. схемада көрсөтүлгөн тышындагы тилчесин пластик тосмолоо бурамасына чейин тартыңыз. Андан кийин аны ылдый тартыңыз жана ошол эле убакта люкту ачыңыз.
5. алдыңкы панелди машинага бекитүүнүн алдында илмектери тийиштүү илгичтерге киргенин текшерип, аны ордуна орнотуңуз.
9
Техникалык тейлөө жана кам көрүү
1
2
KGZ
Сууну жана электр тогун өчүрүү
• Ар бир жолу кир жуугандан кийин суу түтүк кранын жабыңыз. Мындай жол менен машинанын суу түтүк тутутумун эскириши кыскарат жана агып калуу тобокелдиги азаят.
• Кир жуугуч машинаны тазалоо жана техникалык тейлөө процессинде штепселдик айрыны тармактык розеткадан сууруңуз.
Кир жуугуч машинага кам көрүү
• Кир жуугуч машинанын тышкы жана резина бөлүктөрүн тазалоо үчүн самын менен жылуу сууга нымдалган чүпүрөктү пайдаланыңыз. Эриткичтерди же абразивдик тазалоочу каражаттарды пайдаланбаңыз.
• Кир жуугуч машина ички деталдарын “АВТОТАЗАЛОО” программасы менен себилденген, аны барабанда эч кандай кир жок аткаруу керек. Кир жуугуч машинаны тазалоо үчүн жуугуч затты (абдан кирдеген кийим үчүн сунушталгандын 10% көлөмүндө) же атайын кошулмаларды жуу программасында көмөкчү катары пайдаланууга болот. Машинаны тазалоо программасын ар бир 40 кир жуу циклынан кийин аткаруу сунушталат. Программаны иштетүү үчүн бир убакта А жана В баскычтарын 5 сек. басыңыз (схеманы кара). Программа автоматтык түрдө иштейт жана болжол менен 70 мүнөткө созулат. Циклды токтотуу үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
B
A
Соркыскычка кам көрүү
Кир жуугуч машина техникалык тейлөөгө муктаж болбогон, өзүн өзү тазалоочу соркыскыч менен жабдылган. Ошентсе дагы майда предметтер тыйын, топчу) төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан, соркыскычты сактоочу каптоочко түшүп кетиши мүмкүн.
! Кир жуу циклы аяктаганын текшериңиз жана штепселдик айрыны тармактык розеткадан сууруңуз.
Каптоочко жетүү үчүн:
1. кир жуугуч машинанын алдыңкы панелин бурагычтын жардамы менен алыңыз (схеманы кара);
2. капкакты саат жебесине каршы бурап, аны ачыңыз (схеманы кара):бир аз суунун агышы нормалдуу көрүнүш болуп саналат;
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө кам көрүү
Бөлүштүргүчтү эки тарабынан басып жана сыртка тартып, чыгарыңыз (схеманы кара). Бөлүштүргүчтү жылуу суу менен жууңуз. Бул операция үзгүлтүксүз аткарылышы керек.
Люкка жана барабанга кам көрүү
• Кир жуугуч машинаны пайдалангандан кийин барабанда жагымсыз жыттардын пайда болуусунан алыс болуу үчүн люкту жарым ачык калтыруу керек.
3. каптоочтун ичин жакшылап тазалаңыз;
4. капкакты ордуна бураңыз;
5. алдыңкы панелди машинага бекитүү алдында илмектери тийиштүү илгичтерге киргенин текшерип, аны ордуна орнотуңуз.
Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү
Жылына бир жолудан көп эмес суу берүү ийкем түтүгүн текшериңиз. Ийкем түтүктүн жараңкаларын же айрылууларын аныктаганда аны алмаштырыңыз: кир жуу процессинде суу түтүгүндөгү катуу басым ийкем түтүктүн капилет ажырап калуусуна алып келиши мүмкүн.
! Эч качан таңгагы жок ийкем түтүктөрдү пайдаланбаңыз.
10
Бузуктар жана аларды жоюу методдору
Эгерде сиздин кир жуугуч машина иштебесе, сервистик тейлөө борборуна кайрылуудан мурда (Сервистик тейлөө кара.), төмөндөгү тизмеде берилген сунуштарды сактоо менен, бузуктарды жоюуга болоорун текшериңиз.
KGZ
Бузуктар:
Кир жуугуч машина күйбөйт
Кир жуу циклы иштебейт
Кир жуугуч машина сууну куйбайт (Дисплейде “Н20” жазуусу чыгат)
Машина тынымсыз сууну куят жана төгөт
Мүмкүн болуучу себептери / Жоюу методдору:
• Штепселдик айры электр розеткасы менен кошулган эмес же түшүп калат жана байланышты камсыздабайт.
• Үйдө электр жок.
• Машинаны люгу бекем жабылган эмес.
• КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ баскычы басылган эмес.
• ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычы басылган эмес.
• Суу түтүк краны жабык.
• Циклды иштетүүнү кармоо программаланган.
• Суу түтүк ийкем түтүгү кранга туташтырылган эмес.
• Ийкем түтүк бүгүлүп калган.
• Суу түтүк краны жабык.
• Үйдө суу жок.
• Жетишсиз суу түтүк басымы.
• ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычы басылган эмес.
• Суу төгүүчү ийкем түтүк полдон 65-100 см бийиктикте жайгашкан эмес
(“Орнотууну” кара).
• Суу төгүүчү ийкем түтүктүн учу сууга салынган (“Орнотууну” кара).
• Дубалдагы суу төгүүчү тешик аба чыгаруу үчүн вантуз менен жабдылган эмес.
Эгерде жогоруда саналган текшерүүлөрдөн кийин бузук жоюлбаса, суу
түтүк кранын жабып, кир жуугуч машинаны өчүрүп жана Сервистик Тейлөө Борборуна кайрылуу керек.
Эгерде сиздин батир имараттын акыркы кабатында жайгашса, сифон
көрүнүшү байкалышы мүмкүн, ошондуктан кир жуугуч машина сууну үзгүлтүксүз төгүүнү жана куюуну жүргүзөт. Бул аномалияны жоюу үчүн сатыкта сифон көрүнүшүнө каршы атайын клапандар бар.
Кир жуугуч машина сууну төкпөйт жана кирди сыкпайт
Кир жуугуч машина сыгуу процессинди катуу титирейт
Кир жуугуч машинадан суунун агышы
Кошумча функциялардын индикатору жана “ИШТЕТҮҮ/ ТЫНЫГУУ” индикатору бүлбүлдөйт, дисплейде аномалия коду көрсөтүлөт (мисалы: F-01, F-..)
Кир жуу процессинде өтө көп көбүк пайда болот
• Тандалган программа сууну төгүүнү карабайт: айрым программалар үчүн
кол менен төгүүнү күйгүзүү керек.
• Суу төгүүчү ийкем түтүк ийилип клаган (“Орнотууну” кара).
• Суу төгүүчү кубур түтүк толуп калган.
Кир жуугуч машинаны орнотуу учурунда барабан туура эмес тосмолонгон
(“Орнотууну” кара).
• Кир жуугуч машина түз орнотулган эмес (“Орнотууну” кара).
• Машина дубалдын жана эмеректин ортосунда кысылган (“Орнотууну”
кара).
• Суу түтүк ийкем түтүгү начар буралган (“Орнотууну” кара).
• Жуугуч каражаттардын дозатору булганган (аны тазалоо тартибин
“Техникалык тейлөө жана кам көрүү” параграфынан кара).
• Суу төгүүчү ийкем түтүк начар бекитилген (“Орнотууну” кара).
• Машинаны өчүрүңүз жана штепселдик айрыны тармактык розеткадан
сууруңуз, 1 мүнөт күтө туруңуз жана кайрадан машинаны күйгүзүңүз. Эгерде бузук жоюлбаса, Сервистик Тейлөө Борборуна кайрылыңыз. .
• Жуугуч каражат кир жуугуч машинада жуу үчүн жарабайт (таңгакта “кир жуугуч машинада жуу үчүн”, “кол менен жана машинада жуу үчүн” же башка көрсөтүлүшү керек).
• Дозаторго ашыкча өлчөмдө жуугуч каражат салынган.
11
Сервистик тейлөө
195142788.00
02/2016
KGZ
Биз өз сатып алуучуларыбыз жөнүндө кам көрөбүз жана сервистик тейлөөнү сапаттуу кылууга аракет кылабыз. Сиздин техника менен мамилеңиз жөнөкөй жана жагымдуу болушу үчүн, биз продукттарды туруктуу өркүндөтөбүз.
Техникага кам көрүү
Пайдалануу мөөнөтүн узартыңыз жана техниканын бузулуу мүмкүндүгүн төмөндөтүңүз. Сиздин тиричилик техникага жөнөкөй, натыйжалуу жана оңой кам көрүү үчүн Indesit Professional компаниясынан техникага кам көрүү үчүн кесипкөй каражаттарды пайдаланыңыз. Indesit Professional продукттары сапат, экология жана пайдалануунун коопсуздугу жаатында жогорку европалык стандарттарды сактоо менен Италияда өндүрүлүгөн жана техниканы өндүрүүчүнүн көп жылдык тажрыйбасын эске алуу менен түзүлгөн. Кеңири маалыматты www.hotpoint-ariston.com сайтындагы “Сервис” бөлүмүнөн билиңиз жана Сиздин шаардагы дүкөндөрдөн сураңыз.
Авторлоштурулган тейлөө борборлору
Биздин керектөөчүлөргө жакын болуу үчүн, биз кеңири тейлөө тармагын түздүк, анын өзгөчөлүгү тейлөө мастерлеринин жогорку даярдыгы, кесипкөйлүгү жана чынчылдыгы болуп саналат. Бүгүнкү күндө Россиянын жана КМШ аймагында 350гө жакын тейлөө борборлору бар. Алардын байланыштарын Сиз сервистик сертификаттан жана www.hotpoint-ariston.com сайтындагы “Сервис” бөлүмүнөн таба аласыз.
Эгерде сиз сервистик борборго кайрылышыңыз керек болсо: Көңүл буруңуз! Оңдоодо түп нуска камдык бөлүктөрүн пайдаланууну талап кылыңыз.
Сервис борборуна кайрылуунун алдында:
• Сиз бузукту өз алдыңызча кетире албай турганыңызды текшериңиз (“Бузуктар жана аларды жоюунун методдорун” кара.).
• Машинанын оңдугун текшерүү үчүн программаны кайра иштетиңиз.
• Болбосо кепилдик талонунда көрсөтүлгөн телефон боюнча Авторлоштурулган Сервис борборуна кайрылыңыз.
! Эч качан авторлоштурулбаган сервис борборлоруна кайрылбаңыз.
Сервис Кызматына кайрылганда билдирү керек:
• бузуктун түрү;
• кепилдик документинин номери (сервис китепчеси, сервис сертификаты ж.б.);
• кир жуугуч машинанын арткы панелинде жайгашкан, маалымат тактачасында көрсөтүлгөн машинанын модели
(Мод.) жана сервистик номери (S/N).
Башка пайдалуу маалыматтарды жана жаңылыктарды Сиз www.hotpoint-ariston.com сайтындагы “Сервис” бөлүмүнөн таба аласыз.
Изготовитель – ЗАО «ИНДЕЗИТ ИНТЕРНЭШНЛ». РОССИЯ, 398040, г. Липецк, пл. Металлургов, 2 ЗАО «ИНДЕЗИТ ИНТЕРНЭШНЛ». Служба сервиса тел. (4742) 42-41-00 www.indesit.com
12
Loading...